Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском
الجمعة
Аль-Джумуа
Собрание · Мединская · 11 аятов
62:1Страница 553
يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡمَلِكِ ٱلۡقُدُّوسِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ ١
То, что на небесах, и то, что на земле, славит Аллаха - Властелина, Святого, Могущественного, Мудрого.
Асмандар менен жердеги бүткүл макулуктар Аллахты ылайык келбеген кемчиликтүү сыпаттардан аруулашат жана Аны улукташат. Ал жалгыз Өзү бийлик жүргүзүүчү Падыша, бардык кемчиликтерден Аруу, эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.
62:2Страница 553
هُوَ ٱلَّذِي بَعَثَ فِي ٱلۡأُمِّيِّـۧنَ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ يَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِهِۦ وَيُزَكِّيهِمۡ وَيُعَلِّمُهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَإِن كَانُواْ مِن قَبۡلُ لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ ٢
Он - Тот, Кто отправил к неграмотным людям Посланника из их среды. Он читает им Его аяты, очищает их и обучает их Писанию и мудрости, хотя прежде они пребывали в очевидном заблуждении.
Ал окуй да, жаза да албаган арабдардын өзүнөн пайгамбарды жиберди. Ал өзүнө түшкөн аяттарды аларга окуп берет, аларды каапырлыктан жана жаман сыпаттардан тазалайт жана Куранды үйрөтөт.
62:3Страница 553
وَءَاخَرِينَ مِنۡهُمۡ لَمَّا يَلۡحَقُواْ بِهِمۡۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ ٣
А также к тем, которые не застали их. Он - Могущественный, Мудрый.
Ошондой эле бул пайгамбарды арабдардан башка элдерге жана келечекте келе турган башка адамдарга да жиберди. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.
62:4Страница 553
ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ ٤
Такова милость Аллаха. Он дарует ее, кому пожелает. Аллах обладает великой милостью.
Пайгамбардын арабдарга жана башкаларга жиберилгени тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын Өзү каалагандарга берген артыкчылыгы. Аллах улуу жакшылык Ээси. Бул үммөттөн болгон пайгамбарды бүткүл адамзатка жиберүүсү – Анын улуу жакшылыктарынан.
62:5Страница 553
مَثَلُ ٱلَّذِينَ حُمِّلُواْ ٱلتَّوۡرَىٰةَ ثُمَّ لَمۡ يَحۡمِلُوهَا كَمَثَلِ ٱلۡحِمَارِ يَحۡمِلُ أَسۡفَارَۢاۚ بِئۡسَ مَثَلُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ ٥
Те, кому было поручено придерживаться Таурата (Торы) и которые не придерживались его, подобны ослу, который везет на себе много книг. Как же скверно сравнение с людьми, которые считают ложью знамения Аллаха! Аллах не ведет прямым путем несправедливых людей.
Тооратта келген нерселерди аткарууга буйрулуп, кийин ал буйрулган милдеттерди аткарбай койгон жөөттөр, көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Ал үстүнө китеппи же башка нерсеби, эмне артылганын билбейт. Аллахтын аяттарын жалган деп эсептеген адамдардын салыштыруу мисалы кандай жаман! Аллах адилетсиз коомду туура жолго салбайт.
62:6Страница 553
قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ هَادُوٓاْ إِن زَعَمۡتُمۡ أَنَّكُمۡ أَوۡلِيَآءُ لِلَّهِ مِن دُونِ ٱلنَّاسِ فَتَمَنَّوُاْ ٱلۡمَوۡتَ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٦
Скажи: «О исповедующие иудаизм! Если вы полагаете, что только вы среди людей являетесь угодниками Аллаха, то пожелайте себе смерти, если вы говорите правду».
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, бурмалангандан кийин иудаизмде калгандар! Эгерде силер өзүңөрдү адамдардын арасынан Аллах тандап алган Анын сүйүктүүлөрүбүз деп ойлосоңор, анда силерге жеке берилген деп ойлогон кереметти эртелетиш үчүн өлүмдү тилегилечи, эгер силер адамдардын арасынан Аллахтын сүйүктүүлөрүбүз деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор.
62:7Страница 553
وَلَا يَتَمَنَّوۡنَهُۥٓ أَبَدَۢا بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ ٧
Но они никогда не пожелают этого из-за того, что приготовили их руки. Аллаху известно о беззаконниках.
Алар эч качан өлүмдү тилешпейт. Тескерисинче, алар кылган каапырлык, күнөөлөр, зулумдук жана Тооратты өзгөртүп бурмалоо себептүү дүйнөдө түбөлүк калууну каалашат. Аллах залымдарды Билүүчү. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын жазасын берет.
62:8Страница 553
قُلۡ إِنَّ ٱلۡمَوۡتَ ٱلَّذِي تَفِرُّونَ مِنۡهُ فَإِنَّهُۥ مُلَٰقِيكُمۡۖ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ ٨
Скажи: «Смерть, от которой вы убегаете, настигнет вас, после чего вы вернетесь к Ведающему сокровенное и явное, и Он сообщит вам о том, что вы совершали».
Оо, пайгамбар! Ал жөөттөргө айт: «Силер качкан өлүмгө эртеби-кечпи сөзсүз жолугасыңар. Кийин кыямат күнү ачыкты да, жашыруунду да Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ошондо Ал силерге дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет жана алардын жазасын берет».
62:9Страница 554
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَوٰةِ مِن يَوۡمِ ٱلۡجُمُعَةِ فَٱسۡعَوۡاْ إِلَىٰ ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَذَرُواْ ٱلۡبَيۡعَۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٩
О те, которые уверовали! Когда призывают на намаз в пятничный день, то устремляйтесь к поминанию Аллаха и оставьте торговлю. Так будет лучше для вас, если бы вы только знали.
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде азанчы жума күнү имам минбарга чыккандан кийин намазга азан айтса, анда силер хутбага жана намазга катышуу үчүн мечиттерге шашылгыла жана силерди ибадаттан алаксытпаш үчүн соода-сатыкты таштагыла. Оо, ыймандуулар! Мечитке шашылуу жана жума намаздын азанынан кийин соода-сатыкты таштоо тууралуу бул айтылган буйрук, эгер билсеңер, силер үчүн жакшы. Ошондуктан Аллах силерге буйруган нерсени аткаргыла.
62:10Страница 554
فَإِذَا قُضِيَتِ ٱلصَّلَوٰةُ فَٱنتَشِرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا لَّعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ ١٠
Когда же намаз завершится, то разойдитесь по земле, ищите милость Аллаха и часто поминайте Его, - быть может, вы преуспеете.
Ал эми жума намазын окуган соң адал эмгек кылуу жана муктаждыгыңарды канааттандыруу үчүн жер бетине таркагыла, адал эмгек жана таза киреше аркылуу Аллахтан жакшылыктарды сурагыла жана ырыскы издеген кезде Аллахты көп эстегиле. Ырыскы издөө силерге Аллахты эстөөнү унуттуруп койбосун. Балким ошондо издеген нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутуласыңар.
62:11Страница 554
وَإِذَا رَأَوۡاْ تِجَٰرَةً أَوۡ لَهۡوًا ٱنفَضُّوٓاْ إِلَيۡهَا وَتَرَكُوكَ قَآئِمٗاۚ قُلۡ مَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٞ مِّنَ ٱللَّهۡوِ وَمِنَ ٱلتِّجَٰرَةِۚ وَٱللَّهُ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ ١١
Когда же они увидели торговлю или забаву, они разошлись, бросившись к ней, и оставили тебя стоять во время пятничной проповеди. Скажи: «То, что у Аллаха, лучше забавы и торговли, и Аллах - Наилучший из дарующих удел».
Эгерде кээ бир мусулмандар сооданы же оюн-зоокту көрүп калышса, алар тарап ошол жакты көздөй жөнөшөт жана сени минбарда турган абалда таштап кетишет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахтын алдында жакшылык иштин сыйлыгы – силер барган соода-сатыктан жана оюн-зооктон жакшыраак. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү».
Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии