Аль-МухтасарАль‑Араф · 7:1–53

Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском

الأعراف

Аль-Араф

Ограды · Мекканская · 206 аятов

7:1Страница 151

الٓمٓصٓ ١

Алиф. Лам. Мим. Сад.

Бул тамгалардын чечмеленүүсү тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.

7:2Страница 151

كِتَٰبٌ أُنزِلَ إِلَيۡكَ فَلَا يَكُن فِي صَدۡرِكَ حَرَجٞ مِّنۡهُ لِتُنذِرَ بِهِۦ وَذِكۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ ٢

Тебе ниспослано Писание, которое не должно сжимать твою грудь, дабы ты увещевал им и напоминал верующим.

Оо, элчи, Курани Карим Аллах сага түшүргөн китеп, жүрөгүңдө ага эч шек-күмөн болбосун. Аны менен адамдарды коркутууң жана аларга далил кылууң, ошондой эле эскертүүдөн пайда алуучу ыймандууларга эскертүүң үчүн сага аны түшүрдүк.

7:3Страница 151

ٱتَّبِعُواْ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُمۡ وَلَا تَتَّبِعُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَۗ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ ٣

Следуйте за тем, что ниспослано вам от вашего Господа, и не следуйте за иными помощниками, помимо Него. Как же мало вы поминаете назидание!

Оо, адамдар, Раббиңер силерге түшургөн китепке жана пайгамбарыңардын сүннөтүнө ээрчигиле. жаман ишти кооз көрсөткөн шайтандардын досторунун каалоосуна ээрчибегиле. Каалооңорго жаккан үчүн силерге түшкөн нерсени таштап аларды үзгүлтүксүз ээрчийсиңер. Силер өтө аз эскересиңер; Эгер башкага караганда чындыкка жакын экениңерди эстегениңерде , элчиңер алып келген динге ээрчип, ошону аткарып, андан башкасынын баарын таштайт элеңер.

7:4Страница 151

وَكَم مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَا فَجَآءَهَا بَأۡسُنَا بَيَٰتًا أَوۡ هُمۡ قَآئِلُونَ ٤

Сколько же селений Мы погубили! Наше наказание поражало их ночью или во время полуденного отдыха.

Каапырлыкка жана адашууга кирип кеткен өтө көп айылдарды азабыбыз менен кыйраттык. Катуу азаптарыбыз алар эч нерседен капарсыз турган күндөрдө жана түндөрдө түштү. Алар өздөрүн азаптан сактай алган жок жана алар кудай деп эсептеген нерселери да сактап кала алган жок

7:5Страница 151

فَمَا كَانَ دَعۡوَىٰهُمۡ إِذۡ جَآءَهُم بَأۡسُنَآ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ ٥

А когда Наше наказание поражало их, они лишь говорили: «Воистину, мы были несправедливы!».

Аларга азап түшкөндө, Аллахка каапыр болуп өздөрүнө зыян кылганын моюнуна алышканынан башка эч нерсе калбады.

7:6Страница 151

فَلَنَسۡـَٔلَنَّ ٱلَّذِينَ أُرۡسِلَ إِلَيۡهِمۡ وَلَنَسۡـَٔلَنَّ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ٦

Мы непременно спросим тех, к кому были отправлены посланники, и непременно спросим самих посланников.

Кыямат күнү элчилерибиз жиберилген элдерден, алар элчилерге кандай жооп бергенин сурайбыз. Ошондой эле элчилерден аларга жүктөлгөн милдетти кандай жеткиргендигин жана эли аларга кандай жооп бергенин сурайбыз.

7:7Страница 151

فَلَنَقُصَّنَّ عَلَيۡهِم بِعِلۡمٖۖ وَمَا كُنَّا غَآئِبِينَ ٧

Мы непременно расскажем им об их деяниях на основании знания. Мы никогда не отсутствовали.

Өзүбүздүн илимибиз менен бардык жаратылгандарга алар дүйнөдө кандай иштерди кылганын айтып беребиз. Акыйкатта, Биз алардын кылган иштеринин баарын билүүчү болгонбуз, анын эч нерсеси бизге белгисиз болуп калбайт. Биз эч бир убакта алардын жанында жок болуп калган эмеспиз.

7:8Страница 151

وَٱلۡوَزۡنُ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡحَقُّۚ فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ٨

В тот день взвешивать будут правильно. Те, чья чаша Весов будет перевешивать, окажутся преуспевшими.

Кыямат күнү иштерди таразага тартуу адилдик менен болот, анда эч ким жабыр жана залым кылынбайт. Таразада кимдин жакшы иштери жаман иштерине караганда салмактуу болсо, мына ошолор самаганына жетет, коркконунан кутулат.

7:9Страница 151

وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُم بِمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَظۡلِمُونَ ٩

Те же, чья чаша Весов окажется легче, потеряют самих себя, поскольку они были несправедливы к Нашим знамениям.

Ал эми таразада кимдин жаман иштери жакшы иштерине караганда салмактуу болсо, алар Аллахтын аяттарын танганы себептүү кыямат күндө болуучу азапты тандап өздөрүнө зыян кылып алгандар

7:10Страница 151

وَلَقَدۡ مَكَّنَّٰكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلۡنَا لَكُمۡ فِيهَا مَعَٰيِشَۗ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ ١٠

Мы наделили вас властью на земле и определили для вас средства к существованию. Как же мала ваша благодарность!

Оо, Адам балдары, чынында, Биз силерди жерге отурукташтырдык жана анда жашап кетүүгө себептерди кылдык. Бул үчүн силер Аллахка шүгүр кылышыңар керек эле, бирок, өтө аз шүгүр кылдыңар.

7:11Страница 151

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَٰكُمۡ ثُمَّ صَوَّرۡنَٰكُمۡ ثُمَّ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ لَمۡ يَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ ١١

Мы сотворили вас, потом придали вам облик. Потом Мы сказали ангелам: «Падите ниц перед Адамом!». Они пали ниц, и только Иблис не был в числе поклонившихся.

Оо, адамдар, Биз атаңар Адамды жараттык, ага өтө кооз сурөт жана кейип бердик. Анан урмат көрсөтүү үчүн периштелерди ага сажда кылууга буйрудук, алар буйрукту аткарып, сажда кылышты. Бир гана Ибилис текеберлик жана кежирлик кылып, сажда кылуудан баш тартты.

7:12Страница 152

قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسۡجُدَ إِذۡ أَمَرۡتُكَۖ قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ ١٢

Аллах сказал: «Что помешало тебе пасть ниц, когда Я приказал тебе?». Иблис сказал: «Я лучше него. Ты сотворил меня из огня, а его - из глины».

Аллах Таала Ибилисти жемелеп: "Адамга сажда кыл деген буйругумду аткаруудан сени эмне тоту?" деди. Ибилис Раббисине жооп кылып: "мени тоскон нерсе - мен андан жакшымын, мени оттон жараткансың, а, аны болсо, ылайдан жараттың. От ылайдан кадырлуу" деди

7:13Страница 152

قَالَ فَٱهۡبِطۡ مِنۡهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَن تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَٱخۡرُجۡ إِنَّكَ مِنَ ٱلصَّٰغِرِينَ ١٣

Аллах сказал: «Низвергнись отсюда! Негоже тебе превозноситься здесь. Изыди, ибо ты - один из униженных».

Аллах ага мындай деди: "Бейиштен чык, сага бейиште текеберленип жүрүүгө болбойт. Анткени, бейиш жакшы, тазалардын жайы. Сага анда жүрүүгө уруксат эмес. Сен, эй, ибилис, өзүңдү адамдан кадырлуумун деп эсептесең, анда жек көрүлгөн, митаамдардансың".

7:14Страница 152

قَالَ أَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ ١٤

Иблис сказал: «Предоставь мне отсрочку до того дня, когда они будут воскрешены».

Ибилис минтип айтты: Адамдардын арасындагы мен адаштыра ала турган адамдарды адаштыруу үчүн Раббим, мага кайра тирилүү күнүнө чейин тирүү болууга мөөнөт бер.

7:15Страница 152

قَالَ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ ١٥

Аллах сказал: «Воистину, ты - один из тех, кому предоставлена отсрочка».

Аллах ага минтип айтты: "Эй, ибилис, сен, биринчи сурнай тартылып, бардык жаратылгандар өлүп, бир гана Жаратуучуң кала турган күнгө чейин тирүү калуу мөөнөтү берилгендерденсиң".

7:16Страница 152

قَالَ فَبِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأَقۡعُدَنَّ لَهُمۡ صِرَٰطَكَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ ١٦

Иблис сказал: «За то, что Ты совратил меня, я непременно засяду против них на Твоем прямом пути.

Ибилис минтип айтты: "Мен Сенин адамга сажда кыл деген буйругуңду аткарбай, Сен мени адаштырганың себептүү, мен эми Сенин туура жолуңда адам балдарын карап отурамын, мени алардын атасына сажда кылууда адаштырганың сыяктуу мен да аларды туура жолдон тайдырып, адаштырамын".

7:17Страница 152

ثُمَّ لَأٓتِيَنَّهُم مِّنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ وَعَنۡ أَيۡمَٰنِهِمۡ وَعَن شَمَآئِلِهِمۡۖ وَلَا تَجِدُ أَكۡثَرَهُمۡ شَٰكِرِينَ ١٧

А затем я буду подходить к ним спереди и сзади, справа и слева, и Ты не найдешь большинство из них благодарными».

Мен аларга ар тарабынан келип, акыреттен көңүлүн буруп, дүйнөгө кызыктырамын, күмөнгө киргизем, кумардуу иштерди жакшы көрсөтөм. О, Рабби, алар каапырлыкка ийилип, көбү Сага шүгүр кылбаганын көрөсүң.

7:18Страница 152

قَالَ ٱخۡرُجۡ مِنۡهَا مَذۡءُومٗا مَّدۡحُورٗاۖ لَّمَن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكُمۡ أَجۡمَعِينَ ١٨

Аллах сказал: «Изыди презренным и отверженным! А если кто из них последует за тобой, то Я заполню Геенну всеми вами.

Аллах минтип айтты: "Эй, ибилис, бейиштен кор болуп, Аллахтын ырайымынан куулган абалда бейиштен чык! Кыяматта сени жана сени ээрчип, сага баш ийип Раббисине күнөөкөр болгондордун баарын тозокко киргизип, тозокту толтурамын"

7:19Страница 152

وَيَٰٓـَٔادَمُ ٱسۡكُنۡ أَنتَ وَزَوۡجُكَ ٱلۡجَنَّةَ فَكُلَا مِنۡ حَيۡثُ شِئۡتُمَا وَلَا تَقۡرَبَا هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ ١٩

О Адам! Поселись в Раю вместе со своей супругой. Ешьте, где (или когда) пожелаете, но не приближайтесь к этому дереву, а не то окажетесь беззаконниками».

Алла Адамга минтип айтты: "Эй, Адам, аялың Хава экөөң бейиште тургула. андагы таза нерселерден каалаганыңарды жегиле. Бирок, мобу (Аллах дайындап көрсөткөн) даракка жакындабагыла. Тыйылганыңардан кийин ал дарактын мөмөсүнөн жесеңер, анда Аллахтын чегинен чыгуучулардан болосуңар".

7:20Страница 152

فَوَسۡوَسَ لَهُمَا ٱلشَّيۡطَٰنُ لِيُبۡدِيَ لَهُمَا مَا وُۥرِيَ عَنۡهُمَا مِن سَوۡءَٰتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَىٰكُمَا رَبُّكُمَا عَنۡ هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةِ إِلَّآ أَن تَكُونَا مَلَكَيۡنِ أَوۡ تَكُونَا مِنَ ٱلۡخَٰلِدِينَ ٢٠

Дьявол стал наущать их, чтобы обнажить их срамные места, которые были сокрыты от них. Он сказал им: «Ваш Господь запретил вам это дерево только для того, чтобы вы не стали ангелами или бессмертными».

Аларга авреттери ачылып калганын көрсөтүү үчүн, ибилис аларга жашыруун сөз таштап, мындай деди: "Аллах силерди бул дарактан жеп, периште болуп калбооңор үчүн, же бейиште түбөлүк жашап калуучулардан болбооңор үчүн мунун мөмөсүнөн жегенге тыюу салды".

7:21Страница 152

وَقَاسَمَهُمَآ إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ ٢١

Он поклялся им: «Воистину, я для вас - искренний доброжелатель».

Аларга Аллахтын аты менен ант берип: "Эй, Адам жана Хава, мен силерге муну айтып насаат кылып жатамын" деди.

7:22Страница 152

فَدَلَّىٰهُمَا بِغُرُورٖۚ فَلَمَّا ذَاقَا ٱلشَّجَرَةَ بَدَتۡ لَهُمَا سَوۡءَٰتُهُمَا وَطَفِقَا يَخۡصِفَانِ عَلَيۡهِمَا مِن وَرَقِ ٱلۡجَنَّةِۖ وَنَادَىٰهُمَا رَبُّهُمَآ أَلَمۡ أَنۡهَكُمَا عَن تِلۡكُمَا ٱلشَّجَرَةِ وَأَقُل لَّكُمَآ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لَكُمَا عَدُوّٞ مُّبِينٞ ٢٢

Он низвел их (вывел из Рая или воодушевил на грех) обманом, и когда они вкусили от этого дерева, то обнажились их срамные места, и они стали прилеплять на себя райские листья. Тогда Господь их воззвал к ним: «Разве Я не запретил вам это дерево и не сказал вам, что дьявол для вас - явный враг?».

Аларды куулук жана алдоо менен турган даражаларынан түшүрдү. Аларга жегенге тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жээр замат, авреттери ачык болуп көрүнүп калды. Бейиштеги жалбырактар менен авреттерин жабышты. Анан аларга Раббиси кайрылып: "Силерди бул дарактан жегенге тыйбадым беле жана силерди эскертип: шайтан силерге душмандыгы анык болгон душман деп айтпадым беле" деди.

7:23Страница 153

قَالَا رَبَّنَا ظَلَمۡنَآ أَنفُسَنَا وَإِن لَّمۡ تَغۡفِرۡ لَنَا وَتَرۡحَمۡنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ ٢٣

Они сказали: «Господь наш! Мы поступили несправедливо по отношению к себе, и если Ты не простишь нас и не смилостивишься над нами, то мы непременно окажемся одними из потерпевших урон».

Адам менен Хава мындай деди: "О, Раббибиз, дарактан жебегле деген тыюуңду бузуп, күнөө ылуу менен өзүбүзгө залым кылып алдык. Сен биздин күнөөбүздү кечирбесең, ырайымың менен ырайым кылбасаң, анда дүйнө жана акыреттег насибибизден ажырап зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз".

7:24Страница 153

قَالَ ٱهۡبِطُواْ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوّٞۖ وَلَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُسۡتَقَرّٞ وَمَتَٰعٌ إِلَىٰ حِينٖ ٢٤

Аллах сказал: «Низвергнитесь и будьте врагами друг другу! Земля будет для вас обителью и предметом пользования на некоторое время».

Аллах Адамга, Хавага жана Ибилиске мындай деди: "Бейиштен жерге түшкүлө, эми бири-бириңе душман болосу-ар, белгилүү бир мөөнөткө чейин силерге жер бетинде отурукташып жашоо бар, белгиленген мөөнөт келгиче андагы нерселерди пайдалангыла"

7:25Страница 153

قَالَ فِيهَا تَحۡيَوۡنَ وَفِيهَا تَمُوتُونَ وَمِنۡهَا تُخۡرَجُونَ ٢٥

Аллах сказал: «На ней вы будете жить, на ней будете умирать и из нее будете выведены».

Алла Адам менен Хавага жана алардын урпактарына кайрылып: "Бул жер бетинде Аллах тагдыр кылган ажалыңар жеткенче жашайсыңар, жер бетинде өлүп, ошондо көмүлөсүңөр, кийин кабырыңардан тирлип чыгасыңар".

7:26Страница 153

يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ قَدۡ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكُمۡ لِبَاسٗا يُوَٰرِي سَوۡءَٰتِكُمۡ وَرِيشٗاۖ وَلِبَاسُ ٱلتَّقۡوَىٰ ذَٰلِكَ خَيۡرٞۚ ذَٰلِكَ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ لَعَلَّهُمۡ يَذَّكَّرُونَ ٢٦

О сыны Адама! Мы ниспослали вам одеяние для прикрытия ваших срамных мест и украшения. Однако одеяние из богобоязненности - лучше. Таково одно из знамений Аллаха. Быть может, они помянут назидание.

Оо, Адам балдары, силердин авретиңерди жаба турган зарыл кийимди бердик, ошондой эле эл алдында жасанып кийинүү үчүн толук кийимдерди да бердик. Аллахтын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып такыба болуу кийими бул кийимдерден жакшы. бул айтылган кийимдер Аллахтын кудуретине далил болчу белгилерден. Аллахтын силерге берген мындай жакшылыктарын эстеп, шүгүр кылаарсыңар.

7:27Страница 153

يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ لَا يَفۡتِنَنَّكُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ كَمَآ أَخۡرَجَ أَبَوَيۡكُم مِّنَ ٱلۡجَنَّةِ يَنزِعُ عَنۡهُمَا لِبَاسَهُمَا لِيُرِيَهُمَا سَوۡءَٰتِهِمَآۚ إِنَّهُۥ يَرَىٰكُمۡ هُوَ وَقَبِيلُهُۥ مِنۡ حَيۡثُ لَا تَرَوۡنَهُمۡۗ إِنَّا جَعَلۡنَا ٱلشَّيَٰطِينَ أَوۡلِيَآءَ لِلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ ٢٧

О сыны Адама! Не позволяйте дьяволу совратить вас, подобно тому, как он вывел из Рая ваших родителей. Он сорвал с них одежды, чтобы показать им их срамные места. Воистину, он и его сородичи видят вас оттуда, где вы их не видите. Воистину, Мы сделали дьяволов покровителями и помощниками тех, которые не веруют.

Оо, Адам балдары, шайтан авретиңерди ачуу үчүн силерди кийимиңерди чечүүгө жана такыба кийимин таштап коюууга кызыктырып азгырбасын. Чынында, шайтан силердин атаңарды аларга тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жегенге кызыктырып алдаган, бул алардын аврети ачылып калуусуна жана бейиштен чыгарылуусуна себеп болгон.Акыйкатта, шайтан жана анын урпактары силерди көрүп, күбө болуп турат, силер аларды көрбөйсүңөр да, күбө да болбойсуңар. Адан жана анын урпактарынан сактангыла. Биз шайтандарды Аллахка ишенбегендер дос кылып койгонбуз. Ал эми жакшы иштерди кылган ыймандуулар алара кошулбайт.

7:28Страница 153

وَإِذَا فَعَلُواْ فَٰحِشَةٗ قَالُواْ وَجَدۡنَا عَلَيۡهَآ ءَابَآءَنَا وَٱللَّهُ أَمَرَنَا بِهَاۗ قُلۡ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَأۡمُرُ بِٱلۡفَحۡشَآءِۖ أَتَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ ٢٨

Когда они совершают мерзость, они говорят: «Мы видели, что наши отцы поступали таким образом. Аллах повелел нам это». Скажи: «Аллах не велит совершать мерзость. Неужели вы станете наговаривать на Аллаха то, чего не знаете?».

Бутпарастар ширк кылуу, же Каабаны жылаңач тооп кылуус ыяктуу оор күнөөлрдү жасаса, бул иштерди Аллахтын буйругу менен ата-бабалары ушинтип аткарганын айтып шылтоо кылышат. Эй, Мухаммад, алардын айтканын кайтарып: Аллах күнөө ишке буйрубайт, андан тыят, кантип бул иштериңерди Аллахка төңкөрөсүңөр? Эй, бутпарастар, Аллахка билбеген нерсеңерди жалган, жалаа кылып айтасыңарбы? дегин.

7:29Страница 153

قُلۡ أَمَرَ رَبِّي بِٱلۡقِسۡطِۖ وَأَقِيمُواْ وُجُوهَكُمۡ عِندَ كُلِّ مَسۡجِدٖ وَٱدۡعُوهُ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَۚ كَمَا بَدَأَكُمۡ تَعُودُونَ ٢٩

Скажи: «Мой Господь велел поступать справедливо». Обращайте к Нему лица в любом месте поклонения и взывайте к Нему, очищая перед Ним веру. Он сотворил вас изначально, и так же вы будете возвращены».

Оо, Мухаммад, бутпарастарга минтип айт: Чынында Аллах адилеттикке буйруду, жаман, бузук иштерге буйруган жок. Баардык ибадаттарды калыс Ага аткарууга буйруду. Ага ыкылас кылып, баш ийип дуба кылууга буйруду. Ал силердин жоктон бар кылып жараткан сыяктуу экинчи жолу дагы тирилтет. Жок нерсени жаратканга кудурети жеткен, кайра жаратууга жана тирилтүүгө да кудурети жетет.

7:30Страница 153

فَرِيقًا هَدَىٰ وَفَرِيقًا حَقَّ عَلَيۡهِمُ ٱلضَّلَٰلَةُۚ إِنَّهُمُ ٱتَّخَذُواْ ٱلشَّيَٰطِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَيَحۡسَبُونَ أَنَّهُم مُّهۡتَدُونَ ٣٠

Он одних наставил на прямой путь, а другим заслуженно предписал заблуждение. Они сочли дьяволов своими покровителями и помощниками вместо Аллаха и полагают, что следуют прямым путем.

Аллах адамдарды эки топ кылган: бир тобун туура жолго салган, аларга туура жолго түшүү себептерин жеңил кылган, тоскоолдуктарды алып салган. Бир тобун чындыктын жолунан адашууну жазып койгон, анткени алар Аллахты эмес, шайтандарды дос тутушту жана билбестен аларды ээрчишти. Алар өздөрүн туура жолдо деп ойлошот.

7:31Страница 154

۞ يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ خُذُواْ زِينَتَكُمۡ عِندَ كُلِّ مَسۡجِدٖ وَكُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ وَلَا تُسۡرِفُوٓاْۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُسۡرِفِينَ ٣١

О сыны Адама! Облекайтесь в свои украшения при каждой мечети. Ешьте и пейте, но не излишествуйте, ибо Он не любит тех, кто излишествует.

Оо, Адам баласы, авретиңерди жаба турган кийимдерди кийгиле, намаз окуганда жана тооп кылганда таза, жакшы кийимдериңерди кийгиле. Аллах адал кылган таза нерселерден каалаганыңарды жегиле жана ичкиле. Бирок, анын орточо чегинен чыгып кетпегиле, адалдан арамга өтүп чектен чыкпагыла. Акыйкатта, Аллах орточо чегинен ашып кеткендерди жакшы көрбөйт.

7:32Страница 154

قُلۡ مَنۡ حَرَّمَ زِينَةَ ٱللَّهِ ٱلَّتِيٓ أَخۡرَجَ لِعِبَادِهِۦ وَٱلطَّيِّبَٰتِ مِنَ ٱلرِّزۡقِۚ قُلۡ هِيَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا خَالِصَةٗ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ ٣٢

Скажи: «Кто запретил украшения Аллаха, которые Он даровал Своим рабам, и прекрасный удел?». Скажи: «В мирской жизни они предназначены для тех, кто уверовал, а в День воскресения они будут предназначены исключительно для них». Так Мы разъясняем знамения людям знающим.

Оо, элчи, Аллах адал кылган кийимдерди, таза тамак-аштарды арамга чыгарган бутпарастарга жооп кылып: "Силерге көрк берчү кийимдерди ким арамга чыгарды? Аллах силерге ырыскы кылып берген таза тамак жана суусундуктарды ким арамга чыгарды? деп айт. Эй, элчи, чынында, бул таза нерселер бул дүйнөдө ыймандууларга таандык, эгер башкалар шерик болушса, бул дүйнөдө гана шерик боло алышат, акыретте каапырлар ага шерик боло алышпайт. Анткени, каапырлар бейишке кирбейт. Ушинтип түшүндүргөн сыяктуу аяттарыбызды да түшүнгөн коомго айтып беребиз, анткени алар мындан пайда ала турган адамдар.

7:33Страница 154

قُلۡ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّيَ ٱلۡفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنۡهَا وَمَا بَطَنَ وَٱلۡإِثۡمَ وَٱلۡبَغۡيَ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَأَن تُشۡرِكُواْ بِٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ سُلۡطَٰنٗا وَأَن تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ ٣٣

Скажи: «Мой Господь запретил совершать мерзкие поступки, как явные, так и скрытые, совершать грехи, бесчинствовать без всякого права, приобщать к Аллаху сотоварищей, в пользу чего Он не ниспослал никакого доказательства, и наговаривать на Аллаха то, чего вы не знаете».

Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарган бутпарастарга минтип айт: "Акыйкатта, Аллах пенделерине бузуку иштерди арам кылды, мейли жашыруу, мейли ашкере болсун, алар күнөөлөрдүн эң жамандары. Ошондой эле күнөөлөрдүн баарын жана адамдардын жанына, малына, абийирине залым кылып душмандык кылууну арам кылды. Дагы, кудайлыгына эч бир далили жок нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды арам кылды. Анан да, эч нерсени билбей туруп Анын ысымдары, сыпаттары, иштери жана шарияты тууралуу сүйлөөнү арам кылды".

7:34Страница 154

وَلِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٞۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ لَا يَسۡتَأۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ ٣٤

Для каждой общины есть свой срок. Когда же наступает их срок, они не могут отдалить или приблизить его даже на час.

Ар бир муунга алардын ажалы белгиленген ченелүү мөөнөтү бар, чектелген мөөнөтү келгенде аны бир азга кечиктире да, илгерилете да алышпайт.

7:35Страница 154

يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ إِمَّا يَأۡتِيَنَّكُمۡ رُسُلٞ مِّنكُمۡ يَقُصُّونَ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِي فَمَنِ ٱتَّقَىٰ وَأَصۡلَحَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ ٣٥

О сыны Адама! Если к вам придут посланники из вашей среды, читая вам Мои аяты, то всякий, кто станет богобоязненным и исправит свои деяния, не познает страха и не будет опечален.

Оо, Адам балдары, силерге өзүңөрдүн коомуңардан элчилерди чыгарып, алар Мен түшүргөн китептерди силерге окуп берсе, аларга баш ийгиле, алар алып келген нерсеге ээрчигиле. Буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, жакшы иштерди кылып, Аллахка такыба болгон пенделерге кыямат күнү коркунуч болбойт, ошондой эле алар дүйнө насибинде кылып өткөн иштерине өкүнбөйт.

7:36Страница 154

وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَٱسۡتَكۡبَرُواْ عَنۡهَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ ٣٦

А те, которые сочтут ложью Мои знамения и превознесутся над ними, станут обитателями Огня и пребудут там вечно.

Биздин аяттарыбызды жалган деп ага ишенбеген, элчилери алып келген буйруктарды аткарбаган каапырлар тозокко кирүүчүлөр, алар анда түбөлүк калышат.

7:37Страница 154

فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ يَنَالُهُمۡ نَصِيبُهُم مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُنَا يَتَوَفَّوۡنَهُمۡ قَالُوٓاْ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ قَالُواْ ضَلُّواْ عَنَّا وَشَهِدُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ أَنَّهُمۡ كَانُواْ كَٰفِرِينَ ٣٧

Кто же несправедливее того, кто возводит на Аллаха навет или считает ложью Его знамения? Они получат удел, отведенный им в Писании. Когда же к ним явятся Наши посланцы, чтобы умертвить их, они скажут: «Где те, к кому вы взывали вместо Аллаха?». Они скажут: «Они бросили нас!». Они принесут свидетельства против самих себя о том, что они были неверующими.

Аллахтын шериги бар деп же кемчиликтүү деп же Ал айтпаган нерсени айтты деп Ага жалган жалаа жапкан, же туура жолго баштаган аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым болобу. Мына ушул жогорудагы сыпаттардын ээлерине Лавх ал-Махфузда жазылган ажал-мөөнөтү келип, өлүм периштеси жана анын жардамчылары алардын жандарын алганы келгенде, аларды жемелеп: "Аллахты таштап, Анын ордуна ибадат кылган кудайларыңар кана!? Силерге жардам берүүсү үчүн аларды чакыргыла" дешет. Ошондо бутпарастар периштелерге: "Биз ибадат кылган кудайларыбыз жок болуп кетти, алар кайда экенин билбейбиз" дешет. Каапыр болушканын ошентип моюндарына алышат, бирок, ал учурда моюндарына алганы өздөрүнө каршы далил болот жана пайдасын тийгизбейт.

7:38Страница 155

قَالَ ٱدۡخُلُواْ فِيٓ أُمَمٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِكُم مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ فِي ٱلنَّارِۖ كُلَّمَا دَخَلَتۡ أُمَّةٞ لَّعَنَتۡ أُخۡتَهَاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا ٱدَّارَكُواْ فِيهَا جَمِيعٗا قَالَتۡ أُخۡرَىٰهُمۡ لِأُولَىٰهُمۡ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ أَضَلُّونَا فَـَٔاتِهِمۡ عَذَابٗا ضِعۡفٗا مِّنَ ٱلنَّارِۖ قَالَ لِكُلّٖ ضِعۡفٞ وَلَٰكِن لَّا تَعۡلَمُونَ ٣٨

Аллах скажет: «Войдите в Ад вместе с народами из числа людей и джиннов, которые прожили до вас». Каждый раз, когда один народ будет входить туда, он будет проклинать родственный ему народ. Когда же они будут собраны там вместе, то последние из них скажут о первых: «Господь наш! Это они ввели нас в заблуждение. Удвой же их мучения в Огне». Он скажет: «Всем воздастся вдвойне, но вы не знаете этого».

Периштелер аларга: "Эй, бутпарастар, силерден мурда каапырлык жана адашуу менен өткөн жин жана инсандардын жамааты менен бирге тозокко киргиле" деп айтышат. Ар бир үммөт тозокко кирген сайын, аларды ушул жолго баштаган, мурдараак тозокко кирген жол башчыларына каргыш айтышат. Баары тозокко киргенден кийин, мурдагыларды кем акылдык менен ээрчип, анан тозокко акыры болуп киргендер, мурда кирген башчы, чоңдоруна карап, (анан Раббисине): "Эй, Раббибиз, мына ушул чоңдорубуз бизди туура жолдон адаштырган, бизге адашууну кооздоп көрсөткөнү үчүн алардын азабына катуу кыл" дешет. Аллах аларга жооп кылып:Силердин ар бириңерге тиешелүү күчөтүлгөн азап бар, бирок, силер аны билбейсиңер.

7:39Страница 155

وَقَالَتۡ أُولَىٰهُمۡ لِأُخۡرَىٰهُمۡ فَمَا كَانَ لَكُمۡ عَلَيۡنَا مِن فَضۡلٖ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ ٣٩

Тогда первые из них скажут последним: «Вы не были лучше нас. Посему вкусите наказание за то, что вы приобретали».

Чоңдору артынан ээрчигендерине: "Эй, ээрчүүчүлөр, силердин азабыңарды жеңилдеткидей, силер бизден артык эмессиңер, кылган ишиңердин натыйжасы ушул, жалганды ээрчигениңер үчүн силерге кечирим жок, эй, ээрчүүчүлөр, каапырлыгыңар жана күнөөкөрлүгүңөр себептүү биз сыяктуу эле силер да азаптын даамын таткыла" дейшет.

7:40Страница 155

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَٱسۡتَكۡبَرُواْ عَنۡهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمۡ أَبۡوَٰبُ ٱلسَّمَآءِ وَلَا يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ حَتَّىٰ يَلِجَ ٱلۡجَمَلُ فِي سَمِّ ٱلۡخِيَاطِۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُجۡرِمِينَ ٤٠

Воистину, не откроются врата небесные для тех, кто считал ложью Наши знамения и превозносился над ними. Они не войдут в Рай, пока верблюд не пройдет сквозь игольное ушко. Так Мы воздаем грешникам.

Биздин ачык-айкын аяттарыбызды жалганга чыгарганы, текеберлик кылып баш ийбегени үчүн жакшылыктан куру калгандарга, каапырлыгы себептүү алардын кылган иштерине жана алар өлгөндө алардын рухтарына асман эшиктери ачылбайт. Жан-жаныбарлардын чоңу болгон төө буюмдардын эң кичинекейи болгон ийненин көзүнөн өтө албаган сыяктуу, алар да эч качан бейишке кире албайт. Төөнүн ийненин көзүнөн өтүүсү мүмкүн бологон сыяктуу алардын бейишке кирүүсү да мүмкүн эмес. Аллах аларды күнөөлөрү өтө чоң болгону үчүн ушинтип жазалайт.

7:41Страница 155

لَهُم مِّن جَهَنَّمَ مِهَادٞ وَمِن فَوۡقِهِمۡ غَوَاشٖۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلظَّٰلِمِينَ ٤١

Их ложа будут из Геенны, а над ними будут покрывала. Так Мы воздаем беззаконникам.

Бул текебер жалганчылар үчүн тозок отунан төшөнчү жана жууркан болот. Мындай жаза менен Аллахка каапырлык кылып, Андан жүз буруп, Анын чегинен чыккандарды жазалайбыз.

7:42Страница 155

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ ٤٢

Те, которые уверовали и совершали праведные деяния, будут обитателями Рая и пребудут там вечно. Мы не возлагаем на человека сверх его возможностей.

Раббисине ыйман келтирип, колунан келишинче жакшы иштерди жасагандар бейишке кирип, анда түбөлүк калышат. Аллах эч кимди колунан келбеген ишке буйрубайт.

7:43Страница 155

وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلّٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمُ ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي هَدَىٰنَا لِهَٰذَا وَمَا كُنَّا لِنَهۡتَدِيَ لَوۡلَآ أَنۡ هَدَىٰنَا ٱللَّهُۖ لَقَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلۡحَقِّۖ وَنُودُوٓاْ أَن تِلۡكُمُ ٱلۡجَنَّةُ أُورِثۡتُمُوهَا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ ٤٣

Мы исторгнем из их сердец злобу, и под ними будут протекать реки. Они скажут: «Хвала Аллаху, Который привел нас к этому! Мы не последовали бы прямым путем, если бы Аллах не наставил нас. И посланники Господа нашего принесли истину». Им будет возвещено: «Вот Рай, который вы унаследовали за то, что совершали».

Бейиштеги жакшылыктардын кемчиликсиздиги ушул, анда адамдардын жүрөгүндөгү жек көрүү, кектер алынып салынат, алардын бут алдынан дарыялар агып турат. Алар Аллахтын аларга берген жакшылыктарын моюндап: "Биздин ушул жайга кирүүбүзгө себеп болгон жакшы иштерди аткарууга багыт берген Аллахка мактоо болсун. Раббибиздин элчилери эч шеги жок акыйкатты, бейиш жана тозок тууралуу чын убадаларды алып келишкен экен" дешет. Анан аларга мындай деген үн угулат: "Бул силерге Менин элчилерим кабарын берген - бейиш. Муну Аллах силерге, Аллахтын ыраазылыгы үчүн дүйнө жашоосунда жакшы иштерди кылганыңардын сыйы катары берди.

7:44Страница 156

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ أَن قَدۡ وَجَدۡنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقّٗا فَهَلۡ وَجَدتُّم مَّا وَعَدَ رَبُّكُمۡ حَقّٗاۖ قَالُواْ نَعَمۡۚ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنُۢ بَيۡنَهُمۡ أَن لَّعۡنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلظَّٰلِمِينَ ٤٤

Обитатели Рая воззовут к обитателям Огня: «Мы уже убедились в том, что обещанное нам нашим Господом - истина. Убедились ли вы в том, что обещанное вашим Господом - истина?». Они скажут: «Да». Тогда глашатай возвестит среди них: «Да пребудет проклятие Аллаха над беззаконниками,

Баары өздөрүнө ылайык убада кылынган жайларына киргенден кийин, бейишке киргендер тозокко киргендерге: "Биз Рааббибиз бизге убада кылган бейишке чындап жолуктук жана ага кирдик. Эй, каапырлар, силер да Аллах силерге убада кылган тозокко кирдиңерби?" деп үн салышат. Каапырлар: "Бизге убада кылынган тозокко чындап кирдик" дешет. Ошондо: Аллах залымдарды ырайымынан куусун" деген үн угулат. Дүйнө жашоосунда аларга ырайым эшиги ачылган эле, бирок алар андан баш тартышткан.

7:45Страница 156

ٱلَّذِينَ يَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبۡغُونَهَا عِوَجٗا وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ كَٰفِرُونَ ٤٥

которые сбивали других с пути Аллаха, пытались исказить его и не верили в Последнюю жизнь».

Ал залымдар өздөрү Аллахтын жолуна баш тарткан жана башкаларды да баш тартууга алып келишкен, чындыктын жолу адамдар ага түшпөй турган татаал болуусун каалап, үмүт кылышкан. Алар акыретке ишенишкен эмес жана даярданышкан да эмес.

7:46Страница 156

وَبَيۡنَهُمَا حِجَابٞۚ وَعَلَى ٱلۡأَعۡرَافِ رِجَالٞ يَعۡرِفُونَ كُلَّۢا بِسِيمَىٰهُمۡۚ وَنَادَوۡاْ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ أَن سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡۚ لَمۡ يَدۡخُلُوهَا وَهُمۡ يَطۡمَعُونَ ٤٦

Между ними будет изгородь, а на оградах будут люди, которые распознают каждого из них по их признакам. Они воззовут к обитателям Рая: «Мир вам!». Они пока не войдут в Рай, хотя будут желать этого.

Бул эки топтун ортосунда, б.а.бейишке кирүүчүлөр менен тозокко кирүүчүлөрдүн ортосунда бийик орунда "Аьраф" деп аталган тосмо бар. Бул бийик тосмодо жакшылык иштери менен күнөөлөрү бирдей болуп калган адамдар топтолот. Алар бейишке кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн актыгы сыяктуу белгилеринен, ал эми тозокко кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн каралыгы сыяктуу белгилеринен таанып билишет. Бул жердеги адамдар бейишке кире турган адамдарга урмат көрсөтүп: "Силерге тынчтык болсун" деп салам айтышат. Алар бул учурда бейишке кире элек, бирок бейишке кирүүгө Аллахтын ырайымын күтүп турган болушат.

7:47Страница 156

۞ وَإِذَا صُرِفَتۡ أَبۡصَٰرُهُمۡ تِلۡقَآءَ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِ قَالُواْ رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ٤٧

Когда же их взоры обратятся к обитателям Огня, они скажут: «Господь наш! Не помещай нас с людьми несправедливыми!».

Эгер Аьрафта тургандар тозокко кирүүчүлөргө көзү бурулуп, алардын катуу азапка дуушар болушканын көрүшсө, Аллахка кайрылып: "Оо, Раббибиз, Сага каапырлык жана ширк кылган залым коом менен бирге кылба" деп дуба кылышат.

7:48Страница 156

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأَعۡرَافِ رِجَالٗا يَعۡرِفُونَهُم بِسِيمَىٰهُمۡ قَالُواْ مَآ أَغۡنَىٰ عَنكُمۡ جَمۡعُكُمۡ وَمَا كُنتُمۡ تَسۡتَكۡبِرُونَ ٤٨

Люди на оградах обратятся к мужчинам, которых они узнают по их признакам, и скажут: «Не помогло вам то, что вы собирали, и ваше высокомерие.

Аьрафта турган ададмар тозокко кире турган адамдарыд аларды чочулаган көздөрүнөн, карарган жүздөрүнөн таанып, аларга: "Силерге мал-мүлкүңөрдүн жана саныңардын көптүгү менен мактанганыңар жана чындык жолдон текеберленип, менменсинип баш тартканыңар пайда бербедиби?" дешет.

7:49Страница 156

أَهَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَقۡسَمۡتُمۡ لَا يَنَالُهُمُ ٱللَّهُ بِرَحۡمَةٍۚ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡكُمۡ وَلَآ أَنتُمۡ تَحۡزَنُونَ ٤٩

Разве это не те, о которых вы клялись, что Аллах никогда не проявит к ним милости?». Им будет сказано: «Войдите в Рай! Вы не познаете страха и не будете опечалены».

Анан: "Силер: "Аллах аларды ырайымына албайт" деген ададмар ушуларбы?" дешет (бейишке кирүүчүлөрдү көрсөтүп). Анан Аллах Таала ыймандууларган: "Оо, ыймандуулар, бейишке киргиле, силерге келечекте эч коркунуч болбойт жана дүйнө насибиңерде кылган ишиңер үчүн өкүнбөйсүңөр, анткени, түбөлүктүү жакшылкка кирдиңер" дейт.

7:50Страница 156

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ أَنۡ أَفِيضُواْ عَلَيۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ أَوۡ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُۚ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَهُمَا عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ ٥٠

Обитатели Огня воззовут к обитателям Рая: «Пролейте на нас воду или то, чем вас наделил Аллах». Они скажут: «Аллах запретил это для неверующих,

Тозокко кирүүчүлөр бейишке кирүүчүлөрдөн жалынып: "Эй, бейишке кирүүчүлөр, бизге суу жана Аллах силерге ырыскы кылып берген тамактардан бергиле" деп суранышат. Бейишке кирүүчүлөр: "Аллах Таала бул нерселерди каапыр болгону себептүү каапырларга арам кылган, Аллах арам кылган нерсени биз бере албайбыз" дешет.

7:51Страница 156

ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ دِينَهُمۡ لَهۡوٗا وَلَعِبٗا وَغَرَّتۡهُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَاۚ فَٱلۡيَوۡمَ نَنسَىٰهُمۡ كَمَا نَسُواْ لِقَآءَ يَوۡمِهِمۡ هَٰذَا وَمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَجۡحَدُونَ ٥١

которые обратили свою религию в потеху и игру и обольстились мирской жизнью». Сегодня Мы предадим их забвению, подобно тому, как они предали забвению встречу в этот день и отвергли Наши знамения.

Ал каапырлар диндерин оюн, тамаша кылышкан, аларды дүйнө жашоосу кооздук ырахаты менен алдап койгон. Алар бул дүйнөдө кыямат күнүндөгү жолугууну унутуп, ага эч аракет кылышпай, даярданышпай, Аллахтын ачык далил-белгилерин танып, анын чындык экенин билип туруп четке кагышканы үчүн, кыямат күнү Аллах аларды азап үстүнө калтырып унутуп коёт.

7:52Страница 157

وَلَقَدۡ جِئۡنَٰهُم بِكِتَٰبٖ فَصَّلۡنَٰهُ عَلَىٰ عِلۡمٍ هُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ ٥٢

Мы преподнесли им Писание, которое разъяснили на основании знания, как верное руководство и милость для верующих людей.

Акыйкатта, Биз силерге Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түшүрүлгөн Куранды алып келдик. Ал - Куран, ыймандууларды чындыкка жана туура жолго баштоочу жана аларга дүйнө менен акыреттин жакшылыктарын билдирүүчү ырайым.

7:53Страница 157

هَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا تَأۡوِيلَهُۥۚ يَوۡمَ يَأۡتِي تَأۡوِيلُهُۥ يَقُولُ ٱلَّذِينَ نَسُوهُ مِن قَبۡلُ قَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلۡحَقِّ فَهَل لَّنَا مِن شُفَعَآءَ فَيَشۡفَعُواْ لَنَآ أَوۡ نُرَدُّ فَنَعۡمَلَ غَيۡرَ ٱلَّذِي كُنَّا نَعۡمَلُۚ قَدۡ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ ٥٣

Неужели они дожидаются чего-либо, кроме исполнения пророчества? В тот день, когда оно исполнится, те, которые предали его забвению прежде, скажут: «Посланники нашего Господа принесли истину. Найдутся ли для нас заступники, которые заступились бы за нас? И не вернут ли нас обратно, чтобы мы совершили не то, что совершили прежде?». Они потеряют самих себя, и покинет их (или исчезнет) то, что они измышляли.

Каапырлар аларга акыретте иштерине жараша бериле турган катуу азап тууралуу кабардын ишке ашуусун күтүшөт. Аларга кабары берилген азап жана ыймандууларга кабары берилген сый бериле турган убак келгенде, дүйнөдө Куранды унутуп, андагы буйруктарды аткарбагандар минтип арман кылышат: "Рабибиздин элчилери Аллахтан экенине эч шеги жок, кемчиликсиз чындыкты алып келишкен экен. Эми бизди колдоп, азаптан сактап калууга Аллахка ортомчу боло турган колдоочу болсо кана. Же дүйнө жашоосуна кайра кайтып, мурда аткарган жаман иштерибиздин ордуна жакшы иштерди кылып келсек кана". Катуу азапка туш болоруна ишенбей, каапырлар өздөрүн зыянга учуратып алышты. Ошондой эле алар ибадат кылган жалган "кудайлары" аларга эч пайдасын тийгизбей жок болуп кетти.

Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии

Содержание

Аят аль-Курси36Аль-Кахфстр. 42джуз 15Бухари 1Муслим 2999

Вид

Тема
Размер текста
Вид

Read in English