Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском
Юнус 10:46–100
10:46Страница 214
وَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ ثُمَّ ٱللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا يَفۡعَلُونَ ٤٦
Мы покажем тебе часть того, что Мы обещали им, или же умертвим тебя, но они все равно вернутся к Нам. Кроме того, Аллах является Свидетелем того, что они совершают.
Оо, пайгамбар! Биз сага убада кылган азаптардын кээ бирин сен өлгөнгө чейин сага көрсөтүүбүз мүмкүн. Же ага чейин сенин жаныңды алышыбыз мүмкүн. Бул эки абалда тең алар Кыямат күнү бизге кайтышат. Кийин Аллах алардын кылып жүргөн иштерин дыккат карап чыгат. Аллахка алардын иш-аракеттеринен эч нерсе жашырылбайт. Аларды Аллах иш-аракеттери үчүн жазалайт.
10:47Страница 214
وَلِكُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولٞۖ فَإِذَا جَآءَ رَسُولُهُمۡ قُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡقِسۡطِ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ ٤٧
У каждой общины есть посланник. Когда же приходил посланник, между ними все решалось по справедливости, и с ними не поступали несправедливо.
Мурунку ар бир элдин жиберилген элчиси бар. Ал элчи аларга жеткирүүгө буйрулган тапшырманы жеткирип, алар аны жалганга чыгарышкан кезде ал элдер менен ал элчинин ортосунда адилеттүү өкүм чыгарылып Аллах ал элчини Өз жакшылыгы менен куткарып жана аларды адилеттүүлүгү менен кыйраткан. Алар кылган иш-аракеттеринин жазасын алууда аларга эч кандай зулум кылынбайт.
10:48Страница 214
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٤٨
Они говорят: «Когда же исполнится это обещание, если вы говорите правду?».
Ал каапырлар көк беттенип жана өздөрүнө ишенип мындай деп айтышат: “Силер чакырып жаткан нерседе чынчыл болсоңор, анда силер бизге убада кылып жаткан азаптын убактысы качан?”.
10:49Страница 214
قُل لَّآ أَمۡلِكُ لِنَفۡسِي ضَرّٗا وَلَا نَفۡعًا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۗ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌۚ إِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ فَلَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ ٤٩
Скажи: «Я не способен причинить себе зло или принести себе пользу, если того не пожелает Аллах. Для каждой общины установлен срок. Когда же наступает их срок, они не могут отдалить или приблизить его даже на час».
Оо, пайгамбар! Аларга мындай деп айткын: “Мен өз жаныма зыян да бере албаймын жана зыянды өз жанымдан кетире да кылбаймын. Ошондой эле өзүмө пайда да бере албаймын. Анан кантип башкаларга пайда же зыян бере алмак элем? Аллахтын каалаганы гана болот. Анан мен кантип Аллах жашырган илимди билмек элем? Аллах кыйратууну убада кылган ар бир элдин кыйроосуна белгилүү мөөнөт бар. Аны Аллах Өзү гана билет. Эгер алардын кыйроо убактысы келген болсо, анда ал убакыттан эч кандай убакыт кечикпейт да жана ал убакыттан алдын да болуп кетпейт.
10:50Страница 214
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَتَىٰكُمۡ عَذَابُهُۥ بَيَٰتًا أَوۡ نَهَارٗا مَّاذَا يَسۡتَعۡجِلُ مِنۡهُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ ٥٠
Скажи: «Как вы думаете, какую часть мучений от Аллаха будут торопить грешники, если они постигнут вас ночью или днем».
Оо, пайгамбар! Ал азапка шашылгандарга мындай деп айткын: “Айткылачы, эгер Аллахтын азабы түнүбү же күндүзүбү кайсы бир убакта келген болсо, абалыңар кандай болот. Бул азаптын эмнесине шашып жатасыңар?!”.
10:51Страница 214
أَثُمَّ إِذَا مَا وَقَعَ ءَامَنتُم بِهِۦٓۚ ءَآلۡـَٰٔنَ وَقَدۡ كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ ٥١
Неужели вы уверуете в них только тогда, когда они постигнут вас? Неужели теперь, после того, как вы торопили их?
Мурун ыйман келтирбей андан кийин ыйманы пайда бербей турган убакта, силерге убада кылынган азап келгенден кийин ыйман келтирип жатасыңарбы? Эми ыйман келтирип жатасыңарбы, силер жалганга чыгаруу менен азаптын келүүсүн шаштырып жаттыңар элего?!
10:52Страница 214
ثُمَّ قِيلَ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡخُلۡدِ هَلۡ تُجۡزَوۡنَ إِلَّا بِمَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ ٥٢
Потом будет сказано тем, кто поступал несправедливо: «Вкусите вечные мучения! Разве вам не воздается только за то, что вы совершали?».
Аларды азапка салгандан кийин жана азаптан чыгарууну суранышкандан кийин аларга мындай деп айтылат: “Акыретте түбөлүктүү азапты таткыла! Силер кылып жүргөн каапырлык жана күнөөлөрдүн жазасын гана аласыңар!”.
10:53Страница 214
۞ وَيَسۡتَنۢبِـُٔونَكَ أَحَقٌّ هُوَۖ قُلۡ إِي وَرَبِّيٓ إِنَّهُۥ لَحَقّٞۖ وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ ٥٣
Они спрашивают тебя: «Неужели это правда?». Скажи: «Конечно, клянусь моим Господом! Воистину, это - подлинная правда, и вам не избежать этого».
Оо, пайгамбар! Мушриктер сенден: «Ушул бизге убада кылынган азап чындыкпы?» – деп сурашат. Аларга: «Ооба! Аллахка ант болсун! Албетте ал азап чындык! Силер андан качып кутула албайсыңар” – деп айткын.
10:54Страница 215
وَلَوۡ أَنَّ لِكُلِّ نَفۡسٖ ظَلَمَتۡ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لَٱفۡتَدَتۡ بِهِۦۗ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَۖ وَقُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡقِسۡطِ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ ٥٤
Если бы несправедливый человек владел всеми богатствами земными, то он отдал бы их в качестве выкупа. Они скроют раскаяние, когда увидят мучения. Между ними рассудят беспристрастно, и с ними не поступят несправедливо.
Жер бетиндеги бардык баалуу байлыктар Аллахка шерик кошкон ар бир мушриктин байлыгы болуп, ага ошол байлыктарын Аллахтын азабынан кутулуу үчүн кун төлөө мүмкүнчүлүгү берилсе, анда бардык байлыктарын Аллахтын азабынан кутулуу үчүн беришмек. Мушриктер кыямат күнү азапты көрүшкөндө, кылган каапырлыктарына өкүнгөнүн жашырышат. Аллах аларга адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзөт жана аларга зулумдук кылынбайт. Болгону алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жараша гана жазаларын алышат.
10:55Страница 215
أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ أَلَآ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ ٥٥
Несомненно, Аллаху принадлежит то, что на небесах и на земле. Несомненно, обещание Аллаха является истиной, но большинство их не знает этого.
Акыйкатта асмандардагы жана жердеги нерселер жалгыз Аллахтын мүлкү эмеспи?! Чындыгында Аллах каапырларга убада кылган азап шексиз боло турган нерсе эмеспи?! Бирок бул нерсени алардын көпчүлүгү билишпегендиктен, шектене беришет.
10:56Страница 215
هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ ٥٦
Он оживляет и умерщвляет, и к Нему вы будете возвращены.
Аллах – аруу Зат. Өлүктөрдү тирилтет, тирүүлөрдү өлтүрөт. Кыямат күнү жалгыз Ага кайтасыңар. Ошондо силерге кылган иш-аракетиңерге жараша жаза же сыйлыктарды берет.
10:57Страница 215
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَتۡكُم مَّوۡعِظَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَشِفَآءٞ لِّمَا فِي ٱلصُّدُورِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ ٥٧
О люди! К вам от вашего Господа явилось увещевание, исцеление для того, что в груди, верное руководство и милость для верующих.
Эй, адамдар! Силерге эскертүүлөрдү, үгүттөгөн жана коркуткан аяттарды камтыган Куран келди. Куран жүрөктүн шек саноосуна жана күмөндөнүү оорууларына шыпаа. Ошондой эле ал акыйкат жолуна баштайт. Анда ыймандуулар үчүн ырайымдуулук бар. Алар аны менен пайдаланышат.
10:58Страница 215
قُلۡ بِفَضۡلِ ٱللَّهِ وَبِرَحۡمَتِهِۦ فَبِذَٰلِكَ فَلۡيَفۡرَحُواْ هُوَ خَيۡرٞ مِّمَّا يَجۡمَعُونَ ٥٨
Скажи: «Это - милость и милосердие Аллаха». Пусть они возрадуются этому, ибо это лучше того, что они накапливают.
Оо, пайгамбар! Адамдарга айткын: “Мен силерге алып келген Куран – силерге Аллахтан болгон артыкчылык жана ырайым. Ошондуктан бул Куран себептүү Аллахтын силерге берген артыкчылыгы жана ырайымы менен гана сүйүнгүлө, ал экөөсүнөн башка нерсе менен сүйүнбөгүлө. Мухаммад пайгамбардын Раббисинен адамдарга алып келгени – алар топтоп жаткан жок болуп кетүүчү дүйнө жыргалынан жакшы.
10:59Страница 215
قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ لَكُم مِّن رِّزۡقٖ فَجَعَلۡتُم مِّنۡهُ حَرَامٗا وَحَلَٰلٗا قُلۡ ءَآللَّهُ أَذِنَ لَكُمۡۖ أَمۡ عَلَى ٱللَّهِ تَفۡتَرُونَ ٥٩
Скажи: «Что вы думаете об уделе, который ниспослал вам Аллах, часть которого вы объявили запретной, а часть - дозволенной». Скажи: «Аллах позволил вам это или же вы возводите навет на Аллаха?».
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: “Аллах силерге ырыскы кылып берген жакшылыктары жөнүндө мага кабар бергилечи. Силер ал ырыскылардын кээ бирлерин өз оюңар менен арамга чыгардыңар, ал эми кээ бирлерин адалга чыгардыңар”. Аларга айткын: “Силер адал кылып алган нерсеңерди Аллах адал кылдыбы же арам кылып алган нерсеңерди Ал арам кылдыбы? Же силер Аллахка жалаа жаап жатасыңарбы?!"
10:60Страница 215
وَمَا ظَنُّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَشۡكُرُونَ ٦٠
Что думают о Дне воскресения те, которые возводят навет на Аллаха? Воистину, Аллах милостив к людям, но большинство их неблагодарно.
Аллахка жалаа жапкан адамдар кыямат күнү баштарына келгенде эмнени ойлонушат? Алар биздин күнөөлөр кечирилет деп ойлошобу? Минтип ойлошкону алыс нерсе. Чындыгында Аллах адамдарды азаптоого шашылбай аларга мөөнөт берүү менен аларга Өз пазилетин тартуулайт. Бирок алардын көпчүлүгү Аллахтын аларга берген жакшылыктарын четке кагышып, ал жакшылыктар үчүн шүгүр кылышпайт.
10:61Страница 215
وَمَا تَكُونُ فِي شَأۡنٖ وَمَا تَتۡلُواْ مِنۡهُ مِن قُرۡءَانٖ وَلَا تَعۡمَلُونَ مِنۡ عَمَلٍ إِلَّا كُنَّا عَلَيۡكُمۡ شُهُودًا إِذۡ تُفِيضُونَ فِيهِۚ وَمَا يَعۡزُبُ عَن رَّبِّكَ مِن مِّثۡقَالِ ذَرَّةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَلَآ أَصۡغَرَ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرَ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٍ ٦١
Какой бы поступок ты ни совершал, что бы ты ни читал из Корана и что бы вы ни совершали, Мы наблюдаем за вами с самого начала. Ничто на земле и на небе не скроется от твоего Господа, будь оно даже весом в мельчайшую частицу, или меньше того, или больше того. Все это - в ясном Писании.
Оо, пайгамбар! Иштердин кайсы бирин кылба жана Курандан эмнени окуба. Жана эй, ыймандуулар! Силер да иш-аракетердин кайсы бирин кылбагыла, Биз силер иш-аракеттерди умтулуу менен баштап жатканыңарды көрүп турабыз, силерди билип жана угуп турабыз. Асмандагы жана жердеги кыпындай нерсе жана андан да майда же чоң нерселер Раббиңден жашыруун эмес. Акыйкатта алардын баары Китепте жазылган. Ал Китепте майда жана чоң нерселердин баары эсептелип жазылып турат.
10:62Страница 216
أَلَآ إِنَّ أَوۡلِيَآءَ ٱللَّهِ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ ٦٢
Воистину, угодники Аллаха не познают страха и не будут опечалены.
Аллахтын жакын пенделери акыреттеги абалдарды көрүшкөн кезде аларга эч кандай коркунуч болбойт. Жана бул дүйнөдө жетпей калышкан жыргалчылыктарга кайгырышпайт.
Мына ошол Аллахтын жакын пенделери – алар Аллахка жана Анын Элчисине толук ыйман келтирген адамдар жана Аллахтын буйруктарын аткарышкан, Анын тыйган нерселеринен алыс болгон такыбалар.
10:64Страница 216
لَهُمُ ٱلۡبُشۡرَىٰ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ لَا تَبۡدِيلَ لِكَلِمَٰتِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ ٦٤
Им предназначена радостная весть в этом мире и в Последней жизни. Слова Аллаха не подлежат отмене. Это - великое преуспеяние.
Раббисинен аларга аян түш көрүү менен же адамдар аларга айткан мактоолору менен бул дүйнөдө аларга сүйүнүч кабарлар болот. Ошондой эле периштелер алардын жандарын алып жатканда да аларга сүйүнүч кабарларды айтышат. Өлүмдөн кийин жана кыяматта кайра тирилишкенде аларга Аллахтын берген убадасы эч өзгөрбөйт. Мына ушул сыйлыктар – улуу жеңиш. Анткени алар эңсеген жыргалдарга жетишти жана корккон азаптан кутулушту.
10:65Страница 216
وَلَا يَحۡزُنكَ قَوۡلُهُمۡۘ إِنَّ ٱلۡعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًاۚ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ ٦٥
Пусть тебя не печалит то, что они говорят, ибо могущество целиком принадлежит Аллаху. Он - Слышащий, Знающий.
Оо, пайгамбар! Алар диниңди жемелеген жана акаарат кылган сөздөрдү айткандарына капа болбо. Анткени багынтуу жана үстөмдүк кылуу Аллахка гана таандык. Аны эч нерсе алсыз кыла албайт. Аллах алардын сөздөрүн Угуучу жана кылган иштерин Билүүчү. Ошол иштерине жараша аларды жазалайт.
10:66Страница 216
أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَمَا يَتَّبِعُ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُرَكَآءَۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ هُمۡ إِلَّا يَخۡرُصُونَ ٦٦
Воистину, Аллаху принадлежат те, кто на небесах, и те, кто на земле. Чему же следуют те, которые поклоняются помимо Аллаха другим божествам. Они следуют лишь предположениям и только измышляют.
Акыйкатта асмандардагы жана жердеги жандуулардын баарына жалгыз Аллах гана ээлик кылбайбы?! Аллахка башка кудайларды шерик кылган мушриктер эмнени гана ээрчип жүрүшөт? Чынын айтканда алар шекти гана ээрчишет. Алар Аллахка шерик кошууда жалган сөздөрдү гана айтышат. Алар айткан сөздөрдөн Аллах аруу.
10:67Страница 216
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ ٦٧
Он - Тот, Кто сотворил для вас ночь, чтобы вы отдыхали в течение нее, и день для освещения. Воистину, в этом - знамения для тех, кто внимает.
Эй, адамдар! Силер чарчагандыктан жана кыймылдан эс алууңар үчүн түндү жалгыз Өзү гана жаратты. Жана жашоо-тиричилигиңерге пайда алып келүүгө аракеттенүүңөр үчүн күндүздү жарык кылды. Мына ушул жаратууда укканда эске алган жана кабыл алган коом үчүн ачык далилдер бар.
10:68Страница 216
قَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۖ هُوَ ٱلۡغَنِيُّۖ لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ إِنۡ عِندَكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭ بِهَٰذَآۚ أَتَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ ٦٨
Они говорят: «Аллах взял себе сына». Пречист Он! Он богат, и Ему принадлежит то, что на небесах, и то, что на земле. Нет у вас никакого доказательства этому. Неужели вы наговариваете на Аллаха то, чего вы не знаете?
Мушриктердин бир тайпасы: “Аллах периштелерди Өзүнүн кыздары кылып алды” – деп айтышты. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн аруу болду. Ал жаратылган нерселердин эч кимисине муктаж эмес. Асмандагы жана жердеги нерселердин баары Ага гана таандык. Эй, мушриктер! Бул айткан сөзүңөргө эч кандай далил жок. Силерде эч кандай далил жок туруп акыйкатты билбей эле Аллахка перзентти таңуулайсыңарбы? Аллахка ушунчалык коркунучтуу чоң сөздөрдү да айтасыңарбы?!
10:69Страница 216
قُلۡ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا يُفۡلِحُونَ ٦٩
Скажи: «Воистину, те, которые возводят навет на Аллаха, не преуспеют!».
Оо, пайгамбар! Аларга: “Аллахтын баласы бар деп жалган сөздөрдү айткан адамдар талап кылган нерселерине жетишпейт жана корккон нерсесинен да кутула алышпайт” – деп айткын.
10:70Страница 216
مَتَٰعٞ فِي ٱلدُّنۡيَا ثُمَّ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ ثُمَّ نُذِيقُهُمُ ٱلۡعَذَابَ ٱلشَّدِيدَ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ ٧٠
Они попользуются мирскими благами, а затем вернутся к Нам. И тогда Мы дадим им вкусить тяжкие мучения за то, что они не уверовали.
Андыктан бул дүйнөдө тапкан жыргалчылыктарга жана кумарга алданышпасын. Анткени ал аз жана тез жок болуучу жыргалчылыктар. Андан кийин алар кыямат күнү Биздин алдыбызга кайтышат. Ошондо алар Аллахка каапырлык кылгандыгы үчүн жана Анын элчисин жалганга чыгаргандыктары үчүн аларга катуу азап беребиз.
10:71Страница 217
۞ وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ نُوحٍ إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ إِن كَانَ كَبُرَ عَلَيۡكُم مَّقَامِي وَتَذۡكِيرِي بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَعَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡتُ فَأَجۡمِعُوٓاْ أَمۡرَكُمۡ وَشُرَكَآءَكُمۡ ثُمَّ لَا يَكُنۡ أَمۡرُكُمۡ عَلَيۡكُمۡ غُمَّةٗ ثُمَّ ٱقۡضُوٓاْ إِلَيَّ وَلَا تُنظِرُونِ ٧١
Прочти им рассказ о Нухе (Ное). Вот он сказал своему народу: «О народ мой! Если вам тяжко от того, что я нахожусь среди вас и напоминаю о знамениях Аллаха, то я уповаю на Него. Объединитесь со своими идолами и действуйте открыто, а затем возьмитесь за меня и не предоставляйте мне отсрочки.
Оо, пайгамбар! Тиги мушриктерге Нух пайгамбар коомуна айткан сөзүн кабарлагын. Ал коомуна: “Эй, элим! Эгерде мен силердин араңарда турушум силерге оор келип жатса жана силерди Аллахтын аяттары менен эскертип чакырганым силерге машакат келтирсе, ошондой эле мени өлтүрөбүз деп чечим чыгарсаңар, анда мен айла-амалыңарды жок кылуусуна жалгыз Аллахка гана таяндым. Чечимиңерди аткарып мени жок кылууга аракет кыла бергиле. Жардам суроо үчүн кудайларыңарды да чакыргыла. Айла-амалыңар бүдөмүк болуп жүрбөсүн. Менден жашырып өлтүрүүгө чечкен чечимиңерди бир аз болсо да кечиктирбей дароо аткаргыла.
10:72Страница 217
فَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَمَا سَأَلۡتُكُم مِّنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ ٧٢
Но если вы отвернетесь, то ведь я не просил у вас награды. Меня вознаградит только Аллах, и мне велено быть одним из мусульман».
Эгерде силер менин дааватымдан жүз бурсаңар, анда ыйман келтиресиңерби же каапыр болосуңарбы мен силерден эч кандай акы сурабаймын. Раббимдин динин жеткирүүдөгү сыйлыктар Аллахтан гана болот. Ал мени баш ийип жана жакшы иш-аракеттерди кылып моюн сунгандардан болуумду буйруду.
10:73Страница 217
فَكَذَّبُوهُ فَنَجَّيۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَجَعَلۡنَٰهُمۡ خَلَٰٓئِفَ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ ٧٣
Они сочли его лжецом, и Мы спасли его и тех, кто был с ним, в ковчеге. Мы сделали их преемниками и потопили тех, кто отвергал Наши знамения. Посмотри же, каким был конец увещеваемых!
Ага өзүнүн эли ишенишпей аны жалганга чыгарышты. Ошондо Нухту жана аны менен кемеге чыккан ыймандууларды сактадык. Ошолорду гана коомунун тукумун улаган адамдардан кылдык. Аят-далилдер келгенге карабай жалганга чыгарган адамдарды топон суу менен жок кылдык. Эй, пайгамбар! Нух пайгамбар эскертип келген коом ыйман келтирбегендиктен, алардын акыбети кандай болгондугуна ой жүгүрт.
10:74Страница 217
ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ رُسُلًا إِلَىٰ قَوۡمِهِمۡ فَجَآءُوهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ بِهِۦ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ نَطۡبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡمُعۡتَدِينَ ٧٤
После него Мы отправили посланников к их народам. Они приносили им ясные знамения, но те не желали уверовать в то, что отвергали прежде. Так Мы запечатываем сердца преступников.
Нухтан бир канча убакыттан кийин өз коомдоруна элчилерди жибердик. Элчилер өз үммөттөрүнө аяттар жана далилдер менен келишти. Ошондо алар буга чейин элчилерди жалганга чыгаруусун койбогондун себебинен гана алар ыйман келтирүүгө каалоолору болгон жок. Мындан улам Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөп салды. Мурунку элчилердин убагында адамдардын жүрөктөрүн мөөрлөп салгандай эле, Аллахтын койгон чектеринен ашкан каапырлардын жүрөктөрүн кайсыл убакытта жана кайсыл жерде болсо да мөөрлөп салабыз.
10:75Страница 217
ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِم مُّوسَىٰ وَهَٰرُونَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ بِـَٔايَٰتِنَا فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ ٧٥
После них Мы послали Мусу (Моисея) и Харуна (Аарона) с Нашими знамениями к Фараону и его знати, но они возгордились. Они были грешным народом.
Ал элчилерден бир канча убакыттан кийин Мисирге падыша болуп турган Фараонго жана ошол коомдун чоңдоруна Мусаны жана анын бир тууганы Харунду жибердик. Алар айткан сөздөрдүн акыйкаттыгына далил болгон аят-белгилер менен кошо жибердик. Ал экөө алып келген ыймандан алар баш тартып текеберленишти. Анткени алар Аллахка каапыр болгондуктан жана элчилерин жалганга чыгаргандыктан, алар бузуку адамдардан болушкан.
10:76Страница 217
فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ مِنۡ عِندِنَا قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰذَا لَسِحۡرٞ مُّبِينٞ ٧٦
Когда к ним явилась истина от Нас, они сказали: «Воистину, это - очевидное колдовство».
Фараонго жана ал коомдун чоңдоруна Муса жана Харун алып келген акыйкат келгенде, алар Муса пайгамбардын айтканы акыйкат экендигине далил болгон аяттарына: “Чындыгында бул ачык сыйкыр. Акыйкат эмес” – деп айтышты.
10:77Страница 217
قَالَ مُوسَىٰٓ أَتَقُولُونَ لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَكُمۡۖ أَسِحۡرٌ هَٰذَا وَلَا يُفۡلِحُ ٱلسَّٰحِرُونَ ٧٧
Муса (Моисей) сказал: «Неужели, когда истина явилась к вам, вы говорите: «Колдовство ли это?». Воистину, колдуны не преуспеют».
Ошондо аларды тыйып: “Силерге келген акыйкатты сыйкырга чыгарасыңарбы?! – деди Муса пайгамбар – Жок! Ал эч кандай сыйкыр эмес. Чынында сыйкырчы эч качан ийгиликке жетпешин мен билемин.
10:78Страница 217
قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا لِتَلۡفِتَنَا عَمَّا وَجَدۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَا وَتَكُونَ لَكُمَا ٱلۡكِبۡرِيَآءُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا نَحۡنُ لَكُمَا بِمُؤۡمِنِينَ ٧٨
Они сказали: «Неужели ты пришел для того, чтобы сбить нас с пути, по которому шли наши отцы, и чтобы вам обоим досталось величие на земле? Мы не уверуем в вас».
Фараондун коому Муса пайгамбарга мындай деп жооп беришти: “Сен бир тууганың экөөң падышалыкка жетүү үчүн ата-бабаларыбыз карманып жүргөн динден буруу үчүн бул сыйкыр менен келдиңерби? Оо, Муса менен Харун! Силер бизге жиберилген элчи экениңерге биз ишенбейбиз”.
10:79Страница 218
وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ ٱئۡتُونِي بِكُلِّ سَٰحِرٍ عَلِيمٖ ٧٩
Фараон сказал: «Приведите ко мне всех знающих колдунов».
Фараон коомуна: “Сыйкырчылыкты жакшы өздөштүрүп билген сыйкырчыларды мага топтоп алып келгиле” – деп айтты.
10:80Страница 218
فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلۡقُواْ مَآ أَنتُم مُّلۡقُونَ ٨٠
Когда колдуны явились, Муса (Моисей) сказал им: «Бросайте то, что вы хотите бросить!».
Фараон сыйкырчылар менен келишкен кезде Муса аларга каршы жардам келээрине бекем ишенген абалда аларга: “Эй, сыйкырчылар! Эмнени таштаганы жатсаңар ошонуңарды таштагыла” - деп айтты.
10:81Страница 218
فَلَمَّآ أَلۡقَوۡاْ قَالَ مُوسَىٰ مَا جِئۡتُم بِهِ ٱلسِّحۡرُۖ إِنَّ ٱللَّهَ سَيُبۡطِلُهُۥٓ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُصۡلِحُ عَمَلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ ٨١
Когда они бросили, Муса (Моисей) сказал: «Вы явили колдовство. Воистину, Аллах сделает его тщетным. Аллах не исправляет деяний распространяющих нечестие.
Алар өздөрүнүн нерселерин таштаган кезде Муса аларга айтты: “Силердин көрсөткөнүңөр – бул сыйкырчылык. Чынында Аллах силер кылган нерсени эч нерсеге таасири тийбеген пайдасыз нерсеге айландырып коёт. Силер сыйкырыңар менен жер жүзүндө бузукулук кылып жатасыңар. Кимде-ким бузуку болгон болсо, Аллах анын ишин оңдобойт”.
10:82Страница 218
وَيُحِقُّ ٱللَّهُ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُجۡرِمُونَ ٨٢
Аллах утвердит истину Своими Словами, даже если это ненавистно грешникам».
Фараондун үй-бүлөсүнөн болгон кылмышкер каапырлар жаман көрүшсө да Аллах акыйкатты орнотот жана аны тагдырда жана шариятта жазылган сөздөрүндөгү далилдер менен кубаттайт.
10:83Страница 218
فَمَآ ءَامَنَ لِمُوسَىٰٓ إِلَّا ذُرِّيَّةٞ مِّن قَوۡمِهِۦ عَلَىٰ خَوۡفٖ مِّن فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِمۡ أَن يَفۡتِنَهُمۡۚ وَإِنَّ فِرۡعَوۡنَ لَعَالٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ ٨٣
Из-за страха перед тем, что Фараон и его знать будут преследовать их, Мусе (Моисею) поверили лишь немногие потомки из его народа. Воистину, Фараон был деспотичным тираном на земле. Воистину, он был одним из тех, кто излишествует.
Коому баш тартабыз деп чечти. Муса аларга ачык-айкын аяттарды жана далилдерди алып келгенине карабастан Исраил урпактарынын кээ бир жаштары гана ага ыйман келтиришти. Эгерде алардын бул иши билинип калса, анда Фараон менен эл башчылары аларды аёсуз азаптап ыймандан кайттырат деген коркунучка да карашпады. Чындыгында Фараон Мисирди жана анын элин күчкө салып башкарган анык текебер жана каапырлыкта, кырып өлтүрүүгө, Исраил урпактарын азаптоодо чектен ашкандардан.
10:84Страница 218
وَقَالَ مُوسَىٰ يَٰقَوۡمِ إِن كُنتُمۡ ءَامَنتُم بِٱللَّهِ فَعَلَيۡهِ تَوَكَّلُوٓاْ إِن كُنتُم مُّسۡلِمِينَ ٨٤
Муса (Моисей) сказал: «О мой народ! Если вы уверовали в Аллаха и стали мусульманами, то уповайте на Него».
Муса элине айтты: “Оо, элим! Эгерде силер чын ишеним менен Аллахка ыйман келтирсеңер жана мусулман болсоңор, анда жалгыз Аллахка таянгыла. Аллахка тобокел кылгыла, силерден жамандыкты тосот жана силерге жакшылыкты алып келет.”
10:85Страница 218
فَقَالُواْ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡنَا رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَةٗ لِّلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ٨٥
Они сказали: «Мы уповаем на одного Аллаха. Господь наш, не делай нас искушением для людей несправедливых!
Алар Мусага жооп берип айтышты: “Жалгыз Аллахка гана тобокел кылдык. Оо, Раббибиз заалымдарды биздин үстүбүздөн башчы кылба! Алар бизди азап, өлүм жана кызыктыруу менен динибизге бүлгүн салат
10:86Страница 218
وَنَجِّنَا بِرَحۡمَتِكَ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ ٨٦
По Своей милости спаси нас от людей неверующих».
Оо, Раббибиз! Бизди Өз ырайымың менен каапыр Фараондун коомунун кол астынан чыгара көр! Алар бизди кул кылышты жана бизди өлтүрүп жана азаптап кыйнашты.
10:87Страница 218
وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰ وَأَخِيهِ أَن تَبَوَّءَا لِقَوۡمِكُمَا بِمِصۡرَ بُيُوتٗا وَٱجۡعَلُواْ بُيُوتَكُمۡ قِبۡلَةٗ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٨٧
Мы ниспослали откровение Мусе (Моисею) и его брату: «Обеспечьте свой народ жилищами в Египте, превратите свои жилища в места для поклонения и совершайте намаз. Обрадуй же верующих!».
Биз Муса менен Харунга: “Жалгыз Аллахка ибадат кылуу үчүн элиңерге үйлөрдү тандап бергиле жана үйлөрүңөрдү Акса мечитине карай кыбыла кылгыла, ошондой эле намазды толук окугула” – деп аян түшүрдүк. “Эй, Муса! Ыймандууларга Аллахтын жардамын, колдоосун жана душмандарын кыйратып жок кылып, жер бетинде аларды калтырабыз деген кубанычтуу кабарын айт” – деп айттык.
10:88Страница 218
وَقَالَ مُوسَىٰ رَبَّنَآ إِنَّكَ ءَاتَيۡتَ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَأَهُۥ زِينَةٗ وَأَمۡوَٰلٗا فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا رَبَّنَا لِيُضِلُّواْ عَن سَبِيلِكَۖ رَبَّنَا ٱطۡمِسۡ عَلَىٰٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ وَٱشۡدُدۡ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَلَا يُؤۡمِنُواْ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ ٨٨
Муса (Моисей) сказал: «Господь наш! Ты даровал Фараону и его знати в мирской жизни украшения и богатства. Господь наш! Они сбили других с Твоего пути. Господь наш! Уничтожь их богатство и ожесточи их сердца, чтобы они не могли уверовать, пока не увидят мучительные страдания».
Муса пайгамбар мындай деп айтты: “Оо, Раббибиз! Сен Фараонго жана анын коомундагы кадырлуу адамдарга кооздук үчүн дүйнө зыйнаттарын бердиң. Ошондой эле дүйнө жашоосунда мал-мүлктөрдү бердиң. Алар Сен берген нерселерге шүгүр кылышпады. Тескерисинче ал нерселерди Сенин жолуңдан адаштырганга колдонушту. Оо, Раббибиз! Алардын мал-мүлктөрүн кыйратып жок кыл, жүрөктөрүн мерез кыл! Алар жан оорутуучу азапты көрмөйүнчө ыйман келтиришпейт. Ошол кезде алардын ыйман келтиргени эч пайда бербейт”.
10:89Страница 219
قَالَ قَدۡ أُجِيبَت دَّعۡوَتُكُمَا فَٱسۡتَقِيمَا وَلَا تَتَّبِعَآنِّ سَبِيلَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ ٨٩
Он сказал: «Ваша молитва принята. Ступайте прямым путем и не следуйте за теми, кто не обладает знанием».
Аллах мындай деп айтты: “Эй, Муса жана Харун! Фараон жана анын коомундагы кадырлуу адамдарга каршы кылган дубаңарды кабыл кылдым. Эми экөөңөр диниңерге бекем болгула жана акыйкат жолду билбеген наадандардын жолун ээрчип динден чыгып кетпегиле”.
10:90Страница 219
۞ وَجَٰوَزۡنَا بِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡبَحۡرَ فَأَتۡبَعَهُمۡ فِرۡعَوۡنُ وَجُنُودُهُۥ بَغۡيٗا وَعَدۡوًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَدۡرَكَهُ ٱلۡغَرَقُ قَالَ ءَامَنتُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱلَّذِيٓ ءَامَنَتۡ بِهِۦ بَنُوٓاْ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَأَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ ٩٠
Мы переправили сынов Исраила (Израиля) через море, а Фараон и его войско последовали за ними, бесчинствуя и поступая враждебно. Когда же Фараон стал тонуть, он сказал: «Я уверовал в то, что нет Бога, кроме Того, в Кого уверовали сыны Исраила (Израиля). Я стал одним из мусульман».
Биз Исраилдин урпактарына экиге бөлүнгөн деңизден аман-эсен өтүүсүн жеңил кылдык. Фараон жана анын аскерлери зулумдук жана душмандык менен аларды кууп келишти, эки бөлүнгөн деңиз биригип, чөгүшкө жакын калып, кутулуудан үмүт үзгөн Фараон мындай деп айтты: ”Исраилдин урпактары ишенген Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок деп ыйман келтирдим. Менда Аллахка баш ийип моюн сунуучуларданмын”.
10:91Страница 219
ءَآلۡـَٰٔنَ وَقَدۡ عَصَيۡتَ قَبۡلُ وَكُنتَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ ٩١
Аллах сказал: «Только сейчас! А ведь раньше ты ослушался и был одним из распространяющих нечестие.
Жашоодон үмүт үзгөндөн кийин эми ыйман келтиресиңби? Эй, Фараон! Азап түшөрдөн мурун Аллахка каапырлык кылып. Анын жолунан тосуу менен күнөө кылдың. Өзүңдү жана башкаларды адаштыруу себептен сен бузукулардан болдуң.
10:92Страница 219
فَٱلۡيَوۡمَ نُنَجِّيكَ بِبَدَنِكَ لِتَكُونَ لِمَنۡ خَلۡفَكَ ءَايَةٗۚ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ عَنۡ ءَايَٰتِنَا لَغَٰفِلُونَ ٩٢
Сегодня Мы спасем твое тело, чтобы ты стал знамением для тех, кто будет после тебя». Воистину, многие люди пренебрегают Нашими знамениями.
Эй, Фараон! Сенден кийин келген адамдар сабак алыш үчүн денеңди бүгүн деңизден чыгарып жер бетинин бийик жерине коёбуз. Чындыгында көпчүлүк адамдар биздин далилдерден жана күч-кудуретибизди билдирген белгилерден бейкапар. Ал туурасында алар ой жүгүртүшпөйт.
10:93Страница 219
وَلَقَدۡ بَوَّأۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مُبَوَّأَ صِدۡقٖ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ فَمَا ٱخۡتَلَفُواْ حَتَّىٰ جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ ٩٣
Мы поселили сынов Исраила (Израиля) в славной стране и одарили их благами. Между ними не было разногласий, пока к ним не явилось знание. Воистину, в День воскресения твой Господь рассудит между ними в том, в чем они расходились во мнениях.
Чындыгында Биз Исраилдин урпактарын берекелүү Шам өлкөсүнүн алар ыраазы болгон ардактуу жайга жайгаштырдык. Аларга адал таза ырыскы бердик. Алар Тооратта окушкан Мухаммад пайгамбардын сыпаттарын Куран тастыктап келгенге чейин дин иштеринде талашып тартышкан жок. Качан алар сенин пайгамбарчылыгыңды четке кагышканда өз мекендерин тарттырып жиберишти. Эй, пайгамбар! Кыямат күнү сенин Раббиң алардын талашып тартышкан нерселеринде Өзү өкүм чыгарат. Аллах алардын чынчыл жана жалганчыларынын ар бирине өзүнө ылайыктуу жазасын же сыйлыгын берет.
10:94Страница 219
فَإِن كُنتَ فِي شَكّٖ مِّمَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ فَسۡـَٔلِ ٱلَّذِينَ يَقۡرَءُونَ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكَۚ لَقَدۡ جَآءَكَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ ٩٤
Если ты сомневаешься в том, что Мы ниспослали тебе, то спроси тех, кто начал читать Писание раньше тебя. Воистину, к тебе явилась истина от твоего Господа. Не будь же в числе тех, кто сомневается.
Оо, пайгамбар! Биз сага түшүргөн Курандын акыйкат экендигине шектенип күмөн санагандардан болсоң, анда ыйман келтирген жөөттөрдөн жана христиандардан сура. Алар Тооратты жана Инжилди окушат. Алар сага түшкөн нерсе акыйкат экенин айтышат. Анткени анын сыпатын алар өз китептеринде табышат. Чындыгында Сага Раббиңден келген акыйкатта эч күмөн жок. Ошондуктан шектенгендерден болбо.
10:95Страница 219
وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَتَكُونَ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ ٩٥
Не будь в числе тех, которые считают ложью знамения Аллаха, а не то окажешься одним из потерпевших убыток.
Жана Аллахтын далилдерин жалганга чыгаргандардан болбо. Эгер ошондой кылсаң, анда каапырлык кылышкандары себептүү өздөрүн кыйроого учураткандардан болуп каласың. Бул эскертүүлөрдүн баарысы жалган менен шектин коркунучун баяндаш үчүн келген. Бирок пайгамбар тараптан бул күнөөлөрдүн бири да кылынышы мүмкүн эмес.
10:96Страница 219
إِنَّ ٱلَّذِينَ حَقَّتۡ عَلَيۡهِمۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ ٩٦
Воистину, те, о которых подтвердилось Слово Аллаха, не уверуют,
Чындыгында, каапырлыкты көк беттик менен карманып каапыр болуп өлүшөт деп Аллахтын тагдырында жазылган адамдар эч качан ыйман келтиришпейт.
10:97Страница 219
وَلَوۡ جَآءَتۡهُمۡ كُلُّ ءَايَةٍ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ ٩٧
пока их не постигнут мучительные страдания, даже если им явятся любые знамения.
Эгер аларга жан оорутуучу азап келгенге чейин бардык шарият жана табият аят белгилери далил кылып келтирилсе да ыйман келтиришпейт. Бирок азап көздөрүнө көрүнүп калган учурда келтирген ыймандары эч пайда бербейт.
10:98Страница 220
فَلَوۡلَا كَانَتۡ قَرۡيَةٌ ءَامَنَتۡ فَنَفَعَهَآ إِيمَٰنُهَآ إِلَّا قَوۡمَ يُونُسَ لَمَّآ ءَامَنُواْ كَشَفۡنَا عَنۡهُمۡ عَذَابَ ٱلۡخِزۡيِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ ٩٨
Разве были селения, жители которых уверовали после того, как они узрели наказание, и им помогла вера, кроме народа Йунуса (Ионы)? Когда они уверовали, Мы избавили их от позорных мучений в мирской жизни и дозволили им пользоваться мирскими благами до определенного времени.
Биз пайгамбарларыбызды жиберген шаардын жашоочулары азап көздөрүнө көрүнгөнгө чейин өздөрү каалап ыйманга киришкен жок. Алар азап көздөрүнө көрүнөөрдөн мурун ыйман келтиришкенде өздөрүнө гана пайда бермек. Бирок Юнустун коому чыныгы ыйман келтиришкен учурда аларды дүйнө жашоосундагы кордук азабынан куткардык. Аларга ажалдары келгиче жашоо жыргалчылыктарын бердик.
10:99Страница 220
وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ لَأٓمَنَ مَن فِي ٱلۡأَرۡضِ كُلُّهُمۡ جَمِيعًاۚ أَفَأَنتَ تُكۡرِهُ ٱلنَّاسَ حَتَّىٰ يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ ٩٩
Если бы твой Господь пожелал, то уверовали бы все, кто на земле. Разве ты стал бы принуждать людей обратиться в верующих?
Оо, пайгамбар! Эгер сенин Раббиң жер бетиндеги бардык адамдардын ыйманга келүүсүн каалаганда анда алар ыйман келтиришмек. Бирок Аллах даанышмандык үчүн андай болушун каалабады. Ал каалаган адамын Өзүнүн адилеттүүлүгү менен адаштырат, ошондой эле каалаган адамын Өз жакшылыгы менен туура жолго салат. Чындыгында сен адамдарды мажбурлап ыйманга киргизе албайсың. Алардын ыйман келтирүүсү бир гана Аллахтын колунда.
10:100Страница 220
وَمَا كَانَ لِنَفۡسٍ أَن تُؤۡمِنَ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَيَجۡعَلُ ٱلرِّجۡسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يَعۡقِلُونَ ١٠٠
Ни один человек не уверует без дозволения Аллаха. Он обрушивает ярость на тех, кто не разумеет.
Аллахтын уруксатысыз эч бир жан өз ыктыяры менен ыйман келтире албайт. Анын каалоосуз ыйман килтирүү мүмкүн эмес. Сен каапырларды ойлонуп түйшүк тартпа. Анын буйрук-тыюуларын жана далилдерин билбеген адамдарды Аллах кор кылып азаптайт.
Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии