Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском
الكهف
Аль-Кахф
Пещера · Мекканская · 110 аятов
18:1Страница 293
ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ عَلَىٰ عَبۡدِهِ ٱلۡكِتَٰبَ وَلَمۡ يَجۡعَل لَّهُۥ عِوَجَاۜ ١
Хвала Аллаху, Который ниспослал Своему рабу Писание и не допустил в нем неправды,
Кемчиликсиз жана улуу сыпаттар менен ачык жана жашыруун жакшылыктар үчүн жалгыз Аллахка гана мактоо болсун. Ал Аллахтын кулу жана элчиси болгон Мухаммадга Куранды түшүрдү. Ал бул Куранды акыйкаттан чыгып же андан ооп кетүүчү кылган жок.
18:2Страница 293
قَيِّمٗا لِّيُنذِرَ بَأۡسٗا شَدِيدٗا مِّن لَّدُنۡهُ وَيُبَشِّرَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ أَجۡرًا حَسَنٗا ٢
и сделал его правильным, чтобы предостеречь неверующих от тяжких мучений от Него и сообщить верующим, совершающим праведные деяния, благую весть о том, что им уготована прекрасная награда,
Тескерисинче, Аллах каапырларды Өзүнүн алдындагы, аларды күтүп турган катуу азаптан коркутуу үчүн жана жакшы иш-аракеттерди аткарган ыймандууларга теңдеши жок жакшы сооп-сыйлыктар менен кубандыра турган кабарды берүү үчүн Аллах Куранды туура, кемчиликсиз, карама-каршылыгы жок кылды.
Ал сооп-сыйлыктар аларга түбөлүк берилет жана ал сыйлыктар алардан эч качан токтоп калбайт.
18:4Страница 293
وَيُنذِرَ ٱلَّذِينَ قَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗا ٤
и чтобы предостеречь тех, которые говорят: «Аллах взял Себе сына».
«Аллахтын баласы бар» деп айткан жөөттөрдү, христиандарды жана кээ бир мушриктерди коркутуу үчүн.
18:5Страница 294
مَّا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٖ وَلَا لِأٓبَآئِهِمۡۚ كَبُرَتۡ كَلِمَةٗ تَخۡرُجُ مِنۡ أَفۡوَٰهِهِمۡۚ إِن يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبٗا ٥
Знания об этом нет ни у них, ни у их отцов. Тяжки слова, выходящие из их ртов, и говорят они одну только ложь.
Ал жалганчы каапырлардын Аллахтын баласы бар деп айткан сөздөрү тууралуу илими же болбосо далилдери да жок. Ушул ишенимдерди калтырып кеткен ата-бабаларынын да илими болгон эмес. Алардын ооздорунан чыккан бул сөз – акылга сыйбаган, чоң коркунучу бар жаманатты сөз. Алар далилсиз негизи жок жалган сөздөрдү гана айтышат.
18:6Страница 294
فَلَعَلَّكَ بَٰخِعٞ نَّفۡسَكَ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ إِن لَّمۡ يُؤۡمِنُواْ بِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَسَفًا ٦
Ты можешь погубить себя от скорби по их следам (скорбя о том, что они отворачиваются от истины), если они не уверуют в это повествование?
Балким сен оо, пайгамбар! Алар бул Куранга ыйман келтиришпесе, өзүңдү түйшүккө салып, кайгырып өзүңө зыян жеткирип аларсын. Сен андай кылба. Сен аларды акыйкат жолуна сала албайсың. Бирок сенин аларга жеткирүүң сага милдет.
18:7Страница 294
إِنَّا جَعَلۡنَا مَا عَلَى ٱلۡأَرۡضِ زِينَةٗ لَّهَا لِنَبۡلُوَهُمۡ أَيُّهُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗا ٧
Воистину, все, что есть на земле, Мы сделали украшением для нее, чтобы испытать людей ивыявить, чьи деяния окажутся лучше.
Чындыгында Биз алардын кимиси Аллах ыраазы боло турган жакшы амал кыларын жана алардын кимиси жаман амал кыларын сыноо үчүн жана алардын ар бирин татыктуу азап менен азаптоо үчүн жер бетиндеги жаралган нерселер менен жерди кооздодук.
18:8Страница 294
وَإِنَّا لَجَٰعِلُونَ مَا عَلَيۡهَا صَعِيدٗا جُرُزًا ٨
Воистину, все, что есть на земле, Мы превратим в безжизненный песок.
Албетте Биз жер бетиндеги жаралган нерселерди өсүмдүгү жок топуракка айлантабыз. Бул нерселер анда жашап жаткан жандуулардын жанын алганыбыздан кийин болот. Ошондуктан ал нерседен үлгү алгыла.
18:9Страница 294
أَمۡ حَسِبۡتَ أَنَّ أَصۡحَٰبَ ٱلۡكَهۡفِ وَٱلرَّقِيمِ كَانُواْ مِنۡ ءَايَٰتِنَا عَجَبًا ٩
Или же ты решил, что люди пещеры и Ракима (название селения, из которого вышли юноши, или плита, на которой были начертаны их имена) были самым удивительным среди Наших знамений?
Оо, пайгамбар! Албетте сен үңкүр ээлеринин окуясын жана алардын аттары жазылган тактайды Биздин эң таң калыштуу аят-белгилерибизден деп ойлобогун. Тескерисинче, андан башка асмандар менен жердин жаратылышына окшогон абдан таң калыштуу аят-белгилерибиз бар.
18:10Страница 294
إِذۡ أَوَى ٱلۡفِتۡيَةُ إِلَى ٱلۡكَهۡفِ فَقَالُواْ رَبَّنَآ ءَاتِنَا مِن لَّدُنكَ رَحۡمَةٗ وَهَيِّئۡ لَنَا مِنۡ أَمۡرِنَا رَشَدٗا ١٠
Вот юноши укрылись в пещере и сказали: «Господь наш! Даруй нам от Себя милость и устрой наше дело наилучшим образом».
Оо, пайгамбар! Ыймандуу жигиттер динин сактап калуу үчүн качып үңкүргө баш калкалаган кезде өз Раббилерине: «Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, душмандарыбыздан сактап, Өз ырайымыңа ала көр. Бизге каапырлардан көчүп кетүүнү насип эт. Ыйманыбызды акыйкат жолуна баштоочу жана ошол жолдо бекем туруучулардан кыл» – деп айткан дубаларын эстегин.
18:11Страница 294
فَضَرَبۡنَا عَلَىٰٓ ءَاذَانِهِمۡ فِي ٱلۡكَهۡفِ سِنِينَ عَدَدٗا ١١
Мы запечатали их уши (погрузили их в глубокий сон) в пещере на много лет.
Алар качып барып үңкүргө баш калкалагандан кийин Биз алардын кулактарын үндөрдөн тосуу үчүн парда кылдык. Жана аларды бир нече жылдар бою уктаттык.
18:12Страница 294
ثُمَّ بَعَثۡنَٰهُمۡ لِنَعۡلَمَ أَيُّ ٱلۡحِزۡبَيۡنِ أَحۡصَىٰ لِمَا لَبِثُوٓاْ أَمَدٗا ١٢
Потом Мы разбудили их, чтобы узнать, какая из двух партий точнее подсчитает, какой срок они пробыли там.
Биз үңкүрдө канча убакыт тургандыгын талашкан эки топко алардын кимиси ал убакытты жакшы билерин билиш үчүн аларды узак уйкуларынан ойготтук.
18:13Страница 294
نَّحۡنُ نَقُصُّ عَلَيۡكَ نَبَأَهُم بِٱلۡحَقِّۚ إِنَّهُمۡ فِتۡيَةٌ ءَامَنُواْ بِرَبِّهِمۡ وَزِدۡنَٰهُمۡ هُدٗى ١٣
Мы расскажем тебе их историю правдиво. Это были юноши, которые уверовали в своего Господа, и Мы увеличили их приверженность прямому пути.
Оо, пайгамбар! Биз сага алардын кабарын шексиз чындык менен айтып бердик. Чындыгында алар Раббисине ыйман келтиришкен жана Ага сыйынуу менен алек болушкан жигиттер эле. Биз аларга акыйкат жолундагы бекемдикти жана ийгиликти көбөйттүк.
18:14Страница 294
وَرَبَطۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ إِذۡ قَامُواْ فَقَالُواْ رَبُّنَا رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ لَن نَّدۡعُوَاْ مِن دُونِهِۦٓ إِلَٰهٗاۖ لَّقَدۡ قُلۡنَآ إِذٗا شَطَطًا ١٤
Мы укрепили их сердца (укрепили их веру и решимость), когда они встали и сказали: «Господь наш - Господь небес и земли! Мы не станем взывать к другим божествам помимо Него. В таком случае мы произнесли бы чрезмерное.
Биз аларды жүрөктөрүн ыйман менен жана анда бекем туруучу кылып кубаттадык. Жана турак жайларын таштап кетүү үчүн сабыр бердик. Алар каапыр падышанын алдында жалгыз Аллахка ыйман келитиришкендигин жарыялаган кезде ага мындай деп айтышты: «Биз ыйман келтирип сыйынган Раббибиз – Ал асмандардын жана жердин Раббиси. Биз Андан башка ойлоп табылган жалган кудайларга эч качан сыйынбайбыз. Чындыгында биздин Андан башкага сыйынабыз деп айткан сөз – ал акыйкаттан алыс чектен чыккан сөз».
18:15Страница 294
هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمُنَا ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗۖ لَّوۡلَا يَأۡتُونَ عَلَيۡهِم بِسُلۡطَٰنِۭ بَيِّنٖۖ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا ١٥
Этот наш народ стал поклоняться вместо Него другим божествам. Почему же они не приводят в пользу этого ясного довода? Кто может быть несправедливее того, кто возводит навет на Аллаха?
Андан кийин алар бири-бирине карап мындай дешти: “Элибиздеги тигил адамдар Аллахтан башка сыйынылган нерселерди кудай тутуп алышты. Алар кылган ибадаттарында эч кандай ачык далилди билишпейт. Аллахка шерик кошуп Ага жалган сөздөрдү айткан адамдардан өткөн заалым жок”.
18:16Страница 295
وَإِذِ ٱعۡتَزَلۡتُمُوهُمۡ وَمَا يَعۡبُدُونَ إِلَّا ٱللَّهَ فَأۡوُۥٓاْ إِلَى ٱلۡكَهۡفِ يَنشُرۡ لَكُمۡ رَبُّكُم مِّن رَّحۡمَتِهِۦ وَيُهَيِّئۡ لَكُم مِّنۡ أَمۡرِكُم مِّرۡفَقٗا ١٦
Если вы удалились от них и от того, чему они поклоняются помимо Аллаха, то укройтесь в пещере, и ваш Господь распространит на вас Свою милость и сделает ваше дело легким».
Алар Аллахтан башкага сыйынып жатышкан кудайларын таштап коомуңардан бөлүнүп четке чыкканыңарда диниңерди сактап калуу үчүн үңкүргө кире качкыла. Ошондо Аллах силерди ырайымына алат жана душманыңардан коргойт. Ошондой эле коомуңардагы жашоону алмаштырган азыркы ишиңерди жеңил кылат.
18:17Страница 295
۞ وَتَرَى ٱلشَّمۡسَ إِذَا طَلَعَت تَّزَٰوَرُ عَن كَهۡفِهِمۡ ذَاتَ ٱلۡيَمِينِ وَإِذَا غَرَبَت تَّقۡرِضُهُمۡ ذَاتَ ٱلشِّمَالِ وَهُمۡ فِي فَجۡوَةٖ مِّنۡهُۚ ذَٰلِكَ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِۗ مَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلۡمُهۡتَدِۖ وَمَن يُضۡلِلۡ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ وَلِيّٗا مُّرۡشِدٗا ١٧
Ты увидел бы, что солнце на восходе уклонялось от их пещеры вправо, а на закате отворачивалось от них влево. Они же находились в середине пещеры. Это были некоторые из знамений Аллаха. Тот, кого Аллах ведет прямым путем, следует прямым путем. Тому же, кого Он вводит в заблуждение, ты не найдешь ни покровителя, ни наставника.
Алар буйрулгандай аткарышты. Ошондо Аллах аларды узак уйкуга уктатты. Аларды душмандарынан сактады. Эгерде аларды көргөн болсоң, Күн чыгыштан чыгып үңкүрдүн оң жагына тийип өтөт. Ал эми батып жатканда үңкүрдүн сол жагына тийип батат. Алар дайыма көлөкөдө болуп күндүн ысыгы аларга зыян бербейт. Алар кең үңкүрдө муктаж болгон аба менен дем алып турушат. Алардын узак уйкуга кеткендиги, аларга күн тийбей өтүшү, жаткан жерлеринин кеңдиги жана душмандарынан кутулгандагы жакшылыктар – алар үңкүргө киришкенде болду. Мына бул Аллахтын таң каларлык кудуретинен. Аллах кимди туура жолго багыттаса, анда чыныгы туура жолду тапты. Эгерде кимди адаштырып туура жолдон алыс кылса, анда аны туура жолго салган эч бир жардамчыны таба албайсың. Анткени туура жолго түшүү адамдын колунда эмес, Аллахтын колунда.
18:18Страница 295
وَتَحۡسَبُهُمۡ أَيۡقَاظٗا وَهُمۡ رُقُودٞۚ وَنُقَلِّبُهُمۡ ذَاتَ ٱلۡيَمِينِ وَذَاتَ ٱلشِّمَالِۖ وَكَلۡبُهُم بَٰسِطٞ ذِرَاعَيۡهِ بِٱلۡوَصِيدِۚ لَوِ ٱطَّلَعۡتَ عَلَيۡهِمۡ لَوَلَّيۡتَ مِنۡهُمۡ فِرَارٗا وَلَمُلِئۡتَ مِنۡهُمۡ رُعۡبٗا ١٨
Ты решил бы, что они бодрствуют, хотя они спали. Мы переворачивали их то на правый бок, то на левый. Их собака лежала перед входом, вытянув лапы. Взглянув на них, ты бросился бы бежать прочь и пришел бы в ужас.
Эгерде аларды көрсөң алардын көздөрү ачык бойдон турганын көрүп ойгоо деп ойлойсуң. Бирок алар уйкуда. Жер алардын денелерин чиритип жибербеш үчүн аларды уйкуларында кээде оң жакка, кээде сол жакка оодарып турдук. Алар менен бирге жүргөн ити да алдыңкы буттарын сунуп үңкүрдүн оозунда уйкуда болду. Эгерде аларды көрүп калсаң, анда алардан чоочуп артка карай качмаксың. Алардан коркуп кетмексиң.
18:19Страница 295
وَكَذَٰلِكَ بَعَثۡنَٰهُمۡ لِيَتَسَآءَلُواْ بَيۡنَهُمۡۚ قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ كَمۡ لَبِثۡتُمۡۖ قَالُواْ لَبِثۡنَا يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖۚ قَالُواْ رَبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا لَبِثۡتُمۡ فَٱبۡعَثُوٓاْ أَحَدَكُم بِوَرِقِكُمۡ هَٰذِهِۦٓ إِلَى ٱلۡمَدِينَةِ فَلۡيَنظُرۡ أَيُّهَآ أَزۡكَىٰ طَعَامٗا فَلۡيَأۡتِكُم بِرِزۡقٖ مِّنۡهُ وَلۡيَتَلَطَّفۡ وَلَا يُشۡعِرَنَّ بِكُمۡ أَحَدًا ١٩
Так Мы пробудили их для того, чтобы они расспросили друг друга. Один из них сказал: «Сколько вы пробыли здесь?». Они сказали: «Мы пробыли день или часть дня». Они сказали: «Вашему Господу лучше известно о том, сколько вы пробыли. Пошлите одного из вас в город с вашими серебряными монетами. Пусть он посмотрит, какая еда получше, и принесет вам ее поесть. Но пусть он будет осторожен, чтобы никто не догадался о вас.
Жогоруда айтылгандай, таң калыштуу кудуретибиз менен аларды узак убакыттан кийин уйкудан ойготтук. Алар канча убакыт уктап жатканын бири-биринен сурап, бирөөлөрү: “Силер канча убакыт уктаганыңарды Раббиңер Өзү гана билет. Анын билимин Анын Өзүнө калтыргыла. Андан көрө өзүңөргө тийиштүү ишти кылгыла” – деди. Ошентип алар бирөөсүнө күмүш тыйын берип: “Барып жакшы тамак саткан жана таза соода кылганын карагын. Ошондой эле сатып алганыңда жана мамиле кылганыңда аларга сылык бол. Биздин турган жерди эч ким билбесин, болбосо бизге зыяны тиет” – деп, ошол жерге жакын шаарга жөнөтүштү.
18:20Страница 295
إِنَّهُمۡ إِن يَظۡهَرُواْ عَلَيۡكُمۡ يَرۡجُمُوكُمۡ أَوۡ يُعِيدُوكُمۡ فِي مِلَّتِهِمۡ وَلَن تُفۡلِحُوٓاْ إِذًا أَبَدٗا ٢٠
Если они узнают о вас, то побьют вас камнями или обратят вас в свою религию, и тогда вы никогда не преуспеете.
Эгерде элиңер силердин турган жериңерди билип калышса, анда силерди таш баранга алып өлтүрүшөт же алар силерге Аллах силерге туура жолду бергенге чейин жүргөн туура эмес диндерине кайтарышат. Эгерде ал динге кайтып кетсеңер, анда бул дүйнөдө жана акыретте эч качан ийгиликке жетпейсиңер. Анда акыйкат жолун таштаганыңар үчүн жана туура эмес диниңерге кайтып кеткендигиңер себептүү эки дүйнөдө чоң зыянга учурайсыңар.
18:21Страница 296
وَكَذَٰلِكَ أَعۡثَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ لِيَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ لَا رَيۡبَ فِيهَآ إِذۡ يَتَنَٰزَعُونَ بَيۡنَهُمۡ أَمۡرَهُمۡۖ فَقَالُواْ ٱبۡنُواْ عَلَيۡهِم بُنۡيَٰنٗاۖ رَّبُّهُمۡ أَعۡلَمُ بِهِمۡۚ قَالَ ٱلَّذِينَ غَلَبُواْ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِمۡ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيۡهِم مَّسۡجِدٗا ٢١
Так Мы дали знать о них людям для того, чтобы они узнали, что обещание Аллаха есть истина и что в Часе невозможно усомниться. Но вот они стали спорить о них и сказали: «Воздвигните над ними строение. Их Господу лучше знать о них». А те, которые отстояли свое мнение, сказали: «Мы непременно воздвигнем над ними мечеть».
Биз аларды таң каларлык кудуретибиз менен узак убакытка уктатып жана уйкудан тургуздук. Ошондой эле шаардын эли Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүсү акыйкат экендигине жана кыямат күнү анык экиндигине ишенүүлөрү үчүн аларды шаар элине билдирдик. Үңкүр ээлери шаар элине билинип алар жашап өтүшкөндөн кийин аларды кантип жерге беребиз дешип талашып кетишти. Алардын бир тобу: “Ошол үңкүргө аларды сактап турган бир ак сарай куралы. Алардын абалын Раббиси жакшы билет. Алардын мындай абалы Аллахтын алдында өзгөчө абал экендиги болуп турат” – деп айтышты. Сөздөрү өтүмдүү бирок илимдери жок жана туура нерсеге чакыра билбеген кишилер: “Алардын бул жерине аларды урматтоо үчүн жана алардын жерин эстеп туруу үчүн ибадат кылууга мечит курабыз” – деп чыгышты.
18:22Страница 296
سَيَقُولُونَ ثَلَٰثَةٞ رَّابِعُهُمۡ كَلۡبُهُمۡ وَيَقُولُونَ خَمۡسَةٞ سَادِسُهُمۡ كَلۡبُهُمۡ رَجۡمَۢا بِٱلۡغَيۡبِۖ وَيَقُولُونَ سَبۡعَةٞ وَثَامِنُهُمۡ كَلۡبُهُمۡۚ قُل رَّبِّيٓ أَعۡلَمُ بِعِدَّتِهِم مَّا يَعۡلَمُهُمۡ إِلَّا قَلِيلٞۗ فَلَا تُمَارِ فِيهِمۡ إِلَّا مِرَآءٗ ظَٰهِرٗا وَلَا تَسۡتَفۡتِ فِيهِم مِّنۡهُمۡ أَحَدٗا ٢٢
Одни говорят, что их было трое, а четвертой была собака. Другие говорят, что их было пятеро, а шестой была собака. Так они пытаются угадать сокровенное. А другие говорят, что их было семеро, а восьмой была собака. Скажи: «Моему Господу лучше знать об их числе. Это неизвестно никому, кроме немногих». Препирайся относительно них только открыто и никого из них не спрашивай о них.
Алардын окуяларына баш оту менен кирип кеткендер: “Алар канчоо болушкан? – деп айтышат – алар үчөө ити менен төртөө болушкан” – деген санды айтышат. Ал эми кээ бирлери: “Алар бешөө, ити менен алтоо болушкан” – деп айтышат. Бул эки сөздү айткан адамдар эч кандай далили жок эле ойлоруна келгенин айтышты. Ал эми кээ бирлер: “Алар жетөө болушкан, ит сегизинчиси” – дешет. Эй, пайгамбар! “Раббим алардын канчоо болушканын жакшы билет жана Аллах билгизген аз гана адамдар да билишет” – деп айткын. Андыктан алар менен үңкүрдөгү адамдардын санын жана китеп ээлеринин башка маселелеринде өтө кирип талашпагын. Талашсаң да сага аян кабар болгон нерседе үстүртөн талашсаң болот. Китеп ээлеринен бир нерсе туурасында сурасаң майда-чүйдөсүнө чейин сураба. Анткени алар майда-чүйдөсүнө чейин билишпейт.
18:23Страница 296
وَلَا تَقُولَنَّ لِشَاْيۡءٍ إِنِّي فَاعِلٞ ذَٰلِكَ غَدًا ٢٣
И никогда не говори: «Я сделаю это завтра».
Оо, пайгамбар! Эртеңки күнү эмнени кыла турган болсоң, анда “Мен муну эртең кыламын” – деп айтпагын. Анткени аны эртеси кыласыңбы же андан бир нерсе жолтоо болуп кыла албай каласыңбы, сен аны билбейсиң. Бул ар бир мусулманга да тийиштүү буйрук.
18:24Страница 296
إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ وَٱذۡكُر رَّبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَهۡدِيَنِ رَبِّي لِأَقۡرَبَ مِنۡ هَٰذَا رَشَدٗا ٢٤
Если только этого не пожелает Аллах! Если же ты забыл, то помяни своего Господа и скажи: «Быть может, Господь мой поведет меня более правильным путем».
Эгерде антип айтсаң, анда Аллахтын каалоосуна гана байлап мындай деп айткын: “Мен муну эртең Аллах кааласа кыламын”. Ошондой эле эгерде “Аллах кааласа” деген сөздү унутуп калсаң, анда мындай деп Раббиңди эстегин: “Раббим мени бул иштен да туура жолго багыттоосуна үмүт кыламын”.
18:25Страница 296
وَلَبِثُواْ فِي كَهۡفِهِمۡ ثَلَٰثَ مِاْئَةٖ سِنِينَ وَٱزۡدَادُواْ تِسۡعٗا ٢٥
Они провели в пещере триста лет и еще девять.
Үңкүр ээлери үңкүрдө үч жүз тогуз жыл болушту.
18:26Страница 296
قُلِ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا لَبِثُواْۖ لَهُۥ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ أَبۡصِرۡ بِهِۦ وَأَسۡمِعۡۚ مَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا يُشۡرِكُ فِي حُكۡمِهِۦٓ أَحَدٗا ٢٦
Скажи: «Аллаху лучше знать, сколько они пробыли. У Него - сокровенное небес и земли. Как прекрасно Он видит и слышит! Нет у них покровителя помимо Него, и никто не принимает решений вместе с Ним».
Оо, пайгамбар! Алар үңкүрдө канча убакыт болгонун Аллах гана билет деп айткын. Биз алардын канча убакыт тургандыгы боюнча кабарын бердик. Аллах таала бул туурасында айткандан кийин эч ким өз оюн айта албайт. Асмандардагы жана жердеги кайып илимдин жана жаратылган нерселердин баары Аллахка таандык. Ал канчалык көп нерсени көрүп турарын айт! Ал бардык нерсени көрүп турат. Ал канчалык көп нерсени угуп турарын айт! Ал бардык нерсени угуп турат. Алардын иштерин колуна алган Аллахтан башка коргоочу жок. Ал Өзүнүн өкүмүндө эч кимди шериктеш кылбайт. Өкүм кылуу Анын Өзүнө гана таандык.
18:27Страница 296
وَٱتۡلُ مَآ أُوحِيَ إِلَيۡكَ مِن كِتَابِ رَبِّكَۖ لَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِهِۦ وَلَن تَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلۡتَحَدٗا ٢٧
Читай Писание твоего Господа, ниспосланное тебе в откровении. Нет замены Его Словам, и тебе не найти помимо Него прибежища.
Оо, пайгамбар! Аллах сага Курандан аян кабарын берген аяттарды окугун жана аларды иш жүзүндө аткаргын. Анын сөздөрүндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Анткени анын баары акыйкат жана баары адилеттүү. Аллахтан башка жалбарып кайрылууга эч ким жок. Андан башка менен коргоно турган да эч ким жок.
18:28Страница 297
وَٱصۡبِرۡ نَفۡسَكَ مَعَ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ رَبَّهُم بِٱلۡغَدَوٰةِ وَٱلۡعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجۡهَهُۥۖ وَلَا تَعۡدُ عَيۡنَاكَ عَنۡهُمۡ تُرِيدُ زِينَةَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَا تُطِعۡ مَنۡ أَغۡفَلۡنَا قَلۡبَهُۥ عَن ذِكۡرِنَا وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ وَكَانَ أَمۡرُهُۥ فُرُطٗا ٢٨
Будь же терпелив вместе с теми, которые взывают к своему Господу по утрам и перед закатом и стремятся к Его Лику. Не отвращай от них своего взора, желая украшений этого мира, и не повинуйся тем, чьи сердца Мы сделали небрежными к Нашему поминанию, кто потакает своим желаниям и чьи дела окажутся тщетными.
Эрте менен жана кечинде Раббисине ибадат кылып дуба кылган жана Аллахтан сурап дуба кылган адамдар менен дайыма бирге бол. Байлар менен жана чоң адамдар менен бирге отурууну каалап, ибадат кылган адамдарды карабай койбогун. Жүрөктөрүн мөөрлөп Бизди эстөөдөн бейкапар кылып койгон адамдарга баш ийбегин. Алар жаныңдан кедейлерди кетирип салууңду буйрушту жана Раббисине баш ийүүдөн напсиси каалаган нерсени ээрчүүнү өйдө коюшту. Алардын иш-аракеттери пайдасыз болду.
18:29Страница 297
وَقُلِ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَن شَآءَ فَلۡيُؤۡمِن وَمَن شَآءَ فَلۡيَكۡفُرۡۚ إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلظَّٰلِمِينَ نَارًا أَحَاطَ بِهِمۡ سُرَادِقُهَاۚ وَإِن يَسۡتَغِيثُواْ يُغَاثُواْ بِمَآءٖ كَٱلۡمُهۡلِ يَشۡوِي ٱلۡوُجُوهَۚ بِئۡسَ ٱلشَّرَابُ وَسَآءَتۡ مُرۡتَفَقًا ٢٩
Скажи: «Истина - от вашего Господа. Кто хочет, пусть верует, а кто не хочет, пусть не верует». Мы приготовили для беззаконников Огонь, стены которого будут окружать их со всех сторон. Если они станут просить о помощи (или дожде), то им помогут водой, подобной расплавленному металлу (или осадку масла), которая обжигает лицо. Мерзкий напиток и скверная обитель!
Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн жүрөктөрү капилетте калган адамдарга айткын: “Мен алып келген нерсе акыйкат. Ал Аллахтан келген. Мен өзүм ойлоп тапкан эмесмин. Силер мага ыймандууларды кууп жибер деп айткан сөзүңөргө жооп бербеймин. Кимиңер бул акыйкатка ыйман келтирүүнү кааласаңар, анда ыйман келтирсин. Ал сооп-сыйлыгына жеткенде сүйүнөт. Кимиңер каапырлыкты кааласаңар, анда каапыр боло берсин. Аны күтүп турган азапка түшкөндө анын жаны ооруйт. Чындыгында Биз каапырлыкты тандап өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга дубалдар менен тосуп турган отту даярдап койдук. Алар андан качып кете алышпайт. Алар чаңкагандыктан суу сурашканда аларга кир толгон майга окшогон ысык ичимдик берилет. Аларга берилген ичимдик кандай жаман ичимдик! Ал чаңкоону кетирбейт. Кайрадан чаңкоону күчөтөт. Алардын терилерин күйгүзгөн оттун жалыны азайбайт. Алар түшкөн тозок жайы кандай жаман жай!
18:30Страница 297
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجۡرَ مَنۡ أَحۡسَنَ عَمَلًا ٣٠
А что до тех, которые уверовали и совершали праведные деяния, то ведь Мы не теряем награды тех, кто совершал добро.
Аллахка ыйман келтирип жакшы иш-аракеттерди кылгандарга улуу сыйлыктар бар. Чындыгында Биз жакшы иш кылгандардын ишин текке кетирбейбиз. Алардын сыйлыктарын эч бир кемитбей толук кылып беребиз.
18:31Страница 297
أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ جَنَّٰتُ عَدۡنٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمُ ٱلۡأَنۡهَٰرُ يُحَلَّوۡنَ فِيهَا مِنۡ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٖ وَيَلۡبَسُونَ ثِيَابًا خُضۡرٗا مِّن سُندُسٖ وَإِسۡتَبۡرَقٖ مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِۚ نِعۡمَ ٱلثَّوَابُ وَحَسُنَتۡ مُرۡتَفَقٗا ٣١
Именно им уготованы сады Эдема, в которых текут реки. Они будут украшены золотыми браслетами и облачены в зеленые одеяния из атласа и парчи. Они будут возлежать там на ложах, прислонившись. Замечательное вознаграждение и прекрасная обитель!
Ыйман келтирген жана жакшы иш-аракеттерди кылгандардын түбөлүк турган жайлары бейиш болот. Алардын үйлөрүнүн алдынан бейиштеги тунук дарыялары агып турат. Алар алтындан болгон билериктерди тагынышат жана жашыл жибектен калың-жука кийимдерди кийишет. Пардалар менен жасалган сөөрүлөрдө сүйөнүп олтурушат. Алардын сыйлыгы кандай жакшы сыйлык. Алар турган жана жашаган бейиш кандай жакшы жай.
18:32Страница 297
۞ وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلٗا رَّجُلَيۡنِ جَعَلۡنَا لِأَحَدِهِمَا جَنَّتَيۡنِ مِنۡ أَعۡنَٰبٖ وَحَفَفۡنَٰهُمَا بِنَخۡلٖ وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُمَا زَرۡعٗا ٣٢
Приведи им притчу о двух мужах. Одному из них Мы устроили два виноградника, оградили их финиковыми пальмами и поместили между ними ниву.
О, пайгамбар! Аларга эки кишинин окуясын мисал катары айтып бер: “Бирөөсү каапыр, экинчиси ыймандуу эле. Каапырдын эки багы бар болчу. Ал эки бакты курма дарак менен тоскон элек. Анын ичине ар кандай бак-даракты жана эгин-зарды өстүрдүк.
18:33Страница 297
كِلۡتَا ٱلۡجَنَّتَيۡنِ ءَاتَتۡ أُكُلَهَا وَلَمۡ تَظۡلِم مِّنۡهُ شَيۡـٔٗاۚ وَفَجَّرۡنَا خِلَٰلَهُمَا نَهَرٗا ٣٣
Оба сада приносили плоды, и ничто из них не пропадало, а между ними Мы проложили реку.
Ал эки бак курмадан, жүзүмдөн жана эгинден толук түшүмдүү болуп кемитпей берип турган. Ал эки бакты суугаруу жеңил болуу үчүн ал экөөсүнүн ортосунан дарыя агыздык.
18:34Страница 297
وَكَانَ لَهُۥ ثَمَرٞ فَقَالَ لِصَٰحِبِهِۦ وَهُوَ يُحَاوِرُهُۥٓ أَنَا۠ أَكۡثَرُ مِنكَ مَالٗا وَأَعَزُّ نَفَرٗا ٣٤
У него были плоды (или богатство), и он сказал своему товарищу, беседуя с ним: «У меня больше имущества и помощников, чем у тебя».
Бул эки бактын ээсинде мал-мүлктөрү жана башка мөмө-жемиштери көп эле. Ал ыймандуу шеригин азгырып таасир берүү үчүн ага мындай деп айтты: “Менде сага караганда мал-мүлкүм көп, сенден да кадырлуумун жана туугандарым да күчтүү”.
18:35Страница 298
وَدَخَلَ جَنَّتَهُۥ وَهُوَ ظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ قَالَ مَآ أَظُنُّ أَن تَبِيدَ هَٰذِهِۦٓ أَبَدٗا ٣٥
Он вошел в свой сад, поступая несправедливо по отношению к себе, и сказал: «Я не думаю, что он когда-нибудь исчезнет.
Каапыр адам бактарын ыймандуу шеригине көргөзүү үчүн аны менен багына кирди. Ал каапырлыгы жана суктануу менен өзүнө зулумдук кылып мындай деди: “Бул көрүп турган бактарды көрктөнтүп турган себептерди кылганым үчүн бактар эч качан куурап жок болбойт деп ойлоймун”.
18:36Страница 298
وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةٗ وَلَئِن رُّدِدتُّ إِلَىٰ رَبِّي لَأَجِدَنَّ خَيۡرٗا مِّنۡهَا مُنقَلَبٗا ٣٦
Я не думаю, что настанет Час. Если же меня возвратят к моему Господу, то по возвращении я обрету там нечто еще более прекрасное».
Ошондой эле кыямат да болбойт. Бул жашоо ушинтип уланып тура берет деп ойлоймун. Эгерде кыямат болот дей турган болсок, анда кайра тирилгенимден кийин бул бактарымдан да жакшы сыйлыктарга жетсем керек. Мен бул дүйнөдө бай болгонум акыретте да бай болууга далил болот.
18:37Страница 298
قَالَ لَهُۥ صَاحِبُهُۥ وَهُوَ يُحَاوِرُهُۥٓ أَكَفَرۡتَ بِٱلَّذِي خَلَقَكَ مِن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ سَوَّىٰكَ رَجُلٗا ٣٧
Товарищ его, беседуя с ним, сказал: «Неужели ты не веруешь в Того, Кто сотворил тебя из земли, потом - из капли, а потом сделал тебя мужчиной?
Ага анын ыймандуу шериги ал айткан сөздөрдөн кайтарып: “Сенин түпкү атаң Адамды топурактан жараткан Жаратуучуга каапыр болдуңбу? Ал сени бел суудан жаратып кийин эркек кылып койбодубу? Сенин дене-мүчөлөрүңдү түз кылып толук кылбадыбы? Бул нерселерди кылган Жаратуучу сени кайра тирүлтүүгө да Кудуреттүү.
18:38Страница 298
لَّٰكِنَّا۠ هُوَ ٱللَّهُ رَبِّي وَلَآ أُشۡرِكُ بِرَبِّيٓ أَحَدٗا ٣٨
Что же касается меня, то мой Господь - Аллах, и я никого не приобщаю в сотоварищи к моему Господу.
Бирок мен сен айткан сөздү айтпаймын. Мен: “Ал Аллах менин Раббим. Бизге жакшылыктарын берген жакшылык Ээси. Ага cыйынууда эч кимди шерик кылбаймын” – деп айтамын.
18:39Страница 298
وَلَوۡلَآ إِذۡ دَخَلۡتَ جَنَّتَكَ قُلۡتَ مَا شَآءَ ٱللَّهُ لَا قُوَّةَ إِلَّا بِٱللَّهِۚ إِن تَرَنِ أَنَا۠ أَقَلَّ مِنكَ مَالٗا وَوَلَدٗا ٣٩
Почему, войдя в свой сад, ты не сказал: «Так пожелал Аллах! Нет мощи, кроме как от Аллаха!» Ты считаешь, что у меня меньше богатства и детей, чем у тебя,
Сен мени бала-чакасы аз жана жарды деп ойлосоң, багыңа кирген кезде: “Аллахтын каалаганы... Ким болсо да Аллахтын жардамы менен гана күч-кубатка ээ болот. Аллах каалаганын кылат жана Ал күчтүү” – деп айтпайт белең?
18:40Страница 298
فَعَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يُؤۡتِيَنِ خَيۡرٗا مِّن جَنَّتِكَ وَيُرۡسِلَ عَلَيۡهَا حُسۡبَانٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَتُصۡبِحَ صَعِيدٗا زَلَقًا ٤٠
а ведь мой Господь может даровать мне то, что лучше твоего сада, и наслать на него наказание с неба, и тогда он превратится в скользкую землю.
Аллах мага сенин багыңдан да жакшы сыйлыктарын берет деп үмүт кыламын. Сенин багыңа Аллах асмандан бир балээ жиберип койбосун. Ошондо эч бир өсүмдүк өспөгөн жана буттар тайган такыр жерге айланат.
18:41Страница 298
أَوۡ يُصۡبِحَ مَآؤُهَا غَوۡرٗا فَلَن تَسۡتَطِيعَ لَهُۥ طَلَبٗا ٤١
Или же воды его уйдут под землю, и ты не сможешь достать их».
Же болбосо жериңдин суусу кетип какыраган жерге айланып ал жерден эч качан сууга да жете албайсың. Суусу кеткен жер кургап жок болот.
18:42Страница 298
وَأُحِيطَ بِثَمَرِهِۦ فَأَصۡبَحَ يُقَلِّبُ كَفَّيۡهِ عَلَىٰ مَآ أَنفَقَ فِيهَا وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُشۡرِكۡ بِرَبِّيٓ أَحَدٗا ٤٢
Его плоды погибли, и он стал ударять себя по рукам, сожалея о том, что он потратил на виноградник, ветви которого упали на трельяжи. Он сказал: «Лучше бы я никого не приобщал в сотоварищи к моему Господу!».
Ошентип ыймандуу адам айткандай эле болду. Каапырдын багындагы мөмөлөрдү балээ каптады. Бакты тургузган жана жүзүмдүн шактары илинген устундар кулады. Акырында каапыр адам багын тургузууга кетирген күчү жана текке кеткен акчалары үчүн катуу кейип өкүнүп алаканын жайып отуруп калды. Ал: “Аттиң! Жалгыз Раббиме гана ыйман келтиргенимде кана! Сыйынуумда Ага эч кимди шерик кылбай сыйынганымда кана!” – деп айтып отурду.
18:43Страница 298
وَلَمۡ تَكُن لَّهُۥ فِئَةٞ يَنصُرُونَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَمَا كَانَ مُنتَصِرًا ٤٣
Не было у него людей, которые бы помогли ему вместо Аллаха, и он не мог помочь самому себе.
Ал каапырга түшкөн балээни тоскон анын адамдары да болбоду. Ал убагында адамдары менен мактанып жаткан эле. Анын адамдары болгондо да Аллахтын жиберген балээсинен тосо алышпайт эле.
18:44Страница 298
هُنَالِكَ ٱلۡوَلَٰيَةُ لِلَّهِ ٱلۡحَقِّۚ هُوَ خَيۡرٞ ثَوَابٗا وَخَيۡرٌ عُقۡبٗا ٤٤
В таких случаях оказать поддержку может только Истинный Аллах. У Него - лучшее вознаграждение и лучший исход.
Мына ушундай абал Аллахтын жардам берген убагы. Ал Өзүнүн ыймандуу жакын адамдарына жакшы сыйлыктарды эселеп көбөйтүп берет. Ошондой эле аларга аягы жакшы бүткөн натыйжа берет.
18:45Страница 298
وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا كَمَآءٍ أَنزَلۡنَٰهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَٱخۡتَلَطَ بِهِۦ نَبَاتُ ٱلۡأَرۡضِ فَأَصۡبَحَ هَشِيمٗا تَذۡرُوهُ ٱلرِّيَٰحُۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ مُّقۡتَدِرًا ٤٥
Приведи им притчу о мирской жизни. Она подобна воде, которую Мы ниспосылаем с неба. Земные растения смешиваются с ней (или благодаря ней), а потом превращаются в сухие былинки, рассеиваемые ветром. Воистину, Аллах способен на всякую вещь.
Оо, пайгамбар! Бул дүйнөгө азгырылган адамдарга дүйнөнүн тез өтүп кетүүсүн мисал келтиргин. Бул дүйнөнүн мисалы Биз асмандан жаадырган жамгырдын суусу сыяктуу. Ал жамгыр суусу менен жерден ар кандай өсүмдүктөр өнүп чыгып бышып жетилет. Андан кийин өсүмдүктөр сынып майдаланып шамал аларды ар жакка учуруп жок кылат. Жер кайрадан өз абалына келет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч нерсе алсыз кыла албайт. Ал каалаган нерсесин калтырат. Каалаган нерсесин жок кылат.
18:46Страница 299
ٱلۡمَالُ وَٱلۡبَنُونَ زِينَةُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَٱلۡبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيۡرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابٗا وَخَيۡرٌ أَمَلٗا ٤٦
Богатство и сыновья - украшение мирской жизни, однако нетленные благодеяния лучше по вознаграждению перед твоим Господом, и на них лучше возлагать надежды.
Мал-мүлк, бала-чака бул дүйнө жашоосунун кооздуктары. Аллах ыраазылыгы үчүн гана сарпталган мал-мүлк акыретте пайда берет. Аллахты ыраазы кылган иш-аракеттер жана сөздөр – сооптуулук жактан Аллахтын алдында бул дүйнөдөгү бардык кооздуктардан да жана адамга үмүт жараткан нерселерден да жакшыраак. Анткени дүйнө кооздуктары бүтүүчү, ал эми жакшылык иштердин жана сөздөрдүн сооптору Аллахтын алдында түбөлүк калуучу.
18:47Страница 299
وَيَوۡمَ نُسَيِّرُ ٱلۡجِبَالَ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ بَارِزَةٗ وَحَشَرۡنَٰهُمۡ فَلَمۡ نُغَادِرۡ مِنۡهُمۡ أَحَدٗا ٤٧
В тот день Мы заставим двигаться горы, и ты увидишь, что земля станет плоской. Мы соберем их всех и никого не упустим.
Биз тоолорду өз ордуларынан жылдырган күндү эстегин. Ошондо сен жерди андагы тоолор, бак-дарактар, имараттар жок болгону үчүн аны тегиз көрөсүң. Биз бардык макулуктарды жыйнайбыз. Алардын бирин да калтырдай тирилтебиз.
18:48Страница 299
وَعُرِضُواْ عَلَىٰ رَبِّكَ صَفّٗا لَّقَدۡ جِئۡتُمُونَا كَمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةِۭۚ بَلۡ زَعَمۡتُمۡ أَلَّن نَّجۡعَلَ لَكُم مَّوۡعِدٗا ٤٨
Они предстанут перед твоим Господом рядами: «Вы пришли к Нам такими, какими Мы создали вас в первый раз. Но вы предполагали, что Мы не назначили встречи с вами».
Адамдар Раббиңдин алдына сап-сап болуп келишет, Ал алардан сурак алат. Аларга айтылат: «Биз силерди абалкы жараткандай жалгыз, жылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда келдиңер. Болбосо силер эч качан кайра тирилбейбиз жана Биз силерди кылган иштериңерден сурак алыш үчүн бир жерди жана убакытты белгилебейбиз деп ойлогонсуңар».
18:49Страница 299
وَوُضِعَ ٱلۡكِتَٰبُ فَتَرَى ٱلۡمُجۡرِمِينَ مُشۡفِقِينَ مِمَّا فِيهِ وَيَقُولُونَ يَٰوَيۡلَتَنَا مَالِ هَٰذَا ٱلۡكِتَٰبِ لَا يُغَادِرُ صَغِيرَةٗ وَلَا كَبِيرَةً إِلَّآ أَحۡصَىٰهَاۚ وَوَجَدُواْ مَا عَمِلُواْ حَاضِرٗاۗ وَلَا يَظۡلِمُ رَبُّكَ أَحَدٗا ٤٩
Будет положена книга, и ты увидишь, как грешники будут трепещать от того, что в ней. Они скажут: «Горе нам! Что это за книга! В ней не упущен ни малый, ни великий грех - все подсчитано». Они обнаружат перед собой все, что совершили, и твой Господь ни с кем не поступит несправедливо.
Кылган иштери жазылган китеп коюлат, кээ бирлери китебин оң тарабынан алса, кээ бирлери сол тарабынан алат. Эй, инсан! Андагы жазылган нерселерден каапырлардын коркунучка түшкөндөрүн көрөсүң. Анткени алар мурун каапырлык жана күнөөлөрдү кылышкандарын билишет. Алар: «Шорум куруду ай! Бул эмне деген китеп! Кылган иштерибиздин кичине-чоңуна карабай бүт баары бар го!» – дешет. Алар дүйнө жашоосунда кылган күнөөлөрдүн баарысы жазылганын көрүшөт. Эй, пайгамбар! Раббиң эч кимге зулум кылбайт. Эч кимди күнөөсүз жазалабайт. Моюн сунган адамдын сообунан эч бир нерсени кемитпейт.
18:50Страница 299
وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ كَانَ مِنَ ٱلۡجِنِّ فَفَسَقَ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِۦٓۗ أَفَتَتَّخِذُونَهُۥ وَذُرِّيَّتَهُۥٓ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِي وَهُمۡ لَكُمۡ عَدُوُّۢۚ بِئۡسَ لِلظَّٰلِمِينَ بَدَلٗا ٥٠
Вот сказали Мы ангелам: «Падите ниц перед Адамом!». Все они поклонились, кроме Иблиса. Он был одним из джиннов и ослушался воли своего Господа. Неужели вы признаете его и его потомков своими покровителями и помощниками вместо Меня, тогда как они являются вашими врагами? Плохая это замена для беззаконников!
Оо, Мухаммад! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга саламдашуу иретинде сажда кылгыла» – дегенде Раббисинин буйругуна моюн сунушуп баарысы ага сажда кылышты. Бир гана Иблис кылган жок. Ал жиндерден болчу. Периштелерден эмес эле. Ал сажда кылуудан текеберленип баш тартты, Раббисине моюн сунган жок. Эй, адамдар! Алар силерге душман болсо дагы Мени таштап, аны жана анын урпактарын өзүңөргө жакын дос тутуп жатасынарбы?! Залымдардын Аллахты жакын туткандын ордуна шайтанды дос тутканы кандай жаман иш!
18:51Страница 299
۞ مَّآ أَشۡهَدتُّهُمۡ خَلۡقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَا خَلۡقَ أَنفُسِهِمۡ وَمَا كُنتُ مُتَّخِذَ ٱلۡمُضِلِّينَ عَضُدٗا ٥١
Я не сделал их свидетелями сотворения небес и земли и сотворения их самих. Я не беру в помощники тех, кто вводит других в заблуждение.
Силер Менден башка дос туткандарыңар силерге эле окшогон кулдар. Мен асмандар менен жерди жаратканда аларды күбө кылган эмесмин. Алар таптакыр жок болчу. Жана аларды жаратып атканда башкаларын да күбө кылган эмесмин. Мен жалгыз Өзүм гана жараттым жана башкардым. Мен жиндер менен адамдардын адаштыруучу шайтандарынын эч бирин жардамчы да кылган эмесмин. Мен жардамчыларга муктаж эмесмин.
18:52Страница 299
وَيَوۡمَ يَقُولُ نَادُواْ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُمۡ فَدَعَوۡهُمۡ فَلَمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَهُمۡ وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُم مَّوۡبِقٗا ٥٢
В тот день Он скажет: «Призовите Моих сотоварищей, о существовании которых вы предполагали». Они воззовут к ним, но те не ответят им. Мы воздвигнем между ними губительное место (преграду).
Оо, пайгамбар! Аларга эскерт, бул дүйнөдө Аллахка шерик кошкондорго кыяматта айтылат: «Кана, силер Мага шерик деп ойлогон шериктериме дуба кылгылачы? Балким алар силерге жардам беришер». Алар жалбарып дуба кылышат, бирок алар дубаларына жооп беришпейт, жардам да беришпейт. Биз алар менен кудайларынын ортосунда аларды бириктирген кыйратуучу жай кылдык, ал тозок оту.
18:53Страница 299
وَرَءَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ ٱلنَّارَ فَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مُّوَاقِعُوهَا وَلَمۡ يَجِدُواْ عَنۡهَا مَصۡرِفٗا ٥٣
Грешники увидят Огонь, и им станет ясно, что они будут брошены в него. Они не найдут от него спасения!
Мушриктер тозокту көрүшкөндө жана ал жакка киришерин анык билишкенде, ал жерден качып кетүүгө жай таппай калышат.
Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии