Аль-МухтасарАль‑Бакара · 2:1–53

Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском

البقرة

Аль-Бакара

Корова · Мединская · 286 аятов

2:1Страница 2

الٓمٓ ١

Алиф. Лам. Мим.

«Алим, лаам, миим» – бул Курандын кээ бир сүрөөлөрү башталган тамгалардан. Алар жекече келгенде «алим, ба, та ж.б.» сыяктуу өзүнө эч кандай маанини камтыбаган алфавит тамгалары. Булардын даанышман сыры жана мааниси бар, анткени Куранда даанышмандыксыз эч нерсе келген эмес. Анын негизги даанышман сырларынан: алар билген жана сүйлөгөндө колдонгон тамгалардан турган Куран китеби менен чакырык таштоого ишарат кылынган. Ошондуктан бул сүрөөдө келген сыяктуу бул тамгалардан кийин көбүнчө ыйык Куран жөнүндө сөз болот.

2:2Страница 2

ذَٰلِكَ ٱلۡكِتَٰبُ لَا رَيۡبَۛ فِيهِۛ هُدٗى لِّلۡمُتَّقِينَ ٢

Это Писание, в котором нет сомнения, является верным руководством для богобоязненных,

Бул улуу Курандын Аллах тараптан түшкөнүндө жана анын сөздөрүндө, маанисинде эч кандай шек-күмөн жок. Ал – Аллахтын сөзү. Ал такыба адамдарды Аллахка жеткирген жолго багыттайт.

2:3–4Страница 2

ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡغَيۡبِ وَيُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ ٣

которые веруют в сокровенное, совершают намаз и расходуют из того, чем Мы их наделили,

وَٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ وَبِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ ٤

которые веруют в ниспосланное тебе и ниспосланное до тебя и убеждены в Последней жизни.

Алар кайыпка ишенишет. Ал эми кайып бул – Аллах жана Анын элчиси кабар берген акырет күнү сыяктуу ж.б. бизге көрүнбөгөн жана сезүү органдары менен сезилбеген бардык нерселер. Алар намаздарын Аллах шариятта көрсөткөндөй, шарттары, парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткарышат. Алар Аллахтан сооп үмүт кылып, Аллах берген ырыскыларынан парз зекеттерин жана ыктыярдуу садакаларын беришет. Оо, пайгамбар! Алар Аллах сага түшүргөн вахийге жана сенден мурунку бардык пайгамбарларга түшкөн нерселерге, аларды бири-биринен ажыратпастан ыйман келтиришет, ошондой эле акыретке жана андагы сыйлык жана жазага чын жүрөктөрүнөн терең ишенишет.

2:5Страница 2

أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ٥

Они следуют верному руководству от их Господа, и они являются преуспевшими.

Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар туура жолдо болушат. Алар үмүт кылган нерселерине ээ болуу жана корккон нерселеринен кутулуу менен дүйнөдө жана акыретте жеңишке жетишет.

2:6Страница 3

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ ٦

Воистину, неверующим безразлично, предостерег ты их или не предостерег. Они все равно не уверуют.

Тагдырына ыйман келтирбейт деп жазылгандарды эскертсиңби же эскертпейсиңби, аларга баары бир. Алар адашуусун жана каршылык кылуусун уланта беришет.

2:7Страница 3

خَتَمَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَعَلَىٰ سَمۡعِهِمۡۖ وَعَلَىٰٓ أَبۡصَٰرِهِمۡ غِشَٰوَةٞۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ ٧

Аллах запечатал их сердца и слух, а на глазах у них - покрывало. Им уготованы великие мучения.

Анткени Аллах алардын жүрөктөрүндөгү жалгандык үчүн ага мөөр басып, жаап койгон. Алардын кулактарына мөөр басып койгон, алар акыйкатты кабыл алуу жана баш ийүү үчүн угушпайт. Алардын көздөрүнө тосмо тартып койгон, алар акыйкатты ачык-айкын болсо да көрүшпөйт. Акыретте алар үчүн чоң азап бар.

2:8Страница 3

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَمَا هُم بِمُؤۡمِنِينَ ٨

Среди людей есть такие, которые говорят: «Мы уверовали в Аллаха и в Последний день». Однако они суть неверующие.

Адамдардын арасында өздөрүн мусулманбыз деп ойлогон бир топ бар. Алар канын жана мал-мүлкүн сактап калыш үчүн тили менен биз мусулманбыз деп айтышат. Бирок алар ичинде каапырлар.

2:9Страница 3

يُخَٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَمَا يَخۡدَعُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ ٩

Они пытаются обмануть Аллаха и верующих, но обманывают только самих себя и не осознают этого.

Алар наадандыктары себептүү сыртынан ыймандуу көрүнүп, ичинен каапырлык кылуу менен Аллахты жана ыймандууларды алдап жатабыз деп ойлошот. Акыйкатта алар өздөрүн гана алдап жатышат, бирок муну сезишпейт. Анткени Аллах сырды да, жашыруунда да билет. Жана Ал ыймандууларга алардын сыпаттарын жана абалдарын билдирди.

2:10Страница 3

فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ فَزَادَهُمُ ٱللَّهُ مَرَضٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡذِبُونَ ١٠

Их сердца поражены недугом. Да усилит Аллах их недуг! Им уготованы мучительные страдания за то, что они лгали.

Себеби, алардын жүрөктөрүндө шек-күмөн бар. Аллах алардын шектенүүлөрүн андан бетер көбөйттү. Анткени жаза иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Алар Аллахка, адамдарга жалган айтып жана Мухаммад алып келген нерселерди жалганга чыгаргандары үчүн аларга тозоктун эң түпкү катмарында кыйноочу азап бар.

2:11Страница 3

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ قَالُوٓاْ إِنَّمَا نَحۡنُ مُصۡلِحُونَ ١١

Когда им говорят: «Не распространяйте нечестия на земле!». - они отвечают: «Только мы и устанавливаем порядок».

Эгер аларды каапырлык, күнөөлөр ж.б. нерселер менен жер бетинде бузукулук кылбагыла деп тыйышса, алар аны четке кагып, өздөрүн таза жана тууралык ээлерибиз деп эсептешет.

2:12Страница 3

أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡمُفۡسِدُونَ وَلَٰكِن لَّا يَشۡعُرُونَ ١٢

Воистину, именно они распространяют нечестие, но они не осознают этого.

Акыйкатта алар анык бузукулар, бирок алар муну сезишпейт жана кылып жаткан иштери бузукулук экенин баамдашпайт.

2:13Страница 3

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ ءَامِنُواْ كَمَآ ءَامَنَ ٱلنَّاسُ قَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ كَمَآ ءَامَنَ ٱلسُّفَهَآءُۗ أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلسُّفَهَآءُ وَلَٰكِن لَّا يَعۡلَمُونَ ١٣

Когда им говорят: «Уверуйте так, как уверовали люди», - они отвечают: «Неужели мы уверуем так, как уверовали глупцы?». Воистину, именно они являются глупцами, но они не знают этого.

Эгер аларга Мухаммаддын сахабаларындай ыйман келтиргиле деп буйрулса, алар четке кагуу жана шылдыңдоо менен: «Биз ушул кем акылдар сыяктуу ыйман келтиребизби?» – деп жооп беришет. Акыйкатта алар өздөрү кем акылдар. Бирок алар муну билишпейт.

2:14Страница 3

وَإِذَا لَقُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوۡاْ إِلَىٰ شَيَٰطِينِهِمۡ قَالُوٓاْ إِنَّا مَعَكُمۡ إِنَّمَا نَحۡنُ مُسۡتَهۡزِءُونَ ١٤

Когда они встречают верующих, то говорят: «Мы уверовали». Когда же они остаются наедине со своими дьяволами, они говорят: «Воистину, мы - с вами. Мы лишь издеваемся».

Ал эми ыймандууларга жолукканда: «Биз силер ыйман келтирген нерсеге ишендик» – дешет. Алар муну ыймандуулардан коркушканы үчүн эле айтышат. Ал эми ыймандуулардан кетип, өз башчылары менен жалгыз калганда, аларды ээрчүүдө туруктуулугун баса белгилеп: «Чындыгында биз силердин жолуңарда силер менен биргебиз, бирок биз ыймандууларды шылдыңдоо жана маскаралоо үчүн сыртыбыздан аларга окшошуп коёбуз» – дешет.

2:15Страница 3

ٱللَّهُ يَسۡتَهۡزِئُ بِهِمۡ وَيَمُدُّهُمۡ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ ١٥

Аллах поиздевается над ними и увеличит их беззаконие, в котором они скитаются вслепую.

Алар ыймандууларды шылдыңдаганы үчүн кылган иштерине жараша жаза катары Аллах алардын өздөрүн шылдыңдайт. Ушул себептен дүйнөдө аларга мусулмандардын өкүмүн жүргүзөт, ал эми акыретте каапырлык жана эки жүздүүлүктөрүнүн жазасын берет. Ошондой эле алар адашуусун жана чектен чыгуусун улантып, акыры ара жолдо дендароо абалда калуулары үчүн аларга мөөнөт берет.

2:16Страница 3

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱشۡتَرَوُاْ ٱلضَّلَٰلَةَ بِٱلۡهُدَىٰ فَمَا رَبِحَت تِّجَٰرَتُهُمۡ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ ١٦

Они - те, которые купили заблуждение за верное руководство. Но сделка не принесла им прибыли, и они не последовали прямым путем.

Мына ошол сыпаттар менен сыпатталган эки жүздүүлөр ыйманды каапырлыкка алмаштырышты. Алар Аллахка ыйман келтирүүдө жоготууга учуруганы жана акыйкат жолго түшпөгөнү үчүн алардын бул соодасы пайдасыз болду.

2:17Страница 4

مَثَلُهُمۡ كَمَثَلِ ٱلَّذِي ٱسۡتَوۡقَدَ نَارٗا فَلَمَّآ أَضَآءَتۡ مَا حَوۡلَهُۥ ذَهَبَ ٱللَّهُ بِنُورِهِمۡ وَتَرَكَهُمۡ فِي ظُلُمَٰتٖ لَّا يُبۡصِرُونَ ١٧

Они подобны тому, кто разжег огонь. Когда же огонь озарил все вокруг него, Аллах лишил их света и оставил их в темноте, где они ничего не видят.

Аллах эки жүздүүлөргө карата эки нерсени мисал келтирди: от жана суунун мисалы. Аларга карата отту мисал кылганы, алар жарык кылуу үчүн от жаккан адамга окшош, от жарык чачып, ал аны пайдаланам деп ойлогондо ал өчүп калат. Ошентип анын жарыгы кетип, андагы күйгөн нерселер гана калды жана ал жердеги адамдар дагы эч нерсе көрбөй, эч кандай жол таппай караңгылыктарда калышты.

2:18Страница 4

صُمُّۢ بُكۡمٌ عُمۡيٞ فَهُمۡ لَا يَرۡجِعُونَ ١٨

Глухие, немые, слепые! Они не вернутся на прямой путь.

Алар дүлөй, акыйкатты кабыл алып угушпайт. Алар дудук, акыйкатты сүйлөшпөйт. Алар акыйкатты көрүүдө сокур. Ошондуктан алар адашууларынан кайтышпайт.

2:19Страница 4

أَوۡ كَصَيِّبٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فِيهِ ظُلُمَٰتٞ وَرَعۡدٞ وَبَرۡقٞ يَجۡعَلُونَ أَصَٰبِعَهُمۡ فِيٓ ءَاذَانِهِم مِّنَ ٱلصَّوَٰعِقِ حَذَرَ ٱلۡمَوۡتِۚ وَٱللَّهُ مُحِيطُۢ بِٱلۡكَٰفِرِينَ ١٩

Или же они подобны тем, кто оказался под ливнем с неба. Он несет мрак, гром и молнию. Они же в смертельном страхе затыкают уши пальцами от грохота молний. Воистину, Аллах объемлет неверующих.

Ал эми аларга карата сууну мисалы кылганы, алар кабат-кабат караңгылыктарга толгон, күркүрөгөн жана чагылгандуу булуттардан нөшөрлөп жааган жамгырда калгандар сыяктуу. Ал кайсы бир элдин үстүнө түшүп, аларды катуу коркунуч ээлейт. Ошондо алар чагылгандын соккусунун катуу үнүнөн улам өлүмдөн коркуп манжаларынын учун кулактарына тыгып алышат. Аллах каапырларды бүт тараптан ороп алат, алар Аны алсырата алышпайт.

2:20Страница 4

يَكَادُ ٱلۡبَرۡقُ يَخۡطَفُ أَبۡصَٰرَهُمۡۖ كُلَّمَآ أَضَآءَ لَهُم مَّشَوۡاْ فِيهِ وَإِذَآ أَظۡلَمَ عَلَيۡهِمۡ قَامُواْۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَذَهَبَ بِسَمۡعِهِمۡ وَأَبۡصَٰرِهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ ٢٠

Молния готова отнять у них зрение. Когда она вспыхивает, они отправляются в путь, когда же опускается мрак, они останавливаются. Если бы Аллах пожелал, Он лишил бы их слуха и зрения. Воистину, Аллах способен на всякую вещь.

Чагылган катуу жаркырагы менен алардын көзүн алып коё жаздайт. Качан чагылган жарк этип жарык чачканда алдыга жылышат, жарык чачпай калганда карангылыкта жылбай туруп калышат. Алар акыйкаттан жүз бурушканы үчүн Аллах кааласа бүткүл нерсени камтыган Өз кудурети менен алардын көрүүсүн жана угуусун кайтпай тургандай кылып алып коймок. Жамгыр Куранга мисал, күндүн күркүрөгөн үнү тыйылган иштерди камтыган нерселерге мисал, чагылгандын жаркырагы аларга кээде чындык көрүнүп турганына мисал кылынды. Ал эми чагылгандын катуу соккусунан улам кулактарын жабуусу, алардын акыйкаттан жүз буруп, ага жооп бербегендигине мисал кылынды. Эки жүздүүлөр менен эки мисалда айтылган адамдардын окшоштугу – алардын пайда албаганында. От тууралуу мисалда, от жаккан адам караңгылыктан жана күйгүзүүдөн башка пайда алган жок. Ал эми суу тууралуу мисалда, жамгырда калган адамдар, аларды күндүн күркүрөөсү, чагылгандын жаркыроосу сыяктуу нерселер тынчын алып, коркунучка салган нерселерден башка эч кандай пайда алышкан жок. Ошол сыяктуу эки жүздүүлөр да Исламдан катаалдык менен мерездиктен башка эч нерсени көрүшпөйт.

2:21Страница 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱعۡبُدُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ ٢١

О люди! Поклоняйтесь вашему Господу, Который сотворил вас и тех, кто был до вас, - быть может, вы устрашитесь.

Оо, адамдар! Башкага эмес, жалгыз Раббиңерге сыйынгыла. Себеби, силер Анын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Анын азабы менен ортоңорго коргонуч кылууңар үчүн силерди жана силерден мурунку коомдорду жараткан.

2:22Страница 4

ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ فِرَٰشٗا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءٗ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزۡقٗا لَّكُمۡۖ فَلَا تَجۡعَلُواْ لِلَّهِ أَندَادٗا وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٢٢

Он сделал для вас землю ложем, а небо - кровлей, низвел с неба воду и взрастил ею плоды для вашего пропитания. Посему никого не равняйте с Аллахом сознательно.

Ал силерге жерди тегиз жайык кылып койду, асманды анын үстүнө бекем кылып куруп койду, жакшылык кылып жамгыр жаадырды, ырыскы болсун деп жерде ар түрдүү мөмө-жемиштерди өстүрдү. Эми силер Аллахтан башка Жаратуучу жок экенин билип туруп, Ага башка нерселерди шерик кылбагыла, окшоштурбагыла.

2:23Страница 4

وَإِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّمَّا نَزَّلۡنَا عَلَىٰ عَبۡدِنَا فَأۡتُواْ بِسُورَةٖ مِّن مِّثۡلِهِۦ وَٱدۡعُواْ شُهَدَآءَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٢٣

Если же вы сомневаетесь в том, что Мы ниспослали Нашему рабу, то сочините одну подобную суру и призовите своих свидетелей, помимо Аллаха, если вы говорите правду.

Оо, адамдар! Эгер кулубуз Мухаммадга түшүрүлгөн Курандан күмөн санасаңар, анда эң кыска сүрөөдөй бир сүрөө келтирип, ага каршы чыгууга чакырабыз. Эгер айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда колуңардан келген колдоочуларыңарды чакыргыла.

2:24Страница 4

فَإِن لَّمۡ تَفۡعَلُواْ وَلَن تَفۡعَلُواْ فَٱتَّقُواْ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي وَقُودُهَا ٱلنَّاسُ وَٱلۡحِجَارَةُۖ أُعِدَّتۡ لِلۡكَٰفِرِينَ ٢٤

Если же вы этого не сделаете - а ведь вы никогда этого не сделаете, - то побойтесь Огня, растопкой которого являются люди и камни. Он уготован для неверующих.

Эгерде андай кыла албасаңар, (бирок муну эч качан кыла албайсыңар), анда азапка татыктуу адамдар жана алар сыйынган ар түрлүү таштар менен күйгөн, Аллах каапырлар үчүн даярдаган тозоктон сактангыла.

2:25Страница 5

وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ كُلَّمَا رُزِقُواْ مِنۡهَا مِن ثَمَرَةٖ رِّزۡقٗا قَالُواْ هَٰذَا ٱلَّذِي رُزِقۡنَا مِن قَبۡلُۖ وَأُتُواْ بِهِۦ مُتَشَٰبِهٗاۖ وَلَهُمۡ فِيهَآ أَزۡوَٰجٞ مُّطَهَّرَةٞۖ وَهُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ ٢٥

Обрадуй тех, которые уверовали и совершали праведные деяния, тем, что им уготованы Райские сады, в которых текут реки. Всякий раз, когда им будут подавать плоды для пропитания, они будут говорить: «Это уже было даровано нам прежде». Но им будут давать нечто похожее. У них там будут очищенные супруги, и они пребудут там вечно.

Жогорудагы азап тууралуу убада капырларга кылынды. Оо, пайгамбар! Эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды кубанычка бөлөгөн, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер менен сүйүнчүлө. Алар андагы ырыскы кылынган таза мөмө-жемиштерден жеген сайын, алар дүйнөдөгү мөмө-жемиштерге аябай окшоштугунан: «Бул бизге мурда ырыскы болгон мөмөлөргө окшош экен» – дешет. Аларга таанып билүүлөрү үчүн көрүнүшү жана аталышы окшош мөмө-жемиштер берилет, бирок алардын даамы жана татымы такыр башка. Алар үчүн бейиште көңүлгө жакпаган жана табиятты жийиркенткен нерселерден аруу жубайлар бар. Алар дүйнөнүн убактылуу жыргалчылыгынан айырмаланып, түгөнбөгөн түбөлүк бакытта болушат.

2:26Страница 5

۞ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَسۡتَحۡيِۦٓ أَن يَضۡرِبَ مَثَلٗا مَّا بَعُوضَةٗ فَمَا فَوۡقَهَاۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فَيَعۡلَمُونَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّهِمۡۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَيَقُولُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۘ يُضِلُّ بِهِۦ كَثِيرٗا وَيَهۡدِي بِهِۦ كَثِيرٗاۚ وَمَا يُضِلُّ بِهِۦٓ إِلَّا ٱلۡفَٰسِقِينَ ٢٦

Воистину, Аллах не смущается приводить притчи о комаре или том, что больше него. Те, которые уверовали, знают, что это - истина от их Господа. Те же, которые не уверовали, говорят: «Чего хотел Аллах, когда приводил эту притчу?». Посредством нее Он многих вводит в заблуждение, а многих наставляет на прямой путь. Однако вводит Он в заблуждение посредством нее только нечестивцев,

Чындыгында Аллах таала Өзү каалаган нерсени мисал кылуудан уялбайт. Ал чиркейди, андан чоң же кичине нерсени да мисал кылат. Адамдар ушуга карата келгенде эки түрдө болушат: ыймандуулар жана каапырлар. Ыймандуулар мисал келтирүүнүн артында кандайдыр бир даанышмандык сыр бар экенине ишенишет жана билишет. Ал эми каапырлар болсо Аллахтын чиркей, чымын, жөргөмүш ж.б.у.с. майда жаныбарларды эмне себептен мисал кылып жатканын бири-биринен шылдыңдоо максатта сурашат. Ошондо Аллахтан мындай жооп келет: чындыгында бул мисалдарда адамдар үчүн жол көрсөтүүлөр, туура жолдомолор жана сыноолор бар. Алардын кээ бирлери бул мисалдар тууралуу ой жүгүртүүдөн баш тартышканы үчүн Аллах аларды адаштырат жана мындайлар көп. Ал эми кээ бирлерин андан үлгү сабак алганы үчүн туура жолго салат жана мындайлары да көп. Адашууга татыктуу болгондор гана адашышат. Алар эки жүздүүлөр сыяктуу Аллахка баш ийбестик кылгандар.

2:27Страница 5

ٱلَّذِينَ يَنقُضُونَ عَهۡدَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مِيثَٰقِهِۦ وَيَقۡطَعُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ ٢٧

которые нарушают завет с Аллахом после того, как они заключили его, разрывают то, что Аллах велел поддерживать, и распространяют нечестие на земле. Именно они окажутся в убытке.

Жалгыз Аллахка сыйынуу жана мурунку пайгамбарлар кабар берген Анын элчисин ээрчүү тууралуу Аллах менен болгон келишимди бузгандар, Аллахтын алдындагы келишимди четке каккандар – аларга Аллах бекемдегиле деп буйруган туугандык мамиле сыяктуу нерселерди үзүү жана күнөөлөрдү кылуу менен жер бетинде бузукулукту жаюуга аракеттенүү сыяктуу сыпаттар мүнөздүү. Мына ошолор дүйнөдө да, акыретте да насиби кем адамдар.

2:28Страница 5

كَيۡفَ تَكۡفُرُونَ بِٱللَّهِ وَكُنتُمۡ أَمۡوَٰتٗا فَأَحۡيَٰكُمۡۖ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ ٢٨

Как вы можете не веровать в Аллаха, тогда как вы были мертвы, и Он оживил вас? Потом Он умертвит вас, потом оживит, а потом вы будете возвращены к Нему.

Эй, каапырлар! Силердин абалыңар өтө таң калыштуу! Өзүңөрдөн Аллахтын кудуретине далилдерди көрүп туруп, кантип Ага каапырлык кыласыңар? Силер жок нерсе элеңер, Ал силерди жаратты, тирилтти, кийин экинчи ирет өлтүрөт, андан соң экинчи жашоого тирилтет, анан кылган иштериңердин сурагын бериш үчүн Ага кайтып барасыңар.

2:29Страница 5

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ لَكُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ فَسَوَّىٰهُنَّ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖۚ وَهُوَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ ٢٩

Он - Тот, Кто сотворил для вас все, что на земле, а затем обратился к небу и сделал его семью небесами. Ему известно о всякой вещи.

Аллах силер үчүн жер бетиндеги дарыяларды, бак-дарактарды жана башка сан жеткис нерселерди жаратты. Силер аларды пайдаланып жатасыңар жана силерге баш ийдирилген нерселерден ырахат алып жатасыңар. Андан соң асманга көтөрүлүп, бир тегиз жети кабат асманды жаратты. Ал илими менен бардык нерсени Өзүнө камтып алган.

2:30Страница 6

وَإِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي جَاعِلٞ فِي ٱلۡأَرۡضِ خَلِيفَةٗۖ قَالُوٓاْ أَتَجۡعَلُ فِيهَا مَن يُفۡسِدُ فِيهَا وَيَسۡفِكُ ٱلدِّمَآءَ وَنَحۡنُ نُسَبِّحُ بِحَمۡدِكَ وَنُقَدِّسُ لَكَۖ قَالَ إِنِّيٓ أَعۡلَمُ مَا لَا تَعۡلَمُونَ ٣٠

Вот твой Господь сказал ангелам: «Я установлю на земле наместника». Они сказали: «Неужели Ты поселишь там того, кто будет распространять нечестие и проливать кровь, тогда как мы прославляем Тебя хвалой и освящаем Тебя?». Он сказал: «Воистину, Я знаю то, чего вы не знаете».

Аллах таала периштелерге кабар берип: «Жер бетинде Аллахка баш ийүү менен аны гүлдөтүү үчүн бири-бирине орун басар болгон адамзатты жаратам» деп айтты. Периштелер Раббисинен: адамзат кийин ал жерде бузукулук кылып, канкорлук менен кан төксө, аларды эмне себептен орун басар кылып жаратканынын даанышман сырын билгилери келип сурашты жана айтышты: «Биз Сага баш ийебиз, Сага мактоолорду айтып аруулайбыз, Сенин улуктугуңду жана толуктугуңду даңазалайбыз жана мындан тажабайбыз». Ошондо Аллах алардын суроосуна: «Мен аларды жаратуудагы силер билбеген айкын даанышман сырларды жана аларды орун басар кылуудагы улуу максаттарды билемин» – деп жооп берди.

2:31Страница 6

وَعَلَّمَ ءَادَمَ ٱلۡأَسۡمَآءَ كُلَّهَا ثُمَّ عَرَضَهُمۡ عَلَى ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ فَقَالَ أَنۢبِـُٔونِي بِأَسۡمَآءِ هَٰٓؤُلَآءِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٣١

Он научил Адама всевозможным именам, а затем показал их (творения, нареченные именами) ангелам и сказал: «Назовите мне их имена, если вы говорите правду».

Ошондо Аллах таала Адам атанын ордун билдирүү үчүн ага жан-жаныбарлар, жансыз заттар сыяктуу бүткүл нерселердин аттарын, айтылыштарын жана маанилерин үйрөттү, кийин ал аталыштарды периштелерге көргөзүп: «Эгер силер бул макулуктан артык жана кадырлуубуз деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда булардын аттарын Мага айтып бергилечи» – деди.

2:32Страница 6

قَالُواْ سُبۡحَٰنَكَ لَا عِلۡمَ لَنَآ إِلَّا مَا عَلَّمۡتَنَآۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ ٣٢

Они ответили: «Пречист Ты! Мы знаем только то, чему Ты научил нас. Воистину, Ты - Знающий, Мудрый».

Алар кемчилигин моюнга алышып, артыкчылыкты Аллахка кайтарып: «Оо, Раббибиз! Сенин өкүмүңө жана шариятыңа каршы чыгуудан Сени аруулайбыз жана улуктайбыз. Биз, Сен бизге берген илимден башка эч нерсени билбейбиз. Сенден эч бир нерсе жашыруун болбогон Билүүчүсүң жана тагдырың, шариятың менен ар бир ишти өз ордуна койгон Даанышмансың» – дешти.

2:33Страница 6

قَالَ يَٰٓـَٔادَمُ أَنۢبِئۡهُم بِأَسۡمَآئِهِمۡۖ فَلَمَّآ أَنۢبَأَهُم بِأَسۡمَآئِهِمۡ قَالَ أَلَمۡ أَقُل لَّكُمۡ إِنِّيٓ أَعۡلَمُ غَيۡبَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَأَعۡلَمُ مَا تُبۡدُونَ وَمَا كُنتُمۡ تَكۡتُمُونَ ٣٣

Он сказал: «О Адам! Поведай им об их именах». Когда Адам поведал им об их именах, Он сказал: «Разве Я не говорил вам, что знаю сокровенное на небесах и земле, и знаю, что вы совершаете открыто и что утаиваете?».

Ошондо Аллах таала Адамга: «Аларга бул нерселердин аталыштарын айтып бер» – дейт. Ал аларга Раббиси үйрөткөндөй айтканда, Аллах периштелерге айтты: «Мен силерге асмандар менен жердеги жашыруун нерселерди, ошондой эле силер ачык көргөзгөн абалыңарды жана ичиңерден айткан нерселерди да билем деп айтпадым беле!» – дейт.

2:34Страница 6

وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰ وَٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ ٣٤

Вот Мы сказали ангелам: «Падите ниц перед Адамом». Они пали ниц, и только Иблис отказался, возгордился и стал одним из неверующих.

Аллах таала периштелерди Адамга сый-урмат саждасын кылууну буйруганын, кийин алар Аллахтын буйругун аткарууга шашылып сажда кылышканын баяндады. Бирок жиндерден болгон Иблис гана кылган жок. Ал Аллахтын сажда кылууга болгон буйругуна каршы чыгып, Адамга текеберлик кылып сажда кылбады. Ошол себептүү Аллах таалага каапырлык кылгандардан болду.

2:35Страница 6

وَقُلۡنَا يَٰٓـَٔادَمُ ٱسۡكُنۡ أَنتَ وَزَوۡجُكَ ٱلۡجَنَّةَ وَكُلَا مِنۡهَا رَغَدًا حَيۡثُ شِئۡتُمَا وَلَا تَقۡرَبَا هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ ٣٥

Мы сказали: «О Адам! Поселись в Раю вместе со своей супругой. Ешьте там вволю, где пожелаете, но не приближайтесь к этому дереву, а не то окажетесь одними из беззаконников».

Биз айттык: «Эй, Адам! Аялың Хава экөөңөр бейиште жашагыла жана бейиштин кайсы жеринде болбосун, бузулбаган жагымдуу жана берекелүү тамак-аштан жегиле. Бирок Мен силерге жегенге тыюу салган бул даракка жакындабагыла, болбосо Мен силерге буйруган нерсеге каршы чыгып, залымдардан болуп каласыңар».

2:36Страница 6

فَأَزَلَّهُمَا ٱلشَّيۡطَٰنُ عَنۡهَا فَأَخۡرَجَهُمَا مِمَّا كَانَا فِيهِۖ وَقُلۡنَا ٱهۡبِطُواْ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوّٞۖ وَلَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُسۡتَقَرّٞ وَمَتَٰعٌ إِلَىٰ حِينٖ ٣٦

Дьявол же побудил их споткнуться о него и вывел их оттуда, где они находились. И тогда Мы сказали: «Низвергнитесь и будьте врагами друг другу! Земля будет для вас обителью и предметом пользования до определенного срока».

Шайтан аларды азгырып, кооз көргөзө берди, акыры Аллах тыйган дарактан аларга жегизип, каталыкка жана күнөөгө кириптер кылды. Ошентип алардын жазасы катары Аллах аларды жашаган жери бейиштен чыгарды. Аллах аларга жана шайтанга айтты: «Жерге түшкүлө! Силер бири-бириңерге душмансыңар. Силер ажалыңар жеткенче жана кыямат кайым болгончо ал жерде каласыңар, турукташып жашайсыңар жана андагы жакшылыктарды пайдаланасыңар».

2:37Страница 6

فَتَلَقَّىٰٓ ءَادَمُ مِن رَّبِّهِۦ كَلِمَٰتٖ فَتَابَ عَلَيۡهِۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ ٣٧

Адам принял слова от своего Господа, и Он принял его покаяние. Воистину, Он - Принимающий покаяние, Милосердный.

Ошентип Адам ата Аллах анын дилине салган жана алар менен дуба кыл деп илхам кылган сөздөрдү алды. Алар тууралуу Аллахтын бул сөзүндө айтылган: «Алар айтышты: Оо, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эми Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, биз анык жоготууга учурагандардан болобуз» (Аърам, 23-аят). Ошондо Аллах анын тообосун кабыл кылды, аны кечирди. Чындыгында Аллах таала пенделеринин тооболорун көп кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.

2:38Страница 7

قُلۡنَا ٱهۡبِطُواْ مِنۡهَا جَمِيعٗاۖ فَإِمَّا يَأۡتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدٗى فَمَن تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ ٣٨

Мы сказали: «Низвергнитесь отсюда все!». Если к вам явится руководство от Меня, то те, которые последуют за Моим руководством, не познают страха и не будут опечалены.

Биз аларга: «Баарыңар бейиштен жерге түшкүлө» – дедик. Эгерде силерге пайгамбарларымдын кол астында туура жол келип, ким аны ээрчисе жана элчилериме ыйман келтирсе, аларга акыретте коркунуч болбойт жана дүйнөдө жоготкон нерселери үчүн өкүнбөйт.

2:39Страница 7

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ ٣٩

А те, которые не уверуют и сочтут ложью Наши знамения, будут обитателями Огня. Они пребудут там вечно.

Ал эми каапырлык кылып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандар, мына ошолор тозокто түбөлүк калуучулар.

2:40Страница 7

يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتِيَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ وَأَوۡفُواْ بِعَهۡدِيٓ أُوفِ بِعَهۡدِكُمۡ وَإِيَّٰيَ فَٱرۡهَبُونِ ٤٠

О сыны Исраила (Израиля)! Помните милость, которую Я оказал вам. Будьте верны завету со Мной, и Я буду верен завету с вами. Меня одного страшитесь.

Оо, Аллахтын пайгамбары Якубдун урпактары! Аллах силерге удаа-удаа берген жакшылыктарын эстеп, шүгүр кылгыла. Ошондой эле Мага жана Менин элчилериме ыйман келтирип, шариятыма ылайык иш кылуу менен Менин келишимимди аткаргыла. Эгер аны аткарсаңар, Мен дагы силерге бул дүйнөдө жакшы жашоо жана кыяматта жакшы сыйлык берүү тууралуу убадамды аткарам. Жалгыз Менден гана корккула жана Менин келишимимди бузбагыла.

2:41Страница 7

وَءَامِنُواْ بِمَآ أَنزَلۡتُ مُصَدِّقٗا لِّمَا مَعَكُمۡ وَلَا تَكُونُوٓاْ أَوَّلَ كَافِرِۭ بِهِۦۖ وَلَا تَشۡتَرُواْ بِـَٔايَٰتِي ثَمَنٗا قَلِيلٗا وَإِيَّٰيَ فَٱتَّقُونِ ٤١

Уверуйте в то, что Я ниспослал в подтверждение того, что есть у вас, и не становитесь первыми, кто отказался уверовать в это. Не продавайте Мои знамения за ничтожную цену и Меня одного бойтесь.

Аллахтын жалгыздыгы жана Мухаммаддын пайгамбарлыгы тууралуу бурмаланганга чейинки Тооратта айтылгандарга ылайык Мен Мухаммадга түшүргөн Куранга ыйман келтиргиле. Ага каапырлык кылган биринчи топ болуудан сак болгула, Мен түшүргөн аяттарымды кадыр-барк, мансап үчүн арзыбаган баага сатпагыла, Менин каарымдан жана азабымдан корккула!

2:42Страница 7

وَلَا تَلۡبِسُواْ ٱلۡحَقَّ بِٱلۡبَٰطِلِ وَتَكۡتُمُواْ ٱلۡحَقَّ وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٤٢

Не облекайте истину в ложь и не скрывайте истину, тогда как вы знаете ее.

Пайгамбарларыма түшүргөн акыйкатты өзүңөр ойлоп чыгарган жалган сөздөр менен аралаштырбагыла жана китептериңерде Мухаммаддын сыпаты тууралуу келген акыйкатты билип, анык ишенип туруп жаап-жашырбагыла.

2:43Страница 7

وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱرۡكَعُواْ مَعَ ٱلرَّٰكِعِينَ ٤٣

Совершайте намаз, выплачивайте закят и кланяйтесь вместе с кланяющимися.

Намазды парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткаргыла, Аллах колуңарда кылган мал-мүлкүңөрдүн зекетин чыгаргыла жана Мухаммаддын үммөтүндөгү баш ийген адамдар менен бирге Аллахка моюн сунгула.

2:44Страница 7

۞ أَتَأۡمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلۡبِرِّ وَتَنسَوۡنَ أَنفُسَكُمۡ وَأَنتُمۡ تَتۡلُونَ ٱلۡكِتَٰبَۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ ٤٤

Неужели вы станете призывать людей к добродетели, предав забвению самих себя, ведь вы же читаете Писание? Неужели вы не образумитесь?

Башкаларды ыйман келтирүүгө жана жакшылык кылууга буйруп, бирок өзүңөрдү унутуп андан жүз бурганыңар кандай жаман! Силер Тооратты окуп, Аллахтын динин ээрчүү жана Анын элчилерине ишенүү менен андагы келген буйруктарды аткарып жатасыңар го. Акылыңарды иштетсеңер болбойбу?!

2:45Страница 7

وَٱسۡتَعِينُواْ بِٱلصَّبۡرِ وَٱلصَّلَوٰةِۚ وَإِنَّهَا لَكَبِيرَةٌ إِلَّا عَلَى ٱلۡخَٰشِعِينَ ٤٥

Обратитесь за помощью к терпению и намазу. Воистину, намаз является тяжким бременем для всех, кроме смиренных,

Дүйнөлүк жана диний бардык иштериңерде сабырдуулук жана намаз окуу менен жардам сурагыла. Булар силерди Аллахка жакындатат, Аны менен байланыштырат, силерге жардам берет, сактайт жана башыңарга түшкөн зыянды кетирет. Чындыгында намаз Раббисине моюн сунгандардан башкалар үчүн оор жана чоң.

2:46Страница 7

ٱلَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُم مُّلَٰقُواْ رَبِّهِمۡ وَأَنَّهُمۡ إِلَيۡهِ رَٰجِعُونَ ٤٦

которые убеждены в том, что они встретятся со своим Господом и что они возвратятся к Нему.

Анткени мына ошолор кыямат күнү Раббисинин алдына барып, Ага жолугарына жана кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын алуу үчүн Ага гана кайтып барарына терең ишенишет.

2:47Страница 7

يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتِيَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ وَأَنِّي فَضَّلۡتُكُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ ٤٧

О сыны Исраила (Израиля)! Помните о милости, которую Я оказал вам, а также о том, что Я возвысил вас над мирами.

Оо, Аллахтын пайгамбары Якубдун урпактары! Мен силерге берген дүйнөлүк жана диний жакшылыктарымды эстегиле. Ошондой эле силерге пайгамбарлык менен падышалыкты берип, силер менен замандаш адамдардын үстүнөн артык кылганымды эстегиле.

2:48Страница 7

وَٱتَّقُواْ يَوۡمٗا لَّا تَجۡزِي نَفۡسٌ عَن نَّفۡسٖ شَيۡـٔٗا وَلَا يُقۡبَلُ مِنۡهَا شَفَٰعَةٞ وَلَا يُؤۡخَذُ مِنۡهَا عَدۡلٞ وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ ٤٨

Страшитесь того дня, когда ни один человек не принесет пользы другому и когда не будет принято заступничество, когда нельзя будет откупиться и когда им не будет оказана поддержка.

Өзүңөр менен кыяматтагы азаптын ортосуна буйруктарды аткарууну жана тыюуларды таштоону тосмо кылгыла. Ал күндө бирөө бирөөгө пайдасын тийгизе албайт, зыяндан куткаруу же пайда келтирүүдө Аллахтын уруксатысыз эч кимдин шапааты кабыл кылынбайт жана жер бети толо алтын кун берсе да кабыл кылынбайт. Ал күндө аларга эч кандай жардамчы болбойт. Эгерде шапаат кылуучу да, кун да, жардамчы да пайда бербесе, анда кутулмак кайда?!

2:49Страница 8

وَإِذۡ نَجَّيۡنَٰكُم مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَسُومُونَكُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يُذَبِّحُونَ أَبۡنَآءَكُمۡ وَيَسۡتَحۡيُونَ نِسَآءَكُمۡۚ وَفِي ذَٰلِكُم بَلَآءٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَظِيمٞ ٤٩

Вот Мы спасли вас от рода Фараона. Они подвергали вас ужасным мучениям, убивали ваших сыновей и оставляли в живых ваших женщин. Это было для вас великим испытанием (или великой милостью) от вашего Господа.

Эй, Исраил урпактары! Биз бир кезде силерди Фараондун жан-жөкөрлөрү көрсөткөн түрлүү азаптардан куткарганыбызды эстегиле. Анткени алар силерди кордош жана кемсинтиш максатта тукумуңарды курутуу үчүн уулдарыңарды өлтүрүштү жана чоңойгондо аларга кызмат кылат деп кыздарыңарды тирүү калтырышты. Силерди Фараондун жана анын жан-жөкөрлөрүнүн зомбулугунан куткаруу – Раббиңер тараптан чоң сыноо. Балким шүгүр кыласыңар.

2:50Страница 8

وَإِذۡ فَرَقۡنَا بِكُمُ ٱلۡبَحۡرَ فَأَنجَيۡنَٰكُمۡ وَأَغۡرَقۡنَآ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ وَأَنتُمۡ تَنظُرُونَ ٥٠

Вот Мы разверзли для вас море, спасли вас и потопили род Фараона, тогда как вы наблюдали за этим.

Жана Биз силер үчүн деңизди экиге бөлүп, ал аркылуу өтүшүңөр үчүн кургак жол кылып, силерди куткарганыбызды жана душманыңар Фараонду жана анын жан-жөкөрлөрүн көз алдыңарда деңизге чөктүрүп жибергенибизди эстегиле.

2:51Страница 8

وَإِذۡ وَٰعَدۡنَا مُوسَىٰٓ أَرۡبَعِينَ لَيۡلَةٗ ثُمَّ ٱتَّخَذۡتُمُ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِهِۦ وَأَنتُمۡ ظَٰلِمُونَ ٥١

Вот Мы определили Мусе (Моисею) сорок дней, а после его ухода вы стали поклоняться тельцу, будучи беззаконниками.

Ошондой эле бул жакшылыктардын ичинен нур жана туура жол болгон Тооратты толук түшүрүү үчүн Муса менен кырк түнгө убадалашканыбызды эстегиле. Кийин силер ошол арада торпокко сыйынып кеттиңер. Силер бул кылыгыңар менен залым болдуңар.

2:52Страница 8

ثُمَّ عَفَوۡنَا عَنكُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ ٥٢

После этого Мы простили вас, - быть может, вы будете благодарны.

Андан соң Биз силерди тообо кылганыңардан кийин кечирдик, балким Аллахка жакшылап сыйынып, Ага баш ийүү менен шүгүр кылышат деп жазалабадык.

2:53Страница 8

وَإِذۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡفُرۡقَانَ لَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ ٥٣

Вот Мы даровали Мусе (Моисею) Писание и различение, - быть может, вы последуете прямым путем.

Жана бул жакшылыктардын ичинен силерди туура жолго түшсүн деген үмүттө акыйкат менен жалганды ажыратуучу, туура жол менен адашууну айырмалоочу Тооратты Мусага бергенибизди эстегиле.

Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии

Содержание

Аят аль-Курси36Аль-Кахфстр. 42джуз 15Бухари 1Муслим 2999

Вид

Тема
Размер текста
Вид

Read in English