Аль-МухтасарАль‑Ахзаб · 33:1–49

Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском

الأحزاب

Аль-Ахзаб

Союзники · Мединская · 73 аята

33:1Страница 418

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا ١

О Пророк! Бойся Аллаха и не повинуйся неверующим и лицемерам. Воистину, Аллах - Знающий, Мудрый.

Оо, пайгамбар! Сен жана сени менен бирге болгондор Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап такыбалыкка бекем болгула жана жалгыз Андан корккула! Жана каапырлар менен эки жүздүүлөргө алардын напсилери каалаган нерседе баш ийбегиле! Чындыгында Аллах каапырлар менен эки жүздүүлөрдүн айла-амалдарын Билүүчү, Өзүнүн жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман.

33:2Страница 418

وَٱتَّبِعۡ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا ٢

Следуй тому, что внушается тебе в откровении от твоего Господа. Воистину, Аллах ведает о том, что вы совершаете.

Раббиң сага түшүргөн вахийди ээрчи! Чындыгында Аллах силердин кылган иш-аракеттериңерден Кабардар. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында Ал силерге кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.

33:3Страница 418

وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا ٣

Уповай на Аллаха, и довольно того, что Аллах является Попечителем и Хранителем!

Жана бардык иштериңде жалгыз Аллахка гана тобокел кыл! Пенделеринен Ага тобокел кылгандарга Аллах Өзү жетиштүү коргоочу.

33:4Страница 418

مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٖ مِّن قَلۡبَيۡنِ فِي جَوۡفِهِۦۚ وَمَا جَعَلَ أَزۡوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔي تُظَٰهِرُونَ مِنۡهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمۡۚ وَمَا جَعَلَ أَدۡعِيَآءَكُمۡ أَبۡنَآءَكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ قَوۡلُكُم بِأَفۡوَٰهِكُمۡۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلۡحَقَّ وَهُوَ يَهۡدِي ٱلسَّبِيلَ ٤

Аллах не даровал человеку двух сердец в одном теле. Он не сделал вашими матерями тех ваших жен, которых вы объявляете запретными для себя, и не сделал ваших приемных сыновей вашими сыновьями. Это - всего лишь слова из ваших уст. Аллах же глаголет истину и наставляет на прямой путь.

Аллах Таала бир адамдын көкүрөгүнө эки жүрөктү батырган эмес. Ошондой эле, тыйылчу иштерде аялдарды энелердин ордуна койгон эмес. Бакма балдарды да бел суунан жаралган өз балдарындай кылган эмес. Зихар кылуу (энеси же эже-карындаштары сыяктуу аялын өзүнө арам кылуусу) жана бакма баланы өз баласындай тегине өткөрүп алуу — Ислам дини жокко чыгарган, эски караңгы доордун үрп-адаттарынан. Мына ошол зихар кылуу жана бакма баланы өзүнүн баласындай ата-тегине таандык кылып алуу — бул, эч кандай чындыгы жок курулай сөздөр. Аялы эч качан энесиндей болбойт, бакма баласы да өз баласы болуп калбайт. Аллах Таала пенделери аткарсын үчүн акыйкатты айтат жана туура жолго багыттайт.

33:5Страница 418

ٱدۡعُوهُمۡ لِأٓبَآئِهِمۡ هُوَ أَقۡسَطُ عِندَ ٱللَّهِۚ فَإِن لَّمۡ تَعۡلَمُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمۡۚ وَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٞ فِيمَآ أَخۡطَأۡتُم بِهِۦ وَلَٰكِن مَّا تَعَمَّدَتۡ قُلُوبُكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمًا ٥

Зовите их (приемных детей) по именам их отцов. Это более справедливо перед Аллахом. Если же вы не знаете их отцов, то они являются вашими братьями по вере и вашими близкими. Не будет на вас греха, если вы совершите ошибку, если только вы не вознамерились совершить такое в сердце. Аллах - Прощающий, Милосердный.

Силер балам деп ойлогон бакма балдарыңарды өз аталарынын аттары менен чакыргыла. Аларды өз аталарына таандык кылуу Аллахтын алдында адилеттик. Эгер алардын өз аталарын билбесеңер, анда алар силердин диндеш бир туугандарыңар жана мүмкүн кулчулуктан аларды куткарган кишилериңер. Аларды «оо, ага же ини» же «оо, абамдын баласы» деп чакыргыла. Эгер билбестен өгөй атасынын аты менен чакырып алсаңар күнөөкөр болбойсуңар. Бирок муну билип туруп айтсаңар күнөө аласыңар. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларды катачылык себептүү жазалабаган Ырайымдуу.

33:6Страница 418

ٱلنَّبِيُّ أَوۡلَىٰ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَأَزۡوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمۡۗ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفۡعَلُوٓاْ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِكُم مَّعۡرُوفٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا ٦

Пророк ближе к верующим, чем они сами, а его жены - их матери. В соответствии с предписанием Аллаха, кровные родственники ближе друг к другу, чем верующие и мухаджиры, если только вы не сделаете добро своим друзьям. Так было записано в Писании (Хранимой скрижали).

Мухаммад пайгамбар момундарды кайсы нерсеге чакырбасын, алардын көңүлү башкага тартып турса да пайгамбар алар үчүн өз жандарынан да артык болуш керек. Ал эми анын аялдары жалпы мусулмандардын энелери. Андыктан пайгамбар өлгөндөн кийин мусулмандар үчүн анын аялдарына үйлөнүү арам. Аллахтын өкүмү боюнча ыймандуулар менен Аллах жолунда көчкөндөргө караганда туугандык катышы барлар бири-биринен мурас алууда акысы жогору. Алар Исламдын баштапкы учурунда бири-биринен мурас алышчу. Бирок кийин көп өтпөй алардын бири-биринен мурас алуу өкүмү жокко чыгарылган. Эй, ыймандуулар! Бирок силерге мураскер болбогон жакын досторуңарга мурас осуят кылсаңар же жакшылык кылсаңар уруксат. Мына ушул өкүм “Сакталынган (тагдыр) Тактада” жазылган. Андыктан аны аткаруу милдет.

33:7Страница 419

وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَٰقَهُمۡ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٖ وَإِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۖ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا ٧

Вот Мы заключили завет с пророками, с тобой, Нухом (Ноем), Ибрахимом (Авраамом), Мусой (Моисеем) и Исой (Иисусом), сыном Марьям (Марии). Мы заключили с ними суровый завет,

Оо, пайгамбар! Эстечи, бир убакта Биз пайгамбарлардан Аллахка эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Ага сыйынуу тууралуу жана аларга түшкөн вахийди жеткирүү тууралуу бекем убада алганбыз. Ошондой эле жеке сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан жана Мариямдын уулу Исадан да Аллахтын жолдомосун жеткирүү милдеттемесин аткарууга анык убада алганбыз.

33:8Страница 419

لِّيَسۡـَٔلَ ٱلصَّٰدِقِينَ عَن صِدۡقِهِمۡۚ وَأَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابًا أَلِيمٗا ٨

чтобы Он спросил правдивых об их правдивости. Он приготовил неверующим мучительные страдания.

Аллах каапырларды айыптоо максатта чынчыл элчилерден алардын чынчылдыгы тууралуу сураш үчүн пайгамбарлардан ушул анык убаданы алды. Аллах Өзүнө жана пайгамбарларына каапырлык кылгандарга кыямат күнү тозок оту болгон кыйноочу азапты даярдап койду.

33:9Страница 419

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ جَآءَتۡكُمۡ جُنُودٞ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا وَجُنُودٗا لَّمۡ تَرَوۡهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا ٩

О те, которые уверовали! Помните милость Аллаха, которая была оказана вам, когда воины выступили против вас. Мы наслали на них ветер и воинов, которых вы не видели. Аллах видит то, что вы совершаете.

Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана шариятын аткаргандар! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле, бир кезде каапырлардын аскери силерге каршы согушуш үчүн топ-топ болуп Мединага келишти. Аларды эки жүздүүлөр менен жөөттөр колдошту. Ошондо Биз аларга пайгамбарды жеңишке жеткирген батыштан соккон шамалды жибердик. Ошондой эле аларга көрүнбөгөн периштелер аскерин жибердик. Ошондо каапырлар эч нерсе кыла алышпай качып жөнөштү. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.

33:10Страница 419

إِذۡ جَآءُوكُم مِّن فَوۡقِكُمۡ وَمِنۡ أَسۡفَلَ مِنكُمۡ وَإِذۡ زَاغَتِ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلۡقُلُوبُ ٱلۡحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠ ١٠

Вот они напали на вас сверху и снизу, и тогда взоры замерли, сердца достигли горла, и вы стали делать предположения об Аллахе.

Ошондо каапырлар өрөөндүн өйдө тарабынан, батыш менен чыгышындагы ылдый тарабынан келишти. Ошол кезде катуу коркунучтан улам көздөр душман тарапты гана тиктеп калды, жүрөктөр алкымга кептелип калды. Силер Аллах тууралуу ар кандай ойлой баштадыңар, бирде жеңишти ойлосоңор, бирде андан үмүт жок деп ойлоп жаттыңар.

33:11Страница 419

هُنَالِكَ ٱبۡتُلِيَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَزُلۡزِلُواْ زِلۡزَالٗا شَدِيدٗا ١١

Там верующие подверглись испытанию и сильному потрясению.

Ыймандуулар мына ошол Хандак согушунда жаалданган душман бастырып келгенде сыналды. Аябагандай коркунуч аларды катуу сестентти. Мына ушул сыноодо ким ыймандуу, ким эки жүздүү экени ачык билинди.

33:12Страница 419

وَإِذۡ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ مَّا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ إِلَّا غُرُورٗا ١٢

Вот сказали лицемеры и те, чьи сердца поражены недугом: «Обещания Аллаха и Его Посланника были всего лишь обольщением».

Ошол күнү эки жүздүүлөр жана жүрөгүндө шек-күмөнү бар ыйманы алсыздар: «Аллах менен Анын элчисинин бизди жеңишке жетесиңер, жер бетинде бийлик кыласыңар деген убадасы эч кандай негизи жок жалган экен» – дешти.

33:13Страница 419

وَإِذۡ قَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ يَٰٓأَهۡلَ يَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمۡ فَٱرۡجِعُواْۚ وَيَسۡتَـٔۡذِنُ فَرِيقٞ مِّنۡهُمُ ٱلنَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوۡرَةٞ وَمَا هِيَ بِعَوۡرَةٍۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارٗا ١٣

Вот некоторые из них сказали: «О жители Ясриба (Медины), вы не сможете выстоять! Вернитесь!». А некоторые из них попросили разрешения у Пророка и сказали: «Наши дома остались беззащитны». Они не были беззащитны - они лишь хотели сбежать.

Оо, пайгамбар! Эстечи, ошол кезде эки жүздүүлөрдүн бир тобу Мединанын элине: «Эй, Ясрибдин эли! (Ясриб Мединанын Исламга чейинки аталышы) Хандакка жакын жердеги Сала тоосунун этегинде турбай эле койгула! Андан көрө үйүңөргө кайткыла!» – дешти. Ал эми алардын башка бир тобу «үйлөрүбүз душманга ачык калды» деген шылтоо менен пайгамбардан үйлөрүнө кетүүгө уруксат сурашты. Бирок алар ойлогондой ачык калган эмес. Акыйкатта алар бул жалган шылтоо менен душмандан качууну каалашкан.

33:14Страница 419

وَلَوۡ دُخِلَتۡ عَلَيۡهِم مِّنۡ أَقۡطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُواْ ٱلۡفِتۡنَةَ لَأٓتَوۡهَا وَمَا تَلَبَّثُواْ بِهَآ إِلَّا يَسِيرٗا ١٤

Если бы они (союзники) вторглись в него со всех сторон и потребовали бы от них искушения (отказаться от веры), то они пошли бы на это и не стали бы медлить с этим, разве что немного.

Эгерде душман Мединанын бүт тарабынан аларды бастырып кирип, алардан Аллахка каапырлык жана ширк кылууга кайткыла деп талап кылса, анда алар душмандын талабын аткарышмак. Алардын бир аз бөлүгү гана каапырлыкка кайтышпайт болчу.

33:15Страница 419

وَلَقَدۡ كَانُواْ عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ مِن قَبۡلُ لَا يُوَلُّونَ ٱلۡأَدۡبَٰرَۚ وَكَانَ عَهۡدُ ٱللَّهِ مَسۡـُٔولٗا ١٥

А ведь прежде они заключили завет с Аллахом о том, что не обратятся вспять. О завете с Аллахом они будут спрошены.

Тиги эки жүздүүлөр "Ухуд" согушу болгон күндө согуштан качкандан кийин Аллахка ант берип: «Эгер Аллах бизди дагы башка согушка туш кылса, биз, албетте душман менен согушабыз, алардан коркуп качпайбыз» - дешти эле. Бирок алар анттарын бузду. Чынында, пенде Аллахка берген убадасы тууралуу суралуучу, жакында ал тууралуу сурак берет.

33:16Страница 420

قُل لَّن يَنفَعَكُمُ ٱلۡفِرَارُ إِن فَرَرۡتُم مِّنَ ٱلۡمَوۡتِ أَوِ ٱلۡقَتۡلِ وَإِذٗا لَّا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلٗا ١٦

Скажи: «Бегство не принесет вам пользы, если вы пытаетесь сбежать от смерти или гибели. В этом случае вы будете пользоваться благами лишь недолго».

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн коркуп согуштан качсаңар да силерге качканыңар эч пайда бербейт. Анткени ажал тагдырда жазылган. А эгер ажалыңардын мөөнөтү келе элек болсо, өзү бул жашоодо аз гана убакыт пайдаланып жашайсыңар».

33:17Страница 420

قُلۡ مَن ذَا ٱلَّذِي يَعۡصِمُكُم مِّنَ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَ بِكُمۡ سُوٓءًا أَوۡ أَرَادَ بِكُمۡ رَحۡمَةٗۚ وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا ١٧

Скажи: «Кто защитит вас от Аллаха, если Он пожелает вам зла? А если Он пожелает оказать вам милость?». Они не найдут для себя вместо Аллаха ни покровителя, ни помощника.

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерди Аллахтан ким коргой алат, эгер Ал силер жаман көргөн өлүмдү же өлтүрүлүүнү силерге каалаган болсо, же силер каалаган амандыкты жана жакшылыкты силерге каалаган болсо, ким тосо алат. Силерди мындан эч ким коргой албайт». Ал эки жүздүүлөр алардын ишин жөнгө салган Аллахтан башка дос таба алышпайт жана аларды Аллахтын азабынан коргогон колдоочу да таба алышпайт».

33:18Страница 420

۞ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلۡمُعَوِّقِينَ مِنكُمۡ وَٱلۡقَآئِلِينَ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ هَلُمَّ إِلَيۡنَاۖ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلۡبَأۡسَ إِلَّا قَلِيلًا ١٨

Аллах знает тех из вас, которые отвращают людей от участия в войне, и тех, которые говорят своим братьям: «Идите к нам!». Они принимают в войне ничтожное участие,

Силердин араңардагы, Аллахтын элчиси менен бирге душманга каршы согушуудан башкаларды тыйып жаткандарды жана туугандарына: «Бизге кошулгула! Ага кошулуп согушпагыла, жаныңар кыйылат! Чынында, биз силердинжаныңар кыйылат деп коркуп жатабыз» деп азгыргандарды Аллах жакшы билет. Ал саткындар согушка келбейт жана катышпайт, катышса да, сейрек, Аллахты жана Анын элчисин колдоо үчүн эмес, өздөрү намыска калбоо үчүн келишет.

33:19Страница 420

أَشِحَّةً عَلَيۡكُمۡۖ فَإِذَا جَآءَ ٱلۡخَوۡفُ رَأَيۡتَهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ تَدُورُ أَعۡيُنُهُمۡ كَٱلَّذِي يُغۡشَىٰ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلۡخَوۡفُ سَلَقُوكُم بِأَلۡسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلۡخَيۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يُؤۡمِنُواْ فَأَحۡبَطَ ٱللَّهُ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا ١٩

поскольку они скупы по отношению к вам. Когда ими овладевает страх, ты видишь, как они смотрят на тебя. Их глаза вращаются, словно у того, кто теряет сознание перед смертью. Когда же страх проходит, они обижают вас острыми языками, скупясь на добро. Они не уверовали, и Аллах сделал тщетными их деяния. Это для Аллаха было легко.

Оо, ыймандуулар жамааты! Алар силерден мал-мүлкүн аяган сараңдар, алар силерге жардам беришпейт. Алар жанына сараңдык кылгандар, силер менен бирге согушпайт. Алар сүйүүсүн аягандар, силерди жакшы көрүшпөйт. Оо, пайгамбар! Душман менен болгон беттеште коркунуч басканда, алардын көздөрү коркоктуктан өлүм алдында жан алакетке түшкөн адамдын көздөрүндөй болуп алаңдап сени жалдырап тиктегендерин көрөсүң. Ал эми алардан коркунуч кетип, тынчтанып калганда заар тилдери менен ар нерсени айтып зыян беришет. Алар олжого ач көз, аны далбастап издешет. Мына ушундай сыпаттагы адамдар чындап ыйман келтиришкен эмес. Ошол себептен Аллах алардын иш-аракеттеринин соопторун жок кылды. Ал жок кылуу Аллах үчүн өтө жеңил.

33:20Страница 420

يَحۡسَبُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ لَمۡ يَذۡهَبُواْۖ وَإِن يَأۡتِ ٱلۡأَحۡزَابُ يَوَدُّواْ لَوۡ أَنَّهُم بَادُونَ فِي ٱلۡأَعۡرَابِ يَسۡـَٔلُونَ عَنۡ أَنۢبَآئِكُمۡۖ وَلَوۡ كَانُواْ فِيكُم مَّا قَٰتَلُوٓاْ إِلَّا قَلِيلٗا ٢٠

Они полагают, что союзники не ушли. Если бы союзники пришли, то они захотели бы кочевать среди бедуинов и расспрашивать о вас. Будь они вместе с вами, то они бы не сражались, разве что немного.

Ал коркоктор Аллахтын элчиси менен мусулмандарга каршы согушууга келген жоон топтор мусулмандарды кырып жок кылмайын кетишпейт деп ойлошот. Эгер тагдыр болуп, ал жоон топтор дагы бир жолу келишсе, анда ал эки жүздүүлөр силерден: «Душманыңар менен согушкандан кийин силерге эмне болду?» – деп кабар алып арабдар менен Мединадан чыгып кетүүнү каалашмак. Оо, ыймандуулар! Алар силердин араңарда болушса да алардын аз гана бөлүгү силер менен бирге согушмак. Андыктан аларга маани бербегиле, алар үчүн көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө.

33:21Страница 420

لَّقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا ٢١

В Посланнике Аллаха был прекрасный пример для вас, для тех, кто надеется на Аллаха и Последний день и премного поминает Аллаха.

Аллахтын элчиси айткан сөздөрдө, аткарган иштерде силер үчүн эң жакшы үлгүлөр бар. Ал улуу башы менен өзү келип согушка катышып атса, ушундан кийин кантип андан өз жаныңарды аяп жатасыңар? Акырет күнүн каалап, ал үчүн аракет кылган жана Аллахты көптөн-көп зикир кылган адам гана Аллахтын элчисин үлгү тутат. Ал эми акырет күнүн каалабаган жана Аллахтын көп зикир кылбаган адам Аллахтын элчисин үлгү тутпайт.

33:22Страница 420

وَلَمَّا رَءَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ قَالُواْ هَٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥۚ وَمَا زَادَهُمۡ إِلَّآ إِيمَٰنٗا وَتَسۡلِيمٗا ٢٢

Когда верующие увидели союзников, они сказали: «Это - то, что обещали нам Аллах и Его Посланник. Аллах и Его Посланник сказали правду». Это приумножило в них лишь веру и покорность.

Качан ыймандуулар аларга каршы согушууга бириккен жоон топторду көргөндө айтышты: «Бул Аллахтын жана Анын элчисинин бизге кыйынчылыктар, сыноолор жана жеңиш тууралуу айткан убадасы. Аллах жана Анын элчиси бул нерседе чындыкты айтыптыр. Ошол эми ишке ашып жатат». Алардын жоон топторду көрүүсү Аллахка болгон ыймандарын жана моюн сунууларын гана күчөттү.

33:23Страница 421

مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ فَمِنۡهُم مَّن قَضَىٰ نَحۡبَهُۥ وَمِنۡهُم مَّن يَنتَظِرُۖ وَمَا بَدَّلُواْ تَبۡدِيلٗا ٢٣

Среди верующих есть мужи, которые верны завету, который они заключили с Аллахом. Среди них есть такие, которые уже выполнили свои обязательства (или умерли), и такие, которые еще ожидают, но никак не изменяют своему завету.

Ыймандуулардын арасында ушундай эркектер бар, алар Аллахка чынчыл, анткени алар Аллах жолунда согушууда туруктуулукту, сабырдуулукту көрсөтүп Ага берген убадаларын аткарышты. Алардын арасында өлгөндөрү же Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрү бар. Ошондой эле алардын арасында Аллах жолунда шейит болууну күткөндөрү да бар. Ал ыймандуулар Аллахка берген убадаларын эки жүздүүлөр сыяктуу өзгөртүшкөн жок.

33:24Страница 421

لِّيَجۡزِيَ ٱللَّهُ ٱلصَّٰدِقِينَ بِصِدۡقِهِمۡ وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ إِن شَآءَ أَوۡ يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا ٢٤

Это происходит для того, чтобы Аллах воздал правдивым за их правдивость и наказал лицемеров, если Он пожелает этого, или принял их покаяния. Воистину, Аллах - Прощающий, Милосердный.

Аллах чынчылдарды өз чынчылдыктары жана Ага берген убадаларын аткаргандыктары себептүү аларды сыйлаш үчүн жана убадаларын бузган эки жүздүүлөрдү азапташ үчүн ушундай кылды. Эгер Ал кааласа аларды каапырлыктарына тообо кылышканына чейин өлтүрөт же аларга тообо кылууга ийгилик берип, тооболорун кабыл кылат. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө тообо кылгандарга Кечиримдүү, Ырайымдуу.

33:25Страница 421

وَرَدَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِغَيۡظِهِمۡ لَمۡ يَنَالُواْ خَيۡرٗاۚ وَكَفَى ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلۡقِتَالَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزٗا ٢٥

Аллах вернул неверующих в ярости (или по причине их ярости), и они не обрели добра. Аллах избавил верующих от сражения. Аллах - Всесильный, Могущественный.

Аллах Курайшты, Гатафанды жана алар менен бирге болгондорду өкүнүчтөрү, кайгылары менен артка кайтарды. Анткени алар үмүт кылгандай болбой калды, алардын мусулмандарды кырып жок кылабыз деген каалоолору ишке ашпай калды. Аллах ыймандуулар менен бирге согушууда Өзү жетиштүү. Анткени ал шамалды жиберди жана периштелерди түшүрдү. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт.

33:26Страница 421

وَأَنزَلَ ٱلَّذِينَ ظَٰهَرُوهُم مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن صَيَاصِيهِمۡ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَ فَرِيقٗا تَقۡتُلُونَ وَتَأۡسِرُونَ فَرِيقٗا ٢٦

Он вывел из крепостей тех людей Писания, которые помогали им (союзникам), и вселил в их сердца страх. Одну часть их вы убили, а другую взяли в плен.

Жана Аллах аларга жардам беришкен жөөттөрдү душмандарынан коргонгон чептеринен чыгарды. Алардын жандарына коркунуч салды. Эй, ыймандуулар! Силер алардын бир тобун өлтүрдүңөр, бир тобун туткунга алдыңар.

33:27Страница 421

وَأَوۡرَثَكُمۡ أَرۡضَهُمۡ وَدِيَٰرَهُمۡ وَأَمۡوَٰلَهُمۡ وَأَرۡضٗا لَّمۡ تَطَـُٔوهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٗا ٢٧

Он дал вам в наследство их землю, их дома, их имущество и землю, на которую вы даже не ступали. Аллах способен на всякую вещь.

Алар жок кылынгандан кийин Аллах алардын эгин жана курма тигилген бак-талаалары менен жерлерин силерге ээлик кылып берди, алардын үй-жайларын жана башка мал-мүлктөрүн да силерге берди. Ошондой эле силерди Хайбар жерине ээлик кылдырды. Алдын силер бул жерге келген эмессиңер, эми келесиңер. Мына ушул ыймандуулар үчүн берилген убада жана сүйүнүч кабар. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт.

33:28Страница 421

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ إِن كُنتُنَّ تُرِدۡنَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتَهَا فَتَعَالَيۡنَ أُمَتِّعۡكُنَّ وَأُسَرِّحۡكُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا ٢٨

О Пророк! Скажи своим женам: «Если вы желаете мирской жизни и ее украшений, то придите, и я наделю вас благами и отпущу красиво.

Оо, пайгамбар! Аялдарың сенин шартың болбой турса да сенден ашыкча каржы талап кылган кезде аларга айт: «Эгер силер дүйнө жашоосун жана андагы кооздуктарды кааласаңар, келгиле анда мен силерге талак алган аялдарга берилген нерсени берейин да, эч кандай зыян бербестен, урушпастан силер менен ажырашайын.

33:29Страница 421

وَإِن كُنتُنَّ تُرِدۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَ فَإِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلۡمُحۡسِنَٰتِ مِنكُنَّ أَجۡرًا عَظِيمٗا ٢٩

Но если вы желаете Аллаха, Его Посланника и Последнюю жизнь, то Аллах приготовил творящим добро среди вас великую награду».

А эгер силер Аллахтын ыраазылыгын, Анын элчисинин ыраазылыгын кааласаңар жана акырет жайындагы бейишти кааласаңар, анда ушул акыбалыңарга сабыр кылгыла. Чындыгында Аллах силердин араңардан талаптагыдай сабырдуулук жана жакшы мамиле кылгандарга улуу сыйлыктарды даярдап койду».

33:30Страница 421

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ مَن يَأۡتِ مِنكُنَّ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖ يُضَٰعَفۡ لَهَا ٱلۡعَذَابُ ضِعۡفَيۡنِۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا ٣٠

О жены Пророка! Если кто из вас совершит явную мерзость, то ее мучения будут удвоены. Это для Аллаха легко.

Эй, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ачык түрдө күнөө иш кылса, анда ага ээлеген орду, кадыр-барктуулугу жана пайгамбардын тарабын коргош максатта кыямат күнү эки эсе көп азап берилет. Антип эселеп берүү Аллах үчүн жеңил.

33:31Страница 422

۞ وَمَن يَقۡنُتۡ مِنكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا نُّؤۡتِهَآ أَجۡرَهَا مَرَّتَيۡنِ وَأَعۡتَدۡنَا لَهَا رِزۡقٗا كَرِيمٗا ٣١

А ту из вас, которая будет покорна Аллаху и Его Посланнику и будет поступать праведно, Мы одарим двойным вознаграждением, и Мы приготовили для нее щедрый удел.

Силердин араңардан ким Аллахка жана Анын элчисине дайым моюн сунуп, Аллахты ыраазы кылган жакшылык иштерди кылса, ага башка аялдарга берилген сооптон эки эсе жогору кылып беребиз жана ага акыретте бейиш болгон улуу сыйлыкты даярдап коёбуз.

33:32Страница 422

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ لَسۡتُنَّ كَأَحَدٖ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِنِ ٱتَّقَيۡتُنَّۚ فَلَا تَخۡضَعۡنَ بِٱلۡقَوۡلِ فَيَطۡمَعَ ٱلَّذِي فِي قَلۡبِهِۦ مَرَضٞ وَقُلۡنَ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا ٣٢

О жены Пророка! Вы не таковы, как любая другая женщина. Если вы богобоязненны, то не проявляйте нежности в речах, дабы не возжелал вас тот, чье сердце поражено недугом, а говорите достойным образом.

Оо, Мухаммад пайгамбардын аялдары! Силер артыкчылык жана кадыр-барк жактан башка аялдардай эмессиңер. Тескерисинче силер Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштасаңар, анда артыкчылык жана кадыр-барк жактан эч бир аял жете албай турган даражада болосуңар. Андыктан бөтөн эркектерге сөздү жумшартып, үндү назик кылып сүйлөбөгүлө. Мунун себебинен жүрөгүндө эки жүздүүлүк оорусу бар жана арамды эңсеген адам кызыгып калуусу мүмкүн. Зарылдык чекте шектенүүгө түртпөгөндөй тамашалабастан олуттуу сүйлөгүлө.

33:33Страница 422

وَقَرۡنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجۡنَ تَبَرُّجَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ ٱلۡأُولَىٰۖ وَأَقِمۡنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذۡهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجۡسَ أَهۡلَ ٱلۡبَيۡتِ وَيُطَهِّرَكُمۡ تَطۡهِيرٗا ٣٣

Оставайтесь в своих домах, не наряжайтесь так, как наряжались во времена первого невежества, совершайте намаз, раздавайте закят и повинуйтесь Аллаху и Его Посланнику. О обитатели дома, Аллах желает лишь избавить вас от скверны и очистить вас полностью.

Үйүңөрдө болгула! Зарылдык болбосо сыртка чыкпагыла! Исламга чейинки аялдардардын кылганындай сулуулуктарыңарды көргөзбөгүлө! Алар муну эркектерди өзүнө тартыш үчүн ачык көргөзүп жүрүшкөн. Намазды талаптагыдай абалда аткаргыла! Мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле! Аллах жана Анын элчисине моюн сунгула! Эй, пайгамбардын аялдары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү! Чындыгында Аллах силерден зыянды жана жамандыкты кетирүүнү гана каалайт жана ошондой эле силерди асыл сыпаттарга ээ кылуу менен жана терс сыпаттардан толук арылтып, артынан бир дагы ыпласты калтырбастан силердин жан дүйнөңөрдү тазалоону каалайт.

33:34Страница 422

وَٱذۡكُرۡنَ مَا يُتۡلَىٰ فِي بُيُوتِكُنَّ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱلۡحِكۡمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا ٣٤

И поминайте то, что читается в ваших домах из аятов Аллаха и мудрости. Воистину, Аллах - Проницательный (или Добрый), Ведающий.

Үйүңөрдө окулган Аллахтын элчисине түшкөн Анын аяттарын жана Анын элчисинин таза сүннөтүн эскерип (кадырын билип) иш жүзүндө аткаргыла. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү, Ал силерди пайгамбардын үйлөрүндө жашатуу менен чоң жакшылык кылды. Аллах силерден Кабардар, Ал силерди пайгамбардын аялдары жана үммөттөгү жалпы мусулмандардын энелери кылып тандады.

33:35Страница 422

إِنَّ ٱلۡمُسۡلِمِينَ وَٱلۡمُسۡلِمَٰتِ وَٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلۡخَٰشِعِينَ وَٱلۡخَٰشِعَٰتِ وَٱلۡمُتَصَدِّقِينَ وَٱلۡمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلۡحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمۡ وَٱلۡحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمٗا ٣٥

Воистину, для мусульман и мусульманок, верующих мужчин и верующих женщин, покорных мужчин и покорных женщин, правдивых мужчин и правдивых женщин, терпеливых мужчин и терпеливых женщин, смиренных мужчин и смиренных женщин, подающих милостыню мужчин и подающих милостыню женщин, постящихся мужчин и постящихся женщин, хранящих целомудрие мужчин и хранящих целомудрие женщин и часто поминающих Аллаха мужчин и женщин, Аллах уготовил прощение и великую награду.

Чынында, Аллахка баш ийүү менен өздөрүн төмөн туткан эркектер жана аялдар, Аллахка чындап ишенген эркектер жана аялдар, Аллахка моюн сунган эркектер жана аялдар, ыйманында, сөзүндө чынчыл эркектер жана аялдар, ибадатка, күнөөгө барбоого, сыноолорго сабыр кылган эркектер жана аялдар, милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө өз мал-мүлктөрүнөн садага берген эркектер жана аялдар, Аллах үчүн парз жана напил орозо туткан эркектер жана аялдар, өздөрүнө адал эмес адамдардын алдында авретин көрсөтпөй жапкан, зынадан жана ага чакыра турган себептерден жыныс мүчөсүн сактаган эркектер жана аялдар, Аллахты ачык, жашыруун абалда жүрөгү жана тили менен эстеген эркектер жана аялдар – Аллах алардын күнөөлөрүн кечирүүгө даяр жана аларга Кыямат күнү берилчү чоң сыйды - бейишти даярдап койгон.

33:36Страница 423

وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٖ وَلَا مُؤۡمِنَةٍ إِذَا قَضَى ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَمۡرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ ٱلۡخِيَرَةُ مِنۡ أَمۡرِهِمۡۗ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلٗا مُّبِينٗا ٣٦

Для верующего мужчины и верующей женщины нет выбора при принятии ими решения, если Аллах и Его Посланник уже приняли решение. А кто ослушается Аллаха и Его Посланника, тот впал в очевидное заблуждение.

Эгерде Аллах жана Анын элчиси кайсы нерсеге өкүм кылса, анда ыймандуу эркекке да, ыймандуу аялга да аны кабыл албоого,четке кагууга эч кандай тандоо берилбейт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда ал туура жолдон ачык адашты.

33:37Страница 423

وَإِذۡ تَقُولُ لِلَّذِيٓ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ وَأَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِ أَمۡسِكۡ عَلَيۡكَ زَوۡجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخۡفِي فِي نَفۡسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبۡدِيهِ وَتَخۡشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخۡشَىٰهُۖ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيۡدٞ مِّنۡهَا وَطَرٗا زَوَّجۡنَٰكَهَا لِكَيۡ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ حَرَجٞ فِيٓ أَزۡوَٰجِ أَدۡعِيَآئِهِمۡ إِذَا قَضَوۡاْ مِنۡهُنَّ وَطَرٗاۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ مَفۡعُولٗا ٣٧

Вот ты сказал тому, кому Аллах оказал милость и кому ты сам оказал милость (Зейду, сыну Харисы): «Удержи свою жену при себе и побойся Аллаха». Ты скрыл в своей душе то, что Аллах сделает явным, и ты опасался людей, хотя Аллах больше заслуживает того, чтобы ты опасался Его. Когда же Зейд удовлетворил с ней свое желание (вступил с ней в половую близость или развелся с ней), Мы женили тебя на ней, чтобы верующие не испытывали никакого стеснения в отношении жен своих приемных сыновей после того, как те удовлетворят с ними свое желание. Веление Аллаха обязательно исполняется!

Оо, пайгамбар! Аллах аны Исламга киргизип жакшылык кылган жана сен аны азат кылып жакшылык кылган адамга (тагыраак айтканда Зейд ибн Хариса сага аялы Зайнаб бинт Жахшка талак берүү тууралуу кеңешейин деп келгенде) сен ага: «Аялыңды кетирбе, ага талак бербе! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корк» – деп айттың. Оо, пайгамбар! Бирок сен адамдардан коркуп, Аллахтын ага үйлөнүүң жөнүндө сага кылган вахийин жашырып койдуң. Жакында Аллах Зейддин ага талак бергенин жана сенин ага үйлөнөрүңдү ачыкка чыгарат. Бул иште коркууңа Аллах гана татыктуу го. Качан Зейддин ага көңүлү чаппай, жактырбай ага талак бергенде Биз силерди үйлөндүрдүк. Мусулмандардын бакма балдары аялдарына талак берсе жана алардын идда (күтүү) мөөнөтү бүтсө, анда аларга үйлөнүү күнөө эмес. Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат, аны эч нерсе токтото албайт жана тоскоол боло албайт.

33:38Страница 423

مَّا كَانَ عَلَى ٱلنَّبِيِّ مِنۡ حَرَجٖ فِيمَا فَرَضَ ٱللَّهُ لَهُۥۖ سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ قَدَرٗا مَّقۡدُورًا ٣٨

На Пророке нет греха в том, что предписал для него Аллах. Таково было установление Аллаха для тех, которые жили прежде. Веление Аллаха является решением предопределенным.

Пайгамбардын өз бакма баласынын аялына үйлөнүүсү сыяктуу Аллах уруксат берген нерселерде ал үчүн эч кандай күнөө же кыжалаттык болбойт. Ал бул нерседе өзүнөн мурунку пайгамбарлардын жолун жолдойт. Ал муну пайгамбарлардан биринчи болуп кылып жаткан жок. Аллахтын бул үйлөнүүнү ишке ашыруусунда жана асыранды баланы өз ата-тегине таандык кылууну жокко чыгаруусунда пайгамбарга ой айтуу же тандоо берилбейт. Аллахтын тагдыр кылган бул өкүмү сөзсүз ишке ашат, ал кайтарылбайт.

33:39Страница 423

ٱلَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَٰلَٰتِ ٱللَّهِ وَيَخۡشَوۡنَهُۥ وَلَا يَخۡشَوۡنَ أَحَدًا إِلَّا ٱللَّهَۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبٗا ٣٩

Они передали послания Аллаха и боялись Его и не боялись никого, кроме Аллаха. Довольно того, что Аллах ведет счет.

Аллахтын түшүргөн жолдомолорун өз элине жеткирген пайгамбарлар Аллахтан башка эч кимден коркушпайт жана Аллах аларга уруксат берген иштерди ишке ашырууда башкалардын (айыптоо, каршы чыгуу менен) айткан сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Аллах пенделеринин иш-аракеттерин эсептөөгө Өзү жетиштүү. Алар үчүн пенделеринен сурак алат жана жакшылык иштерине сыйлыгын ал эми, жамандык иштерине жазасын берет.

33:40Страница 423

مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٖ مِّن رِّجَالِكُمۡ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا ٤٠

Мухаммад - не отец кого-либо из ваших мужей, а Посланник Аллаха и печать пророков (или последний из пророков). Аллах знает о всякой вещи.

Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Зейд аялына талак бергенден кийин ага үйлөнүү арам болгудай ал анын атасы да эмес. Бирок ал Аллахтын адамзатка жиберген элчиси, пайгамбарлардын акыркысы, андан кийин эч бир пайгамбар болбойт. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Пенделеринин иштеринин эч бири Ага жашыруун эмес.

33:41Страница 423

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ ذِكۡرٗا كَثِيرٗا ٤١

О те, которые уверовали! Поминайте Аллаха многократно

Эй, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахты жүрөгүңөр, тилиңер жана дене-мүчөлөрүңөр менен көп-көптөн зикир кылгыла!

33:42Страница 423

وَسَبِّحُوهُ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلًا ٤٢

и славьте Его утром и перед закатом.

Артыкчылыкка ээ болгон тасбих менен келмени айтып күндүн башталышында жана акырында Аны аруулагыла!

33:43Страница 423

هُوَ ٱلَّذِي يُصَلِّي عَلَيۡكُمۡ وَمَلَٰٓئِكَتُهُۥ لِيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَكَانَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ رَحِيمٗا ٤٣

Он - Тот, Кто благословляет вас, и Его ангелы также благословляют вас, чтобы вывести вас из мраков к свету. Он милосерден к верующим.

Ал силерге ырайым кылат, мактоо айтат жана Анын периштелери силерди каапырлыктын караңгылыгынан ыйман нуруна чыгарсын деп дуба кылышат. Ал ыймандууларга Ырайымдуу. Эгер алар Ага моюн сунушса, аларды азаптабайт. Андыктан Анын буйругуна баш ийгиле, тыйгандарын таштагыла.

33:44Страница 424

تَحِيَّتُهُمۡ يَوۡمَ يَلۡقَوۡنَهُۥ سَلَٰمٞۚ وَأَعَدَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَرِيمٗا ٤٤

В тот день, когда они встретят Его, их приветствием будет слово: «Мир!». Он уготовил для них щедрую награду.

Ыймандуулар Раббисине жолуккан күндөгү алардын учурашуулары «Салам!» сөзү болот жана бардык жамандыктардан саламатта болушат. Алар Аллахка моюн сунуп, Ага баш ийбестик кылышпаганы үчүн Ал аларга улуу сыйлык бейишти даярдады.

33:45Страница 424

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ شَٰهِدٗا وَمُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا ٤٥

О Пророк! Мы отправили тебя свидетелем, добрым вестником и предостерегающим увещевателем,

Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарга сага түшкөн нерсени жеткирүүгө күбө болуучу, алардын арасындагы ыймандуулар үчүн Аллах даярдаган бейишти сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдалган азаптан коркутуучу кылып жибердик.

33:46Страница 424

وَدَاعِيًا إِلَى ٱللَّهِ بِإِذۡنِهِۦ وَسِرَاجٗا مُّنِيرٗا ٤٦

призывающим к Аллаху с Его дозволения, и освещающим светочем.

Жана сени Аллахка гана сыйынууга, Анын буйругуна баш ийүүгө чакыруу үчүн жибердик. Ошондой эле сени туура жолго түшүүнү каалаган ар бир адам үчүн жаркыраган чырак кылып жибердик.

33:47Страница 424

وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ بِأَنَّ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَضۡلٗا كَبِيرٗا ٤٧

Сообщи же верующим благую весть о том, что для них у Аллаха есть великая милость.

Жана Аллахтын шариятын аткарып Ага ыйман келтиргендерге, алар үчүн Аллах тараптан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке киргизген ийгиликти өзүнө камтыган улуу артыкчылык болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткир.

33:48Страница 424

وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَدَعۡ أَذَىٰهُمۡ وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا ٤٨

Не подчиняйся неверующим и лицемерам, оставь причиняемые ими страдания и уповай на Аллаха. Довольно того, что Аллах является Попечителем и Хранителем!

Аллахтын дининен жүз бурууга чакырган каапырлар менен эки жүздүүлөргө моюн сунба жана алардан баш тарт! Балким бул аларды сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүгө түрткү берет. Бүткүл иштериңде, душмандарыңдын үстүнөн жеңишке жетүүдө да Аллахка гана таян! Аллах жетиштүү Коргоочу, пенделери дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеринде Ага таянышат.

33:49Страница 424

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَكَحۡتُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ طَلَّقۡتُمُوهُنَّ مِن قَبۡلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمۡ عَلَيۡهِنَّ مِنۡ عِدَّةٖ تَعۡتَدُّونَهَاۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا ٤٩

О те, которые уверовали! Если вы вступаете в брак с верующими женщинами, а затем объявляете им развод до того, как вы коснулись их, то они не обязаны перед вами выжидать срок. Одарите их и отпустите их красиво.

О, Аллахка ыйман келтирип, Аны шариятын аткаргандар! Эгерде ыймандуу аялдарды никеге алгандан кийин жыныстык мамиле кылбай туруп талагын берсеңер, анда алар мейли айыз мөөнөтү болсун, мейли ай мөөнөтү болсун иддага отурбайт. Анткени, жыныстык мамиле болбогон үчүн алардын боюнда жок. Талактын айынан чөккөн көңүлүн көтөрүп, жоомарттыгыңарга жараша мал-мүлкүңөрдөн бергиле жана аларга зыян тийгизбестен төркүнүнө коё бергиле.

Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии

Содержание

Аят аль-Курси36Аль-Кахфстр. 42джуз 15Бухари 1Муслим 2999

Вид

Тема
Размер текста
Вид

Read in English