Аль-МухтасарСад · 38:72–88

Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском

Сад 38:72–88

38:72Страница 457

فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ ٧٢

Когда же Я придам ему соразмерный облик и вдохну в него от Моего духа, то падите перед ним ниц».

Мен анын тулку-боюн түздөп, келбет берип жана ага Өз Рухумдан жан салганда, ага сажда кылгыла».

38:73Страница 457

فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ ٧٣

Все ангелы без исключения пали ниц,

Периштелер Раббисинин буйругуна баш ийип, баарысы сый-урмат катары сажда кылышты. Алардын арасынан Адамга сажда кылбаган бири да калган жок.

38:74Страница 457

إِلَّآ إِبۡلِيسَ ٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ ٧٤

кроме Иблиса, который возгордился и стал одним из неверующих.

Бир гана Иблис сажда кылуудан текеберленди. Ал Раббисинин буйругуна текеберлик кылганы үчүн каапырлардан болду.

38:75Страница 457

قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَن تَسۡجُدَ لِمَا خَلَقۡتُ بِيَدَيَّۖ أَسۡتَكۡبَرۡتَ أَمۡ كُنتَ مِنَ ٱلۡعَالِينَ ٧٥

Он сказал: «О Иблис! Что помешало тебе пасть ниц перед тем, кого Я сотворил Своими обеими Руками? Ты возгордился или же принадлежишь к числу превозносящихся?».

Аллах айтты: «Эй, Иблис! Өзүмдүн эки Колум менен жараткан Адамга сажда кылууга сага эмне тоскоол болду? Сени сажда кылуудан текеберлик тостубу же сен буга чейин эле Раббиңе текеберленип, менменсинип калдың беле?».

38:76Страница 457

قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ ٧٦

Иблис сказал: «Я лучше него. Ты сотворил меня из огня, а его сотворил из глины».

Ибилис: «Мен Адамдан артыкмын. Сени мени оттон, аны болсо ылайдан жараттың» – деди. Анын оюнда от топурактан шарапаттуу эле.

38:77Страница 457

قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ ٧٧

Аллах сказал: «Изыди, и отныне ты будешь изгнан и побит.

Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Эми сен каргышка жана сөгүшкө калдың.

38:78Страница 457

وَإِنَّ عَلَيۡكَ لَعۡنَتِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ ٧٨

И проклятие Мое пребудет над тобой до Дня воздаяния».

Сен сыйлык жана жаза күн болгон кыяматка чейин бейиштен куулдуң».

38:79Страница 457

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ ٧٩

Иблис сказал: «Господи! Предоставь мне отсрочку до того дня, когда они будут воскрешены».

Иблис айтты: «Пенделериңди кайра тирилткен күнгө чейин мага мөөнөт бер жана мени өлтүрбө».

38:80Страница 457

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ ٨٠

Аллах сказал: «Воистину, ты - один из тех, кому предоставлена отсрочка

Аллах айтты: «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.

38:81Страница 457

إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ ٨١

до дня, срок которого определен».

Сени жок кылуу үчүн белгилүү бир убакыт келген күнгө чейин».

38:82Страница 457

قَالَ فَبِعِزَّتِكَ لَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ ٨٢

Иблис сказал: «Клянусь Твоим могуществом! Я совращу их всех,

Иблис айтты: «Сенин кудуреттүүлүгүңө жана каардуулугуңа ант болсун! Мен бүткүл адам баласын адаштырамын.

38:83Страница 457

إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ ٨٣

кроме Твоих избранных (или искренних) рабов».

Сен менин адаштыруумдан коргогондорду жана жалгыз Өзүңө чын ыкластан ибадат кылгандарды гана адаштыра албайм».

38:84Страница 458

قَالَ فَٱلۡحَقُّ وَٱلۡحَقَّ أَقُولُ ٨٤

Аллах сказал: «Вот истина! Я говорю только истину.

Аллах таала айтты: «Акыйкат Менден жана Мен акыйкатты гана айтамын:

38:85Страница 458

لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكَ وَمِمَّن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ أَجۡمَعِينَ ٨٥

Я непременно заполню Геенну тобою и всеми, кто последует за тобою».

Кыямат күнү сен жана сени каапырлыкта ээрчиген бардык адам баласы менен тозокту толтурамын».

38:86Страница 458

قُلۡ مَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٖ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُتَكَلِّفِينَ ٨٦

Скажи: «Я не прошу у вас за это никакого вознаграждения и не обременяю себя измышлениями.

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мен силерге жеткирген насааттарым үчүн сыйлык сурабайм жана мен буйрулган нерседен ашыкча сүйлөп убара болгондордон эмесмин».

38:87Страница 458

إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ ٨٧

Это - не что иное, как Напоминание для миров.

Куран адамзат менен жиндердин арасынан милдет алгандарына эскертме!

38:88Страница 458

وَلَتَعۡلَمُنَّ نَبَأَهُۥ بَعۡدَ حِينِۭ ٨٨

А вы непременно узнаете весть о нем через определенное время».

Бул Курандын кабарын жана ал чындык экенин бир аз убакыттан кийин өлгөн кезиңерде сөзсүз билесиңер.

Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии

Содержание

Аят аль-Курси36Аль-Кахфстр. 42джуз 15Бухари 1Муслим 2999

Вид

Тема
Размер текста
Вид

Read in English