Аль-МухтасарАн‑Ниса · 4:137–176

Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском

Ан-Ниса 4:137–176

4:137Страница 100

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ ثُمَّ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ ثُمَّ ٱزۡدَادُواْ كُفۡرٗا لَّمۡ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغۡفِرَ لَهُمۡ وَلَا لِيَهۡدِيَهُمۡ سَبِيلَۢا ١٣٧

Воистину, Аллах не простит и не наставит на путь тех, которые уверовали, затем стали неверующими, затем опять уверовали, затем опять стали неверующими, а затем приумножили свое неверие.

Ыйман келтиргенден кийин кайра динден чыгып, кийин кайра ыйман келтирип,кийин дагы динден чыгып, каапырлыгын бир канча жолу кайталаган жана каапыр тейинче жүрүп өтүп кеткендер; Аллах алардын күнөөсүн кечирбейт, Аллах Таалага алып барчу түз жолду аларга ыраа көрбөйт

4:138Страница 100

بَشِّرِ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ بِأَنَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمًا ١٣٨

Обрадуй вестью о мучительных страданиях лицемеров,

Оо, элчи, сыртынан ыймандуу, ичинде каапыр болгон эки жүздүүлөргө кыямат күнү Аллах Тааланын кордоочу азабы болорун айтып сүйүнчүлө

4:139Страница 100

ٱلَّذِينَ يَتَّخِذُونَ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ أَيَبۡتَغُونَ عِندَهُمُ ٱلۡعِزَّةَ فَإِنَّ ٱلۡعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعٗا ١٣٩

которые берут своими помощниками и друзьями неверующих вместо верующих. Неужели они хотят обрести могущество с ними, если могущество целиком присуще Аллаху?

Алар ыймандууларды эмес, каапырларды жардамчы, колдоочу кылып алганы үчүн аларга ушундай азап болот, (алардын ошолорго ишенип алуусу таң калыштуу). алар көтөрүлүү үчүн ошолордон күч, колдоо сурашабы?! Чынында күч да, колдоо да, баары Аллахта.

4:140Страница 100

وَقَدۡ نَزَّلَ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ أَنۡ إِذَا سَمِعۡتُمۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ يُكۡفَرُ بِهَا وَيُسۡتَهۡزَأُ بِهَا فَلَا تَقۡعُدُواْ مَعَهُمۡ حَتَّىٰ يَخُوضُواْ فِي حَدِيثٍ غَيۡرِهِۦٓ إِنَّكُمۡ إِذٗا مِّثۡلُهُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ جَامِعُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡكَٰفِرِينَ فِي جَهَنَّمَ جَمِيعًا ١٤٠

Он уже ниспослал вам в Писании, чтобы вы не садились вместе с ними, если услышите, как они не веруют в знамения Аллаха и насмехаются над ними, пока они не увлекутся другим разговором. В противном случае вы уподобитесь им. Воистину, Аллах соберет вместе всех лицемеров и неверующих в Геенне.

Оо, момундар, Аллах Таала силерге Куранда, эгер бир отурушта отурсаңар жана анда Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана аны шылдыңдагандарды уксаңар; Аллахтын аяттарына каапыр болбогон жана шылдыңдабаган башка сөзгө өтмөйүнчө аларды таштап ал жерден туруп кетүү зарыл деген өкүмдү түшүрдү. Эгер алардан Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана аны шылдыңдаган сөздөрүн уккандан кийин деле алар менен отура берсеңер, Аллахтын ишине каршы чыгууда алар менен бирдей болуп каласыңар; анткени алар каапырлыгы менен Аллахка күнөөкөр болгондой эле силер да алар менен чогуу олтуруп Аллахка күнөөкөр болдуңар. Кыямат күнү Аллах Таала сыртын мусулман көрсөтүп, каапырлыгын ичине жашырган эки жүздүүлөрдүн баарын каапырлар менен бирге тозокко киргизет

4:141Страница 101

ٱلَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمۡ فَإِن كَانَ لَكُمۡ فَتۡحٞ مِّنَ ٱللَّهِ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَكُن مَّعَكُمۡ وَإِن كَانَ لِلۡكَٰفِرِينَ نَصِيبٞ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَسۡتَحۡوِذۡ عَلَيۡكُمۡ وَنَمۡنَعۡكُم مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ فَٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَلَن يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لِلۡكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ سَبِيلًا ١٤١

Они ждут, когда вас постигнет беда. Если Аллах одаряет вас победой, они говорят: «Разве мы не были с вами?». Если же доля достается неверующим, они говорят: «Разве мы не покровительствовали вам (или не помогали вам) и не защитили вас от верующих?». Аллах рассудит между вами в День воскресения. Аллах не откроет неверующим пути против верующих.

Алар силерге жакшылык болобу, жамандык болобу күтүп турушат. Эгер силерге Аллах жардам берип, олжого ээ болсоңор, олжодон алып калуу үчүн: "биз силер менен бирге, силер күбө болгон нерсеге күбө болбодукпу?!" дешет. А эгер жеңиш каапырлар тарапка оосо, аларга: "биз силерге жардам, колдоо көрсөтүп, ыймандуулардан силерди коргободук беле?! дешет. Кыяматта баарыңардын үстүнөн Аллах өкүм чыгарат, ыймандуулар бейишке кирүү менен сыйланат, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөнкү катмарына түшүү менен жазаланат. Аллах Таала кыямат күнү каапырлар ыймандуулардын үстүнөн далил алып келүүсүнө жол бербейт, тескерисинче ыймандууларга жакшы акыбетин берет. Эгер ыймандарында чынчыл болуп, шарияттын чегинен чыгышпаса.

4:142Страница 101

إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ يُخَٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَهُوَ خَٰدِعُهُمۡ وَإِذَا قَامُوٓاْ إِلَى ٱلصَّلَوٰةِ قَامُواْ كُسَالَىٰ يُرَآءُونَ ٱلنَّاسَ وَلَا يَذۡكُرُونَ ٱللَّهَ إِلَّا قَلِيلٗا ١٤٢

Воистину, лицемеры пытаются обмануть Аллаха, но это Он обманывает их. Когда они встают на намаз, то встают неохотно, показывая себя перед людьми и поминая Аллаха лишь немного.

Сыртынан исламды көрсөтүп, каапырлыгын ичине катып эки жүздүүлөр Аллахты алдайбыз деп ойлойт, Аллах аларды алдайт; алардын каапырлыгын билип канын кечип койду жана акыретте алардын акыбети катуу болорун убада кылды. Эки жүздүүлөр намазга турса, аны жактырбай, жалкоолонуп турушат, Аллахты ыймандууларды көргөндө гана бир аз эстешет

4:143Страница 101

مُّذَبۡذَبِينَ بَيۡنَ ذَٰلِكَ لَآ إِلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِ وَلَآ إِلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ سَبِيلٗا ١٤٣

Они колеблются между этим (верой и неверием), но не принадлежат ни к тем, ни к другим. Для того, кого Аллах вводит в заблуждение, ты уже не найдешь дороги.

Ал эки жүздүүлөр эки анжы болуп айран калышты, ичинде да, сыртында да ыймандуулар менен бирге эмес, каапырлар менен да бирге эмес. Алардын сырты мусулмандар менен ичи каапырлар менен бирге,эй, элчи, Аллах кимди ушинтип адаштырып койсо, аны адашуудан туура жолго эч баштай албайсың

4:144Страница 101

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ أَتُرِيدُونَ أَن تَجۡعَلُواْ لِلَّهِ عَلَيۡكُمۡ سُلۡطَٰنٗا مُّبِينًا ١٤٤

О те, которые уверовали! Не берите неверующих себе в помощники и друзья вместо верующих. Неужели вы хотите предоставить Аллаху очевидный довод против вас самих?

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ыймандууларды эмес, Аллахка каапыр болгондорду дос кыласыңарбы, ушул кылыгыңарды Аллах Таала азапка ылайык кыла турган анык далил кылуусун каалайсыңарбы?!

4:145Страница 101

إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ فِي ٱلدَّرۡكِ ٱلۡأَسۡفَلِ مِنَ ٱلنَّارِ وَلَن تَجِدَ لَهُمۡ نَصِيرًا ١٤٥

Воистину, лицемеры окажутся на нижайшей ступени Огня, и ты не найдешь для них помощника,

Эки жүздүүлөрдү Аллах Таала кыямат күнү тозоктун эң түпкү катмарында кылат, аларды азаптан куткара турган эч бир жардамчы таппайсың

4:146Страница 101

إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ وَأَصۡلَحُواْ وَٱعۡتَصَمُواْ بِٱللَّهِ وَأَخۡلَصُواْ دِينَهُمۡ لِلَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ مَعَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَسَوۡفَ يُؤۡتِ ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَجۡرًا عَظِيمٗا ١٤٦

если только они не раскаются и исправят содеянное, крепко ухватятся за Аллаха и очистят свою веру перед Ним. Такие окажутся вместе с верующими, а ведь Аллах одарит верующих великой наградой.

А бирок, эки жүздүүлүгүн таштап, тообо кылып Аллахка кайткандар, ичиндеги кирин тазарткандар, Аллахтын келишимин бекем кармагандар, иштерин элге көрсөтүү үчүн эмес, калыс Аллах үчүн кылгандар, мына ушул сыпаттар менен сыпатталгандар бул дүйнөдө да, акыретте да ыймандуулар менен бирге, жакында Аллах Таала ыймандууларга көп сооп-сыйын берет

4:147Страница 101

مَّا يَفۡعَلُ ٱللَّهُ بِعَذَابِكُمۡ إِن شَكَرۡتُمۡ وَءَامَنتُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمٗا ١٤٧

Зачем Аллаху подвергать вас мучениям, если вы будете благодарны и уверуете? Аллах - Признательный, Знающий.

Эгер Аллахка ишенип, Ага шүгүр кылсаңар, Аллах Таалага силерди азаптоонун кажети жок. Аллах Таала жакшылык кылуучу, ыйрайымдуу, Ал силерди күнөөңөр себептүү гана азаптайт. Эгер ишиңерди оңдосоңор, жакшылктарына шүгүр кылсаңар, ичиңерде да, тышыңарда да Ага ишенсеңер, силерди эч азаптабайт. Жакшылыгын моюндаган адамдарга Аллах Таала Шүгүр кылуучу, ал үчүн аларга сообун көп кылат, пенделеринин ыйманын жакшы билет, кийин ар бирин ошого жараша сыйлайт же жазалайт

4:148Страница 102

۞ لَّا يُحِبُّ ٱللَّهُ ٱلۡجَهۡرَ بِٱلسُّوٓءِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ إِلَّا مَن ظُلِمَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا ١٤٨

Аллах не любит, когда злословят вслух, если только этого не делает тот, с кем поступили несправедливо. Аллах - Слышащий, Знающий.

Аллах Таала жаман сөздөрдүн ашкере айтылуусун жактырбайт, ага ачуусу келет жана мындай сөздөрдү айткандардын акыбети жаман болорун убада кылган. Бирок кимдир бирөөдөн зыян көрүп, жапа чеккен адам ага карата жаман сөз айтса уруксат. Мисалы, залымдыгын айтып арызданса, же ага жаман дуба кылса, же анын айтканындай жооп кайтарса болот. А эгер зыян көргөн киши сабыр кылып унчукпай калса, бул андан да жакшы. Аллах Таала силердин ар бир сөзүңөрдү Угуучу, ниетиңерди Билүүчү, жаман сөз айтуудан жана аны максат кылуудан этиет болгула.

4:149Страница 102

إِن تُبۡدُواْ خَيۡرًا أَوۡ تُخۡفُوهُ أَوۡ تَعۡفُواْ عَن سُوٓءٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوّٗا قَدِيرًا ١٤٩

Если вы обнаружите добро, скроете его или простите злодеяние, то ведь Аллах - Снисходительный, Всемогущий.

Сөз менен болобу, иш менен болобу, айтор кандай жакшылык болбосун, аны ашкере кылсыңар да, жашыруун кылсыңар да, же силерге жасалган жамандыкты кечирип койсоңор; (Аллах силерди кечирет) анткени Аллах Таала чынында Кечиримдүү жана Кудуреттүү. Кечиримдүүлүк силердин кулкуңардан болсун, ошондо Аллах Таала да силерди кечирээр

4:150Страница 102

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡفُرُونَ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيُرِيدُونَ أَن يُفَرِّقُواْ بَيۡنَ ٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيَقُولُونَ نُؤۡمِنُ بِبَعۡضٖ وَنَكۡفُرُ بِبَعۡضٖ وَيُرِيدُونَ أَن يَتَّخِذُواْ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا ١٥٠

Воистину, те, которые не веруют в Аллаха и Его посланников, хотят различать между Аллахом и Его посланниками и говорят: «Мы веруем в одних и не веруем в других», - и хотят найти путь между этим,

Аллахка да, Анын элчисине да каапыр болгондор жана Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарларын жалганга чыгаруу менен Аллах жана Анын элчилеринин ортосун бөлүүнү каалагандар: элчилердин кээ бирине ыйман келтиребиз, кээ бирине ыйман келтирбейбиз дешет. Алар каапырлык менен ыймандын ортосунда бир жолду кармап, мына ушул жол менен ийгиликке жетебиз деп кыялданат.

4:151Страница 102

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ حَقّٗاۚ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا ١٥١

являются подлинными неверующими. Мы приготовили для неверующих унизительные мучения.

мына ушундай жолду тандап алгандар чыныгы каапырлар; анткени элчилердин кээ бирине каапыр болуу, бул Аллахка жана бардык элчилерге каапыр болуу деген сөз. Каапырларды кор кыла турган азапты Кыямат күнгө даярдап койгонбуз. Бул жаман акыбет алар Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирүүдө текеберленгени үчүн.

4:152Страница 102

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَلَمۡ يُفَرِّقُواْ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ أُوْلَٰٓئِكَ سَوۡفَ يُؤۡتِيهِمۡ أُجُورَهُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا ١٥٢

А тех, которые уверовали в Аллаха и Его посланников и не делают различий между любым из них, Он одарит их наградой. Аллах - Прощающий, Милосердный.

Аллахка ишенип, Аны Жалгыз деп тааныган, Ага эч нерсени шерик кылбаган жана Анын бардык элчилерин чындык деп ишенген, каапырлар сыяктуу ал элчилерди бири-биринен ажыратпастан баарына бирдей ишенген адамдар; мына ушундай адамдарга Аллах Таала жакында алардын ыйманы жана жакшы иштери үчүн чоң сооп-сый тартуулайт. Аллах Таала тообо кылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу

4:153Страница 102

يَسۡـَٔلُكَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَن تُنَزِّلَ عَلَيۡهِمۡ كِتَٰبٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِۚ فَقَدۡ سَأَلُواْ مُوسَىٰٓ أَكۡبَرَ مِن ذَٰلِكَ فَقَالُوٓاْ أَرِنَا ٱللَّهَ جَهۡرَةٗ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ بِظُلۡمِهِمۡۚ ثُمَّ ٱتَّخَذُواْ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ فَعَفَوۡنَا عَن ذَٰلِكَۚ وَءَاتَيۡنَا مُوسَىٰ سُلۡطَٰنٗا مُّبِينٗا ١٥٣

Люди Писания просят тебя, чтобы ты низвел им писание с неба. Мусу (Моисея) они попросили о еще большем, когда сказали: «Покажи нам Аллаха открыто». Тогда молния поразила (или гибель постигла) их за их несправедливость. А затем они стали поклоняться тельцу после того, как к ним явились ясные знамения, но Мы простили это и даровали Мусе (Моисею) явное доказательство.

Оо, элчи, яхудилер сенден сенин чын пайгамбар экениңдин белгиси катары, Муса пайгамбарга түшүрүлгөн сыяктуу, Куранды да толук бойдон дароо түшүрүп берүүңдү сурашат. Алардын бул кылыгын сен оор санаба, алардын мурдагылары Мусадан мындан да оор нерсени ьалып кылган. Алар Аллахты биздин көзүбүзгө көрсөт дешкен. Анан ушул кылгандарынын айынан алар чагылган уруп азапталды. Кийин аларды Аллах кайра тирилтти. Алар Аллах Тааланын жалгыздыгына, жаратууда да, ибадат кылууда да Аллах Жалгыз экенине ачык далил, белгилер келгенден кийин деле Аллахка ибадат кылбай, музоого сыйынып кетишти. Кийин алардын бул кылыгын да кечирдик. Мусага болсо коомуна көрсөтүүсү үчүн ачык-айкын белги-далилдерди бердик

4:154Страница 102

وَرَفَعۡنَا فَوۡقَهُمُ ٱلطُّورَ بِمِيثَٰقِهِمۡ وَقُلۡنَا لَهُمُ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡبَابَ سُجَّدٗا وَقُلۡنَا لَهُمۡ لَا تَعۡدُواْ فِي ٱلسَّبۡتِ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا ١٥٤

Мы воздвигли над ними гору, согласно завету с ними, и сказали им: «Войдите во врата, поклонившись!». Мы также сказали им: «Не нарушайте субботы!». Мы заключили с ними суровый завет.

Аларды эмне күтүп турганын билсин деп коркутуп, анан ант-убадасын алуу үчүн тоону алардын үстүнө көтөрдүк. Тоону алардын үстүнө көтөргөндөн кийин: эми ыйык үйгө (байт ал-мукаддаска) башыңарды ийип, сажда кылып киргиле дедик. Алар арты менен сойлоп киришти. Анан аларга: ишемби күнү балык уулоого чыгпагыла дедик. Бирок алардын кээ бирлери бул күнү уулоого чыгышты. Ушинтип алар менен бекем ант-убада алыштык, бирок бул убаданы алар бузушту

4:155Страница 103

فَبِمَا نَقۡضِهِم مِّيثَٰقَهُمۡ وَكُفۡرِهِم بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَقَتۡلِهِمُ ٱلۡأَنۢبِيَآءَ بِغَيۡرِ حَقّٖ وَقَوۡلِهِمۡ قُلُوبُنَا غُلۡفُۢۚ بَلۡ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَيۡهَا بِكُفۡرِهِمۡ فَلَا يُؤۡمِنُونَ إِلَّا قَلِيلٗا ١٥٥

За то, что они нарушили свой завет, не уверовали в знамения Аллаха, несправедливо убивали пророков и говорили: «Наши сердца покрыты завесой (или переполнены знаниями)». О нет, это Аллах запечатал их сердца за их неверие, и поэтому их вера ничтожна (или лишь немногие из них являются верующими).

Берген убадаларын аткарбаганы, Аллахтын аяттарына каапыр болгону, пайгамбарларды тартынбай өлтүргөндүктөрү жана Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) биздин жүрөгүбүз кулптануу дегени себептүү аларды ырайымыбыздан четтетик. Бирок иштин жайы алар айткандай эмес, Аллах Таала алардын каапырлыктары себептүү жүрөктөрүнө мөөр басып койгон, аларга эми эч жакшылык жетпейт, алар ыйманга келбейт келсе да пайдасын тийгизбей турган аз гана ыйманга келет.

4:156Страница 103

وَبِكُفۡرِهِمۡ وَقَوۡلِهِمۡ عَلَىٰ مَرۡيَمَ بُهۡتَٰنًا عَظِيمٗا ١٥٦

За то, что они не уверовали, возвели на Марьям (Марию) великий навет

ошондой эле каапырлыгы жана Мариямга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) зына кылдың деп жалган жалаа жапканы үчүн аларды ырайымдан четтеттик

4:157Страница 103

وَقَوۡلِهِمۡ إِنَّا قَتَلۡنَا ٱلۡمَسِيحَ عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ رَسُولَ ٱللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَٰكِن شُبِّهَ لَهُمۡۚ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُۚ مَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍ إِلَّا ٱتِّبَاعَ ٱلظَّنِّۚ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينَۢا ١٥٧

и сказали: «Воистину, мы убили Мессию Ису (Иисуса), сына Марьям (Марии), посланника Аллаха». Однако они не убили его и не распяли, а это только показалось им. Те, которые препираются по этому поводу, пребывают в сомнении и ничего не ведают об этом, а лишь следуют предположениям. Они действительно не убивали его (или не убивали его с уверенностью).

Биз Аллахтын элчиси Мариямдын уулу Масихти өлтүрдүк деген жалган мактаныч сөздөрү себептүү аларды каргадык. Алар айтышкандай, аны (Исаны) өлтүргөн да эмес, аскан да эмес. Алар Аллах Таала Исага окшотуп койгон адамды асып өлтүрүшкөн. Анан ошол өлтүргөндөрү Иса деп ойлошкон. Аны өлтүрдүк деген яхудилер да, аларга ишенген христиандар да, экөө тең бул иште шек-күмөндө, алар аны ачык билбейт, күмөндөрүн гана айтышат. Чынында, алардын күмөнүндө эч бир чындык жок, алар исаны өлтүргөн эмес жана аны аскан да эмес

4:158Страница 103

بَل رَّفَعَهُ ٱللَّهُ إِلَيۡهِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمٗا ١٥٨

О нет! Это Аллах вознес его к Себе, ведь Аллах - Могущественный, Мудрый.

Аллах Таала Исаны алардын жамандыгынан сактап, аны дене жана руху менен бирге Өзүнө көтөрүп алган. Аллах Таала падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Көзөмөл кылууда, ишке ашырууда жана шарият кылууда Даанышман.

4:159Страница 103

وَإِن مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ إِلَّا لَيُؤۡمِنَنَّ بِهِۦ قَبۡلَ مَوۡتِهِۦۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَكُونُ عَلَيۡهِمۡ شَهِيدٗا ١٥٩

Среди людей Писания не останется такого, который не уверует в него (Ису или Мухаммада) до его смерти (до смерти Иисуса или до своей смерти), а в День воскресения он будет свидетелем против них.

Иса пайгамбар акыр заманда кайра түшүп, өлгөнгө чейин ага китеп берилгендердин баары ыйман келтирип, ишенишет. Кыямат күнү Иса пайгамбар алардын шариятка дал келбеген, ага каршы болгон иштерине күбө өтөт.

4:160Страница 103

فَبِظُلۡمٖ مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمۡنَا عَلَيۡهِمۡ طَيِّبَٰتٍ أُحِلَّتۡ لَهُمۡ وَبِصَدِّهِمۡ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ كَثِيرٗا ١٦٠

За то, что иудеи поступали несправедливо и многих сбивали (или часто сбивали людей) с пути Аллаха, Мы запретили им блага, которые были дозволены им.

Яхудилердин залымдыгы себептүү аларга мурда адал болгон кээ бир таза азыктарды арам кылып, тыюу салдык. Аларга бардык (ай) туяктууларды, уй, койдун жонундагы майы, чарбысы жана чучугунан башка майларын, арам кылдык. Бул, алар өздөрүн да, өзгөлөрдү да Аллахтын жолунан тоскондугу үчүн болду, алардын тосуусу тубаса адатка айланды.

4:161Страница 103

وَأَخۡذِهِمُ ٱلرِّبَوٰاْ وَقَدۡ نُهُواْ عَنۡهُ وَأَكۡلِهِمۡ أَمۡوَٰلَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡبَٰطِلِۚ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ مِنۡهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا ١٦١

А также за то, что они брали лихву, хотя она была запрещена им, и незаконно пожирали имущество людей. Для неверующих из них Мы приготовили мучительные страдания.

Пайдалануудан Аллах Таала тыйгандан кийин деле сүткордукту пайдана бергени жана шарияттык укугу жок эле башкалардын малын алып жегени себептүү (адал нерселерди аларга арам кылдык). Алардын каапырларына жан кейиткен азапты даярдап койдук

4:162Страница 103

لَّٰكِنِ ٱلرَّٰسِخُونَ فِي ٱلۡعِلۡمِ مِنۡهُمۡ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ يُؤۡمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَۚ وَٱلۡمُقِيمِينَ ٱلصَّلَوٰةَۚ وَٱلۡمُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ أُوْلَٰٓئِكَ سَنُؤۡتِيهِمۡ أَجۡرًا عَظِيمًا ١٦٢

Однако тех из них, которые обладают основательными знаниями и веруют в то, что ниспослано тебе и что ниспослано до тебя, которые совершают намаз, выплачивают закят и веруют в Аллаха и Последний день, Мы одарим великим вознаграждением.

Бирок яхудилердин арасында илимде бекем болгондору, Аллах Таала сага түшүргөн Куранга, сенден мурдагы пайгамбарларга түшүргөн Тоорот, Инжил сыяктуу китептерге ишенгендери, намаз окгандары, малынын зекетин бергендери, Аллахты Жалгыз деп таанып, Ага эч шерик кошпогондору, кыямат күнүнө ишенгендери да бар; мына ушундай сыпаттар менен сыпатталгандарга жакында чоң сооп-сый беребиз

4:163Страница 104

۞ إِنَّآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ كَمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ نُوحٖ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ مِنۢ بَعۡدِهِۦۚ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَٰرُونَ وَسُلَيۡمَٰنَۚ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا ١٦٣

Воистину, Мы внушили тебе откровение, подобно тому, как внушили его Нуху (Ною) и пророкам после него. Мы внушили откровение Ибрахиму (Аврааму), Исмаилу (Измаилу), Исхаку (Исааку), Йакубу (Иакову) и коленам (двенадцати сыновьям Йакуба), Исе (Иисусу), Айюбу (Иову), Йунусу (Ионе), Харуну (Аарону), Сулейману (Соломону). Давуду (Давиду) же Мы даровали Забур (Псалтирь).

Оо, элчи, биз сага сенден мурдагы пайгамбарларга аян-кабар берген сыяктуу аян-кабар бердик. Сен биринчи элчи эмессиң. Биз Нухка да аян-кабар бергенбиз жана андан кийин келген пайгамбарларга да аян-кабар түшүргөнбүз. Ибрахимге аян-кабар бердик, анын балдары Исмаил менен Исхакка бердик, Исхактын уулу Якубга бердик жана алардын урпактарына бердик (алар Якуб пайгамбардын он эки уулунан тараган Исраил урпактарынан чыккан пайгамбарлар). Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар бердик. Ошондой эле Даудга Забур китебин түшүрдүк

4:164Страница 104

وَرُسُلٗا قَدۡ قَصَصۡنَٰهُمۡ عَلَيۡكَ مِن قَبۡلُ وَرُسُلٗا لَّمۡ نَقۡصُصۡهُمۡ عَلَيۡكَۚ وَكَلَّمَ ٱللَّهُ مُوسَىٰ تَكۡلِيمٗا ١٦٤

Мы отправили посланников, о которых Мы уже рассказали тебе прежде, и посланников, о которых Мы тебе не рассказывали. А с Мусой (Моисеем) Аллах вел беседу.

Биз сага Куранда аңгемелеп айтып берген элчилер бар, сага айтпаган элчилер да бар. Аларды айтпай коюунун өзүнчө даанышман сыры бар. Ал эми Муса пайгамбар менен Аллах Таала ортомчусуз Өзүнө гана ылайык чыныгы сүйлөшүү менен сүйлөштү, Мусаны урматтаганы үчүн

4:165Страница 104

رُّسُلٗا مُّبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى ٱللَّهِ حُجَّةُۢ بَعۡدَ ٱلرُّسُلِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمٗا ١٦٥

Мы отправили посланников, которые несли благую весть и предостерегали, дабы после пришествия посланников у людей не было никакого довода против Аллаха. Аллах - Могущественный, Мудрый.

Пайгамбар, элчилерден кийин адамдар Аллах Таалага түрдүү шылтоо айтып, далил кылбоосу үчүн, Аллахка ишенгендерге чоң сооп-сый болорун сүйүнчүлөөчү, ал эми Ага каапыр болгондорго катуу азап болорун айтып коркутуучу кылып бул элчилерди жибердик. Аллах Таала падышалыгында Ызаттуу, ишке ашырууда Даанышман.

4:166Страница 104

لَّٰكِنِ ٱللَّهُ يَشۡهَدُ بِمَآ أَنزَلَ إِلَيۡكَۖ أَنزَلَهُۥ بِعِلۡمِهِۦۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَشۡهَدُونَۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًا ١٦٦

Но Аллах сам свидетельствует о том, что Он ниспослал тебе. Он ниспослал это по Своему знанию (или со Своим знанием). Ангелы также приносят свидетельство, но довольно того, что Аллах является Свидетелем!

Оо, элчи, сага яхудилер каапыр болгону менен, Аллах Таала сага түшүрүлгөн Курандын туура, чындык экенин бекемдеп, тасыктап жатат. Аллах Таала Куранды эмнени жакшы көрүп, эмнеге ыраазы болорун, эмнени жек көрүп, эмнеге нааразы болорун пенделерине билдирүүнү каалап, Өз илими менен түшүрдү. (Эй, Мухаммад) Аллахтын күбөлүгү менен бирге периштелер да сага түшкөн Куранга күбөлүк берип жатат. Аллах Таала жетиштүү Күбө, Анын күбөлүгү башкалардын күбөлүгүсүз эле жетиштүү

4:167Страница 104

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ قَدۡ ضَلُّواْ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا ١٦٧

Воистину, те, которые не уверовали и сбивали других с пути Аллаха, впали в глубокое заблуждение.

Сенин пайгамбарлыгыңа ишенбегендер жана адамдарды исламдан тыйгандар чындыктан аябай алыс кетишти

4:168Страница 104

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَظَلَمُواْ لَمۡ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغۡفِرَ لَهُمۡ وَلَا لِيَهۡدِيَهُمۡ طَرِيقًا ١٦٨

Воистину, тех, которые не уверовали и поступали несправедливо, Аллах не простит и не поведет их никаким путем,

Аллахка жана Анын элчилерине ишенбегендерди,каапыр тейинде калып өз жандарына залым кылгандарды, ала каапырлыгын улантканы себептүү Аллах Таала кечирбейт жана азаптан кутула турган туура жолго багыттабайт

4:169Страница 104

إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا ١٦٩

кроме пути в Геенну, в которой они пребудут вечно. Это для Аллаха легко.

Бирок аларды тозокко алыпбарчу жолго багыттайт, анда түбөлүк калышат. Мындай кылуу Аллах Таалага жеңил, Ал эч нерсени аткара албай калбайт

4:170Страница 104

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُمُ ٱلرَّسُولُ بِٱلۡحَقِّ مِن رَّبِّكُمۡ فَـَٔامِنُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ وَإِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا ١٧٠

О люди! Посланник принес вам истину от вашего Господа. Уверуйте же, ведь так будет лучше для вас. Если же вы не уверуете, то ведь Аллаху принадлежит то, что на небесах и на земле. Аллах - Знающий, Мудрый.

Оо, адамдар, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чынында силерге Аллах Тааладан акыйкат динди, туура жолду алып келди. Ал алып келген динге ишенгиле, бул дүйнөдө да, акыретте да өзүңөргө жакшы. Эгер Аллахка ишенбей каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ишенимиңерге муктаж эмес, каапырлыгыңар Ага эч зыянын тийгизбейт. Асмандардагы, жердеги жана булардын ортосундагы бардык мүлк падышалык Аллахка таандык. Аллах Таала туура жолго ким ылайыктуу экенин билет жана ага ал жолго түшүүнү жеңил кылат, ал эми ким ылайык болбосо, аны ал жолдон тыйып коёт, Аллах сөзүндө, ишинде, шариятында жана тагдыр кылууда Өтө Даанышман

4:171Страница 105

يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا تَغۡلُواْ فِي دِينِكُمۡ وَلَا تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ إِنَّمَا ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ رَسُولُ ٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلۡقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرۡيَمَ وَرُوحٞ مِّنۡهُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۖ وَلَا تَقُولُواْ ثَلَٰثَةٌۚ ٱنتَهُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ إِنَّمَا ٱللَّهُ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٞۘ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا ١٧١

О люди Писания! Не проявляйте чрезмерности в вашей религии и говорите об Аллахе только правду. Мессия Иса (Иисус), сын Марьям (Марии), является посланником Аллаха, Его Словом, которое Он послал Марьям (Марии), и духом от Него. Веруйте же в Аллаха и Его посланников и не говорите: «Троица!». Прекратите, ведь так будет лучше для вас. Воистину, Аллах является Единственным Богом. Он пречист и далек от того, чтобы у Него был сын. Ему принадлежит то, что на небесах, и то, что на земле. Довольно того, что Аллах является Попечителем и Хранителем!

Оо, элчи, Инжилдин ээси болгон христиандарга айт: Диниңерде аша чаппагыла, Аллах Таалага Иса пайгамбар тууралуу чындыкты гана айткыла, чынында Мариямдын уулу Иса Масих чыныгы дин менен Аллах Таала чыгарган элчи, аны Жебирейилди Мариямга жиберип Өзүнүн бир ооз сөзү менен жараткан, ал сөзү "бол" деген сөз, ошону менен "болуп" калды. Ал Аллахтын буйругу менен Жебирейил үйлөгөн Аллахтын деми. Аллахка жана Анын элчилерине бири-биринен ажыратпастан ишенгиле. Аллахты үчөө дебегиле, бул жалган, бузуку сөзүңөрдү токтоткула, токтотконуңар дүйнө жана акыретте өзүңөргө жакшы. Аллах Таала чынында Жалгыз шериги, баласы болуудан аруу-таза, Ал муктаж эмес, Асмандагы, жердеги жана булардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аныкы, асман-жердегинин баарын көзөмөлдөп, башкарууга Жетиштүү

4:172Страница 105

لَّن يَسۡتَنكِفَ ٱلۡمَسِيحُ أَن يَكُونَ عَبۡدٗا لِّلَّهِ وَلَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ٱلۡمُقَرَّبُونَۚ وَمَن يَسۡتَنكِفۡ عَنۡ عِبَادَتِهِۦ وَيَسۡتَكۡبِرۡ فَسَيَحۡشُرُهُمۡ إِلَيۡهِ جَمِيعٗا ١٧٢

Ни Мессия, ни приближенные ангелы никогда не посчитают для себя унизительным быть рабами Аллаха. А тех, кто посчитает для себя унизительным поклоняться Ему и проявит высокомерие, Он соберет к Себе вместе.

Мариямдын уулу Иса Аллахка кул болуудан арданган жана тыйылган жок, Аллах Өзүнө жакын кылган периштелер да Ага кул болууга арданган жок. Анан кантип силер Исаны кудай санайсыңар?! Ким Аллахка ибадат кылуудан арданып, текеберленсе, кыямат күнү Аллах Таала алардын баарын жыйнайт жана ар бирин өзүнө жараша жазалайт

4:173Страница 105

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَيُوَفِّيهِمۡ أُجُورَهُمۡ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضۡلِهِۦۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسۡتَنكَفُواْ وَٱسۡتَكۡبَرُواْ فَيُعَذِّبُهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا ١٧٣

Тех, которые уверовали и совершали праведные деяния, Он одарит вознаграждением сполна и даже приумножит его по Своей милости. А тех, которые считали для себя унизительным поклоняться Ему и проявляли высокомерие, Он подвергнет мучительным страданиям. Они не найдут себе вместо Него ни покровителя, ни помощника.

Ал эми Аллахка ишенип, Анын элчилерин тастыктап, шариятка ылайык иштерди Аллахка ыклас кылып аткаргандарга, алардын иштеринин сооп-сыйын эч кемитпестен берет. Андан сырткары аларга Аллах Өзүнүн артыкчлык, жакшылыктарынан кошумча кылат. А Аллахка баш ийүүдөн, ибадат кылуудан арданып текеберленгендерди кордоочу азап менен кыйнайт, ошондо алар аларга пайда берчү Аллахтан башка досту, аларды зыяндан сактоочу Аллахтан башка жардамчыны таба албайт.

4:174Страница 105

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُم بُرۡهَٰنٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ نُورٗا مُّبِينٗا ١٧٤

О люди! К вам уже явилось доказательство от вашего Господа, и Мы ниспослали вам ясный свет.

Оо, адамдар, чынында Жаратуучуңардан силердин шылтооңорду жоюп, күмөнүңөрдү кетире турган чоң далил келди. Ал - Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жана силерге ачык-айкын жарык нурду түшүрдүк, бул - Куран.

4:175Страница 105

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَٱعۡتَصَمُواْ بِهِۦ فَسَيُدۡخِلُهُمۡ فِي رَحۡمَةٖ مِّنۡهُ وَفَضۡلٖ وَيَهۡدِيهِمۡ إِلَيۡهِ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا ١٧٥

Тех, которые уверовали в Аллаха и крепко ухватились за Него, Он введет в Свою милость и щедрость и поведет к Себе прямым путем.

Аллахка ишенип, пайгамбарына түшкөн Куранды бекем кармангандарды бейишке киргизүү менен аларга ырайымын төгөт, сооп-сыйларын арттырат, даражаларын көтөрөт. олку-солкусу жок туура жолго түшүүгө аларга жеңилдик берет, бул жол Адн бейишине алап бара турган жол.

4:176Страница 106

يَسۡتَفۡتُونَكَ قُلِ ٱللَّهُ يُفۡتِيكُمۡ فِي ٱلۡكَلَٰلَةِۚ إِنِ ٱمۡرُؤٌاْ هَلَكَ لَيۡسَ لَهُۥ وَلَدٞ وَلَهُۥٓ أُخۡتٞ فَلَهَا نِصۡفُ مَا تَرَكَۚ وَهُوَ يَرِثُهَآ إِن لَّمۡ يَكُن لَّهَا وَلَدٞۚ فَإِن كَانَتَا ٱثۡنَتَيۡنِ فَلَهُمَا ٱلثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَۚ وَإِن كَانُوٓاْ إِخۡوَةٗ رِّجَالٗا وَنِسَآءٗ فَلِلذَّكَرِ مِثۡلُ حَظِّ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۗ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ أَن تَضِلُّواْۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمُۢ ١٧٦

Они просят тебя вынести решение. Скажи: «Аллах вынесет для вас решение относительно тех, кто не оставляет после себя родителей или детей». Если умрет мужчина, у которого нет ребенка, но есть сестра, то ей принадлежит половина того, что он оставил. Он также наследует ей, если у нее нет ребенка. Если их две сестры, то им принадлежат две трети того, что он оставил. Если же они являются братьями и сестрами, то мужчине принадлежит доля, равная доле двух женщин. Аллах разъясняет вам это, чтобы вы не впали в заблуждение. Аллах ведает о всякой вещи.

Оо, элчи,сенден "калала"кишиден калган мурас жөнүндө өкүм сурашат. Калала дегени - баласы жок, атасы да жок кайтыш болгон киши. Аларга мындай кишинин мурасы тууралуу Аллах Таала минтип баян кылды деп айт: каза болгон кишинин баласы да, атасы да жок болсо, бирок анын бир тууган эжеси же карындашы болсо, же атасынын бир тууган эжеси же карындашы болсо, анда маркумдан калган мүлктүн тең жарымы милдеттүү түрдө ошол аялга тиет. А эгер аял киши каза болсо эркек бир тууганы, же атасынын эркек бир тууганы болуп, андан башка милдеттүү түрдө мурас ала турган эч ким болбосо, анда ал калган мүлктү толук алат. Эгер милдеттүү түрдө мурас бөлүнө турган адамы болсо, анда башкалар андан кийин гана алат. Эгер бир тууган эже-карындаштары, же атасы менен бир тууган эже-карындаштары экөө же андан көп болсо, аларга үчтөн бири милдеттүү тиет. А эгер маркумдун аял-эркек бир туугандары, же атасынын аял-эркек бир туугандары болсо, анда тууганчылыктагы эреже боюнча алышат (бир эркекке эки аялдын үлүшү) аялдын үлүшүнөн эркектин үлүшү эки эсе көп болот. Силер мурас ишинде адашпооңор үчүн Аллах Таала ушинтип калаланын жана башкалардын мурас өкүмүн баяндап берди. Аллах Таала бардык нерсени билүүчү, Ага эч нерсе билинбей калбайт.

Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии

Содержание

Аят аль-Курси36Аль-Кахфстр. 42джуз 15Бухари 1Муслим 2999

Вид

Тема
Размер текста
Вид

Read in English