Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском
Аль-Араф 7:54–107
7:54Страница 157
إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يُغۡشِي ٱلَّيۡلَ ٱلنَّهَارَ يَطۡلُبُهُۥ حَثِيثٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ وَٱلنُّجُومَ مُسَخَّرَٰتِۭ بِأَمۡرِهِۦٓۗ أَلَا لَهُ ٱلۡخَلۡقُ وَٱلۡأَمۡرُۗ تَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٥٤
Воистину, ваш Господь - Аллах, Который сотворил небеса и землю за шесть дней, а затем вознесся на Трон (или утвердился на Троне). Он покрывает ночью день, который поспешно за ней следует. Солнце, луна и звезды - все они покорны Его воле. Несомненно, Он творит и повелевает. Благословен Аллах, Господь миров!
Оо, адамдар, акыйкатта силердин Раббиңер ал - мурда эч окшошу болбогон жерди алты күндө жараткан Аллах. Андан кийин өзүнүн улуулугуна ылайык биздин акылыбыз жетпеген көтөрүлүү менен Аршына көтөрүлдү. Ал түндүн караңгылыгын күндүздүн жарыгы менен, күндүздүн жарыгын түндүн караңгылыгы менен кетирет. Алар бири-биринин артынан ылдам кечикпестен кууп жүрөт да, бири кеткенде, экинчиси келет. Ал Өзүнө моюн сунган күндү, айды жана жылдыздарды жаратты. Билип алгыла, жаратуу бир гана Аллахка таандык, андан башка жаратуучу барбы?! Иштин баары Ага таандык, Анын жакшылыгы улуу, жакшылык кылуусу көп, улуу жана толук деген сыпаттар менен сыпатталган, ааламдардын Раббиси.
7:55Страница 157
ٱدۡعُواْ رَبَّكُمۡ تَضَرُّعٗا وَخُفۡيَةًۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُعۡتَدِينَ ٥٥
Взывайте к Господу своему со смирением и в тайне. Воистину, Он не любит преступников.
Оо, ыймандуулар, Раббиңерге кичи пейилдик менен берилип купуя, жашыруун дуба кылгыла. Көрсөтүү үчүн эмес, чын ыклас менен Кемчиликсиз Аллахка эч нерсени шерик кылбай дуба кылгыла. Акыйкатта Ал дубада чектен чыгуучуларды жакшы көрбөйт, дубадагы чектен чыгуунун эң жаманы бутпарастар сыяктуу Ага кошуп башка нерселерге дуба кылуу.
7:56Страница 157
وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَا وَٱدۡعُوهُ خَوۡفٗا وَطَمَعًاۚ إِنَّ رَحۡمَتَ ٱللَّهِ قَرِيبٞ مِّنَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ ٥٦
Не распространяйте нечестия на земле после того, как она приведена в порядок. Взывайте к Нему со страхом и надеждой. Воистину, милость Аллаха близка к творящим добро.
Аллах элчилерин жиберип жер бетиндегилерди бир Өзүнө баш ийдирип оңдогондон кийин, кайра күнөөгө берилип аны бузбагыла. Азабынан коркконуңарды билдирип, сооп-сыйына жетүүгө үмүт кылып Аллахка дуба кылгыла. Акыйкатта Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын, ушулардан болгула.
7:57Страница 157
وَهُوَ ٱلَّذِي يُرۡسِلُ ٱلرِّيَٰحَ بُشۡرَۢا بَيۡنَ يَدَيۡ رَحۡمَتِهِۦۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَقَلَّتۡ سَحَابٗا ثِقَالٗا سُقۡنَٰهُ لِبَلَدٖ مَّيِّتٖ فَأَنزَلۡنَا بِهِ ٱلۡمَآءَ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦ مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِۚ كَذَٰلِكَ نُخۡرِجُ ٱلۡمَوۡتَىٰ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ ٥٧
Он - Тот, Кто направляет ветры добрыми вестниками Своей милости. Когда же они приносят тяжелые облака, Мы пригоняем их к мертвой земле, проливаем воду и посредством этого взращиваем всевозможные плоды. Таким же образом Мы воскрешаем мертвых. Быть может, вы помяните назидание.
Жамгырдын жакшы кабарын алып келүүчү шамалдарды Аллах жиберет. Шамал сууга толгон оор булуттарды алып келгенде аларды кургакчылык болгон жайларга жаадырып, анын суусу менен түрдүү мөмолөрдү чыгарабыз. мына ушул мөмөлөр өнүп чыккан сыяктуу кыяматта өлүктөр да кабырларынан тирилип чыгышат. Эй, адамдар, Аллахтын кудуретин, жоктон бар кылуучулугун жана өлүктөрдү тирилтүүгө кадыр экенин эстйт го деген үмүттө ушундай иштерди кылабыз.
7:58Страница 158
وَٱلۡبَلَدُ ٱلطَّيِّبُ يَخۡرُجُ نَبَاتُهُۥ بِإِذۡنِ رَبِّهِۦۖ وَٱلَّذِي خَبُثَ لَا يَخۡرُجُ إِلَّا نَكِدٗاۚ كَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَشۡكُرُونَ ٥٨
На хорошей земле растения растут по воле ее Господа, а на плохой земле они растут с трудом. Так Мы разъясняем знамения для благодарных людей.
Таза топурактуу жерде, Аллахтын уруксаты менен, өсүмдүк кооз,жетиле өсүп чыгат. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адам насаатты угуп, андан пайдаланып, жакшы иштерди аткарат. Ал эми шор каптаган таштак жерге өсүмдүк кыйынчылык менен чыгып, көрксүз болот. Ошол сыяктуу каапыр адам насааттан пайда албайт, ага пайдасын тийгизүүчү жакшы иши да жок. Раббисине баш ийип, Ага каапырлык кылбай, Анын жакшылыктарына шүгүр кылган адамдарга чындыкты бекемдөө үчүн ушундай түрдүү далилдерди көрсөтөбүз.
7:59Страница 158
لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ ٥٩
Мы послали Нуха (Ноя) к его народу, и он сказал: «О мой народ! Поклоняйтесь Аллаху, ибо нет у вас другого божества, кроме Него. Я боюсь, что вас постигнут мучения в Великий день».
Бир Аллахка ибадат кылып, андан башкасын таштоого үндөө үчүн Нухту коомуна элчи кылдык. Нух коомуна: "Эй, коомум, Аллахка жалгыз Өзүнө сыйынгыла, силерге Андан башка ибадат кылууга татыктуу жок.Эй, коомум, каапырлык кылып жүрүп, кыямат күнү азапка кабылып каласыңар го деп корком.
7:60Страница 158
قَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ ٦٠
Знатные люди из его народа сказали: «Мы видим, что ты находишься в очевидном заблуждении».
Коомунун аттуу-баштуулары ага: "Эй, Нух, биз сенин тууралыктан өтө алыстап кеткениңди көрүп турабыз" - дешти.
7:61Страница 158
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي ضَلَٰلَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٦١
Он сказал: «О мой народ! Я не заблуждаюсь. Напротив, я - посланник Господа миров.
Нух пайгамбар коомунун аттуу-баштууларына: "Мен силер ойлогондой адашуучу эмесмин, мен Раббимдин туура жолундамын. Силерге менин, силердин жана бүт ааламдардын Раббиси Аллах тарабынан жиберилген элчимин" - деди.
7:62Страница 158
أُبَلِّغُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَأَنصَحُ لَكُمۡ وَأَعۡلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ ٦٢
Я сообщаю вам послания моего Господа и даю вам искренние советы. Я узнаю от Аллаха то, чего вы не знаете.
Берилген аян кабар аркылуу Аллах мени жиберген динди силерге жеткиремин. Аллахтын буйруктарын аткаруу аркылуу сооп-сыйга жетүүгө кызыктырып силерге жакшылык каалаймын. Тыюу салынган иштерге берилүү аркылуу азапка дуушар болуп калууңардан эскертемин. Аллахтан Анын аян кабары аркылуу силер билбеген нерсени билип турам.
7:63Страница 158
أَوَعَجِبۡتُمۡ أَن جَآءَكُمۡ ذِكۡرٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ مِّنكُمۡ لِيُنذِرَكُمۡ وَلِتَتَّقُواْ وَلَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ ٦٣
Неужели вы удивляетесь тому, что напоминание от вашего Господа явилось к вам через мужчину из вашей среды, чтобы он мог предостеречь вас и чтобы вы стали богобоязненны? Быть может, тогда вы будете помилованы».
Раббиңердин аян кабары жана насаат эскертүүсү силердин араңардагы өзүңөргө тааныш адамдын тили аркылуу келгенине таң калууңар күчөдүбү?! Ал силердин араңарда өсүп чоңойгон, өзүңөрдүн жынсыңардан, жалган сүйлөбөгөн, адашкан да эмес. Ал, силер жалган айтып, күнөөкөр болгонуңарда Аллахтын азабын эскертип силерди коркутуу жана Аллахтын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болууңар үчүн ошондой эле Ага ыйман келтирип Анын ырайымына ээ болууңарды үмүт кылып келген.
7:64Страница 158
فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيۡنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمًا عَمِينَ ٦٤
Они сочли его лжецом, а Мы спасли его и тех, кто был с ним, в ковчеге, и потопили тех, кто счел ложью Наши знамения. Воистину, они были слепыми людьми.
Коому аны жалганга чыгарып, ыйман келтиришпеди, каапырлыктарын уланта беришти. Ошондо аларды кыйратууну суранып Аллахка дуба кылды. Аны жана аны менен бирге ыйман келтирген адамдарды кемеге чыгарып топон суудан сактап калдык. Биздин аяттарыбызды жалган деп, ошол оюнан кайтпаган каапырларды топон сууга чөктүрүп азаптадык. Акыйкатта алардын жүрөгү чындыкты көрбөгөн сокур эле.
7:65Страница 158
۞ وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمۡ هُودٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ ٦٥
Мы отправили к адитам их брата Худа. Он сказал: «О мой народ! Поклоняйтесь Аллаху, ибо нет у вас другого божества, кроме Него. Неужели вы не устрашитесь?».
Аад элине өздөрүнүн арасынан Худду (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбар кылып жибердик. Ал: "Эй, коомум, Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылгыла, силерге Андан башка ибадатка татыктуу жок. Анын азабынан аман калууңар үчүн буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып, такыба болбойсуңарбы?!" - деди.
7:66Страница 158
قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي سَفَاهَةٖ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ ٦٦
Знатные люди из его народа, которые не уверовали, сказали: «Мы видим, что ты глупец, и считаем тебя одним из лжецов».
Коомундагы Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарган аттуу-баштуулары: "Эй, Худ, бизди бут-айкелдерге ибадат кылууну таштап, жалгыз Аллахка ибадат кылууга үндөгөнүңдөн сенин кем акыл, келесоолугуңду билип жатабыз. Өзүңдү пайгамбар деп эсептегениң анык жалганчылык экенине бекем ишенебиз" - дешти.
7:67Страница 158
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي سَفَاهَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٦٧
Он сказал: «О мой народ! Я не являюсь глупцом, а являюсь посланником Господа миров.
Худ коомунун айтканына жооп кылып: "Эй, коомум, мен кем акыл, келесоо эмесмин, мен ааламдардын Раббиси жиберген элчимин" - деди.
7:68Страница 159
أُبَلِّغُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَأَنَا۠ لَكُمۡ نَاصِحٌ أَمِينٌ ٦٨
Я доношу до вас послания от вашего Господа, и я для вас - надежный и добрый советчик.
Аллах силерге жеткирүүнү буйруган шариятын жана бир кудайга ибадат кылуу ишенимин жеткиремин. Силерге буйрулган нерсени жеткирүүдө ишенимдүү насаатчымын, ага алымча-кошумча кылбаймын.
7:69Страница 159
أَوَعَجِبۡتُمۡ أَن جَآءَكُمۡ ذِكۡرٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ مِّنكُمۡ لِيُنذِرَكُمۡۚ وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ جَعَلَكُمۡ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعۡدِ قَوۡمِ نُوحٖ وَزَادَكُمۡ فِي ٱلۡخَلۡقِ بَصۜۡطَةٗۖ فَٱذۡكُرُوٓاْ ءَالَآءَ ٱللَّهِ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ ٦٩
Неужели вы удивляетесь тому, что напоминание от вашего Господа дошло до вас через мужчину, который является одним из вас, чтобы он мог предостеречь вас? Помните о том, как Он сделал вас преемниками народа Нуха (Ноя) и сделал вас еще более рослыми. Помните о милостях Аллаха, - быть может, вы преуспеете».
Раббиңердин аян кабары жана насаат эскертүүсү силердин жынсыңардагы адамдын, периште же жин жынсынан эмес,тили аркылуу келгенине таң калууңар күчөдүбү?! Силерди жерге жайгаштырып койгонуна жана каапырлыктары үчүн Аллах кыйратып жок кылган Нухтун коомуна орун басар кылганы үчүн Аллахка мактоо айтып, шүгүр кылгыла. Силерге олбурлуу дене, чоң күч-кубат бергенине шүгүр кылгыла. Азап-тозоктон кутулууну үмүт кылсаңар, анда Аллахтын силерге берген көп жакшылыктарын эстегиле.
7:70Страница 159
قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا لِنَعۡبُدَ ٱللَّهَ وَحۡدَهُۥ وَنَذَرَ مَا كَانَ يَعۡبُدُ ءَابَآؤُنَا فَأۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ ٧٠
Они сказали: «Неужели ты пришел к нам для того, чтобы мы поклонялись одному Аллаху и отреклись от того, чему поклонялись наши отцы? Ниспошли нам то, чем ты угрожаешь (или что ты обещаешь), если ты говоришь правду».
Коому Худга кайрылып: "Эй, Худ, бизди ата-бабаларыбыз ибадат кылып келген бут-айкелдерди таштап, жалгыз Аллахка ибадат кылууга буйруйсуңбу?! Айткандарың чын болсо, анда бизге убада кылып жаткан азабыңды алып келе бер" - дешти.
7:71Страница 159
قَالَ قَدۡ وَقَعَ عَلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُمۡ رِجۡسٞ وَغَضَبٌۖ أَتُجَٰدِلُونَنِي فِيٓ أَسۡمَآءٖ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّا نَزَّلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٖۚ فَٱنتَظِرُوٓاْ إِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُنتَظِرِينَ ٧١
Он сказал: «Наказание и гнев вашего Господа уже поразили вас. Неужели вы станете пререкаться со мной относительно имен, которые придумали вы и ваши отцы? Аллах не ниспосылал о них никакого доказательства. Ждите, и я подожду вместе с вами».
Худ аларга жооп кылып: "Чынында, Аллахтын азабын жана каарын талап кылдыңар, мунун силерге келерине эч шек жок. Атаңар да, силер да "кудай" деп атап алган, чындыкка дал келбеген бут-айкелдер тууралуу мени менен талашасыңарбы?! Аллах алардын "кудай" экенине далил боло турган далилди түшүргөн эмес. Өзүңөр батыраак жиберүүсүн Аллахтан талап кылган азапты күткүлө, мен да аны силер менен бирге күтөм, ал жакында болот.
7:72Страница 159
فَأَنجَيۡنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ بِرَحۡمَةٖ مِّنَّا وَقَطَعۡنَا دَابِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَاۖ وَمَا كَانُواْ مُؤۡمِنِينَ ٧٢
Мы спасли его и тех, кто был с ним, по Своей милости и искоренили тех, которые сочли ложью Наши знамения и не стали верующими.
Худду жана аны менен бирге болгон ыймандууларга ырайым кылып, азаптан сактап калдык. Ал эми Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, ыйман келтиришпей, жалганчы болгондорду кыйратып жок кылдык, алар ушундай азапка ылайык болчу.
7:73Страница 159
وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمۡ صَٰلِحٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ هَٰذِهِۦ نَاقَةُ ٱللَّهِ لَكُمۡ ءَايَةٗۖ فَذَرُوهَا تَأۡكُلۡ فِيٓ أَرۡضِ ٱللَّهِۖ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٖ فَيَأۡخُذَكُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ ٧٣
Мы отправили к самудянам их брата Салиха. Он сказал: «О мой народ! Поклоняйтесь Аллаху, ибо нет у вас другого божества, кроме Него. К вам явилось ясное знамение от вашего Господа. Эта верблюдица Аллаха является знамением для вас. Позвольте ей пастись на земле Аллаха и не причиняйте ей зла, а не то вас постигнут мучительные страдания.
Самуд коомуна өздөрүнүн ичинен Салихти пайгамбар кылдык. Ал аларды Аллахты жалгыз деп билүүгө жана Ага ибадат кылууга чакырды. Салих коомуна кайрылып: "Аллахка Өзүнө гана ибадат кылгыла, силерге Андан башка ибадатка татыктуу жок. Менин пайгамбарлыгымдын чындык экенине ачык-айкын далил болуучу белги келди. Ал ташты жарып чыккан төө. Анын суу иче турган белгилүү убактысы бар, силер да сууну өзүңөргө тиешелүү убакта алгыла. Ага тийбегиле, Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин, анын силерге зыяны жок. Силер да ага зыян тийгизбегиле. Эгер ага зыян тийгизсеңер, ошол себептүү азапка кириптер болосуңар.
7:74Страница 160
وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ جَعَلَكُمۡ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعۡدِ عَادٖ وَبَوَّأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ تَتَّخِذُونَ مِن سُهُولِهَا قُصُورٗا وَتَنۡحِتُونَ ٱلۡجِبَالَ بُيُوتٗاۖ فَٱذۡكُرُوٓاْ ءَالَآءَ ٱللَّهِ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ ٧٤
Помните о том, как Он сделал вас преемниками адитов и расселил вас на земле, на равнинах которой вы воздвигаете дворцы, а в горах высекаете жилища. Помните о милостях Аллаха и не творите на земле зла, распространяя нечестие».
Силерди Аад коомунун артынан алып келгендеги Аллахтын жакшылыктарын эстегиле. Жалганчылыгы жана каапырлыгы чектен чыккан Аад коому кыйратылгандан кийин силерди жерге жайгаштырып, анда орун-очок алдыңар, издегениңерди таптыңар. Силер эми жердин тегиз бетине ак сарайларды саласыңар, үй жасоо үчүн тоолорду кесесиңер. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле. Жер бетинде бузукулук кылып жүрүүнү таштагыла. Бузкулукту таштоо - Аллахка каапырлык кылууну жана күнөөлөрдү таштоо аркылуу болот.
7:75Страница 160
قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لِلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ لِمَنۡ ءَامَنَ مِنۡهُمۡ أَتَعۡلَمُونَ أَنَّ صَٰلِحٗا مُّرۡسَلٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قَالُوٓاْ إِنَّا بِمَآ أُرۡسِلَ بِهِۦ مُؤۡمِنُونَ ٧٥
Знатные люди из его народа, которые превозносились, сказали уверовавшим из числа тех, кто был слаб: «Знаете ли вы, что Салих послан своим Господом?». Они сказали: «Мы веруем в то, с чем он послан».
Коомундагы текеберленген байлары жана башчылары ыйман келтирген жарды-жармачтарды (шылдыңдап): "Эй, ыймандуулар, силер, Салих чын эле Аллахтын пайгамбары деп ишенесиңерби? - дешет. Кедей ыймандуулар аларга жооп кылып: "Биз Салих алып келген нерсеге ишенүүчү, тастыктоочу, баш ийүүчү жана анын шариятын аткаруучубуз" - дешти.
7:76Страница 160
قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا بِٱلَّذِيٓ ءَامَنتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ ٧٦
Те, которые превозносились, сказали: «А мы отказываемся уверовать в то, во что уверовали вы».
Коомундагы текеберлер: "Эй, ыймандуулар, биз силер ишенген нерсеге каапырбыз, ага эч ишенбейбиз жана анын шариятын да аткарбайбыз" - дешти.
7:77Страница 160
فَعَقَرُواْ ٱلنَّاقَةَ وَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ وَقَالُواْ يَٰصَٰلِحُ ٱئۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ٧٧
Они подрезали верблюдице поджилки, ослушались своего Господа и сказали: «О Салих! Ниспошли нам то, чем ты угрожаешь, если ты действительно являешься одним из посланников».
Анан Аллахтын буйругун аткарууга текеберлик кылып, зыян тийгизбегиле деп буйруган төөнү союп салышты да, Салих аларга убада кылган азапка ишенбей, шылдыңдап: "Эй, Салих, эгер чындап эле Аллахтын элчилеринен болсоң, бизге айтып жүргөн катуу азабыңды алып кел" - дешти.
7:78Страница 160
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ ٧٨
Их поразило землетрясение, и они оказались повергнуты ниц в своих домах.
Каапырларга алар шашылган азап келип, катуу жер титиреди да, өздөрү да, минген улоолору да баары жерге жутулуп жок болду. Бул кыйроодон алардын бирөөсү да кутулбады.
7:79Страница 160
فَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰقَوۡمِ لَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُمۡ رِسَالَةَ رَبِّي وَنَصَحۡتُ لَكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُحِبُّونَ ٱلنَّٰصِحِينَ ٧٩
Он отвернулся от них и сказал: «О мой народ! Я донес до вас послание моего Господа и искренне желал вам добра, но вы не любите тех, кто желает вам добра».
Салих, коому аны кабыл кылуусунан үмүтүн үзгөндөн кийин, алардан тескери бурулуп: "Эй, коомум, Аллах мага силерге жеткирүүну буйруган нерсени жеткирдим, силерди коркутуп жана кызыктырып насаат айттым, бирок, силер жакшылыкка жакындатып, жамандыктан алыстатууга кызыкдар болгон насаат айтуучуларды жактырбадыңар" - деди.
7:80Страница 160
وَلُوطًا إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَتَأۡتُونَ ٱلۡفَٰحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنۡ أَحَدٖ مِّنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٨٠
Мы отправили Лута (Лота), и он сказал своему народу: «Неужели вы станете совершать мерзость, которую до вас не совершал никто из миров?
Өзүнүн коомуна жийиркенип: "Эркекти эркек эңсеген эң жаман жийиркеничтүү ишти кыласыңарбы?! Бул ишти силер баштап жатасыңар, силерге чейин мындай ишке эч ким барган эмес" - деген Лут пайгамбарды да эстегин.
7:81Страница 160
إِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهۡوَةٗ مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ مُّسۡرِفُونَ ٨١
В похотливом вожделении вы приходите к мужчинам вместо женщин. Воистину, вы - народ излишествующий».
Кумарыңарды кандырууга ылайык жаратылган аялдарды карабай, эркектер менен кумар кандырууну каалайсынарбы. Бул кылыгыңар акылга да сыйбайт, адамдын таза табиятына да туура келбейт. Силер адамдык сапаттан чыгып жана адамдын акылы менен табияты талап кылган нерсени бузуп, Аллах чектенген чегинен чыгып кеттиңер!
7:82Страница 161
وَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَخۡرِجُوهُم مِّن قَرۡيَتِكُمۡۖ إِنَّهُمۡ أُنَاسٞ يَتَطَهَّرُونَ ٨٢
В ответ его народ лишь сказал: «Прогоните их из вашего селения. Воистину, эти люди хотят очиститься».
Бузукулукка берилген адамдар чындыктан баш тартып, бул кайтарууга минтип жооп беришти: "Лутту жана ага ишенгендерди айылдан чыгарып салгыла! Алар биз кылып жаткан ишке барышпайт экен, мындайлар менен чогуу жашоо бизге ылайык эмес".
7:83Страница 161
فَأَنجَيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ ٨٣
Мы спасли его и его семью, кроме жены, которая оказалась в числе оставшихся позади.
Бир аздан кийин азап түшө турган айылдан чыгып кеткиле деп аянкылып Лутту жана анын үй-бүлөсүн азаптан сактадык. Бирок, анын аялы коому менен калып, башкалар кабылган азапка кабылды.
7:84Страница 161
وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ ٨٤
Мы пролили на них дождь. Посмотри же, каким был конец грешников!
Алардын үстүнө ысык ылайдан катуу жамгыр жаадырдык, айылды болсо, астын-үстүн кылдык. Оо, элчи, Лут пайгамбардын күнөөкөр коомунун акыбети кандай болгонуна ой жүгүрт, акыйкатта, алардын акыбети кыйроо жана түбөлүк азап болду.
7:85Страница 161
وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ فَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ ٨٥
Мы отправили к мадьянитам их брата Шуейба. Он сказал: «О мой народ! Поклоняйтесь Аллаху, ибо нет у вас другого божества, кроме Него. К вам явилось ясное знамение от вашего Господа. Наполняйте же меру и весы сполна, не придерживайте имущества людей и не распространяйте нечестия на земле после того, как на ней наведен порядок. Так лучше для вас, если только вы являетесь верующими.
Чынында Биз Мадиян элине өздөрүнөн Шуайбды пайгамбар кылдык. Ал коомуна кайрылып: "Эй, коомум, жалгыз Аллахка ибадат кылгыла, Андан башка ибадат кылууга татыктуу жок. Силерге, Мен Рабимден алып келген диндин чындык экенине далил болчу ачык-айкын белгилер келди. Өлчөөнү жана таразада тартууну так кылып, адамдардын акысын жебегиле. буюмдарынын айыбы менен адамдардын баасын түшүрбөгүлө. Мурда пайгамбарларды жиберүү аркылуу оңдогон жер бетинде кайра бузукулукту таратпагыла. Ушул айтылгандар эгер ыйман келтирсеңер силер үчүн пайдалуу жана жакшы. Анткени, Аллахтын тыюусуна баш ийип күнөөну таштайсыңар жана Анын буйругун аткаруу менен Ага жакындайсыңар.
7:86Страница 161
وَلَا تَقۡعُدُواْ بِكُلِّ صِرَٰطٖ تُوعِدُونَ وَتَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ بِهِۦ وَتَبۡغُونَهَا عِوَجٗاۚ وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ كُنتُمۡ قَلِيلٗا فَكَثَّرَكُمۡۖ وَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ ٨٦
Не садитесь на дорогах, угрожая и сбивая с пути Аллаха тех, кто уверовал в Него, и пытаясь исказить его. Помните, что вас было мало, а Он приумножил ваше число. Посмотри же, каким был конец злодеев!
Малын тоноо, динге кирүүнү каалаган адамдарды Аллахтын дининен тосуу, адамдар ага кирбесин үчүн динди бурмалап көрсөтүү аркылуу ары-бери өткөн адамдарды коркутуп ар кайсы жолдун боюнда турбагыла. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле; силердин саныңар аз эле, Ал аны көбөйттү. Силерден мурдагы жер бетинде бузукулук кылып өткөн адамдардын акыбети кандай болгонун ойлоп көргүлө. Алардын акыбети кырап жок болуу менен буткөн.
7:87Страница 161
وَإِن كَانَ طَآئِفَةٞ مِّنكُمۡ ءَامَنُواْ بِٱلَّذِيٓ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦ وَطَآئِفَةٞ لَّمۡ يُؤۡمِنُواْ فَٱصۡبِرُواْ حَتَّىٰ يَحۡكُمَ ٱللَّهُ بَيۡنَنَاۚ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡحَٰكِمِينَ ٨٧
Если одна часть из вас уверовала в то, с чем я послан, а другая не уверовала, то потерпите, пока Аллах не рассудит между нами, ибо Он - Наилучший из судей».
Эгер мен Рабимден алып келген нерсеге силердин араңардан бир жамаат ыйман келтирсе, бир жамаат буга ыйман келтирбесе, анда, эй, жалганчылар, Аллах силердин ортоңорду ажыратканча күтүп тургула. Ал эң жакшы ажыратуучу жа эң адилеттүү өкүм чыгаруучу.
7:88Страница 162
۞ قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَنُخۡرِجَنَّكَ يَٰشُعَيۡبُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَكَ مِن قَرۡيَتِنَآ أَوۡ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَاۚ قَالَ أَوَلَوۡ كُنَّا كَٰرِهِينَ ٨٨
Знатные люди из его народа, которые превозносились, сказали: «О Шуейб! Мы непременно изгоним тебя и тех, кто уверовал вместе с тобой, из нашего города или же ты вернешься в нашу религию». Шуейб сказал: «Даже если это ненавистно нам?
Шуайбдын коомундагы текеберленген чоңдору жана башчылары ага: "Эй, Шуайб, биздин динибизге кайра кайткыла, болбосо сени да, сага ишенип ыйман келтиргендерди да айылдан кууп чыгабыз" - дешти. Шуайб аларга таң калып жана алардын айтканын четке кагып: "Силер тутунган диндин жалган экенин билип, аны жаман көрүп турсак, кантип кабылдамак элек?!" - деди.
7:89Страница 162
قَدِ ٱفۡتَرَيۡنَا عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا إِنۡ عُدۡنَا فِي مِلَّتِكُم بَعۡدَ إِذۡ نَجَّىٰنَا ٱللَّهُ مِنۡهَاۚ وَمَا يَكُونُ لَنَآ أَن نَّعُودَ فِيهَآ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّنَاۚ وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمًاۚ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡنَاۚ رَبَّنَا ٱفۡتَحۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَ قَوۡمِنَا بِٱلۡحَقِّ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡفَٰتِحِينَ ٨٩
Мы возведем навет на Аллаха, если вернемся в вашу религию после того, как Аллах спас нас от нее. Не бывать тому, чтобы мы вернулись в вашу религию, если только этого не пожелает Аллах, наш Господь. Наш Господь объемлет знанием всякую вещь. Мы уповаем только на Аллаха. Господь наш! Рассуди между нами и нашим народом по справедливости, ведь Ты - Наилучший из судей».
"Биз силердин каапырлык жана ширкке негизделген "диниңерге" кайтсак, Аллахка жалганчы болуп калабыз, анткени, Аллах Өзү бизди каапырлык жана ширктен куткарып чыгарган. Силердин жалган ишенимиңерге кайтуу бизге туура да келбейт, ылайык да эмес, бирок, Аллах кааласа гана. Көз карандылыктын баары Аллахтын каалоосунда, Раббибиз илими менен бардык нерсени ороп алган, Ага эч нерсе жашыруун болбойт. Туура жолдон тайдырбай кадамдарыбызды бекем кылуусу жана тозоктун жолунан сактоосу үчүн бир гана Аллахка таянабыз. Оо, Рабби, биз менен каапыр коомубуздун ортосуна Өзүң өкүм чыгар. Көк беттик менен зыян көрсөткөн залымдарга каршы туура жолдо зыян тартып жаткандарга жардам бер.Оо, Рабби, Сен өкүм чыгаруучулардын эң жакшысысың" - деди.
7:90Страница 162
وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَئِنِ ٱتَّبَعۡتُمۡ شُعَيۡبًا إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ ٩٠
Знатные люди из его народа, которые не уверовали, сказали: «Если вы последуете за Шуейбом, то непременно окажетесь в числе потерпевших урон».
Коомундагы Аллахты жалгыз деп билүү дааватына каршы болгон каапырлардын чоңдору жана башчылары Шуайбдан жана анын дининен кайтарып: "Эй, элдер, эгер ата-бабаңардан бери келе жаткан диниңерди таштап, Шуайбдын динине киресеңер, анда кыйрап жок болосуңар" - деп коркутушту.
7:91Страница 162
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ ٩١
Их постигло землетрясение, и они оказались повергнуты ниц в своих домах.
Анан жер катуу титиреп, ар кимиси тургн жеринде жерге жутулуп жок болушту.
7:92Страница 162
ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ شُعَيۡبٗا كَأَن لَّمۡ يَغۡنَوۡاْ فِيهَاۚ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ شُعَيۡبٗا كَانُواْ هُمُ ٱلۡخَٰسِرِينَ ٩٢
Те, которые сочли Шуейба лжецом, словно никогда не жили там. Те, которые сочли Шуейба лжецом, оказались потерпевшими убыток.
Шуайбды жалганга чыгаргандардын баары, ал жерде такыр жашабаган сыяктуу тып-тыйпыл болуп кыйрап жоголду. Шуайбды жалганга чыгаргандар өздөрү зыянга туш болду, анткени алар өздөрүнө, өздөрү ээлик кылгандарга зыян кылып алышты. Ал эми жалганчы каапырлар "кыйрайт" деп ойлогон эл арасындагы ыймандуулар эч кандай зыянга учураган жок.
7:93Страница 162
فَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰقَوۡمِ لَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَنَصَحۡتُ لَكُمۡۖ فَكَيۡفَ ءَاسَىٰ عَلَىٰ قَوۡمٖ كَٰفِرِينَ ٩٣
Он отвернулся от них и сказал: «О мой народ! Я донес до вас послания моего Господа и искренне желал вам добра. Как я могу печалиться о неверующих людях?».
Алар кыйрап калгандан кийин Шуайб тескери бурулуп: "Эй, элим, Раббим силерге жеткир деп буйруган нерсени жеткирдим, силерге насаат айттым, насаатымды укпадыңар, мен баштаган жолго баспадыңар. Аллахка каапыр болуп, каапырлыгынан кайтпаган элге эмнеге кайгырмак элем?!" - деди.
7:94Страница 162
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّبِيٍّ إِلَّآ أَخَذۡنَآ أَهۡلَهَا بِٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمۡ يَضَّرَّعُونَ ٩٤
В какое бы селение Мы не отправляли пророка, Мы непременно подвергали его жителей невзгодам и напастям, дабы они проявили смирение.
Биз кайсы бир айылга кайсы бир пайгамбарды жиберсек, бирок ал жердин эли аны жалганга чыгарып каапыр болсо, алар каапырлыгын жана текеберлигин таштап, Аллахка баш иеби деген үмүттө, аларды кедейлик, кыйынчылык, оору-сыркоо менен эскертебиз. Ушул эскертүү курайштарга да, бардык каапыр, жалганчыларга тиешелүү Аллахтын сүннөт жолу.
7:95Страница 162
ثُمَّ بَدَّلۡنَا مَكَانَ ٱلسَّيِّئَةِ ٱلۡحَسَنَةَ حَتَّىٰ عَفَواْ وَّقَالُواْ قَدۡ مَسَّ ءَابَآءَنَا ٱلضَّرَّآءُ وَٱلسَّرَّآءُ فَأَخَذۡنَٰهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ ٩٥
Затем Мы заменяли зло добром, и тогда они начинали благоденствовать и говорили: «Наших отцов также касались невзгоды и радости». Мы хватали их внезапно, когда они даже не помышляли об этом.
Жакырлык, ооруу-сыркоо менен эскерткенден кийин, алардын жашоосун жакшылык, аманчылыкка айландырдык эле алардын саны өсүп, мал-жаны көбөйдү. Ошондо алар: "Биздин башыбызга келип жаткан каатчылык жана токчулук мурдагылардын да башына түшкөн адаттагы эле көрүнүш" - дешти. Этибар алсын деп берилген кыйынчылыкты да, өнөк алсын деп берилген жыргалчылыкты да сезишкен жок. Анан алар бейкапар, даярдыксыз турганда капыстан азапка алдык.
7:96Страница 163
وَلَوۡ أَنَّ أَهۡلَ ٱلۡقُرَىٰٓ ءَامَنُواْ وَٱتَّقَوۡاْ لَفَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَرَكَٰتٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَٰكِن كَذَّبُواْ فَأَخَذۡنَٰهُم بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ ٩٦
Если бы жители селений уверовали и стали богобоязненны, Мы раскрыли бы перед ними благодать с неба и земли. Но они сочли это ложью, и Мы схватили их за то, что они приобретали.
Эгер Биз элчилерибизди жиберген айылдардын элдери элчилер алып келген динге ишенип, Раббисине такыба болуп, каапырлык жана күнөөнү таштап, Анын буйруктарын аткарышканда, аларга бардык атараптан жакшылык эшиктерин ачып коймокпуз. Бирок, алар ишенишкен да жок, такыба да болушкан жок. Тескерисинче, элчилер алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Анан күнөө, катаалары себептүү Биз аларды кокустан азапка туш кылдык.
7:97Страница 163
أَفَأَمِنَ أَهۡلُ ٱلۡقُرَىٰٓ أَن يَأۡتِيَهُم بَأۡسُنَا بَيَٰتٗا وَهُمۡ نَآئِمُونَ ٩٧
Неужели жители селений не опасались того, что Наше наказание постигнет их ночью, когда они спят?
Айылдардын жалганчы элдери алар ырахатка батып, бейпил уктап жатканда Биздин азап келип калса, аман калмакпы?!
7:98Страница 163
أَوَأَمِنَ أَهۡلُ ٱلۡقُرَىٰٓ أَن يَأۡتِيَهُم بَأۡسُنَا ضُحٗى وَهُمۡ يَلۡعَبُونَ ٩٨
Неужели жители селений не опасались того, что Наше наказание постигнет их утром, когда они забавляются?
Же күндүзү, алар дүйнө иштери менен алек болуп, ойноп, бейкапар турушканда, Биздин азап келип калса, аман калмак беле?
7:99Страница 163
أَفَأَمِنُواْ مَكۡرَ ٱللَّهِۚ فَلَا يَأۡمَنُ مَكۡرَ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ ٩٩
Неужели они не опасались хитрости Аллаха? Хитрости Аллаха не опасаются только люди, терпящие убыток!
Аллахтын аларга берген мүмкүнчүлүктөрүн карагыла, өсүп-өнүгүүсү үчүн аларга күч-кубат, кенен ырыскы берди. Бул айылдардын ишенбөөчү элдери Аллахтын айлакерлигинен жана жашыруун чара көрүүсүнөн кабарсыз беле? Аллахтын айлакерлигинен кыйроочу коом гана кабарсыз калат. Ал эми ийгиликке жетүүчу коом Анын айлакерлигинен коркот, өздөрүнө берилген жакшылыктарга азгырылбайт жана аны сый катары көрүп, ал үчүн шүгүр кылат.
7:100Страница 163
أَوَلَمۡ يَهۡدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلۡأَرۡضَ مِنۢ بَعۡدِ أَهۡلِهَآ أَن لَّوۡ نَشَآءُ أَصَبۡنَٰهُم بِذُنُوبِهِمۡۚ وَنَطۡبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَسۡمَعُونَ ١٠٠
Разве не ясно тем, которые унаследовали землю от ее прежних жителей, что если бы Мы пожелали, то покарали бы их за грехи? Мы запечатываем их сердца, и они не способны слышать.
Күнөөлөрүнүн айынан кыйроого учураган мурдагы элдердин ордуна жайгашып, алардын кыйроосунан этибар албай, кайра ошолордун кылган ишин кайталаган адамдарга эгер Аллах кааласа күнөөлөрү себептүү мурдагылар кабылган балээге кабылтып коёру белгилүү эмеспи? Же жүрөктөрүнө мөөр басып, насааттан таасирленбей, эскертүүдөн пайда албай турган кылып коёрун билишпейби?
7:101Страница 163
تِلۡكَ ٱلۡقُرَىٰ نَقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآئِهَاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡكَٰفِرِينَ ١٠١
Мы рассказываем тебе повествования об этих селениях. Их посланники приходили к ним с ясными знамениями. Однако они не хотели уверовать в то, что они сочли ложью прежде. Так Аллах запечатывает сердца неверующих.
Оо, пайгамбар, сага мурдагы өткөн Нух, Худ, Салих, Лут жана Шуайб пайгамбарлардын коомдору тууралуу, алардын пайгамбарларын жалганга чыгарганы, тоң моюндугу жана кыйроого учураганы тууралуу кабар беребиз. Бул, мындан үлгү алгандарга үлгү, насаат алгандарга насаат болуусу үчүн. Бул айылдын элине пайгамбарлары өздөрүнүн чындык экенине ачык-айкын далилдерди алып келсе да, пайгамабрлары келгенде ыйман келтиришпеди, булардын жалганга чыгаруусу Аллахтын илиминде бар эле. Ошол пайгамбарларын жалганга чыгарган айыл элдеринин жүрөктөрүн мөөрлөп койгон сыяктуу Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) каапыр болгондордун да жүрөгүн мөөрлөп коёбуз, алар ыйман жолуна түшө алышпайт.
7:102Страница 163
وَمَا وَجَدۡنَا لِأَكۡثَرِهِم مِّنۡ عَهۡدٖۖ وَإِن وَجَدۡنَآ أَكۡثَرَهُمۡ لَفَٰسِقِينَ ١٠٢
Большинство из них Мы не нашли верными завету. Воистину, Мы нашли большинство из них нечестивцами.
Биз элчилерибизди жиберген элдин көбү Аллахтын осуятын аткарбаганын, нын буйруктарын орундабаганын көрдүк. Алардын көбү Аллахка баш ийбеди.
7:103Страница 163
ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِم مُّوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَظَلَمُواْ بِهَاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ ١٠٣
После них Мы отправили Мусу (Моисея) с Нашими знамениями к Фараону и его знати, но они поступили с ними несправедливо. Посмотри же, каким был конец распространявших нечестие!
Ал элчилерден кийин Фараонго жана анын коомуна Муса пайгамбарды пайгамбарлыгы чындык экенине ачык-айкын далил, белгилери менен жибердик. Бирок, алар да анын белгилерин жокко чыгарып, ага каапыр болушту. Оо, элчи, анан Фараондун жана анын коомунун акыбети кандай болгонун кара; Аллах аларды чөктүрүп жок кылды жана дүйнө, акыретте каргышка дуушар кылды.
7:104Страница 163
وَقَالَ مُوسَىٰ يَٰفِرۡعَوۡنُ إِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ١٠٤
Муса (Моисей) сказал: «О Фараон! Я - посланник от Господа миров.
Аллах Мусаны Фараонго жибергенде, ага барып: "Эй, Фараон, мен буткүл жаратылгандардын Жаратуучусу, Падышасы жана иштерин көзөмөлдөөчүсү тарабынан жиберилгенмин" - деди.
7:105Страница 164
حَقِيقٌ عَلَىٰٓ أَن لَّآ أَقُولَ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ قَدۡ جِئۡتُكُم بِبَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ فَأَرۡسِلۡ مَعِيَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ١٠٥
Мне полагается говорить об Аллахе только правду. Я принес вам ясное знамение от вашего Господа. Пошли же со мной сынов Исраила (Израиля)».
Муса дагы: "Мен Андан келгендиктен, Ал тууралуу жалаң гана чындыкты айтууга милдеттүүмүн. Силерге пайгамбарлыгымдын чындыгына жана Раббим тарабынан жиберилген элчи экендигиме ачык-айкын далилдерди алып келдим. Эми Исраил урпактарын туткундан чыгарып мени менен жибер" - деди.
7:106Страница 164
قَالَ إِن كُنتَ جِئۡتَ بِـَٔايَةٖ فَأۡتِ بِهَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ ١٠٦
Он сказал: «Если ты принес знамение, то покажи его, если ты говоришь правду».
Фараон Мусага: "Эгер айткандарың чын болсо, Аллахтан алып келдим деп жаткан далилдериңди көрсөт" - деди.
7:107Страница 164
فَأَلۡقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعۡبَانٞ مُّبِينٞ ١٠٧
Он бросил свой посох, и тот превратился в явную змею.
Муса колундагы таягын ыргытты эле, чоң жыланга айланып карап тургандарга даана көрүндү
Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии