Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском
المدثر
Аль-Муддассир
Завернувшийся · Мекканская · 56 аятов
Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!
Тургун жана Аллахтын азабын эскерт!
Раббиңди улукта!
Кийимиңди тазала!
Айкелдерге сыйынуудан алыс бол!
Жакшылык иштерди көп кылдым деп Раббиңе милдет кылба!
Аллах үчүн тарткан зыяндарга сабыр кыл!
Качан керней экинчи жолу тартылганда.
Мына ошол күн – катаал күн.
Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга оңой болбойт.
Оо, пайгамбар! Мен энесинин курсагында байлыксыз же баласыз жалгыз кылып жараткан (Валид ибн аль-Мугийраны) Мага ташта.
Мен ага көп мал-мүлк бердим.
Жана аны менен бирге жүрүп, чогулуштарга бирге катышкан жана байлыгынын көптүгү себептүү сапарда да андан бөлүнбөгөн уулдарды бердим.
Жана ага жашоону, ырыскыны жана бала-чаканы кенен кылдым.
Кийин ал Мага кылган каапырлыгына карабастан, Мен ага ошонун баарын бергенден кийин дагы көбөйтсө экен деп каалап жатат.
74:16Страница 575
كـَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا ١٦
Но нет! Он упрямо отрицает Наши знамения.
Абал ал элестеткендей эмес. Чындыгында ал пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды четке какты жана аларды жалганга чыгарды.
Жакында Мен ага көтөрө албаган азаптын машакатын тарттырам.
Мен ушундай жакшылыктарды берген бул каапыр Куранды жалганга чыгаруу тууралуу айтканын ойлонду жана аны ичинен болжоду.
Каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?!
Дагы каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?!
Андан соң ал айтканына назар салып ойлонуп көрдү.
Кийин ал Куранды жамандаганга эч нерсе таппай калганда жүзүн тырыштырып, кабагын чытыды.
Андан соң ыймандан жүз бурду жана пайгамбарды ээрчүүдөн текеберленди.
74:24Страница 576
فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ يُؤۡثَرُ ٢٤
и сказал: «Это - не что иное, как пересказанное колдовство.
Анан ал мындай деди: «Мухаммад алып келген нерсе Аллахтын сөзү эмес. Тескерисинче, ал башкалар ага айтып берген сыйкыр.
Бул Аллахтын сөзү эмес, бул адамдын сөзү».
Мен аны жакында тозоктун катмарларын бири Сакарга киргизем, ал анын ысыктыгынан азап чегет.
Оо, Мухаммад! Сен Сакар эмне экенин кайдан билмек элең?
Ал андагы азапталгандын эч нерсесин калтырбайт. Ага сөзсүз келет, аны таштап койбойт. Кийин ал баштапкы абалына кайтканда, ага кайрадан келет. Мына ушинтип айлана берет.
Терини катуу күйгүзөт жана өзгөртөт.
Анын үстүндө он тогуз күзөтчү периштелер бар.
74:31Страница 576
وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ ٣١
Стражами Огня мы сделали только ангелов, а количество их сделали искушением для неверующих, чтобы удостоверились те, кому было даровано Писание, чтобы усилилась вера у верующих, чтобы не сомневались те, кому было даровано Писание, и верующие, и чтобы спросили те, чьи сердца поражены недугом, и неверующие: «Что хотел Аллах этой притчей?». Так Аллах вводит в заблуждение, кого пожелает, и ведет прямым путем, кого пожелает. Воинство твоего Господа не знает никто, кроме Него. Это же - не что иное, как Напоминание для человечества.
Биз тозок сакчыларын периштелерден гана кылдык. Адамзаттын аларга күчү жетпейт. Биз, алардын санын Аллахка каапыр болгондорду сыноо үчүн ушундай кылдык. Биз, алар айтар сөзүн айтып, азаптары эселеп көбөйүүсү үчүн, Тоорот берилген жөөттөр менен Инжил берилген христиандар, алардын китептеринде айтылганды тастыктаган Куран түшкөн кезде айкын билүүлөрү үчүн, Китеп ээлеринин (кабары ыймандуулардын ишенимине) дал келгенде ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн, жөөттөр да, христиандар да, ыймандуулар да шектенбөөсү үчүн, ыйманга кирүүдө эки анжы болгондор жана каапырлар: «Аллах бул таң калыштуу сан менен эмнени каалап жатат?» – деп айтуулары үчүн ушундай кылдык. Бул санды жокко чыгаргандарды адаштыруу жана ага ишенгендерди туура жолго салган сыяктуу, Аллах каалаганын адаштырып, каалаганын туура жолго салат. Раббиңдин аскерлери көп болгондуктан, алардын санын Өзүнөн башка эч ким билбейт. Тозок адамзатка эскертүү гана, ал аркылуу адамдар Аллах тааланын улуктугун билишет.
Кээ бир мушриктер ойлогондой, аны шериктери тозоктон чыгарууга тозок сакчыларына жетиштүү деп айткандай эмес. Аллах Ай менен ант берди.
Жана кайтып бараткан түнгө ант берди.
Жана жарык чачкан таңга ант берди.
Чындыгында тозок оту чоң балээлердин бири.
Адамдар үчүн эскертүү жана коркутуу.
74:37Страница 576
لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ ٣٧
тех из вас, кто желает продвигаться вперед благодаря праведным деяниям или отступать назад, совершая грехи.
Оо, адамдар! Силердин араңардагы Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылууга умтулууну же каапырлыктан жана күнөөлөрдөн кетенчиктөөнү каалагандар үчүн.
74:38Страница 576
كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ ٣٨
Каждый человек является заложником того, что он приобрел,
Ар бир жан кылган иштери себептүү кармалып турат. Же кылган иштери аны жок кылат, же аны кыйроодон куткарып, сактап калат.
Ыймандуулар гана күнөөлөрү үчүн кармалышпайт. Тескерисинче, алар жакшылык иштери себептүү күнөөлөрү кечирилет.
Алар кыямат күнү бейиштерде бири-биринен сурашат.
Күнөө иштерди кылып өздөрүн кыйроого учураткан каапырлар тууралуу.
Алардан: «Силерди тозокко эмне киргизди?» – деп сурашат.
74:43Страница 576
قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ ٤٣
Они скажут: «Мы не были в числе тех, которые совершали намаз.
Каапырлар мындай деп жооп беришет: «Биз дүйнө жашоосунда парз намазды окугандардан эмес элек.
Жана Аллах бизге берген нерселерден бей-бечараларды тамактандырган эмеспиз.
74:45Страница 576
وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ ٤٥
Мы погружались в словоблудие вместе с погружавшимися.
Биз жалганчылар кайда жүрсө, ошолор менен чогу жүрдүк жана адашкандар менен сүйлөшчүбүз.
Жана сурак күндү жалган деп айтчубуз.
Бизге өлүм келгенге чейин аны жалганга чыгаруудан баш тартпадык жана ал бизге тообо кылууга тоскоолдук кылды».
74:48Страница 577
فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ ٤٨
Заступничество заступников не поможет им.
Кыяматта аларга периштелерден, пайгамбарлардан жана такыба адамдардан болгон шапаат кылуучулардын ортомчулугу пайдасын тийгизбейт. Анткени, шапааттын кабыл болуу шарттарынын бири – шапаат кылына турган адамга ыраазы болуу.
74:49Страница 577
فَمَا لَهُمۡ عَنِ ٱلتَّذۡكِرَةِ مُعۡرِضِينَ ٤٩
Что же с ними? Почему они отворачиваются от Напоминания,
Бул мушриктердин Курандан жүз буруусуна эмне себеп болду?
Алар жүз бурууда жана андан качууда катуу үркүп качкан жапайы эшектер сыяктуу.
Арстандан коркуп качкан сыяктуу.
74:52Страница 577
بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفٗا مُّنَشَّرَةٗ ٥٢
Но ведь каждый из них желает получить развернутые свитки.
Тескерисинче, ал мушриктер ар биринин башында ачык китеп болушун жана ал «Мухаммад – Аллах тараптан келген элчи» деп кабар берүүсүн каалашат. Мунун себеби далилдердин аздыгынан же жоктугунан эмес, чындыгында ал баш ийбестиктен жана текеберликтен.
Абал андай эмес! Мунун себеби алар адашуудан баш тартпаганында. Алар акырет азабына ишенбестен, каапырлыкта калышты.
Чындыгында бул Куран – насыйкат жана эскертме эмеспи!
Ким Куранды окуп, насаат алгысы келсе, аны окусун жана насаат алсын.
74:56Страница 577
وَمَا يَذۡكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ هُوَ أَهۡلُ ٱلتَّقۡوَىٰ وَأَهۡلُ ٱلۡمَغۡفِرَةِ ٥٦
Но они не помянут его, если этого не пожелает Аллах. Он - Тот, Кто достоин страха и способен на прощение.
Бирок Аллах насаат алуусун каалагандар гана насаат алышат. Аллах таала Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоого татыктуу жана тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн кечирүүгө да татыктуу.
Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии