Аль-Мухтасар · Тафсир · на кыргызском
عبس
Абаса
Нахмурился · Мекканская · 42 аята
Аллахтын элчиси кабагын чытып, жүзүн бурду.
Абдуллах ибн Умму Мактум андан туура жол сурап келгендиги үчүн. Ал сокур эле. Ал келгенде Аллахтын элчиси мушриктердин башчылары туура жолго түшөбү деген үмүттө ошолор менен алек болчу.
80:3Страница 585
وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ ٣
Откуда тебе знать? Возможно, он бы очистился
Оо, пайгамбар! Сен кайдан билесиң? Балким ал сокур киши күнөөлөрүнөн тазаланмак.
80:4Страница 585
أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ ٤
или помянул бы наставление, и поминание принесло бы ему пользу.
Же болбосо сенден уккан насыйкаттардан сабак алып, ал үчүн пайдалуу болмок.
Ал эми өзүндөгү мал-мүлктөн улам сен алып келген ыйманга муктаж эмесмин деген адамга
сен көңүл буруп, аны карап алдың.
Эгер ал Аллахка тообо кылып күнөөлөрүнөн тазаланбаса, анда сен эмнеге жетишесиң?
Ал эми жакшылык издеп сага шашылып келген адам
ал Раббисинен коркот.
Сен анын ордуна мушриктердин башчыларынан болгон башка бирөөгө алаксып туруп алдың.
Андай эмес! Чындыгында бул кабыл алгандар үчүн насыйкат жана эскертме.
Аллахты эскерүүнү каалаган адам Аны эскерет жана бул Курандагы нерседен сабак алат.
Бул Куран периштелердин алдындагы ардактуу баракчаларда.
Алар бийик орунга көтөрүлгөн жана эч кандай кир да, ыпылас да тийбегендей таза.
Алар периштелерден болгон элчилердин колунда.
Алар Раббисинин алдында кадырлуу, көптөгөн жакшылыктарды жана ибадаттарды кылуучулар.
Каапыр адамга каргыш болсун! Анын Аллахка болгон каапырлыгы кандай күчтүү!
Ал жер бетинде текеберлик жана каапырлык кылгыдай Аллах аны эмнеден жараткан экен?
80:19Страница 585
مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ ١٩
Он сотворил его из капли и соразмерил (или предопределил стадии его развития),
Аны аз өлчөмдөгү суудан жаратып, анын жаралуусун баскыч-баскыч кылып белгилеп койду.
Анан аны мына ушул баскычтардан кийин энесинин курсагынан чыгуусун жеңил кылды.
Андан соң аны бул жашоодо өмүр сүрүүсүн белгилегенден кийин өлтүрдү.
Андан соң Өзү каалаганда аны сурак алуу жана жаза же сыйлыгын берүү үчүн кайра тирилтип алат.
80:23Страница 585
كـَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ ٢٣
Но нет! Он не выполняет того, что Он приказал ему.
Абал бул каапырдын Раббисинин алдындагы милдеттерин аткардым деп элестеткениндей эмес. Ал Аллахтын ага милдет кылган парздарын аткарган жок.
80:24Страница 585
فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ ٢٤
Пусть посмотрит человек на свое пропитание!
Аллахка каапыр болгон адам жеп жаткан тамак-ашы кайдан келгенин карабайбы?
Анын келип чыгышы асмандан нөшөрлөп жана күч менен түшкөн жамгырдан.
Андан соң Биз жерди жардык, ал жарылып өсүмдүктөр чыкты.
Андан соң ага буудай, жүгөрү жана башка дандарды өстүрдүк.
Ошондой эле ага жүзүмдөрдү жана мал-жандыктарыңарга тоюп болсун деп көк чөптөрдү өстүрдүк.
Зайтундарды жана курмаларды өстүрдүк.
Көп бак-дарактуу бактарды өстүрдүк.
Мөмө-жемиштерди жана силердин мал-жандыктарыңарга жайыттарды өстүрдүк.
Силер жана мал-жандыктарыңардын пайдасы үчүн деп.
Качан экинчи жолу керней тартылып кулактарды тундуруучу катуу кыйкырык келгенде.
Ал күнү адам өз ага-инисинен качат.
Апасынан жана атасынан качат.
Аялынан жана балдарынан качат.
80:37Страница 585
لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٖ شَأۡنٞ يُغۡنِيهِ ٣٧
ибо у каждого человека своих забот будет сполна.
Ошол күндөгү катуу кыйынчылыктан улам алардын баарысы башкаларга көңүл бурбай калат.
Ал күнү бактылуулардын жүздөрү жаркырап турат.
Аллах аларга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселер үчүн күлүп-жайнап, кубанышып турушат.
80:40Страница 585
وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٞ ٤٠
На других же лицах в тот день будет прах,
Ал эми ал күнү бактысыздардын жүздөрүн чаң басып турат.
Аларды караңгылык каптайт.
Мына ушундай абалда болгон адамдар – алар каапырлык менен бузукулукту бирдей кылгандар.
Текст: Quranic Universal Library (Tarteel) через spa5k/tafsir_api (MIT), в зафиксированной версии. Аяты: Quran Foundation. Источники и лицензии