Al-MukhtasarAn‑Nur · 24:1–51

Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz

النور

An-Nur

The Light · Medinan · 64 ayahs

24:1Page 350

سُورَةٌ أَنزَلۡنَٰهَا وَفَرَضۡنَٰهَا وَأَنزَلۡنَا فِيهَآ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ لَّعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ ١

[This is] a sūrah which We have sent down and made [that within it] obligatory and revealed therein verses of clear evidence that you might remember.

Бул сүрөөнү Биз түшүрдүк, андагы өкүмдөрдү аткарууну милдет кылдык жана андагы өкүмдөрдөн сабак алып, аларды аткарат деген үмүттө анын ичинде ачык-айкын аят-белгилерди түшүрдүк.

24:2Page 350

ٱلزَّانِيَةُ وَٱلزَّانِي فَٱجۡلِدُواْ كُلَّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا مِاْئَةَ جَلۡدَةٖۖ وَلَا تَأۡخُذۡكُم بِهِمَا رَأۡفَةٞ فِي دِينِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۖ وَلۡيَشۡهَدۡ عَذَابَهُمَا طَآئِفَةٞ مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٢

The [unmarried] woman or [unmarried] man found guilty of sexual intercourse1 - lash each one of them with a hundred lashes,2 and do not be taken by pity for them in the religion [i.e., law] of Allāh,3 if you should believe in Allāh and the Last Day. And let a group of the believers witness their punishment.

Үйлөнбөстөн туруп зына кылган аял менен эркектин ар бирине жүз балактан ургула! Аларды жазага тартпай же аларга жеңилдик кылып бооруңарды оорутпагыла жана ырайым кылбагыла, эгер Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсоңор. Ал экөөнүн кылганын адамдарга жеткириш үчүн жана башкаларга сабак болуш үчүн алардын жазасына бир топ мусулмандар катышсын.

24:3Page 350

ٱلزَّانِي لَا يَنكِحُ إِلَّا زَانِيَةً أَوۡ مُشۡرِكَةٗ وَٱلزَّانِيَةُ لَا يَنكِحُهَآ إِلَّا زَانٍ أَوۡ مُشۡرِكٞۚ وَحُرِّمَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٣

The fornicator does not marry except a [female] fornicator or polytheist, and none marries her except a fornicator1 or a polytheist, and that [i.e., marriage to such persons] has been made unlawful to the believers.

Зынадан коркутуш үчүн Аллах айтты, зынаны адат кылган эркек өзүнө окшогон зынакор же мушрик аялга гана үйлөнүүнү каалайт. Ага үйлөнүү уруксат эместигине карабастан зынадан сактанбайт. Жана зынаны адат кылган аял да өзүнө окшогон зынакор же мушрик эркекке гана турмушка чыгууну каалайт. Аны менен турмуш куруу арам экендигине карабастан зынадан сактанбайт. Ал эми мусулмандар үчүн зынакор аялга үйлөнүү же зынакор эркекке турмушка чыгуу арам кылынды.

24:4Page 350

وَٱلَّذِينَ يَرۡمُونَ ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ ثُمَّ لَمۡ يَأۡتُواْ بِأَرۡبَعَةِ شُهَدَآءَ فَٱجۡلِدُوهُمۡ ثَمَٰنِينَ جَلۡدَةٗ وَلَا تَقۡبَلُواْ لَهُمۡ شَهَٰدَةً أَبَدٗاۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ ٤

And those who accuse chaste women and then do not produce four witnesses - lash them with eighty lashes and do not accept from them testimony ever after. And those are the defiantly disobedient,

Оо, башчылар! Абийирин таза сактаган аялдарды (жана абийири таза эркектерди) бузукулук-зына кылды деп жалаа жаап, андан соң ошол бузукулук-зына кылды деген жалаасына төрт күбө алып келбеген адамдарга сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Абийири таза аялдарга жалаа жапкан ошол адамдар — алар Аллахка баш ийбегендер.

24:5Page 350

إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ٥

Except for those who repent thereafter and reform, for indeed, Allāh is Forgiving and Merciful.

Бирок ушул кылгандарынан кийин Аллахка тообо кылып жана туура эмес кылган иштерин оңдогон адамдардын тооболорун жана күбөлүктөрүн Аллах кабыл кылат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, Ырайымдуу.

24:6Page 350

وَٱلَّذِينَ يَرۡمُونَ أَزۡوَٰجَهُمۡ وَلَمۡ يَكُن لَّهُمۡ شُهَدَآءُ إِلَّآ أَنفُسُهُمۡ فَشَهَٰدَةُ أَحَدِهِمۡ أَرۡبَعُ شَهَٰدَٰتِۭ بِٱللَّهِ إِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ ٦

And those who accuse their wives [of adultery] and have no witnesses except themselves - then the witness of one of them1 [shall be] four testimonies [swearing] by Allāh that indeed, he is of the truthful.

Өз аялдарына зына кылды деп доомат кылып, бирок айткан дооматынын тууралыгына өзүнөн башка күбөсү жок болгон эркектердин ар бири «Аялым зына кылды деген дооматымда чындыкты гана айттым» деп төрт жолу Аллахтын аты менен ант ичип күбөлүк берет.

24:7Page 350

وَٱلۡخَٰمِسَةُ أَنَّ لَعۡنَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡهِ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ ٧

And the fifth [oath will be] that the curse of Allāh be upon him if he should be of the liars.

Ал эми бешинчи жолку күбөлүгүндө «Эгерде мен жалган айтсам, анда Аллахтын каргышына калайын» деп өзүнө каршы дуба кылат.

24:8Page 350

وَيَدۡرَؤُاْ عَنۡهَا ٱلۡعَذَابَ أَن تَشۡهَدَ أَرۡبَعَ شَهَٰدَٰتِۭ بِٱللَّهِ إِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ ٨

But it will prevent punishment from her if she gives four testimonies [swearing] by Allāh that indeed, he is of the liars.

Ал аял муну менен зына үчүн берилген өкүм жазага татыктуу болот. Эгерде ал аял «Күйөөмдүн мага кылган дооматы жалган» деп Аллахтын аты менен ант ичип төрт жолу күбөлүк берсе, анда ал бул өкүм жазадан кутулат.

24:9Page 350

وَٱلۡخَٰمِسَةَ أَنَّ غَضَبَ ٱللَّهِ عَلَيۡهَآ إِن كَانَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ ٩

And the fifth [oath will be] that the wrath of Allāh be upon her if he was of the truthful.

Ал эми бешинчи жолку күбөлүгүндө «Эгерде күйөөмдүн айткан дооматы чын болсо, анда мага Аллахтын каары болсун» деп өзүнө каршы дуба кылат.

24:10Page 350

وَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَرَحۡمَتُهُۥ وَأَنَّ ٱللَّهَ تَوَّابٌ حَكِيمٌ ١٠

And if not for the favor of Allāh upon you and His mercy...1 and because Allāh is Accepting of Repentance and Wise.

Эй, адамдар! Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо жана Ал тообо кылган пенделеринин тооболорун кабыл кылуучу, Өз башкаруусунда жана шариятында даанышман болбогондо, анда Ал силерди күнөөлөрүңөр үчүн тезинен жазаламак жана абийириңерди ачмак.

24:11Page 351

إِنَّ ٱلَّذِينَ جَآءُو بِٱلۡإِفۡكِ عُصۡبَةٞ مِّنكُمۡۚ لَا تَحۡسَبُوهُ شَرّٗا لَّكُمۖ بَلۡ هُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۚ لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُم مَّا ٱكۡتَسَبَ مِنَ ٱلۡإِثۡمِۚ وَٱلَّذِي تَوَلَّىٰ كِبۡرَهُۥ مِنۡهُمۡ لَهُۥ عَذَابٌ عَظِيمٞ ١١

Indeed, those who came with falsehood1 are a group among you. Do not think it bad for you; rather, it is good for you. For every person among them is what [punishment] he has earned from the sin, and he who took upon himself the greater portion thereof2 - for him is a great punishment [i.e., Hellfire].

Чындыгында жалган жалаа жапкандар (ыймандуулардын энеси Айшаны (Аллах андан ыраазы болсун) бузукулук кылды дегендер) өзүңөрдөн эле болгон бир тайпа. Оо, ыймандуулар! Силер бул жалган жалааны силер үчүн жамандык деп ойлобогула, тескерисинче бул нерседе ыймандуулар үчүн сооп жана тазалануу, ошондой эле ыймандуулардын энесинин акталуусу сыяктуу жакшылыктар бар. Аны бузукулук кылды деген жалаага шерик болгон ар бир адам үчүн жалган жалаа жаап жасаган күнөөсүнө жаза бар. Ал эми анын көпчүлүгүн аны баштаган адам, тагыраак айтканда эки жүздүүлөрдүн башчысы болгон Убай ибну Салул көтөрөт. Ал үчүн чоң азап бар.

24:12Page 351

لَّوۡلَآ إِذۡ سَمِعۡتُمُوهُ ظَنَّ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ بِأَنفُسِهِمۡ خَيۡرٗا وَقَالُواْ هَٰذَآ إِفۡكٞ مُّبِينٞ ١٢

Why, when you heard it, did not the believing men and believing women think good of themselves [i.e., one another] and say, "This is an obvious falsehood"?

Эмнеге ыймандуу эркектер менен аялдар ошол чоң жалаа жөнүндө угушканда өз мусулман бир туугандарынан болгон, жалаага кабылган адам тууралуу жакшы ойлошуп: «Бул анык жалган!»,– деп айтышкан жок?!

24:13Page 351

لَّوۡلَا جَآءُو عَلَيۡهِ بِأَرۡبَعَةِ شُهَدَآءَۚ فَإِذۡ لَمۡ يَأۡتُواْ بِٱلشُّهَدَآءِ فَأُوْلَٰٓئِكَ عِندَ ٱللَّهِ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ ١٣

Why did they [who slandered] not produce for it four witnesses? And when they do not produce the witnesses, then it is they, in the sight of Allāh, who are the liars.

Ыймандуулардын энеси Айшага (Аллах андан ыраазы болсун) жалаа жапкан адамдар алардын айткан жалаасы чындык экенин тастыктаган төрт күбөнү алып келишпейт беле?! Эгер алар төрт күбөнү алып келе алышпаса (бирок алар эч качан алып келе алышпайт), анда алар Аллахтын өкүмүндө жалганчылар.

24:14Page 351

وَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَرَحۡمَتُهُۥ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ لَمَسَّكُمۡ فِي مَآ أَفَضۡتُمۡ فِيهِ عَذَابٌ عَظِيمٌ ١٤

And if it had not been for the favor of Allāh upon you and His mercy in this world and the Hereafter, you would have been touched for that [lie] in which you were involved by a great punishment

Оо, ыймандуулар! Эгерде Аллахтын силерге жазаны тездетпей, ичиңерден тообо кылгандардын тообосун кабыл кылган сыяктуу Анын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо, анда силер ыймандуулардын энесине карата айткан жалган сөзгө жана жалаага батып кеткениңер үчүн чоң азапка туш болмоксуңар.

24:15Page 351

إِذۡ تَلَقَّوۡنَهُۥ بِأَلۡسِنَتِكُمۡ وَتَقُولُونَ بِأَفۡوَاهِكُم مَّا لَيۡسَ لَكُم بِهِۦ عِلۡمٞ وَتَحۡسَبُونَهُۥ هَيِّنٗا وَهُوَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمٞ ١٥

When you received it with your tongues1 and said with your mouths that of which you had no knowledge and thought it was insignificant while it was, in the sight of Allāh, tremendous.

Ошол кезде силер аны бири-бириңерге айтып, өзүңөр билбеген нерсени жалгандыгына карабастан аны оозуңар менен жайылттыңар. Силер муну жеңил деп ойлодуңар. Бирок бул Аллахтын алдында оор. Анткени бул нерседе абийирдүү адамга карата жалган сөздөр жана жалаалар бар.

24:16Page 351

وَلَوۡلَآ إِذۡ سَمِعۡتُمُوهُ قُلۡتُم مَّا يَكُونُ لَنَآ أَن نَّتَكَلَّمَ بِهَٰذَا سُبۡحَٰنَكَ هَٰذَا بُهۡتَٰنٌ عَظِيمٞ ١٦

And why, when you heard it, did you not say, "It is not for us to speak of this. Exalted are You, [O Allāh]; this is a great slander"?

Силер бул жалган жалааны укканда: «Биз бул жийиркеничтүү иш жөнүндө сүйлөгөнгө акыбыз жок. Оо, Раббибиз! Сен аруусуң! Алардын ыймандуулардын энесине жапкан бул жалаасы анык жалган», – десеңер болбойт беле?!

24:17Page 351

يَعِظُكُمُ ٱللَّهُ أَن تَعُودُواْ لِمِثۡلِهِۦٓ أَبَدًا إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ ١٧

Allāh warns you against returning to the likes of this [conduct], ever, if you should be believers.

Аллах силерге эскертет жана насаат кылат, ушуга окшогон жалган жалаага дагы кайтып, абийири таза адамды бузукулук кылды деп жалаа жаппагыла, эгер Аллахка ыйман келтирген болсоңор!

24:18Page 351

وَيُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ ١٨

And Allāh makes clear to you the verses [i.e., His rulings], and Allāh is Knowing and Wise.

Аллах силерге Өзүнүн өкүмдөрүн жана осуяттарын камтыган аяттарды ачыктап баяндайт. Аллах силердин иштериңерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында силерге жазасын же сыйлыгын берет. Ал Өз башкаруусунда жана шариятында Даанышман.

24:19Page 351

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحِبُّونَ أَن تَشِيعَ ٱلۡفَٰحِشَةُ فِي ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ ١٩

Indeed, those who like that immorality1 should be spread [or publicized] among those who have believed will have a painful punishment in this world and the Hereafter. And Allāh knows2 and you do not know.

Ыймандуу адамдар арасында бузукулуктарды, жаман иштерди (анын ичинде зына кылды деп жалаа жабуу, ж.б. бузукулуктарды да бар) жайылтууну жакшы көргөндөргө бул дүйнөдө жалаасынын жазасын алуу аркылуу кыйноочу азап бар жана акыретте тозок азабы бар. Аллах алардын жалгандарын билет, пенделер кылган иштеринин акыбети эмнеге алып бараарын жана аларга эмне пайдалуу экенин билет, силер билбейсиңер.

24:20Page 351

وَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَرَحۡمَتُهُۥ وَأَنَّ ٱللَّهَ رَءُوفٞ رَّحِيمٞ ٢٠

And if it had not been for the favor of Allāh upon you and His mercy...1 and because Allāh is Kind and Merciful.

Эй, жалаа жапкандар жана аларга кошулуп кеткендер! Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо жана Аллах силерге Боорукер, Ырайымдуу болбогондо, анда силерге жазаны тездетмек.

24:21Page 352

۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّبِعُواْ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ وَمَن يَتَّبِعۡ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيۡطَٰنِ فَإِنَّهُۥ يَأۡمُرُ بِٱلۡفَحۡشَآءِ وَٱلۡمُنكَرِۚ وَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَرَحۡمَتُهُۥ مَا زَكَىٰ مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ أَبَدٗا وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يُزَكِّي مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٞ ٢١

O you who have believed, do not follow the footsteps of Satan. And whoever follows the footsteps of Satan - indeed, he enjoins immorality and wrongdoing. And if not for the favor of Allāh upon you and His mercy, not one of you would have been pure, ever, but Allāh purifies whom He wills, and Allāh is Hearing and Knowing.

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Жалганды кооз кылып көргөзгөн шайтандын жолдорун ээрчибегиле! Кимде-ким анын жолдорун ээрчисе, анда ал аны жаман иштерге жана сөздөргө, ошондой эле шарият тыйган нерселерге буйруйт. Оо, ыймандуулар! Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы болбогондо, анда силерден эч ким эгер тообо кылса да эч качан тазаланмак эмес. Бирок Аллах кимди кааласа тообосун кабыл кылып тазалайт. Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, иштериңерди Билүүчү. Алардын эч бири ага жашыруун эмес. Жакында Ал силерге жазасын же сыйлыгын берет.

24:22Page 352

وَلَا يَأۡتَلِ أُوْلُواْ ٱلۡفَضۡلِ مِنكُمۡ وَٱلسَّعَةِ أَن يُؤۡتُوٓاْ أُوْلِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ وَلۡيَعۡفُواْ وَلۡيَصۡفَحُوٓاْۗ أَلَا تُحِبُّونَ أَن يَغۡفِرَ ٱللَّهُ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٌ ٢٢

And let not those of virtue among you and wealth swear not to give [aid] to their relatives and the needy and the emigrants for the cause of Allāh, and let them pardon and overlook. Would you not like that Allāh should forgive you? And Allāh is Forgiving and Merciful.

Динде артыкчылыкка ээ адамдар жана мал-мүлкү кең адамдар өздөрүнүн жакырлыктан муктаж болгон же Аллах жолунда көчкөн туугандарына кылган күнөөлөрү үчүн эле аларга жардам бербейм деп касам ичишпесин! Аларга кечиримдүү болсун жана алардын жамандыгына жакшылык менен жооп берсин. Силер аларды кечирүү менен Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирүүсүн каалабайсыңарбы?! Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Мээримдүү. Андыктан пенделери Аны өрнөк тутсун. Бул аят Абу Бакр ас-Сыддык жалган жалаага катышы бар болгон Мистахка жардам бербейм деп касам ичкенде түшкөн.

24:23Page 352

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَرۡمُونَ ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ ٱلۡغَٰفِلَٰتِ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ لُعِنُواْ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ ٢٣

Indeed, those who [falsely] accuse chaste, unaware and believing women are cursed in this world and the Hereafter; and they will have a great punishment

Ал эми бузукулукту баамына албаган ыймандуу аялдарга, андан бейкапар, абийири таза аялдарга жалаа жапкан адамдар бул дүйнөдө жана акыретте Аллахтын ырайымынан куру калышат жана алар үчүн акыретте чоң азап бар.

24:24Page 352

يَوۡمَ تَشۡهَدُ عَلَيۡهِمۡ أَلۡسِنَتُهُمۡ وَأَيۡدِيهِمۡ وَأَرۡجُلُهُم بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ ٢٤

On a Day when their tongues, their hands and their feet will bear witness against them as to what they used to do.

Аларга бул азап кыямат күнү болот. Ал күндө алардын тилдери жалганды сүйлөгөнүн айтып ага каршы күбө болушат жана колу-буттары кылган иштерин айтып ага каршы күбө болушат.

24:25Page 352

يَوۡمَئِذٖ يُوَفِّيهِمُ ٱللَّهُ دِينَهُمُ ٱلۡحَقَّ وَيَعۡلَمُونَ أَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ ٱلۡمُبِينُ ٢٥

That Day, Allāh will pay them in full their true [i.e., deserved] recompense, and they will know that it is Allāh who is the manifest Truth [i.e., perfect in justice].

Ошол күнү Аллах алардын жазасын же сыйлыгын адилеттик менен толук берет жана алар Аллах таала акыйкат экенин билишет. Аллах тараптан кандай гана кабар же сыйлык убадасы же азап убадасы келбесин, ал эч күмөнү жок ачык-айкын чындык.

24:26Page 352

ٱلۡخَبِيثَٰتُ لِلۡخَبِيثِينَ وَٱلۡخَبِيثُونَ لِلۡخَبِيثَٰتِۖ وَٱلطَّيِّبَٰتُ لِلطَّيِّبِينَ وَٱلطَّيِّبُونَ لِلطَّيِّبَٰتِۚ أُوْلَٰٓئِكَ مُبَرَّءُونَ مِمَّا يَقُولُونَۖ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ ٢٦

Evil words are for evil men, and evil men are [subjected] to evil words. And good words are for good men, and good men are [an object] of good words.1 Those [good people] are declared innocent of what they [i.e., slanderers] say. For them is forgiveness and noble provision.

Бардык бузуку эркектер, аялдар, сөздөр жана иштер өздөрү сымал бузукуларга гана ылайыктуу. Ошондой эле бардык тазалар өздөрү сымал тазаларга гана ылайыктуу. Ошол таза эркектер менен таза аялдар – бузуку эркектер менен бузуку аялдар айтып жатышкан нерселерден таза адамдар. Алар үчүн күнөөлөрүн кечирген Аллахтын кечирими бар жана аларга улуу ырыскы бейиш бар.

24:27Page 352

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتًا غَيۡرَ بُيُوتِكُمۡ حَتَّىٰ تَسۡتَأۡنِسُواْ وَتُسَلِّمُواْ عَلَىٰٓ أَهۡلِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ ٢٧

O you who have believed, do not enter houses other than your own houses until you ascertain welcome and greet1 their inhabitants. That is best for you; perhaps you will be reminded [i.e., advised].

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Өз үйүңөрдөн башка үйлөргө анын жашоочуларынан кирүүгө уруксат сурамайынча жана аларга салам бермейинче кирбегиле! Салам берүүдө жана уруксат суроодо «Ассаламу алейкум! Кирсем болобу?» деп айткыла. Силерге буйрук кылынгандай ушинтип уруксат сураганыңар силер үчүн күтүүсүз киргениңерден жакшыраак. Балким силер буйрулган нерседен эскертме алып, аны аткарарсыңар.

24:28Page 353

فَإِن لَّمۡ تَجِدُواْ فِيهَآ أَحَدٗا فَلَا تَدۡخُلُوهَا حَتَّىٰ يُؤۡذَنَ لَكُمۡۖ وَإِن قِيلَ لَكُمُ ٱرۡجِعُواْ فَٱرۡجِعُواْۖ هُوَ أَزۡكَىٰ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ ٢٨

And if you do not find anyone therein, do not enter them until permission has been given you. And if it is said to you, "Go back,"1 then go back; it is purer for you. And Allāh is Knowing of what you do.

Эгерде ал үйлөрдөн эч кимди таппасаңар, анда кирүүгө уруксат бере турган адам силерге уруксат бермейинче кирбегиле. Эгер үй ээлери силерге «кеткиле» деп айтса, кирбестен кайтып кеткиле. Чындыгында ушул силер үчүн Аллахтын алдында тазараак. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билет. Иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет.

24:29Page 353

لَّيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَدۡخُلُواْ بُيُوتًا غَيۡرَ مَسۡكُونَةٖ فِيهَا مَتَٰعٞ لَّكُمۡۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تُبۡدُونَ وَمَا تَكۡتُمُونَ ٢٩

There is no blame upon you for entering houses not inhabited in which there is convenience1 for you. And Allāh knows what you reveal and what you conceal.

Ал эми эч кимге тиешелүү эмес, жалпы пайдаланууга даярдалган китепкана жана базардагы дүкөндөр сыяктуу жайларга уруксатсыз кирүүңөр күнөө эмес. Аллах силердин ачык жана жашыруун кылган иштериңерди жана абалдарыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет.

24:30Page 353

قُل لِّلۡمُؤۡمِنِينَ يَغُضُّواْ مِنۡ أَبۡصَٰرِهِمۡ وَيَحۡفَظُواْ فُرُوجَهُمۡۚ ذَٰلِكَ أَزۡكَىٰ لَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا يَصۡنَعُونَ ٣٠

Tell the believing men to reduce [some] of their vision1 and guard their private parts.2 That is purer for them. Indeed, Allāh is [fully] Aware of what they do.

О, пайгамбар! Ыймандуу эркектерге айткын, көздөрүн аларга адал болбогон аялдарга, аврет жерлерге кароодон тыйсын, жыныс мүчөлөрүн арам иштен жана ачыкка чыгаруудан сактасын. Аллах арам кылган нерселерди кароодон тыйылуу - Аллахтын алдында таза болот. Чынында, Аллах алардын эмне кылганынан кабардар. Алардын ишинен эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге кылган ишиңердин жазасын же сыйын берет.

24:31Page 353

وَقُل لِّلۡمُؤۡمِنَٰتِ يَغۡضُضۡنَ مِنۡ أَبۡصَٰرِهِنَّ وَيَحۡفَظۡنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبۡدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنۡهَاۖ وَلۡيَضۡرِبۡنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَىٰ جُيُوبِهِنَّۖ وَلَا يُبۡدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ أَوۡ ءَابَآئِهِنَّ أَوۡ ءَابَآءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوۡ أَبۡنَآئِهِنَّ أَوۡ أَبۡنَآءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوۡ إِخۡوَٰنِهِنَّ أَوۡ بَنِيٓ إِخۡوَٰنِهِنَّ أَوۡ بَنِيٓ أَخَوَٰتِهِنَّ أَوۡ نِسَآئِهِنَّ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُنَّ أَوِ ٱلتَّٰبِعِينَ غَيۡرِ أُوْلِي ٱلۡإِرۡبَةِ مِنَ ٱلرِّجَالِ أَوِ ٱلطِّفۡلِ ٱلَّذِينَ لَمۡ يَظۡهَرُواْ عَلَىٰ عَوۡرَٰتِ ٱلنِّسَآءِۖ وَلَا يَضۡرِبۡنَ بِأَرۡجُلِهِنَّ لِيُعۡلَمَ مَا يُخۡفِينَ مِن زِينَتِهِنَّۚ وَتُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ ٣١

And tell the believing women to reduce [some] of their vision1 and guard their private parts and not expose their adornment2 except that which [necessarily] appears thereof3 and to wrap [a portion of] their headcovers over their chests and not expose their adornment [i.e., beauty] except to their husbands, their fathers, their husbands' fathers, their sons, their husbands' sons, their brothers, their brothers' sons, their sisters' sons, their women, that which their right hands possess [i.e., slaves], or those male attendants having no physical desire,4 or children who are not yet aware of the private aspects of women. And let them not stamp their feet to make known what they conceal of their adornment. And turn to Allāh in repentance, all of you, O believers, that you might succeed.

Ыймандуу аялдарга айткын, көздөрүн аларга адал болбогон уяттуу жерлерди кароодон жана жыныс мүчөлөрүн бузукулуктан жана аны көрсөтүүдөн сакташсын. Кийим сыяктуу жашырууга мүмкүн эмес, көрүнүп турган кооздуктарынан башкасын чоочун эркектерге көрсөтүшпөсүн. Чачтарын, жүздөрүн жана моюндарын жабыш үчүн көйнөгүнүн өйдө жагындагы ачык жерлерин жоолуктары менен жабышсын. Жашыруун кооздуктарын күйөөлөрүнө гана көрсөтүшсүн, ошондой эле аталарына же кайнаталарына же балдарына же күйөөсүнүн балдарына же ага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына же мусулман же каапыр болгон ишеничтүү аялдарга же кол астындагы аял же эркек кулдарына же аялдарга кызыгуусу жок кызматчыларына же кичине болгону үчүн аялдардын авратын айырмалап билбеген жаш балдарга көрсөтүшсө күнөө эмес. Аялдар бутуна таккан билерик же ошол сыяктуу жашыруун кооздуктарын билгизиш үчүн буттары менен жерди тебишпесин. Эй, ыймандуулар! Көз караш же башка жол менен кылган күнөөлөрүңөр үчүн баарыңар Аллахка тообо кылгыла! Балким ошондо көздөгөнүңөргө жетесиңер жана коркконуңардан кутуласыңар.

24:32Page 354

وَأَنكِحُواْ ٱلۡأَيَٰمَىٰ مِنكُمۡ وَٱلصَّٰلِحِينَ مِنۡ عِبَادِكُمۡ وَإِمَآئِكُمۡۚ إِن يَكُونُواْ فُقَرَآءَ يُغۡنِهِمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ ٣٢

And marry the unmarried among you and the righteous among your male slaves and female slaves. If they should be poor, Allāh will enrich them from His bounty, and Allāh is all-Encompassing and Knowing.

Эй, ыймандуулар! Аялы жок эркектерди жана күйөөсү жок эркин аялдарды үйлөндүргүлө. Ошондой эле кулдарыңардын жана күңдөрүңөрдүн ыймандууларын үйлөндүргүлө. Эгер алар жарды болушса, Аллах аларды кең пейилдиги менен байытат. Аллахтын ырыскысы кенен, бирөөгө байлык берүү менен Анын ырыскысы кемип кетпейт. Ал пенделеринин абалдарын билүүчү.

24:33Page 354

وَلۡيَسۡتَعۡفِفِ ٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ نِكَاحًا حَتَّىٰ يُغۡنِيَهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱلَّذِينَ يَبۡتَغُونَ ٱلۡكِتَٰبَ مِمَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ فَكَاتِبُوهُمۡ إِنۡ عَلِمۡتُمۡ فِيهِمۡ خَيۡرٗاۖ وَءَاتُوهُم مِّن مَّالِ ٱللَّهِ ٱلَّذِيٓ ءَاتَىٰكُمۡۚ وَلَا تُكۡرِهُواْ فَتَيَٰتِكُمۡ عَلَى ٱلۡبِغَآءِ إِنۡ أَرَدۡنَ تَحَصُّنٗا لِّتَبۡتَغُواْ عَرَضَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَمَن يُكۡرِههُّنَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ مِنۢ بَعۡدِ إِكۡرَٰهِهِنَّ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ٣٣

But let them who find not [the means for] marriage abstain [from sexual relations] until Allāh enriches them from His bounty. And those who seek a contract [for eventual emancipation] from among whom your right hands possess1 - then make a contract with them if you know there is within them goodness and give them from the wealth of Allāh which He has given you. And do not compel your slave girls to prostitution, if they desire chastity, to seek [thereby] the temporary interests of worldly life. And if someone should compel them, then indeed, Allāh is [to them], after their compulsion, Forgiving and Merciful.

Жардылыгы себептүү үйлөнө албай жүргөндөр Аллах аларды кең пейилдиги менен байытканга чейин зынадан абийирлерин таза сакташсын. Кулдардын арасынан кимиси кулчулуктан кутулуш үчүн акча төлөп кожоюндары менен азаттык келишимин түзүүнү кааласа жана кожоюндары алардын кутулуп кете аларын жана диндарлыгын билишсе, анда алардын бул сунушун кабыл алышсын. Алар ортодо келишкен төлөмдүн бир бөлүгүн алардан кечип Аллахтын аларга берген мүлктөрүнөн беришсин. Жана күңдөрүңөр өз абийирин сатып тапканын алыш үчүн аларды акча тап деп зына кылууга мажбурлабагыла! (Абдуллах ибну Убайдын эки күңү бузукулуктан алыс болобуз, абийирибизди сактайбыз деп айтышса да ага карабай күңдөрүн мажбурлаган). Араңардан ким аларды ушундай кылууга мажбурласа, акыйкатта Аллах алар мажбурланууга кабылган соң ал күңдөрдүн күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар зордоого кабылышты жана күнөөсүн зордогондор көтөрөт.

24:34Page 354

وَلَقَدۡ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ ءَايَٰتٖ مُّبَيِّنَٰتٖ وَمَثَلٗا مِّنَ ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلِكُمۡ وَمَوۡعِظَةٗ لِّلۡمُتَّقِينَ ٣٤

And We have certainly sent down to you distinct verses1 and examples from those who passed on before you and an admonition for those who fear Allāh.

Эй, адамдар! Биз силерге эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарды түшүрдүк. Силерден мурун жашап өткөн ыймандуулардын жана каапырлардын окуяларын түшүрдүк. Ошондой эле Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбалар сабак ала турган насааттарды түшүрдүк.

24:35Page 354

۞ ٱللَّهُ نُورُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ مَثَلُ نُورِهِۦ كَمِشۡكَوٰةٖ فِيهَا مِصۡبَاحٌۖ ٱلۡمِصۡبَاحُ فِي زُجَاجَةٍۖ ٱلزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوۡكَبٞ دُرِّيّٞ يُوقَدُ مِن شَجَرَةٖ مُّبَٰرَكَةٖ زَيۡتُونَةٖ لَّا شَرۡقِيَّةٖ وَلَا غَرۡبِيَّةٖ يَكَادُ زَيۡتُهَا يُضِيٓءُ وَلَوۡ لَمۡ تَمۡسَسۡهُ نَارٞۚ نُّورٌ عَلَىٰ نُورٖۚ يَهۡدِي ٱللَّهُ لِنُورِهِۦ مَن يَشَآءُۚ وَيَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَٰلَ لِلنَّاسِۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ ٣٥

Allāh is the Light1 of the heavens and the earth. The example of His light2 is like a niche within which is a lamp;3 the lamp is within glass, the glass as if it were a pearly [white] star lit from [the oil of] a blessed olive tree, neither of the east nor of the west, whose oil would almost glow even if untouched by fire. Light upon light. Allāh guides to His light whom He wills. And Allāh presents examples for the people, and Allāh is Knowing of all things.

Аллах асмандар менен жердин нуру жана алардын ортосундагы нерселерди туура багытка жолдоочу. Ыймандуу адамдын жүрөгүндөгү Анын нуру – чырак коюлган дубал боорундагы оюк текче сыяктуу. Чырак болсо каухардай жаркырак жылдыз сымал жаркыраган шишенин ичинде. Ал чырак берекелүү дарактын майы менен күйөт. Ал зайтун дарагы. Ал даракты эртели-кеч күндөн эч бир нерсе тоспойт. Анын майына от тийбесе да тунуктугунан эле жаркырайын деп турат. А эгер тийсе кандай болот?! Чырактын нуруна шишенин нуру кошулду. Ыймандуунун жүрөгү да ушундай, эгер анын ичинде хидаят нуру жаркырай турган болсо. Аллах пенделеринен кимди кааласа Куранды ээрчүүгө ийгилик берет. Аллах кээ бир нерселерге өздөрүнө окшош нерселерди айтып мисалдарды келтирет. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага анын эч бири жашыруун эмес.

24:36Page 354

فِي بُيُوتٍ أَذِنَ ٱللَّهُ أَن تُرۡفَعَ وَيُذۡكَرَ فِيهَا ٱسۡمُهُۥ يُسَبِّحُ لَهُۥ فِيهَا بِٱلۡغُدُوِّ وَٱلۡأٓصَالِ ٣٦

[Such niches are] in houses [i.e., mosques] which Allāh has ordered to be raised and that His name be mentioned [i.e., praised] therein; exalting Him within them in the morning and the evenings1

Бул чырак кадыры жана курулушу бийик болсун деп Аллах буйруган мечиттерде күйүп турат. Ал жайларда Анын ысымы азан, зикир жана намаз аркылуу эскерилип турат жана эртели-кеч Аллахтын ыраазылыгы үчүн намаз окулат.

24:37Page 355

رِجَالٞ لَّا تُلۡهِيهِمۡ تِجَٰرَةٞ وَلَا بَيۡعٌ عَن ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَإِقَامِ ٱلصَّلَوٰةِ وَإِيتَآءِ ٱلزَّكَوٰةِ يَخَافُونَ يَوۡمٗا تَتَقَلَّبُ فِيهِ ٱلۡقُلُوبُ وَٱلۡأَبۡصَٰرُ ٣٧

[Are] men whom neither commerce nor sale distracts from the remembrance of Allāh and performance of prayer and giving of zakāh. They fear a Day in which the hearts and eyes will [fearfully] turn about -

Ал эркектерди Аллахты эстөөдөн, намазды толук аткаруудан жана тийиштүү тараптарга зекетти берүүдөн соода кылуу да, алуу-сатуу да алаксыта албайт. Анткени алар кыямат күнүнөн коркушат. Ал күндө жүрөктөр азаптан кутулууну каалоо менен коркунучтун ортосунда термелип калат жана көздөр кай жактан эмне болот экен деп туш келди тарапты карап калат.

24:38Page 355

لِيَجۡزِيَهُمُ ٱللَّهُ أَحۡسَنَ مَا عَمِلُواْ وَيَزِيدَهُم مِّن فَضۡلِهِۦۗ وَٱللَّهُ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٖ ٣٨

That Allāh may reward them [according to] the best of what they did and increase them from His bounty. And Allāh gives provision to whom He wills without account [i.e., limit].

Алар муну Аллах алардын кылган иш-аракеттери үчүн соопторду эң жакшы кылып берип, сыйлык катары аларга Аллах жакшылыктарын көбөйтүүсү үчүн кылышат. Аллах алардын иш-аракеттерине жараша Өзү каалаганына кылган иштеринен да көп кылып эсепсиз ырыскы берет.

24:39Page 355

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَعۡمَٰلُهُمۡ كَسَرَابِۭ بِقِيعَةٖ يَحۡسَبُهُ ٱلظَّمۡـَٔانُ مَآءً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَهُۥ لَمۡ يَجِدۡهُ شَيۡـٔٗا وَوَجَدَ ٱللَّهَ عِندَهُۥ فَوَفَّىٰهُ حِسَابَهُۥۗ وَٱللَّهُ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ ٣٩

But those who disbelieved - their deeds are like a mirage in a lowland which a thirsty one thinks is water until, when he comes to it, he finds it is nothing but finds Allāh before him, and He will pay him in full his due; and Allāh is swift in account.

Аллахка каапырлык кылгандардын соопсуз иш-аракеттери ылдый жерде көрүнгөн закым сымал. Суусаган адам аны көргөндө суу деп ойлойт. Качан анын жанына келгенде сууну таппай калат. Ошол сыяктуу каапыр дагы анын иш-аракеттери ага пайда берет деп ойлойт. Качан ал өлүп, кийин кайра тирилгенде алардын сообун таппай калат. Ал бет алдында Аллахты табат. Ошондо Ал анын иш-аракеттеринин эсебин толук кылып эсептейт. Аллах тез сурак алуучу.

24:40Page 355

أَوۡ كَظُلُمَٰتٖ فِي بَحۡرٖ لُّجِّيّٖ يَغۡشَىٰهُ مَوۡجٞ مِّن فَوۡقِهِۦ مَوۡجٞ مِّن فَوۡقِهِۦ سَحَابٞۚ ظُلُمَٰتُۢ بَعۡضُهَا فَوۡقَ بَعۡضٍ إِذَآ أَخۡرَجَ يَدَهُۥ لَمۡ يَكَدۡ يَرَىٰهَاۗ وَمَن لَّمۡ يَجۡعَلِ ٱللَّهُ لَهُۥ نُورٗا فَمَا لَهُۥ مِن نُّورٍ ٤٠

Or [they are] like darknesses within an unfathomable sea which is covered by waves, upon which are waves, over which are clouds - darknesses, some of them upon others. When one puts out his hand [therein], he can hardly see it. And he to whom Allāh has not granted light - for him there is no light.

Же болбосо алардын иш-аракеттери терең деңиздеги караңгылыктарга окшош. Анын үстүн толкундар каптап турат. Ал толкундар үстүндө дагы башка толкундар бар. Анын үстүндө жол көргөзгөн жылдыздарды тоскон булуттар бар. Кабат-кабат жайгашкан караңгылыктар. Эгерде бул караңгылыкка түшкөн адам колун чыгарса, катуу караңгылыктан улам колун да көрө албайт. Каапыр да ушул сыяктуу. Анын үстүн наадандык, шектенүү, темселөө жана жүрөгүнө мөөр басылуу сыяктуу караңгылыктар каптаган. Аллах кимге адашуудан туура жолго түшүүнү жана Өз китебин үйрөнүүнү насип кылбаса, анда ал үчүн тутуна турган туура жол да, ага жарык бере турган китеп да жок.

24:41Page 355

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُسَبِّحُ لَهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱلطَّيۡرُ صَٰٓفَّٰتٖۖ كُلّٞ قَدۡ عَلِمَ صَلَاتَهُۥ وَتَسۡبِيحَهُۥۗ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِمَا يَفۡعَلُونَ ٤١

Do you not see that Allāh is exalted by whomever is within the heavens and the earth and [by] the birds with wings spread [in flight]? Each [of them] has known his [means of] prayer and exalting [Him], and Allāh is Knowing of what they do.

Оо, пайгамбар! Асмандардагы жана жердеги бүткүл жандыктар, мейкиндикте канаттарын жайган куштар Аллахты аруулашарын билбейсиңби? Аллах таала мына ушул жандыктардын ар бирин: адам сыяктуу намаз окуганын да куштар сыяктуу аруулаганын да билет. Аллах алардын кылып жаткандарын баарын билет. Алардын кылган иштеринин эч бири Ага жашыруун эмес.

24:42Page 355

وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلۡمَصِيرُ ٤٢

And to Allāh belongs the dominion of the heavens and the earth, and to Allāh is the destination.

Асмандардагы бийлик жана жердеги бийлик жалгыз Аллахка гана таандык. Кыямат күнү сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн кайтуу жалгыз Ага гана болот.

24:43Page 355

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُزۡجِي سَحَابٗا ثُمَّ يُؤَلِّفُ بَيۡنَهُۥ ثُمَّ يَجۡعَلُهُۥ رُكَامٗا فَتَرَى ٱلۡوَدۡقَ يَخۡرُجُ مِنۡ خِلَٰلِهِۦ وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن جِبَالٖ فِيهَا مِنۢ بَرَدٖ فَيُصِيبُ بِهِۦ مَن يَشَآءُ وَيَصۡرِفُهُۥ عَن مَّن يَشَآءُۖ يَكَادُ سَنَا بَرۡقِهِۦ يَذۡهَبُ بِٱلۡأَبۡصَٰرِ ٤٣

Do you not see that Allāh drives clouds? Then He brings them together; then He makes them into a mass, and you see the rain emerge from within it. And He sends down from the sky, mountains [of clouds] within which is hail, and He strikes with it whom He wills and averts it from whom He wills. The flash of its lightning almost takes away the eyesight.

Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, Аллах булуттарды айдап, кийин аларды бири-бирине кошот, кийин катмарлуу түрмөк-түрмөк кылат. Анан сен булуттардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Ошондой эле Ал асман тараптагы улуу тоолорго окшогон коюуланган булуттардан майда таштар сыяктуу мөндүрдү жаадырып, аны менен Өзү каалаган пенделерине пайда же зыян жеткирет жана Өзү каалаган пенделеринен аны буруп жиберет. Булуттан чыккан чагылгандын жарыгы ушунчалык жарыктыгынан көздөрдү көр кылып жиберчүдөй болот.

24:44Page 356

يُقَلِّبُ ٱللَّهُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ ٤٤

Allāh alternates the night and the day. Indeed in that is a lesson for those who have vision.

Аллах түн менен күндүздү узактыгына жана кыскалыгына, башталышына жана бүтүшүнө карап алмаштырып турат. Чындыгында бул айтылгандарда Аллахтын жаратуучулугуна далил болгон аят-белгилерде акыл ээлери үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын көрсөткөн сабактар бар.

24:45Page 356

وَٱللَّهُ خَلَقَ كُلَّ دَآبَّةٖ مِّن مَّآءٖۖ فَمِنۡهُم مَّن يَمۡشِي عَلَىٰ بَطۡنِهِۦ وَمِنۡهُم مَّن يَمۡشِي عَلَىٰ رِجۡلَيۡنِ وَمِنۡهُم مَّن يَمۡشِي عَلَىٰٓ أَرۡبَعٖۚ يَخۡلُقُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ ٤٥

Allāh has created every [living] creature from water. And of them are those that move on their bellies, and of them are those that walk on two legs, and of them are those that walk on four. Allāh creates what He wills. Indeed, Allāh is over all things competent.

Аллах жер бетинде жүргөн бардык жан-жаныбарларды бел суудан жаратты. Алардын арасында жылан сыяктуу курсагы менен сойлоп жүргөндөрү бар, инсан же куш сыяктуу эки буту менен басып жүргөндөрү бар, үй жаныбарлары сыяктуу төрт буттап басып жүргөндөрү бар. Аллах айтылгандардан жана айтылбагандардан Өзү каалаганын жаратат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсырата албайт.

24:46Page 356

لَّقَدۡ أَنزَلۡنَآ ءَايَٰتٖ مُّبَيِّنَٰتٖۚ وَٱللَّهُ يَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ ٤٦

We have certainly sent down distinct verses. And Allāh guides whom He wills to a straight path.

Биз Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы-тынчтыгы болсун) эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аят-белгилерди түшүрдүк. Аллах Өзү каалаган адамга бурмалануусу жок туура жолго түшүүгө ийгилик берет. Ал жол аны бейишке жеткирет.

24:47Page 356

وَيَقُولُونَ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلرَّسُولِ وَأَطَعۡنَا ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٞ مِّنۡهُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَۚ وَمَآ أُوْلَٰٓئِكَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٤٧

But they [i.e., the hypocrites] say, "We have believed in Allāh and in the Messenger, and we obey"; then a party of them turns away after that. And those are not believers.

Эки жүздүүлөр: «Биз Аллахка жана пайгамбарга ыйман келтирдик, Аллахка жана пайгамбарга моюн сундук»,– деп айтышат. Кийин алардын бир тобу жүз буруп кетишет. Алар Аллахтын жана Анын элчисинин Анын жолунда согушуу ж.б. тууралуу келген буйругуна баш ийишпейт. Бирок алар ага чейин Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик, моюн сундук деп ойлошкон эле. Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуудан баш тарткан ал адамдар өздөрүн ыймандуубуз дешсе дагы алар ыймандуу эмес.

24:48Page 356

وَإِذَا دُعُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَهُمۡ إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُم مُّعۡرِضُونَ ٤٨

And when they are called to [the words of] Allāh and His Messenger to judge between them, at once a party of them turns aside [in refusal].

Эгерде ал эки жүздүүлөрдүн арасындагы талаш-тартыштарга пайгамбар өкүм кылсын деп аларды Аллахка жана Анын элчисине чакырса, алар эки жүздүүлүктөрү себептүү ошол замат анын өкүмүнөн баш тартып кетишет.

24:49Page 356

وَإِن يَكُن لَّهُمُ ٱلۡحَقُّ يَأۡتُوٓاْ إِلَيۡهِ مُذۡعِنِينَ ٤٩

But if the right is theirs, they come to him in prompt obedience.

Эгерде чындык алар тарапта экенин жана ал алардын кызыкчылыгына карап өкүм кыларын билишсе, алар ага моюн сунуп келишет.

24:50Page 356

أَفِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ أَمِ ٱرۡتَابُوٓاْ أَمۡ يَخَافُونَ أَن يَحِيفَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَرَسُولُهُۥۚ بَلۡ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ ٥٠

Is there disease in their hearts? Or have they doubted? Or do they fear that Allāh will be unjust to them, or His Messenger? Rather, it is they who are the wrongdoers [i.e., the unjust].

Алардын жүрөгүндө айыкпас оору барбы? Же алар анын Аллахтын элчиси экендигине шектенип жатышабы? Же Аллах менен Анын элчиси аларга адилетсиз өкүм кылат деп коркуп жатышабы? Мындай кылышканы бул айтылган нерселер үчүн эмес! Тескерисинче, алар анын өкүмүнөн баш тартып, ага баш ийбестик кылышканы себептүү өздөрүндөгү оору бар үчүн ушундай!

24:51Page 356

إِنَّمَا كَانَ قَوۡلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ إِذَا دُعُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَهُمۡ أَن يَقُولُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ٥١

The only statement of the [true] believers when they are called to Allāh and His Messenger to judge between them is that they say, "We hear and we obey." And those are the successful.

Ал эми ал ыймандуулардын арасында өкүм кылуу үчүн алар Аллахка жана пайгамбарга чакырылса, алар: «Биз анын сөзүн уктук жана буйругуна моюн сундук» – деген сөздү гана айтышат. Ушул сыпаттарга ээ адамдар – мына ошолор бул дүйнөдө жана акыретте жеңишке жеткендер.

Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences

Contents

Ayat al-Kursi36Al-Kahfpage 42juz 15Bukhari 1Muslim 2999

Style

Theme
Text size
Layout

Читать на русском