Al-MukhtasarAl‑Qasas · 28:1–55

Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz

القصص

Al-Qasas

The Stories · Meccan · 88 ayahs

28:1Page 385

طسٓمٓ ١

Ṭā, Seen, Meem.1

Та. Син. Мим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.

28:2Page 385

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ ٢

These are verses of the clear Book.

Бул ачык-айкын Курандын аяттары.

28:3Page 385

نَتۡلُواْ عَلَيۡكَ مِن نَّبَإِ مُوسَىٰ وَفِرۡعَوۡنَ بِٱلۡحَقِّ لِقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ ٣

We recite to you from the news of Moses and Pharaoh in truth for a people who believe.

Биз сага эч кандай шеги жок чындык менен Муса менен Фараондун окуясын ыйман келтиргендер үчүн окуп беребиз. Анткени алар андагы айтылгандардан пайда алышат.

28:4Page 385

إِنَّ فِرۡعَوۡنَ عَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلَ أَهۡلَهَا شِيَعٗا يَسۡتَضۡعِفُ طَآئِفَةٗ مِّنۡهُمۡ يُذَبِّحُ أَبۡنَآءَهُمۡ وَيَسۡتَحۡيِۦ نِسَآءَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ ٤

Indeed, Pharaoh exalted himself in the land and made its people into factions, oppressing a sector among them, slaughtering their [newborn] sons and keeping their females alive. Indeed, he was of the corrupters.

Чындыгында Фараон байыркы Египет жеринде бийлик жүргүзүп чектен чыкты. Ал анын элин бытыранды топторго бөлүп, алардын арасынан Исраилдин урпактарын кордукка салды. Аларды ашыкча кордош үчүн уулдарын өлтүрүп, кыздарын кызмат үчүн калтырды. Чындыгында ал жер бетинде зулумдук, канкордук жана текеберлик менен бузукулук кылгандардан болду.

28:5Page 385

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنَجۡعَلَهُمۡ أَئِمَّةٗ وَنَجۡعَلَهُمُ ٱلۡوَٰرِثِينَ ٥

And We wanted to confer favor upon those who were oppressed in the land and make them leaders and make them inheritors

Анан Биз байрыкы Миср жергесинде Фираун кордогон Исраил урпактарынын душманын жок кылып, аларды кордуктан куткаруу аркылуу аларга жакшылык кылууну жана аларды акыйкат жолдо ээрчий турган башчы кылууну кааладык. Ошондой эле Аллах Таала: «Биз кор болгон коомго жердин берекелүү чыгышын жана батышын мураска бердик» – деп айткандай, Фираунду жок кылгандан кийин аларды берекелүү Шам жергесине мураскор кылдык.

28:6Page 386

وَنُمَكِّنَ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنُرِيَ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا مِنۡهُم مَّا كَانُواْ يَحۡذَرُونَ ٦

And establish them in the land and show Pharaoh and [his minister] Hāmān and their soldiers through them1 that which they had feared.

Биз аларды бийлик ээлери кылуу менен жер бетинде бекем жайгаштырууну жана Фараон менен анын бийликтеги эң чоң жардамчысы Хаманга жана ал экөөнүн бийлигин колдогон аскерлерине бийликтеринен кол жууп калабыз деп кооптонгон нерселерин жана Исраил урпактарынан төрөлгөн эркек баланын кол астында жок болоорун көрсөтүүнү кааладык.

28:7Page 386

وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ أُمِّ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَرۡضِعِيهِۖ فَإِذَا خِفۡتِ عَلَيۡهِ فَأَلۡقِيهِ فِي ٱلۡيَمِّ وَلَا تَخَافِي وَلَا تَحۡزَنِيٓۖ إِنَّا رَآدُّوهُ إِلَيۡكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ٧

And We inspired to the mother of Moses, "Suckle him; but when you fear for him, cast him into the river and do not fear and do not grieve. Indeed, We will return him to you and will make him [one] of the messengers."

Биз Мусанын апасына илхам кылдык: «Аны эмгиз! Эгер аны Фараон жана анын аскерлери өлтүрүп коёт деп корксоң, анда аны сандыкка салып Нил дарыясына ташта. Аны чөгүп кетет, Фараондон зыян жетет деп коркпо жана андан айрылганың үчүн кайгырба. Чындыгында Биз аны сага тирүү кайтарып беребиз жана аны Аллахтын адамдарга жиберген пайгамбарларынан кылабыз».

28:8Page 386

فَٱلۡتَقَطَهُۥٓ ءَالُ فِرۡعَوۡنَ لِيَكُونَ لَهُمۡ عَدُوّٗا وَحَزَنًاۗ إِنَّ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا كَانُواْ خَٰطِـِٔينَ ٨

And the family of Pharaoh picked him up [out of the river] so that he would become to them an enemy and a [cause of] grief. Indeed, Pharaoh and Hāmān and their soldiers were deliberate sinners.

Ошондо ал аны сандыкка салып дарыяга ташта деп илхам кылынган буйрукту аткарды. Кийин аны Фараондун үй-бүлөсү таап алып, Аллахтын Муса Фараонго душман болсун, анын кол астында бийлигин жок кылып, аларды кайгыга батсын деген каалоосун ишке ашырыш үчүн аны колуна алышты. Чындыгында Фараон менен анын вазири Хаман жана ал экөөнүн жардамчылары каапырлык, чектен чыгуу жана жер бетинде бузукулук кылуу себептүү күнөөкөр болушту.

28:9Page 386

وَقَالَتِ ٱمۡرَأَتُ فِرۡعَوۡنَ قُرَّتُ عَيۡنٖ لِّي وَلَكَۖ لَا تَقۡتُلُوهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوۡ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ ٩

And the wife of Pharaoh said, "[He will be] a comfort of the eye [i.e., pleasure] for me and for you. Do not kill him; perhaps he may benefit us, or we may adopt him as a son." And they perceived not.1

Качан Фараон аны өлтүрүүнү каалаганда анын аялы айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн кубаныч болсун! Аны өлтүрбөй эле койгулачы. Балким ал бизге кызмат кылып пайдасы тиет же аны бала кылып алабыз». Бирок алар бийлиги анын кол астында жок болорун билишкен жок.

28:10Page 386

وَأَصۡبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَىٰ فَٰرِغًاۖ إِن كَادَتۡ لَتُبۡدِي بِهِۦ لَوۡلَآ أَن رَّبَطۡنَا عَلَىٰ قَلۡبِهَا لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ١٠

And the heart of Moses' mother became empty [of all else]. She was about to disclose [the matter concerning] him had We not bound fast her heart that she would be of the believers.

Ал эми Мусанын апасынын жүрөгү Мусадан башка бүткүл дүйнө иштерине бопбош болуп аңгырап калды. Эгер Биз аны Раббисине тобокел кылган, Анын жазган тагдырына сабыр кылган ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн кубаттоо жана сабыр кылдыруу менен бекем кылбаганыбызда, ал ага катуу байланганы үчүн сабыры кетип, ал анын баласы экенин айтарына аз эле калган.

28:11Page 386

وَقَالَتۡ لِأُخۡتِهِۦ قُصِّيهِۖ فَبَصُرَتۡ بِهِۦ عَن جُنُبٖ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ ١١

And she said to his sister, "Follow him"; so she watched him from a distance while they perceived not.

Апасы Мусаны дарыяга ыргыткандан кийин анын бир тууган эжесине: «Анын артынан калбай ээрчи! Муну эмне кылышарын бил» – деди. Ал билинип калбаш үчүн аны алыстан карап турду. Фараон менен анын коому ал анын бир тууган эжеси экенин жана ал андан кабар алып жатканын сезишкен жок.

28:12Page 386

۞ وَحَرَّمۡنَا عَلَيۡهِ ٱلۡمَرَاضِعَ مِن قَبۡلُ فَقَالَتۡ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰٓ أَهۡلِ بَيۡتٖ يَكۡفُلُونَهُۥ لَكُمۡ وَهُمۡ لَهُۥ نَٰصِحُونَ ١٢

And We had prevented from him [all] wet nurses before,1 so she said, "Shall I direct you to a household that will be responsible for him for you while they are to him [for his upbringing] sincere?"

Муса Аллахтын башкаруусу менен аялдарды эмүүдөн баш тартты. Качан анын эжеси аялдар аны эмизүүгө аракет кылып жатканын көргөндө, аларга: «Силерге муну эмизип, ага кам көрүп, тарбия бере турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү?» деди.

28:13Page 386

فَرَدَدۡنَٰهُ إِلَىٰٓ أُمِّهِۦ كَيۡ تَقَرَّ عَيۡنُهَا وَلَا تَحۡزَنَ وَلِتَعۡلَمَ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ ١٣

So We restored him to his mother that she might be content and not grieve and that she would know that the promise of Allāh is true. But most of them [i.e., the people] do not know.

Ошентип Биз Мусанын энеси аны жакындан көрүп кубануусу үчүн, андан айрылгандагы кайгысы басылсын жана Аллахтын "балаңды кайтарып берем" деген убадасы шексиз чындык экенин билсин деп аны ага кайтарып бердик. Бирок алардын көпчүлүгү бул убаданы билишпейт эле жана ал аял анын энеси экенин да эч ким билген эмес.

28:14Page 387

وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَٱسۡتَوَىٰٓ ءَاتَيۡنَٰهُ حُكۡمٗا وَعِلۡمٗاۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ١٤

And when he attained his full strength and was [mentally] mature, We bestowed upon him judgement and knowledge. And thus do We reward the doers of good.

Качан ал күч-кубатка толуп, баралына келгенде, Биз анын пайгамбарлыгына чейин ага Исраил урпактарынын дини тууралуу түшүнүк жана илим бердик. Биз Мусанын моюн сунганына сыйлык бергенибиз сыяктуу бардык жердеги жана бардык замандагы жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды беребиз.

28:15Page 387

وَدَخَلَ ٱلۡمَدِينَةَ عَلَىٰ حِينِ غَفۡلَةٖ مِّنۡ أَهۡلِهَا فَوَجَدَ فِيهَا رَجُلَيۡنِ يَقۡتَتِلَانِ هَٰذَا مِن شِيعَتِهِۦ وَهَٰذَا مِنۡ عَدُوِّهِۦۖ فَٱسۡتَغَٰثَهُ ٱلَّذِي مِن شِيعَتِهِۦ عَلَى ٱلَّذِي مِنۡ عَدُوِّهِۦ فَوَكَزَهُۥ مُوسَىٰ فَقَضَىٰ عَلَيۡهِۖ قَالَ هَٰذَا مِنۡ عَمَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِۖ إِنَّهُۥ عَدُوّٞ مُّضِلّٞ مُّبِينٞ ١٥

And he entered the city at a time of inattention by its people1 and found therein two men fighting: one from his faction and one from among his enemy. And the one from his faction called for help to him against the one from his enemy, so Moses struck him and [unintentionally] killed him. [Moses] said, "This is from the work of Satan. Indeed, he is a manifest, misleading enemy."

Муса адамдар үйлөрүндө эс алып жатышкан маалда шаарга кирди. Анда эки адам чатакташып мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү Мусанын коому болгон Исраил урпактарынан, экинчиси болсо Мусанын душманы Фараондун коому болгон копттордон экен. Ошондо өз коомунан болгону анын душмандарынан болгон коптко каршы андан жардам сурады. Ал аны муштуму менен бир урду, ошол замат күчтүү урулган соккудан улам мерт кетти. Муса айтты: «Бул шайтандын кооз көргөзүп, алдаган азгырыктарынан. Чындыгында шайтан аны ээрчигендерди адаштырган ачык душман. Менин бул кылганым анын душмандыгы жана ал мени адаштырууну каалаганы себептүү болду».

28:16Page 387

قَالَ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي فَٱغۡفِرۡ لِي فَغَفَرَ لَهُۥٓۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ ١٦

He said, "My Lord, indeed I have wronged myself, so forgive me," and He forgave him. Indeed, He is the Forgiving, the Merciful.

Муса кылганын мойнуна алып Раббисине жалбарды: «Оо, Раббим! Мен бул коптту өлтүрүп өзүмө зулум кылдым. Менин күнөөмдү кечир». Аллах бизге Мусага болгон кечиримин баяндап, чындыгында Ал тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу экенин айтты.

28:17Page 387

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ فَلَنۡ أَكُونَ ظَهِيرٗا لِّلۡمُجۡرِمِينَ ١٧

He said, "My Lord, for the favor You bestowed upon me, I will never be an assistant to the criminals."

Андан соң Мусанын кылган дубасы тууралуу кабарды улады. Ал мындай деп айткан: «Оо, Раббим! Сен мага жакшылык кылып берген күч-кубат, даанышмандык жана илим себептүү мен кылымышкерлердин күнөөлөрүнө жардамчы болбоймун».

28:18Page 387

فَأَصۡبَحَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ خَآئِفٗا يَتَرَقَّبُ فَإِذَا ٱلَّذِي ٱسۡتَنصَرَهُۥ بِٱلۡأَمۡسِ يَسۡتَصۡرِخُهُۥۚ قَالَ لَهُۥ مُوسَىٰٓ إِنَّكَ لَغَوِيّٞ مُّبِينٞ ١٨

And he became inside the city fearful and anticipating [exposure], when suddenly the one who sought his help the previous day cried out to him [once again]. Moses said to him, "Indeed, you are an evident, [persistent] deviator."

Ал коптту өлтүрүп, болор иш болгондон кийин эртең менен эми эмне болот деп коркуп шаар ичинде бара жатса, капыстан эле кечээ копт душманына каршы жардам сураган киши башка коптко каршы дагы жардамга чакырып калды. Муса ага: «Чындыгында сен анык эле азрыгылып адашкан адам экенсиң» – деди.

28:19Page 387

فَلَمَّآ أَنۡ أَرَادَ أَن يَبۡطِشَ بِٱلَّذِي هُوَ عَدُوّٞ لَّهُمَا قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ أَتُرِيدُ أَن تَقۡتُلَنِي كَمَا قَتَلۡتَ نَفۡسَۢا بِٱلۡأَمۡسِۖ إِن تُرِيدُ إِلَّآ أَن تَكُونَ جَبَّارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا تُرِيدُ أَن تَكُونَ مِنَ ٱلۡمُصۡلِحِينَ ١٩

And when he wanted to strike the one who was an enemy to both of them, he1 said, "O Moses, do you intend to kill me as you killed someone yesterday? You only want to be a tyrant in the land and do not want to be of the amenders."

Качан Муса исраилдик экөөсүнө душман болгон коптту күч менен кармайын дегенде, ал исраилдик Муса аны кармайын деп жатат деп ойлоду. Качан тигил адам анын: «Чындыгында сен анык азгырылган адам экенсиң» дегенин укканда Мусага мындай деди: «Сен кечээ бир адамды өлтүргөнүң сыяктуу мени да өлтүргөнү жатасыңбы? Сен адамдарды өлтүрүп, зулумдук кылып жер бетинде канкор болууну гана каалайт экенсиң. Сен чатакташкандарды жараштырууну такыр каалабайт турбайсыңбы».

28:20Page 387

وَجَآءَ رَجُلٞ مِّنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّ ٱلۡمَلَأَ يَأۡتَمِرُونَ بِكَ لِيَقۡتُلُوكَ فَٱخۡرُجۡ إِنِّي لَكَ مِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ ٢٠

And a man came from the farthest end of the city, running. He said, "O Moses, indeed the eminent ones are conferring over you [intending] to kill you, so leave [the city]; indeed, I am to you of the sincere advisors."

Качан кабар таркаганда Мусанын артынан түшпөсүн деп ага боору ооруган бир адам шаардын алыскы четинен шашып келип мындай деди: «Оо, Муса! Чындыгында Фараондун коомунун төбөлдөрү сени өлтүрүү тууралуу кеңешип жатышат. Шаардан тез чыгып кет! Алар сени кармап өлтүрүп коюшпасын.

28:21Page 387

فَخَرَجَ مِنۡهَا خَآئِفٗا يَتَرَقَّبُۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ٢١

So he left it, fearful and anticipating [apprehension]. He said, "My Lord, save me from the wrongdoing people."

Муса ал насаат айткан адамдын сөзүн угуп эми эмне болор экен деп, ал жак бул жакты карап, этияттап, корккон бойдон шаардан чыгып кетти. Ал Раббисине жалбарып: «Оо, Раббим! Мени заалым коомдон куткара көр. Мага алардын жамандыгы жетпесин» – деп дуба кылды.

28:22Page 388

وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلۡقَآءَ مَدۡيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يَهۡدِيَنِي سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ ٢٢

And when he directed himself toward Madyan, he said, "Perhaps my Lord will guide me to the sound way."

Качан ал Мадянды көздөй бет алып жөнөгөндө: «Балким Аллах мени эң жакшы жолго жолдойт чыгар. Анан мен андан адашпайм» – деди.

28:23Page 388

وَلَمَّا وَرَدَ مَآءَ مَدۡيَنَ وَجَدَ عَلَيۡهِ أُمَّةٗ مِّنَ ٱلنَّاسِ يَسۡقُونَ وَوَجَدَ مِن دُونِهِمُ ٱمۡرَأَتَيۡنِ تَذُودَانِۖ قَالَ مَا خَطۡبُكُمَاۖ قَالَتَا لَا نَسۡقِي حَتَّىٰ يُصۡدِرَ ٱلرِّعَآءُۖ وَأَبُونَا شَيۡخٞ كَبِيرٞ ٢٣

And when he came to the water [i.e., well] of Madyan, he found there a crowd of people watering [their flocks], and he found aside from them two women holding back [their flocks]. He said, "What is your circumstance?" They said, "We do not water until the shepherds dispatch [their flocks]; and our father is an old man."

Качан ал Мадяндын суу алган жайына жеткенде бир топ адамдар малдарын сугарып жатышканын көрдү. Алардан нарыраак жерде эки аялды көрдү, алар адамдар сугарып бүткүчө койлорун суудан тосуп жатышты. Муса ал экөөсүнө: «Силер адамдар менен кошо сугарбай эмне турасыңар?» – деди. Ал экөөсү айтты: «Биз буларга аралашуудан сактаныш үчүн адатта койчумандар сугарып кеткенге чейин күтүп турабыз. Атабыз болсо улгайып калган кары адам. Ал сугара албайт. Анан биз койлорду өзүбүз келип сугарганга мажбурбуз».

28:24Page 388

فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰٓ إِلَى ٱلظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَآ أَنزَلۡتَ إِلَيَّ مِنۡ خَيۡرٖ فَقِيرٞ ٢٤

So he watered [their flocks] for them; then he went back to the shade and said, "My Lord, indeed I am, for whatever good You would send down to me, in need."

Анан ал ал экөөсүнө боору ооруп, койлорун сугарып берди. Андан соң көлөкөгө барып эс алды. Жана Раббисине өз муктаждыгын айтып: «Оо, Раббим! Чындыгында Сен мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын» – деп дуба кылды.

28:25Page 388

فَجَآءَتۡهُ إِحۡدَىٰهُمَا تَمۡشِي عَلَى ٱسۡتِحۡيَآءٖ قَالَتۡ إِنَّ أَبِي يَدۡعُوكَ لِيَجۡزِيَكَ أَجۡرَ مَا سَقَيۡتَ لَنَاۚ فَلَمَّا جَآءَهُۥ وَقَصَّ عَلَيۡهِ ٱلۡقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفۡۖ نَجَوۡتَ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ٢٥

Then one of the two women came to him walking with shyness. She said, "Indeed, my father invites you that he may reward you for having watered for us." So when he came to him1 and related to him the story, he said, "Fear not. You have escaped from the wrongdoing people."

Ал экөөсү барып атасына ал тууралуу айтышты. Ошондо бирөөсүн аны чакырып келгенге жиберди. Ал ага уялып басып келип: «Атам сизди бизге сугарышканыңыз үчүн сыйлайм деп чакырып жатат» – деди. Муса алардын атасына келип, башынан өткөндөрдү айтып бергенде ал аны жоошута: «Коркпо! Сен Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү болгон заалым коомдон кутулдуң. Алар Мадиянда бийлик кылышпайт. Эми алар сага эч кандай зыян келтире алышпайт» – деди.

28:26Page 388

قَالَتۡ إِحۡدَىٰهُمَا يَٰٓأَبَتِ ٱسۡتَـٔۡجِرۡهُۖ إِنَّ خَيۡرَ مَنِ ٱسۡتَـٔۡجَرۡتَ ٱلۡقَوِيُّ ٱلۡأَمِينُ ٢٦

One of the women said, "O my father, hire him. Indeed, the best one you can hire is the strong and the trustworthy."

Эки кызынын бирөөсү айтты: «Оо, атаке! Аны койлорубузду жайганга жалдабайсызбы? Ал жалдаганга татыктуу экен. Анткени ал күчтүү жана аманаткөй экен. Ал күчү менен милдеттерин аткарат, аманаткөйлүгү менен ага берилген аманатты сактайт».

28:27Page 388

قَالَ إِنِّيٓ أُرِيدُ أَنۡ أُنكِحَكَ إِحۡدَى ٱبۡنَتَيَّ هَٰتَيۡنِ عَلَىٰٓ أَن تَأۡجُرَنِي ثَمَٰنِيَ حِجَجٖۖ فَإِنۡ أَتۡمَمۡتَ عَشۡرٗا فَمِنۡ عِندِكَۖ وَمَآ أُرِيدُ أَنۡ أَشُقَّ عَلَيۡكَۚ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ ٢٧

He said, "Indeed, I wish to wed you one of these, my two daughters, on [the condition] that you serve me for eight years; but if you complete ten, it will be [as a favor] from you. And I do not wish to put you in difficulty. You will find me, if Allāh wills, from among the righteous."

Алардын атасы Мусага кайрылып мындай деди: «Мен сага бул эки кызымдын бирөөсүн никелеп берейин. Сен анын калыңынын (кызга берилүүчү белектин) ордуна биздин койлорубузду сегиз жыл жайып бер. Эгер мөөнөттү он жылга толуктасаң, анда бул сенин жакшылыгың болот. Бирок бул милдеттүү түрдө эмес. Анткени ортодогу келишим сегиз жылга гана түзүлгөн. Андан ашыгы ыктыярдуу. Мен сага ашыкча түйшүктү милдет кылууну каалабайм. Кудай буйруса, сен жакында мени убадасын бузбай аткарган жакшы адамдардан экенимди билесиң».

28:28Page 388

قَالَ ذَٰلِكَ بَيۡنِي وَبَيۡنَكَۖ أَيَّمَا ٱلۡأَجَلَيۡنِ قَضَيۡتُ فَلَا عُدۡوَٰنَ عَلَيَّۖ وَٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٞ ٢٨

[Moses] said, "That is [established] between me and you. Whichever of the two terms I complete - there is no injustice to me, and Allāh, over what we say, is Witness."

Муса айтты: «Бул сиз экөөбүздүн ортобуздагы келишим болсун. Мен сизге бул эки мөөнөттүн кайсынысын аткарбайын, сегиз жылбы же он жылбы, мен мойнумдагы милдетти толук өтөйм. Мага мындан ашыгын талап кылбаңыз. Биздин келишимге Аллах Өзү кепил жана күбө».

28:29Page 389

۞ فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى ٱلۡأَجَلَ وَسَارَ بِأَهۡلِهِۦٓ ءَانَسَ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ نَارٗاۖ قَالَ لِأَهۡلِهِ ٱمۡكُثُوٓاْ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا لَّعَلِّيٓ ءَاتِيكُم مِّنۡهَا بِخَبَرٍ أَوۡ جَذۡوَةٖ مِّنَ ٱلنَّارِ لَعَلَّكُمۡ تَصۡطَلُونَ ٢٩

And when Moses had completed the term and was traveling with his family, he perceived from the direction of the mount a fire. He said to his family, "Stay here; indeed, I have perceived a fire. Perhaps I will bring you from there [some] information or burning wood from the fire that you may warm yourselves."

Муса он жылдык мөөнөттү толук өтөгөндөн кийин үй-бүлөсү менен Мадияндан Мисирге чыкты. Тур тоосунун капталынан от көрдү. Үй-бүлөсүнө айтты: «Туруп тургула! Мен от көрдүм. Балким ал жерге барып кабар алып келейин же от тутантыш үчүн чок алып келейин, жылынып аларсыңар».

28:30Page 389

فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِيَ مِن شَٰطِيِٕ ٱلۡوَادِ ٱلۡأَيۡمَنِ فِي ٱلۡبُقۡعَةِ ٱلۡمُبَٰرَكَةِ مِنَ ٱلشَّجَرَةِ أَن يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّيٓ أَنَا ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٣٠

But when he came to it, he was called from the right side of the valley in a blessed spot - from the tree,1 "O Moses, indeed I am Allāh, Lord of the worlds."

Муса көргөн отко жакын келгенде берекелүү жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан Аллах аны менен сүйлөшүп, мындай деди: «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен Аллах – бүткүл ааламдардын Раббисимин.

28:31Page 389

وَأَنۡ أَلۡقِ عَصَاكَۚ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهۡتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنّٞ وَلَّىٰ مُدۡبِرٗا وَلَمۡ يُعَقِّبۡۚ يَٰمُوسَىٰٓ أَقۡبِلۡ وَلَا تَخَفۡۖ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡأٓمِنِينَ ٣١

And [he was told], "Throw down your staff." But when he saw it writhing as if it was a snake, he turned in flight and did not return.1 [Allāh said], "O Moses, approach and fear not. Indeed, you are of the secure.

Таягыңды ташта!». Ал Раббисинин буйругун аткарып аны таштады. Качан анын жыландай болуп тез кыймылдап жатканын көргөндө, коркконунан артын карабай качып жөнөдү. Ал кайра артка келген жок. Ошондо Раббиси аны чакырды: «Оо, Муса! Бери кел, андан коркпо! Сен андан жана башка сен корккон нерселерден саламатта болосуң».

28:32Page 389

ٱسۡلُكۡ يَدَكَ فِي جَيۡبِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٖ وَٱضۡمُمۡ إِلَيۡكَ جَنَاحَكَ مِنَ ٱلرَّهۡبِۖ فَذَٰنِكَ بُرۡهَٰنَانِ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ ٣٢

Insert your hand into the opening of your garment; it will come out white, without disease. And draw in your arm close to you [as prevention] from fear, for those are two proofs from your Lord to Pharaoh and his establishment. Indeed, they have been a people defiantly disobedient."

Оң колуңду моюндан ылдый көйгөнүңдүн ачык жерине сал, ал ала оорусунун агындай эмес кардай аппак болуп чыгат. Муса колун салып кайра чыгарганда кардай аппак болуп чыкты. Коркконуң кетиш үчүн колуңдү өзүңө кыс. Ошондо Муса колун өзүнө кысты, коркунучу тарап кетти. Мына ушул айтылган эки нерсе (таяк менен кол) Раббиң тараптан Фараон менен анын төбөлдөрүнө жиберилген далилдер. Чындыгында алар каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Аллахка моюн сунуудан баш тартышкан эле».

28:33Page 389

قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلۡتُ مِنۡهُمۡ نَفۡسٗا فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ ٣٣

He said, "My Lord, indeed I killed from among them someone, and I fear they will kill me.

Муса Раббисине жалбарып мындай деди: «Чындыгында мен алардан бирөөнү өлтүрүп койгонмун. Эми мен Сенин жолдомоңду аларга жеткирип барсам, алар мени ошол себептүү өлтүрүп коюшунан коркомун.

28:34Page 389

وَأَخِي هَٰرُونُ هُوَ أَفۡصَحُ مِنِّي لِسَانٗا فَأَرۡسِلۡهُ مَعِيَ رِدۡءٗا يُصَدِّقُنِيٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ ٣٤

And my brother Aaron is more fluent than me in tongue, so send him with me as support, verifying me. Indeed, I fear that they will deny me."

Бир тууганым Харун мага караганда жакшы сүйлөйт. Аны жардамчы кылып мени менен жибер. Эгерде Фараон жана анын коому мени жалганга чыгарышса, ал сөзүмдү кубаттап коштоп турат. Чындыгында менден мурунку пайгамбарлар жиберилип, аларды жалганга чыгарган элдердин адатынча алар да мени жалганга чыгарууларынан коркомун».

28:35Page 389

قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجۡعَلُ لَكُمَا سُلۡطَٰنٗا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيۡكُمَا بِـَٔايَٰتِنَآۚ أَنتُمَا وَمَنِ ٱتَّبَعَكُمَا ٱلۡغَٰلِبُونَ ٣٥

[Allāh] said, "We will strengthen your arm through your brother and grant you both supremacy so they will not reach you. [It will be] through Our signs; you and those who follow you will be the predominant."

Аллах анын дубасына жооп кылып: «Оо, Муса! Биз бир тууганыңды сени менен кошо жардамчы пайгамбар кылып жиберип сени кубаттайбыз жана силерге далилдерди берип, колдоо көрсөтөбүз. Ошондо алар силерге жакпагандай жамандык жеткире алышпайт. Биз силер аркылуу жиберген аят-белгилерибиз себептүү силерди жана силерди ээрчиген ыймандууларды жеңүүчү кылабыз».

28:36Page 390

فَلَمَّا جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا بَيِّنَٰتٖ قَالُواْ مَا هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّفۡتَرٗى وَمَا سَمِعۡنَا بِهَٰذَا فِيٓ ءَابَآئِنَا ٱلۡأَوَّلِينَ ٣٦

But when Moses came to them with Our signs as clear evidences, they said, "This is not except invented magic, and we have not heard of this [religion] among our forefathers."

Качан Муса аларга Биздин ачык аят-белгилерибиз менен келгенде алар: «Бул Муса ойлоп тапкан жалгандан башка эч нерсе эмес. Биз мындайды мурунку ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.

28:37Page 390

وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّيٓ أَعۡلَمُ بِمَن جَآءَ بِٱلۡهُدَىٰ مِنۡ عِندِهِۦ وَمَن تَكُونُ لَهُۥ عَٰقِبَةُ ٱلدَّارِۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ ٣٧

And Moses said, "My Lord is more knowing [than we or you] of who has come with guidance from Him and to whom will be succession in the home.1 Indeed, wrongdoers do not succeed."

Муса Фараонго кайрылып: «Раббим Өз алдынан туура жолду алып келген чынчылды жакшы билет жана акыретте мактоого татырлык акыбет кимге болорун да жакшы билет. Чындыгында заалымдар көздөгөнүнө жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт» – деди.

28:38Page 390

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَأُ مَا عَلِمۡتُ لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرِي فَأَوۡقِدۡ لِي يَٰهَٰمَٰنُ عَلَى ٱلطِّينِ فَٱجۡعَل لِّي صَرۡحٗا لَّعَلِّيٓ أَطَّلِعُ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُۥ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ ٣٨

And Pharaoh said, "O eminent ones, I have not known you to have a god other than me. Then ignite for me, O Hāmān, [a fire] upon the clay1 and make for me a tower that I may look at the God of Moses. And indeed, I do think he is among the liars."

Фараон коомундагы төбөлдөргө кайрылып мындай деди: «Эй, кадырмандар! Мен силер үчүн өзүмдөн башка кудай бар экенин билбейм. Эй, Хаман! От жагып ылайды катканча бышыр. Анан аны менен мага бийик мунара кур. Мен ага чыгып туруп Мусанын Кудайын көрөйүн. Чындыгында мен Мусанын мага жана коомума пайгамбар болуп жиберилдим деген сөзүндө жалганчы деп ойлойм».

28:39Page 390

وَٱسۡتَكۡبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُۥ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُمۡ إِلَيۡنَا لَا يُرۡجَعُونَ ٣٩

And he was arrogant, he and his soldiers, in the land, without right, and they thought that they would not be returned to Us.

Фараон менен анын аскеринин текеберлиги күч алып, Мисир жеринде акыйкатсыздык менен үстөм кылууга өтүштү жана кайра тирилүүнү жокко чыгарышты. Алар кыямат күнү сурак жана жаза үчүн Бизге кайтпайбыз деп ойлошту.

28:40Page 390

فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلظَّٰلِمِينَ ٤٠

So We took him and his soldiers and threw them into the sea.1 So see how was the end of the wrongdoers.

Анан Биз аны жана аскерин кармап, бүт баарысын деңизге чөктүрүп жок кылдык. Оо, пайгамбар! Карачы, залимдердин акыбети кандай болуп бүткөнүн! Алардын акыбети кыйроо болду.

28:41Page 390

وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَئِمَّةٗ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلنَّارِۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا يُنصَرُونَ ٤١

And We made them leaders1 inviting to the Fire, and on the Day of Resurrection they will not be helped.

Биз аларды чектен чыккандарга жана адашкандарга үлгү кылдык. Аларды өздөрү жайылткан каапырлык жана адашуу менен тозокко чакырышат. Ал эми кыямат күнү аларды азаптан куткарып жардам бере алышпайт. Тескерисинче, аларга эселеп азаптар берилет. Анткени алар жаман жолдорду түзүшкөн, адашуу менен аларга үндөшкөн. Ошондуктан аларга өздөрү кылгандын күнөөсү жана аларды ээрчип кылгандардын күнөөлөрү жазылат.

28:42Page 390

وَأَتۡبَعۡنَٰهُمۡ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا لَعۡنَةٗۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ هُم مِّنَ ٱلۡمَقۡبُوحِينَ ٤٢

And We caused to overtake them in this world a curse, and on the Day of Resurrection they will be of the despised.1

Жана Биз аларга кошумча жаза катары бул дүйнөдө кордук менен куугунтук ээрчий турган кылып койдук. Ал эми кыямат күнү алар Аллахтын ырайымынан алыстап, жаман адамдардан болушат.

28:43Page 390

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ مِنۢ بَعۡدِ مَآ أَهۡلَكۡنَا ٱلۡقُرُونَ ٱلۡأُولَىٰ بَصَآئِرَ لِلنَّاسِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لَّعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ ٤٣

And We gave Moses the Scripture, after We had destroyed the former generations, as enlightenment for the people and guidance and mercy that they might be reminded.

Биз мурунку коомдорго пайгамбарларды жибергенде аларды жалганга чыгарышты, анан Биз аларды жалганга чыгаргандары себептүү жок кылгандан кийин Мусага Тооратты бердик. Анын ичинде адамдарга пайдалууну көрсөткөн нерселер бар, аларды аткарышат жана зыяндууну көрсөткөн нерселер бар, аларды ташташат. Жана анын ичинде аларды жакшылыкка багыттоо жана эки дүйнө жакшылыктарын камтыган ырайымдуулук бар. Балким алар Аллахтын берген жакшылыктарын эстеп, Ага шүгүр кылышат жана Ага ыйман келтиришет.

28:44Page 391

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلۡغَرۡبِيِّ إِذۡ قَضَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَى ٱلۡأَمۡرَ وَمَا كُنتَ مِنَ ٱلشَّٰهِدِينَ ٤٤

And you, [O Muḥammad], were not on the western side [of the mount] when We revealed to Moses the command, and you were not among the witnesses [to that].

Оо, пайгамбар! Биз Мусаны Фараон менен анын жан-жөкөрлөрүнө жиберүү тууралуу ишти ага толук тапшырган мезгилде сен Мусанын батыш тарабындагы тоонун капталында жок болчусуң. Жана сен бул окуяны билип, адамдарга айтып бергидей ага күбө да болгон эмессиң. Сен аларга айтып берген нерсе сага Аллах тараптан түшкөн вахий.

28:45Page 391

وَلَٰكِنَّآ أَنشَأۡنَا قُرُونٗا فَتَطَاوَلَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡعُمُرُۚ وَمَا كُنتَ ثَاوِيٗا فِيٓ أَهۡلِ مَدۡيَنَ تَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ ٤٥

But We produced [many] generations [after Moses], and prolonged was their duration.1 And you were not a resident among the people of Madyan, reciting to them Our verses, but We were senders [of this message].2

Бирок Биз Мусадан кийин үммөттөрдү, коомдорду жараттык. Арадан көп замандар өтүп, алар Аллахтын убадасын унутуп коюшту. Сен Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок Биз сени Өз алдыбыздан жиберип, сага Мусанын окуясын жана анын Мадянда жашаганын вахий кылдык. Эми сен Аллах сага вахий кылгандарды адамдарга айтып жатасың.

28:46Page 391

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلطُّورِ إِذۡ نَادَيۡنَا وَلَٰكِن رَّحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٖ مِّن قَبۡلِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ ٤٦

And you were not at the side of the mount when We called [Moses] but [were sent] as a mercy from your Lord to warn a people to whom no warner had come before you that they might be reminded.

Биз Мусага чакырык таштап, ага вахий кылган кезде сен муну айтып бериш үчүн Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок Биз сени адамдарга Раббиң тараптан ырайым иретинде жибердик жана сенден мурун аларга эскертүүчү пайгамбар келбеген коомго эскертишиң үчүн мунун кабарын сага вахий кылдык. Балким алар үлгү-сабак алышып, Аллах таала тараптан сен аларга алып келген нерсеге ыйман келтиришет.

28:47Page 391

وَلَوۡلَآ أَن تُصِيبَهُم مُّصِيبَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ فَيَقُولُواْ رَبَّنَا لَوۡلَآ أَرۡسَلۡتَ إِلَيۡنَا رَسُولٗا فَنَتَّبِعَ ءَايَٰتِكَ وَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٤٧

And if not that a disaster should strike them for what their hands put forth [of sins] and they would say, "Our Lord, why did You not send us a messenger so we could have followed Your verses and been among the believers?"...1

А эгер аларга каапырлык жана күнөөлөр себептүү Аллахтын жазасы түшкөндө, анда алар пайгамбар жиберилбегенин бетке кармап: «Эмнеге Сен бизге пайгамбар жибербедиң, биз Сенин аяттарыңды ээрчип, аны аткармакпыз жана Раббисинин буйругун аткарган ыймандуулардан болмокпуз?» – деп айтышмак. Эгер ушул болбогондо Биз аларды тезинен жазаламакпыз. Бирок Биз аларга пайгамбар жибергенге чейин алардын жазасын кечиктирдик.

28:48Page 391

فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ مِنۡ عِندِنَا قَالُواْ لَوۡلَآ أُوتِيَ مِثۡلَ مَآ أُوتِيَ مُوسَىٰٓۚ أَوَلَمۡ يَكۡفُرُواْ بِمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ مِن قَبۡلُۖ قَالُواْ سِحۡرَانِ تَظَٰهَرَا وَقَالُوٓاْ إِنَّا بِكُلّٖ كَٰفِرُونَ ٤٨

But when the truth came to them from Us, they said, "Why was he not given like that which was given to Moses?" Did they not disbelieve in that which was given to Moses before? They said, "[They are but] two works of magic supporting each other,1 and indeed we are, in both, disbelievers."

Качан Мухаммад Раббиси тараптан Курайш уруусуна пайгамбарлыкты алып келгенде алар жөөттөрдөн ал тууралуу сурашты. Ошондо алар ушуну далил кылып: «Эмнеге Мухаммадга анын пайгамбар экенин далилдеген Мусага берилгендей таяк жана кол сыяктуу аят-белгилер берилген жок?» – дешти. Оо, Мухаммад! Аларга жооп иретинде айт: «Буга чейин жөөттөр Мусага түшкөн нерсеге каапырлык кылышпады беле? Алар Тоорат жана Куран тууралуу: «Чындыгында бул экөөсү бири-бирин кубаттаган сыйкыр» – дешкен. Ошондой эле айтышты: «Биз Тооратка да, Куранга да ишенбейбиз».

28:49Page 391

قُلۡ فَأۡتُواْ بِكِتَٰبٖ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ هُوَ أَهۡدَىٰ مِنۡهُمَآ أَتَّبِعۡهُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٤٩

Say, "Then bring a scripture from Allāh which is more guiding than either of them that I may follow it, if you should be truthful."

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эгерде силер Тоорат менен Куранды сыйкыр деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда Аллах тараптан Тоорат менен Курандан да туурараак китеп алып келгиле. Эгер алып келсеңер, мен аны ээрчийм».

28:50Page 391

فَإِن لَّمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَكَ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَمَنۡ أَضَلُّ مِمَّنِ ٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ بِغَيۡرِ هُدٗى مِّنَ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ ٥٠

But if they do not respond to you - then know that they only follow their [own] desires. And who is more astray than one who follows his desire without guidance from Allāh? Indeed, Allāh does not guide the wrongdoing people.

Эгер Курайш сенин аларга Тоорат менен Курандан да туурараак китепти алып келгиле деп айтканыңа жооп бере алышпаса, анда ал экөөсүн жалганга чыгаргандары далилдин негизинде болгон жок. Бул напсинин каалоолоруна ээрчигендиктен гана болду. Аллахтын туура жолуна ээрчибей өз напси каалоосуна ээрчиген адамдан да катуу адашкан эч ким жок. Чындыгында Аллахка каапырлык кылып өздөрүнө зыян кылган залим коомго Аллах туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт.

28:51Page 392

۞ وَلَقَدۡ وَصَّلۡنَا لَهُمُ ٱلۡقَوۡلَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ ٥١

And We have [repeatedly] conveyed to them the word [i.e., the Qur’ān] that they might be reminded.

Биз мушриктер менен Исраил урпактарынан болгон жөөттөргө мурунку коомдордун окуялары тууралуу сөздү жеткирдик. Алар Биздин пайгамбарларды жалганга чыгарганда, балким алар мындан сабак алышабы, алардын башына түшкөн нерсе келгенге чейин ыйман келтиришеби деген үмүттө Биз аларга азапты милдет кылган жокпуз.

28:52Page 392

ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِهِۦ هُم بِهِۦ يُؤۡمِنُونَ ٥٢

Those to whom We gave the Scripture before it - they1 are believers in it.

Куран түшкөнгө чейин Тооратка бекем ыйман келтиргендер – алар өз китептеринен ал тууралуу жана анын сыпаттары тууралуу келген нерселерди табышканда Куранга да ыйман келтиришет.

28:53Page 392

وَإِذَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِهِۦٓ إِنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّنَآ إِنَّا كُنَّا مِن قَبۡلِهِۦ مُسۡلِمِينَ ٥٣

And when it is recited to them, they say, "We have believed in it; indeed, it is the truth from our Lord. Indeed we were, [even] before it, Muslims [i.e., submitting to Allāh]."

Эгерде аларга окуп берилсе алар айтышат: «Биз буга ыйман келтирдик. Чындыгында бул Раббибиз тараптан түшкөн эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Биз бул Куранга чейин эле пайгамбарлар алып келген нерселерге ыйман келтирген мусулмандардан болгонбуз».

28:54Page 392

أُوْلَٰٓئِكَ يُؤۡتَوۡنَ أَجۡرَهُم مَّرَّتَيۡنِ بِمَا صَبَرُواْ وَيَدۡرَءُونَ بِٱلۡحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ ٥٤

Those will be given their reward twice for what they patiently endured and [because] they avert evil through good, and from what We have provided them they spend.

Мына ушул айтылган сыпаттагы адамдарга Аллах алардын кылган иштерине эки эсе сооп берет. Себеби алар өздөрүнүн китебине ыйман келтирип, ал жолдо сабыр кылышты жана Мухаммад жиберилгенде ага ыйман келтиришти. Ошондой эле күнөө иштерин жакшылык иштери менен кетирип турушту жана Биз аларга берген ырыскыдан жакшылык жолдорго сарпташты.

28:55Page 392

وَإِذَا سَمِعُواْ ٱللَّغۡوَ أَعۡرَضُواْ عَنۡهُ وَقَالُواْ لَنَآ أَعۡمَٰلُنَا وَلَكُمۡ أَعۡمَٰلُكُمۡ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡ لَا نَبۡتَغِي ٱلۡجَٰهِلِينَ ٥٥

And when they hear ill speech, they turn away from it and say, "For us are our deeds, and for you are your deeds. Peace will be upon you;1 we seek not the ignorant."

Эгерде китеп ээлеринен болгон ыймандуулар жалган сөздү угушса, ага көңүл бурбастан жүз буруп, аны айткандарга кайрылып: «Биз өз ишибиздин сыйлыгын алабыз, силер өз ишиңердин жазасын аласыңар. Силер бизден сөгүш укпайсыңар жана зыян тартпайсыңар. Биз наадан адамдар менен жанашпайбыз. Анткени бул нерсе динге да, дүйнөгө да зыян берет» – дешти.

Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences

Contents

Ayat al-Kursi36Al-Kahfpage 42juz 15Bukhari 1Muslim 2999

Style

Theme
Text size
Layout

Читать на русском