Al-MukhtasarGhafir · 40:1–56

Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz

غافر

Ghafir

The Forgiver · Meccan · 85 ayahs

40:1Page 467

حمٓ ١

Ḥā, Meem.1

Хаа-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.

40:2Page 467

تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ ٢

The revelation of the Book [i.e., the Qur’ān] is from Allāh, the Exalted in Might, the Knowing,

Курандын баарын үстөм келүүчү Кудуреттүү, пенделеринин пайдасын Билүүчү Аллах тарабынан элчиси Мухаммадка түшүүсү.

40:3Page 467

غَافِرِ ٱلذَّنۢبِ وَقَابِلِ ٱلتَّوۡبِ شَدِيدِ ٱلۡعِقَابِ ذِي ٱلطَّوۡلِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ إِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ ٣

The forgiver of sin, acceptor of repentance, severe in punishment, owner of abundance. There is no deity except Him; to Him is the destination.

Ал күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн Кечирүүчү, тообо кылган пенделеринин тооболорун кабыл кылуучу, күнөөлөрүнө тообо кылбагандарды катуу жазалоочу, жакшылык жана айкөлдүк Ээси. Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу жана кыяматта пенделердин баарысы жалгыз Ага гана кайтып барышат. Ошондо аларга татыктуу болгон жазасын же сыйлыгын берет.

40:4Page 467

مَا يُجَٰدِلُ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَلَا يَغۡرُرۡكَ تَقَلُّبُهُمۡ فِي ٱلۡبِلَٰدِ ٤

No one disputes concerning the signs of Allāh except those who disbelieve, so be not deceived by their [uninhibited] movement throughout the land.

Аллахтын жалгыздыгына жана пайгамбарлардын чынчылдыгына далил болгон аят-белгилерге акылы бузук каапырлар гана каршы чыгып талашышат. Алар үчүн кайгырба жана аларга берилген кенен ырыскыга, жыргалчылыктарга азгырылба! Аларга мөөнөттүн берилиши – бул аларды акырындык менен жазалоо жана аларга карата колдонулган айлакерлик.

40:5Page 467

كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۖ وَهَمَّتۡ كُلُّ أُمَّةِۭ بِرَسُولِهِمۡ لِيَأۡخُذُوهُۖ وَجَٰدَلُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ لِيُدۡحِضُواْ بِهِ ٱلۡحَقَّ فَأَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ عِقَابِ ٥

The people of Noah denied before them and the [disbelieving] factions after them, and every nation intended [a plot] for their messenger to seize him, and they disputed by [using] falsehood to [attempt to] invalidate thereby the truth. So I seized them, and how [terrible] was My penalty.

Алардан мурун Нухтун эли жалганга чыгарышты, Нухтун коомунан кийин жамааттар жалганга чыгарышкан, Аад жана Самуд коомдору, Луттун коому, Мадиян ээлери жалганга чыгарышты, ошондой эле Фараон да жалганга чыгарды. Ар бир коом аларга келген пайгамбарды кармап өлтүрүүнү көздөштү. Акыйкатты жок кылуу үчүн жалганды айтып талашып-тартышты. Ошондо Мен ошол коомдордун баарысын кармадым. Менин аларды жазалоом кандай болду деп ойлойсуң. Өтө катаал жаза болду.

40:6Page 467

وَكَذَٰلِكَ حَقَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ ٦

And thus has the word [i.e., decree] of your Lord come into effect upon those who disbelieved that they are companions of the Fire.

Оо, пайгамбар! Аллах ал жалганчы коомдордун жок болушун өкүм кылган сыяктуу, аларга Раббиңдин каапырлык кылгандар тозок адамдары деген сөзү милдет болду.

40:7Page 467

ٱلَّذِينَ يَحۡمِلُونَ ٱلۡعَرۡشَ وَمَنۡ حَوۡلَهُۥ يُسَبِّحُونَ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَيُؤۡمِنُونَ بِهِۦ وَيَسۡتَغۡفِرُونَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْۖ رَبَّنَا وَسِعۡتَ كُلَّ شَيۡءٖ رَّحۡمَةٗ وَعِلۡمٗا فَٱغۡفِرۡ لِلَّذِينَ تَابُواْ وَٱتَّبَعُواْ سَبِيلَكَ وَقِهِمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ ٧

Those [angels] who carry the Throne and those around it exalt [Allāh] with praise of their Lord and believe in Him and ask forgiveness for those who have believed, [saying], "Our Lord, You have encompassed all things in mercy and knowledge, so forgive those who have repented and followed Your way and protect them from the punishment of Hellfire.

Оо, пайгамбар! Раббиңдин Аршын көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашат, ага ыйман келтиришет жана Аллахка ыйман келтиргендерге кечирим тилеп дуба кылышат: «Раббибиз! Сенин илимиң жана ырайымың бүткүл нерсени камтып турат. Күнөөлөрүнө тообо кылгандарды, диниңди ээрчигендерди кечир жана аларды тозокко тийгизбей сакта!».

40:8Page 468

رَبَّنَا وَأَدۡخِلۡهُمۡ جَنَّٰتِ عَدۡنٍ ٱلَّتِي وَعَدتَّهُمۡ وَمَن صَلَحَ مِنۡ ءَابَآئِهِمۡ وَأَزۡوَٰجِهِمۡ وَذُرِّيَّٰتِهِمۡۚ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ ٨

Our Lord, and admit them to gardens of perpetual residence which You have promised them and whoever was righteous among their forefathers, their spouses and their offspring. Indeed, it is You who is the Exalted in Might, the Wise.

Периштелер айтышат: «Раббибиз! Ыймандууларды Өзүң киргизем деп убада кылган бейишке киргиз жана алар менен бирге жакшы иштерди кылган ата-бабаларын, жубайларын жана бала-чакаларын киргиз. Чындыгында Сен эч кимге жеңилбеген Кудуреттүүсүң, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышмансың.

40:9Page 468

وَقِهِمُ ٱلسَّيِّـَٔاتِۚ وَمَن تَقِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ يَوۡمَئِذٖ فَقَدۡ رَحِمۡتَهُۥۚ وَذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ ٩

And protect them from the evil consequences [of their deeds]. And he whom You protect from evil consequences that Day - You will have given him mercy. And that is the great attainment."

Аларды кылган иштеринин жамандыгынан сакта, амалдары үчүн аларды азаптаба. Кыяматта кимди кылган жаман иштеринин жазасынан сактасаң, демек ага ырайым кылган болосуң. Бул азаптан сактоо жана бейишке кирүү аркылуу ырайымга жетүү мына ушул теңдешсиз улуу жеңиш.

40:10Page 468

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُنَادَوۡنَ لَمَقۡتُ ٱللَّهِ أَكۡبَرُ مِن مَّقۡتِكُمۡ أَنفُسَكُمۡ إِذۡ تُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلۡإِيمَٰنِ فَتَكۡفُرُونَ ١٠

Indeed, those who disbelieve will be addressed, "The hatred of Allāh for you was [even] greater than your hatred of yourselves [this Day in Hell] when you were invited to faith, but you disbelieved [i.e., refused]."

Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандар кыяматта тозокко киргенде өздөрүн жек көрүп, каргыш айтып мындай деп чакырык салышат: «Аллахтын силерге болгон жек көрүүсү – өзүңөрдү жек көргөндөн да күчтүү. Анткени дүйнөдө силерди Аллахка ыйман келтирүүгө чакырганда Ага каапырлык кылдыңар, Аны менен катар башкаларды кудай туттуңар».

40:11Page 468

قَالُواْ رَبَّنَآ أَمَتَّنَا ٱثۡنَتَيۡنِ وَأَحۡيَيۡتَنَا ٱثۡنَتَيۡنِ فَٱعۡتَرَفۡنَا بِذُنُوبِنَا فَهَلۡ إِلَىٰ خُرُوجٖ مِّن سَبِيلٖ ١١

They will say, "Our Lord, You made us lifeless twice and gave us life twice, and we have confessed our sins. So is there to an exit any way?"

Каапырларга тообо кылуу жана моюнга алуу пайда бербеген кезде алар күнөөлөрүн моюндарына алып мындай деп айтышты: «Раббибиз! Сен бизди жок кезибизде эки жолу өлтүрүп, кайра жараттың. Кийин ошол жаратуудан кийин бизди кайра өлтүрдүң. Жана бизди кайра тирилтүү менен жоктон бар кылып эки жолу тирилттиң. Биз кылган күнөөлөрүбүздү мойнубузга алабыз. Биз үчүн тозоктон чыгуунун жолу барбы, биз жашоого кайра кайтып, жакшы иштерди кылалы, ошондо Сен бизден ыраазы болосуң?!».

40:12Page 468

ذَٰلِكُم بِأَنَّهُۥٓ إِذَا دُعِيَ ٱللَّهُ وَحۡدَهُۥ كَفَرۡتُمۡ وَإِن يُشۡرَكۡ بِهِۦ تُؤۡمِنُواْۚ فَٱلۡحُكۡمُ لِلَّهِ ٱلۡعَلِيِّ ٱلۡكَبِيرِ ١٢

[They will be told], "That is because, when Allāh was called upon alone, you disbelieved; but if others were associated with Him, you believed. So the judgement is with Allāh, the Most High, the Grand."

Силерге берилген азаптын себеби – силерди Аллахка эч кимди шерик кылбастан, Ага гана сыйынууга чакырганда, Ага каапырлык кылдыңар, Ага шериктерди коштуңар. Эгерде Аллах менен катар кайсы бир шерикке сыйынган болсо, ага ишендиңер. Өкүм кылуу жалгыз Аллахтын Өзүнө гана таандык. Ал Өз Заты, кудурети, үстөмдүгү менен Бийик, бүткүл нерседен жогору болгон Улук.

40:13Page 468

هُوَ ٱلَّذِي يُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ وَيُنَزِّلُ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ رِزۡقٗاۚ وَمَا يَتَذَكَّرُ إِلَّا مَن يُنِيبُ ١٣

It is He who shows you His signs and sends down to you from the sky, provision. But none will remember except he who turns back [in repentance].

Аллах силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдириш үчүн мейкиндикте жана өзүңөрдө аят-белгилерди көргөзөт. Ошондой эле өсүмдүктөр жана эгинзарлар сыяктуу ырыскыңарга себеп болуш үчүн асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Аллахтын аят-белгилеринен Ага чын ыкластан тообо кылып кайткан адамдар гана сабак алышат.

40:14Page 468

فَٱدۡعُواْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ ١٤

So invoke Allāh, [being] sincere to Him in religion, although the disbelievers dislike it.

Оо, ыймандуулар! Каапырлар жаман көрүп, кыжырланса да Аллахка ширк кылбастан, Ага чын ыкластан баш ийип жана дуба кылып жалбаргыла.

40:15Page 468

رَفِيعُ ٱلدَّرَجَٰتِ ذُو ٱلۡعَرۡشِ يُلۡقِي ٱلرُّوحَ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ لِيُنذِرَ يَوۡمَ ٱلتَّلَاقِ ١٥

[He is] the Exalted above [all] degrees, Owner of the Throne; He places the inspiration of His command [i.e., revelation] upon whom He wills of His servants to warn of the Day of Meeting.

Ал – адамдардын Ага чын ыкластан дуба кылып кайрылуусуна жана баш ийүүсүнө татыктуу. Ал бүткүл макулуктардан даражасы Бийик жана улуу Арштын Ээси. Ал пенделерин жандантуу үчүн жана алар башкаларды жандандыруулары үчүн, ошондой эле абалкылар менен акыркылар чогулган кыямат күнүнөн адамдарды коркутуш үчүн пенделеринен Өзү каалаганына вахий түшүрөт.

40:16Page 468

يَوۡمَ هُم بَٰرِزُونَۖ لَا يَخۡفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِنۡهُمۡ شَيۡءٞۚ لِّمَنِ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَۖ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ ١٦

The Day they come forth nothing concerning them will be concealed from Allāh. To whom belongs [all] sovereignty this Day? To Allāh, the One, the Prevailing.1

Ал күнү алар ачык түрдө бир жерге чогулушат. Аллахка алардын эч бир нерсеси жашыруун болбойт, өздөрү да, иштери да, сыйлык-жазалары да жашыруун болбойт. Ал: «Бүгүн бийлик кимге таандык?» – деп сурайт. Ошондо анын бир гана жообу болот: «Бийлик Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз болгон жана бүткүл нерсеге үстөмдүк кылган, бүткүл нерселер Ага гана баш ийген Каардуу Аллахка гана таандык».

40:17Page 469

ٱلۡيَوۡمَ تُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡۚ لَا ظُلۡمَ ٱلۡيَوۡمَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ ١٧

This Day every soul will be recompensed for what it earned. No injustice today! Indeed, Allāh is swift in account.

Ал күнү ар бир жан кылган ишине жараша жазасын алат, жакшылык болсо жакшылык, жамандык болсо жамандык. Ал күнү эч кандай зулумдук болбойт. Анткени өкүм кылуу адилеттүү Аллах. Чындыгында Аллах пенделерин толук билгени себептүү аларды тездик менен суракка алуучу.

40:18Page 469

وَأَنذِرۡهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡأٓزِفَةِ إِذِ ٱلۡقُلُوبُ لَدَى ٱلۡحَنَاجِرِ كَٰظِمِينَۚ مَا لِلظَّٰلِمِينَ مِنۡ حَمِيمٖ وَلَا شَفِيعٖ يُطَاعُ ١٨

And warn them, [O Muḥammad], of the Approaching Day, when hearts are at the throats, filled [with distress]. For the wrongdoers there will be no devoted friend and no intercessor [who is] obeyed.

Оо, пайгамбар! Аларды кыямат күнү менен коркут. Ал жакындап калган кыямат келет, ал эми келери күтүлгөн ар бир нерсе жакын. Ал күндө жүрөктөр катуу коркунучтан улам адамдардын алкымына тыгылып, Ырайымдуу алардын арасынан уруксат бергендери гана сүйлөй алышат. Ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зыян берген залымдар үчүн эч кандай дос, жакын жана ага өз эрки менен шапаат кылуучу болбойт.

40:19Page 469

يَعۡلَمُ خَآئِنَةَ ٱلۡأَعۡيُنِ وَمَا تُخۡفِي ٱلصُّدُورُ ١٩

He knows that which deceives the eyes and what the breasts conceal.

Аллах адамдардын байкатпай тиктеген кыянат көз карашын да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.

40:20Page 469

وَٱللَّهُ يَقۡضِي بِٱلۡحَقِّۖ وَٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَقۡضُونَ بِشَيۡءٍۗ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ ٢٠

And Allāh judges with truth, while those they invoke1 besides Him judge not with anything. Indeed, Allāh - He is the Hearing, the Seeing.

Аллах адилеттик менен өкүм кылат. Эч кимге кылган жакшылыктары кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. Ал эми мушриктер сыйынган Аллахтан башка кудайлары эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Анткени алар эч бир нерсеге ээ эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын ниеттерин жана иштерин Көрүүчү. Жакында ал үчүн аларга сыйлыгын же жазасын берет.

40:21Page 469

۞ أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ كَانُواْ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُواْ هُمۡ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗ وَءَاثَارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمۡ وَمَا كَانَ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن وَاقٖ ٢١

Have they not traveled through the land and observed how was the end of those who were before them? They were greater than them in strength and in impression on the land, but Allāh seized them for their sins. And they had not from Allāh any protector.

Мушриктер жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун ойлонуп көрүшпөйбү? Алардын акыбети жамандык менен бүткөн. Ал коомдор булардан кыйла күчтүү болушкан жана булар калтырбагандай имараттарды калтырышкан. Аллах аларды күнөөлөрү себептүү жок кылды. Аларды Аллахтын жазасынан эч бир нерсе коргоп кала алган жок.

40:22Page 469

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَانَت تَّأۡتِيهِمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَكَفَرُواْ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ قَوِيّٞ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ ٢٢

That was because their messengers were coming to them with clear proofs, but they disbelieved, so Allāh seized them. Indeed, He is Powerful and severe in punishment.

Алардын башына түшкөн ал азаптын себеби – аларга Аллах тараптан ачык-айкын далилдер менен пайгамбарлар келишкен, бирок алар Аллахка каапырлык кылышты жана пайгамбарларын жалганга чыгарышты. Алардын ошончолук күчтүүлүгүнө карабастан, Аллах аларды кармап туруп жок кылды. Чындыгында Ал каапырлык кылгандарга жана пайгамбарларын жалганга чыгаргандарга Кубаттуу жана жазасы катаал.

40:23Page 469

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ ٢٣

And We did certainly send Moses with Our signs and a clear authority1

Биз Мусаны ачык аят-белгилерибиз менен, кескин далилдерибиз менен жибердик.

40:24Page 469

إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَقَٰرُونَ فَقَالُواْ سَٰحِرٞ كَذَّابٞ ٢٤

To Pharaoh, Hāmān and Qārūn, but they said, "[He is] a magician and a liar."

Аны Фараонго, анын вазири Хаманга жана Карунга жибердик. Алар: «Муса сыйкырчы жана пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүндө жалганчы» – дешти.

40:25Page 469

فَلَمَّا جَآءَهُم بِٱلۡحَقِّ مِنۡ عِندِنَا قَالُواْ ٱقۡتُلُوٓاْ أَبۡنَآءَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ وَٱسۡتَحۡيُواْ نِسَآءَهُمۡۚ وَمَا كَيۡدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ ٢٥

And when he brought them the truth from Us, they said, "Kill the sons of those who have believed with him and keep their women alive." But the plan of the disbelievers is not except in error.

Качан Муса аларга өзүнүн чынчылдыгын билдирген далил менен келгенде Фараон: «Муну менен бирге ыйман келтиргендин балдарын өлтүргүлө, алар үчүн кордук катары аялдарын тирүү калтыргыла» – деди. Каапырлардын ыймандуулардын санын азайткыла деп буйруп айла-амал кылышканы эч нерсеге жарабайт, таасири да болбойт.

40:26Page 470

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ ذَرُونِيٓ أَقۡتُلۡ مُوسَىٰ وَلۡيَدۡعُ رَبَّهُۥٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمۡ أَوۡ أَن يُظۡهِرَ فِي ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡفَسَادَ ٢٦

And Pharaoh said, "Let me kill Moses and let him call upon his Lord. Indeed, I fear that he will change your religion or that he will cause corruption1 in the land."

Фараон айтты: «Мени тоспогула, мен Мусаны өзүм жазалап өлтүрөм. Эми ал Раббисине сакта деп жалбарсын. Бирок мен анын жалбарганына карабайм. Менин коркконум – ал силердин тутунган диниңерди өзгөртүп жиберет же жер бетинде өлтүрүү, талкалоо сыяктуу бузукулуктар жайылат».

40:27Page 470

وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُم مِّن كُلِّ مُتَكَبِّرٖ لَّا يُؤۡمِنُ بِيَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ ٢٧

But Moses said, "Indeed, I have sought refuge in my Lord and your Lord from every arrogant one who does not believe in the Day of Account."

Качан Муса Фараондун аны коркутканын билгенде мындай деди: «Мен өзүмдүн Раббимден жана силердин Раббиңерден акыйкатка жана ага ишенүүгө текеберлик кылган, кыямат күнүндөгү сурак жана жазага ыйман келтирбеген адамдардан коргоосун сураймын».

40:28Page 470

وَقَالَ رَجُلٞ مُّؤۡمِنٞ مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَكۡتُمُ إِيمَٰنَهُۥٓ أَتَقۡتُلُونَ رَجُلًا أَن يَقُولَ رَبِّيَ ٱللَّهُ وَقَدۡ جَآءَكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ مِن رَّبِّكُمۡۖ وَإِن يَكُ كَٰذِبٗا فَعَلَيۡهِ كَذِبُهُۥۖ وَإِن يَكُ صَادِقٗا يُصِبۡكُم بَعۡضُ ٱلَّذِي يَعِدُكُمۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ كَذَّابٞ ٢٨

And a believing man from the family of Pharaoh who concealed his faith said, "Do you kill a man [merely] because he says, 'My Lord is Allāh' while he has brought you clear proofs from your Lord? And if he should be lying, then upon him is [the consequence of] his lie; but if he should be truthful, there will strike you some of what he promises you. Indeed, Allāh does not guide one who is a transgressor and a liar.

Ошондо Фараондун туугандарынан болгон, адамдардан ыйманын жашырып жүргөн бир киши алардын Мусаны өлтүрөбүз деген ойлорун четке кагып мындай деди: «Силер эч кандай күнөөсү болбогон, Раббим – Аллах дегени үчүн эле адамды өлтүрө бересиңерби?! Ал силерге Аллах тараптан келген элчимин деген сөзүнүн чындык экендигин тастыктаган далилдерди алып келди го?! Эгерде ал жалган айткан болсо, анда жалганынын зыяны өзүнө тиет. А эгер айткан сөзү чын болсо, анда ал силерге убада кылып жаткан кээ бир азаптар көп өтпөй өз башыңарга түшүп жүрбөсүн. Чындыгында Аллах Анын чектеринен чыккандарды, Ага жана пайгамбарларына жалаа жапкандарды акыйкат жолго салбайт.

40:29Page 470

يَٰقَوۡمِ لَكُمُ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَ ظَٰهِرِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَمَن يَنصُرُنَا مِنۢ بَأۡسِ ٱللَّهِ إِن جَآءَنَاۚ قَالَ فِرۡعَوۡنُ مَآ أُرِيكُمۡ إِلَّا مَآ أَرَىٰ وَمَآ أَهۡدِيكُمۡ إِلَّا سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ ٢٩

O my people, sovereignty is yours today, [your being] dominant in the land. But who would protect us from the punishment of Allāh if it came to us?" Pharaoh said, "I do not show you except what I see, and I do not guide you except to the way of right conduct."

Оо, элим! Мисир жериндеги үстөм бийлик силердин гана колуңарда. Эгер Мусаны өлтүргөн үчүн бизге Аллахтын азабы келсе, бизди андан ким куткарат?». Фараон айтты: «Менин оюм – чечүүчү ой, менин өкүмүм – чечүүчү өкүм. Менин оюм – жамандыкты жана бузукулукту тосуш үчүн Мусаны өлтүрүш керек. Мен силерди туура нерсеге гана багыттайм».

40:30Page 470

وَقَالَ ٱلَّذِيٓ ءَامَنَ يَٰقَوۡمِ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُم مِّثۡلَ يَوۡمِ ٱلۡأَحۡزَابِ ٣٠

And he who believed said, "O my people, indeed I fear for you [a fate] like the day of the companies1 -

Ыйман келтирген адам элине наасат кылып айтты: «Эгерде силер зулумдук, канкордук кылып Мусаны өлтүрчү болсоңор, анда мен силердин башыңарга мурункулар сыяктуу жамаат-жамаат болуп пайгамбарларына каршы биригишип, кийин Аллах аларды жок кылгандай азап келүүсүнөн коркомун.

40:31Page 470

مِثۡلَ دَأۡبِ قَوۡمِ نُوحٖ وَعَادٖ وَثَمُودَ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۚ وَمَا ٱللَّهُ يُرِيدُ ظُلۡمٗا لِّلۡعِبَادِ ٣١

Like the custom of the people of Noah and of ʿAad and Thamūd and those after them. And Allāh wants no injustice for [His] servants.

Нух коому, Аад жана Самуд, ошондой эле алардан кийинки келгендер сыяктуу каапырлык кылгандарды жана пайгамбарларды жалганга чыгаргандарды – каапырлыктары жана пайгамбарларды жалганга чыгарышканы үчүн Аллах аларды жок кылды. Аллах пенделерине зулумдукту каалабайт. Ал аларга өздөрүнө ылайык жаза берип, күнөөлөрү үчүн гана азаптайт.

40:32Page 470

وَيَٰقَوۡمِ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ يَوۡمَ ٱلتَّنَادِ ٣٢

And O my people, indeed I fear for you the Day of Calling1 -

Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн кыямат күнүнөн коркомун. Ал күнү адамдар туугандыгы же кадыр-барктуулугу ошондой коркунучтуу абалда аларга жардам берет деген ойдо бири-бирин атап чакырышат.

40:33Page 470

يَوۡمَ تُوَلُّونَ مُدۡبِرِينَ مَا لَكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِنۡ عَاصِمٖۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ ٣٣

The Day you will turn your backs fleeing; there is not for you from Allāh any protector. And whoever Allāh sends astray - there is not for him any guide.

Силер ал күнү тозоктон артыңарды карабай жандалбастап качасыңар. Силерди Аллахтын азабынан коргоп кала тургандай эч бир нерсе болбойт. Аллах кимди жардамсыз таштап, ыйман келтирүүгө ийгилик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт. Анткени туура жолго ийгилик берүү Аллахтын гана колунда.

40:34Page 471

وَلَقَدۡ جَآءَكُمۡ يُوسُفُ مِن قَبۡلُ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا زِلۡتُمۡ فِي شَكّٖ مِّمَّا جَآءَكُم بِهِۦۖ حَتَّىٰٓ إِذَا هَلَكَ قُلۡتُمۡ لَن يَبۡعَثَ ٱللَّهُ مِنۢ بَعۡدِهِۦ رَسُولٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ مُّرۡتَابٌ ٣٤

And Joseph had already come to you before with clear proofs, but you remained in doubt of that which he brought to you, until when he died, you said, 'Never will Allāh send a messenger after him.' Thus does Allāh leave astray he who is a transgressor and skeptic."

Мусага чейин Юсуф да силерге Аллахтын жалгыздыгына ачык далилдерди алып келген. Силер болсо ал алып келген нерсеге шектенип, жалганга чыгардыңар. Качан ал өлгөндө шек-күмөн кылууңар күч алып: «Аллах андан кийин пайгамбар жибербейт» – дедиңер. Силердин акыйкаттан адашканыңар сыяктуу Аллах бардык чектен чыккандарды, Анын жалгыздыгына шектенгендерди адаштырат.

40:35Page 471

ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡۖ كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ وَعِندَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ قَلۡبِ مُتَكَبِّرٖ جَبَّارٖ ٣٥

Those who dispute concerning the signs of Allāh without an authority1 having come to them - great is hatred [of them] in the sight of Allāh and in the sight of those who have believed. Thus does Allāh seal over every heart [belonging to] an arrogant tyrant.

Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгаруу үчүн далилсиз талашып-тартышкандардын бул кылганы – Аллахтын алдында, Ага жана пайгамбарларга ыйман келтиргендердин алдында ушунчалык жек көрүндү иш. Биздин аят-белгилерибизди жокко чыгаруу максатта талашып-тартышкандын жүрөктөрүнө Аллах мөөр баскан сыяктуу акыйкатка текеберлик кылгандардын да жүрөктөрүнө мөөр басты. Ал аларды тууралыкка багыттабайт жана жакшылыкка жол көргөзбөйт.

40:36Page 471

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ يَٰهَٰمَٰنُ ٱبۡنِ لِي صَرۡحٗا لَّعَلِّيٓ أَبۡلُغُ ٱلۡأَسۡبَٰبَ ٣٦

And Pharaoh said, "O Hāmān, construct for me a tower that I might reach the ways1 -

Фараон вазири Хаманга айтты: «Эй, Хаман! Мага бийик имарат курчу, мен жолдорго жетсем дейм.

40:37Page 471

أَسۡبَٰبَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ فَأَطَّلِعَ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُۥ كَٰذِبٗاۚ وَكَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِفِرۡعَوۡنَ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَصُدَّ عَنِ ٱلسَّبِيلِۚ وَمَا كَيۡدُ فِرۡعَوۡنَ إِلَّا فِي تَبَابٖ ٣٧

The ways into the heavens - so that I may look at the deity of Moses; but indeed, I think he is a liar." And thus was made attractive to Pharaoh the evil of his deed, and he was averted from the [right] way. And the plan of Pharaoh was not except in ruin.

Балким асмандарга жеткирген жолдорго жетсем, Мусанын чыныгы сыйынууга татыктуу деген кудайын көрөт элем. Бирок мен Мусанын айтып жаткан сөздөрүн жалган деп ойлойм». Качан Фараон Хамандан ошону талап кылганда анын кылган ишинин жамандыгы ага кооз көргөзүлдү жана акыйкат жолдон чыгып, адашуу жолуна түштү. Фараондун жалганды үстөм кылам, Муса алып келген акыйкатты жокко чыгарам деген айла-амалы жокко учурады. Анткени анын акыбети – ишинин оңунан чыкпашына, аракетинин жокко учурашына жана эч качан бүтпөгөн бактысыздыкка алып барат.

40:38Page 471

وَقَالَ ٱلَّذِيٓ ءَامَنَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُونِ أَهۡدِكُمۡ سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ ٣٨

And he who believed said, "O my people, follow me; I will guide you to the way of right conduct.

Фараондун туугандарынан болгон ыймандуу адам өз коомуна насаат кылып, аларды акыйкат жолго багыттап мындай деп айтты: «Оо, элим! Мени ээрчигиле, мен силерге туура жолду жана акыйкатка карай багытты көргөзөм.

40:39Page 471

يَٰقَوۡمِ إِنَّمَا هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا مَتَٰعٞ وَإِنَّ ٱلۡأٓخِرَةَ هِيَ دَارُ ٱلۡقَرَارِ ٣٩

O my people, this worldly life is only [temporary] enjoyment, and indeed, the Hereafter - that is the home of [permanent] settlement.

Оо, элим! Чындыгында бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат. Андыктан ал силерди убактылуу ырахаттар менен алдап койбосун. Ал эми акырет жайы – эч качан түгөнбөгөн жыргалчылыктарга толгон, түбөлүк кала турган жай. Аллахка моюн сунуу менен ага жетүүгө аракет кылгыла жана акырет иштерин таштап, дүйнө жашоосу менен гана алек болуудан сак болгула.

40:40Page 471

مَنۡ عَمِلَ سَيِّئَةٗ فَلَا يُجۡزَىٰٓ إِلَّا مِثۡلَهَاۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ يُرۡزَقُونَ فِيهَا بِغَيۡرِ حِسَابٖ ٤٠

Whoever does an evil deed will not be recompensed except by the like thereof; but whoever does righteousness, whether male or female, while he is a believer - those will enter Paradise, being given provision therein without account.

Кимде-ким күнөө иш кылса, анда ал ошол ишине жараша гана жазасын алат, ага ашыкча жаза берилбейт. Ал эми эркек болобу же аял болобу, Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип, Анын жүзүн каалап жакшылык иш кылса, анда ушундай асыл сыпаттарга ээ болгон адамдар кыямат күнү бейишке киришет. Ал жайда Аллах аларга Өзү даярдап койгон мөмө-жемиштерден жана түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктардан эсепсиз ырыскы кылып берет.

40:41Page 472

۞ وَيَٰقَوۡمِ مَا لِيٓ أَدۡعُوكُمۡ إِلَى ٱلنَّجَوٰةِ وَتَدۡعُونَنِيٓ إِلَى ٱلنَّارِ ٤١

And O my people, how is it that I invite you to salvation while you invite me to the Fire?

Оо, элим! Мен силерди бул дүйнөдө жана акыретте Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып кыйроодон аман калууга чыкырып жатсам, анда эмнеге силер мени Аллахка каапырлык кылууга, Ага баш ийбестикке үндөп тозокко кирүүгө чакырып жатасыңар?!

40:42Page 472

تَدۡعُونَنِي لِأَكۡفُرَ بِٱللَّهِ وَأُشۡرِكَ بِهِۦ مَا لَيۡسَ لِي بِهِۦ عِلۡمٞ وَأَنَا۠ أَدۡعُوكُمۡ إِلَى ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡغَفَّٰرِ ٤٢

You invite me to disbelieve in Allāh and associate with Him that of which I have no knowledge, and I invite you to the Exalted in Might, the Perpetual Forgiver.1

Силер мени Аллахка каапыр болуп, Аны менен катар сыйынууга туура келер-келбестигин билбестен туруп Андан башкага сыйынат деген үмүттө мени жалганыңарга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди жеңилбес Кудуреттүү, пенделерине чексиз Кечиримдүү Аллахка ыйман келтирүүгө чакырып жатам.

40:43Page 472

لَا جَرَمَ أَنَّمَا تَدۡعُونَنِيٓ إِلَيۡهِ لَيۡسَ لَهُۥ دَعۡوَةٞ فِي ٱلدُّنۡيَا وَلَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَنَّ مَرَدَّنَآ إِلَى ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡمُسۡرِفِينَ هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ ٤٣

Assuredly, that to which you invite me has no [response to a] supplication in this world or in the Hereafter; and indeed, our return is to Allāh, and indeed, the transgressors will be companions of the Fire.

Акыйкатта силер мени ыйман келтирүүгө жана моюн сунууга чакырып жаткан кудайыңар бул дүйнөдө жана акыретте бир да жолу дуба кылынууга татыктуу эмес, ал дуба кылгандарга жооп да бере албайт. Жана баарыбыз Аллахтын Өзүнө кайтып барабыз, ал эми каапырлыкта, жана күнөө кылууда чектен чыккандар – мына ошолор кыямат күнү тозокко түшө турган адамдар».

40:44Page 472

فَسَتَذۡكُرُونَ مَآ أَقُولُ لَكُمۡۚ وَأُفَوِّضُ أَمۡرِيٓ إِلَى ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَصِيرُۢ بِٱلۡعِبَادِ ٤٤

And you will remember what I [now] say to you, and I entrust my affair to Allāh. Indeed, Allāh is Seeing of [His] servants."

Алар анын насаатын кабылдашкан жок. Ошондо ал айтты: «Менин силерге айткан насаатымды кийин эстейсиңер, кабыл албай койгонуңарга катуу өкүнөсүңөр. Мен бүткүл ишимди Аллахка гана тапшырам. Чындыгында пенделердин кылган иштеринин эч бири Аллахка жашыруун эмес».

40:45Page 472

فَوَقَىٰهُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِ مَا مَكَرُواْۖ وَحَاقَ بِـَٔالِ فِرۡعَوۡنَ سُوٓءُ ٱلۡعَذَابِ ٤٥

So Allāh protected him from the evils they plotted, and the people of Pharaoh were enveloped by the worst of punishment -

Алар аны өлтүрөбүз дешкенде Аллах аны алардын айла-амалдарынан сактап калды. Ал эми Фараондун үй-бүлөсүн сууга чөктүрүү азабы ороп алды. Аллах аны жана бардык аскерин бул дүйнөдө сууга чөктүрдү.

40:46Page 472

ٱلنَّارُ يُعۡرَضُونَ عَلَيۡهَا غُدُوّٗا وَعَشِيّٗاۚ وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ أَدۡخِلُوٓاْ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ أَشَدَّ ٱلۡعَذَابِ ٤٦

The Fire; they are exposed to it morning and evening.1 And the Day the Hour appears [it will be said], "Make the people of Pharaoh enter the severest punishment."

Алар өлгөндөн кийин эртең менен жана кечинде алардын кабырларында тозок оту көргөзүлүп турат. Ал эми кыямат күнү айтылат: «Фараонду ээрчигендерди катуу жана катаал азапка киргизгиле! Анткени алар каапырлык кылышты, жалганга чыгарышты жана Аллахтын жолунан тосушту».

40:47Page 472

وَإِذۡ يَتَحَآجُّونَ فِي ٱلنَّارِ فَيَقُولُ ٱلضُّعَفَٰٓؤُاْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُنَّا لَكُمۡ تَبَعٗا فَهَلۡ أَنتُم مُّغۡنُونَ عَنَّا نَصِيبٗا مِّنَ ٱلنَّارِ ٤٧

And [mention] when they will argue within the Fire, and the weak will say to those who had been arrogant, "Indeed, we were [only] your followers, so will you relieve us of a share of the Fire?"

Оо, пайгамбар! Эстечи, тозокко түшкөндөрдөн болгон ээрчигендер жана ээрчиткендер өз ара талашып-тартышышат. Ошондо ээрчиген алсыздар аларды ээрчиткен текебер жол башчыларына айтышат: «Чындыгында биз дүйнөдө адашууда силерди ээрчигенбиз. Эми силер бизди Аллахтын азабынан бир аз болсо да арылта аласыңарбы?».

40:48Page 472

قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُلّٞ فِيهَآ إِنَّ ٱللَّهَ قَدۡ حَكَمَ بَيۡنَ ٱلۡعِبَادِ ٤٨

Those who had been arrogant will say, "Indeed, all [of us] are in it. Indeed, Allāh has judged between the servants."

Ээрчиткен тебекер жол башчылары айтышты: «Чындыгында ээрчиткендерибиз да, ээрчигендерибиз да тозоктобуз. Арабыздан эч ким башканын азабын көтөрбөйт. Чындыгында Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кылып, алардын ар бирине тытыктуу болгон азапты берди».

40:49Page 472

وَقَالَ ٱلَّذِينَ فِي ٱلنَّارِ لِخَزَنَةِ جَهَنَّمَ ٱدۡعُواْ رَبَّكُمۡ يُخَفِّفۡ عَنَّا يَوۡمٗا مِّنَ ٱلۡعَذَابِ ٤٩

And those in the Fire will say to the keepers of Hell, "Supplicate your Lord to lighten for us a day from the punishment."

Тозокто азапталып жаткандардын арасынан ээрчигендери да, ээрчиткендери да тозоктон чыгуудан жана дүйнө жашоосуна кайтып тообо кылуудан үмүт үзүшкөндө тозоктун сакчы периштелерине айтышты: «Раббиңерден биздеги түбөлүк азапты бир күнгө болсо да жеңилдетсин деп жалбарып сурагылачы».

40:50Page 473

قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ تَكُ تَأۡتِيكُمۡ رُسُلُكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ قَالُواْ بَلَىٰۚ قَالُواْ فَٱدۡعُواْۗ وَمَا دُعَٰٓؤُاْ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٍ ٥٠

They will say, "Did there not come to you your messengers with clear proofs?" They will say, "Yes." They will reply, "Then supplicate [yourselves], but the supplication of the disbelievers is not except in error [i.e., futility]."

Тозок сакчылары каапырларга: «Силерге пайгамбарларыңар ачык-айкын далилдер менен келген жок беле?» – деп сурашканда каапырлар айтышты: «Ооба, алар бизге ачык-айкын далилдер менен келишкен». Сакчылар аларды шылдыңдап: «Анда өзүңөр жалбаргыла! Биз каапырларга ортомчу боло албайбыз. Каапырлардын жалынып-жалбаргандары алардын каапырлыгы себептүү кабыл кылынбастан текке кетет» – деп айтышты.

40:51Page 473

إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ ٥١

Indeed, We will support Our messengers and those who believe during the life of this world and on the Day when the witnesses will stand -

Чындыгында Биз пайгамбарларды жана бул дүйнөдө Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендерди далилдерин үстөм кылып, аларды душмандарына каршы колдоп жардам беребиз. Ошондой эле аларга колдоо көргөзүп, аларды бейишке киргизебиз, душмандарын бул дүйнөдө жазалайбыз жана акыретте аларга пайгамбарларды, периштелерди жана ыймандууларды дааваттын жеткенине жана алардын жалганга чыгаргандарына күбө кылып тозокко киргизебиз.

40:52Page 473

يَوۡمَ لَا يَنفَعُ ٱلظَّٰلِمِينَ مَعۡذِرَتُهُمۡۖ وَلَهُمُ ٱللَّعۡنَةُ وَلَهُمۡ سُوٓءُ ٱلدَّارِ ٥٢

The Day their excuse will not benefit the wrongdoers, and they will have the curse, and they will have the worst home [i.e., Hell].

Ал күндө каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга ал тууралуу шылтоолору пайда бербейт. Алар ал күнү Аллахтын ырайымынан кууп салынат жана акыретте алар үчүн жан кыйнаган азапка туш кылуучу эң жаман жай бар.

40:53Page 473

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡهُدَىٰ وَأَوۡرَثۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡكِتَٰبَ ٥٣

And We had certainly given Moses guidance, and We caused the Children of Israel to inherit the Scripture

Биз Мусага Исраил урпактарын акыйкатка багыттаган илимди бердик жана Тооратты муундан-муунга мурас болуп өткөн китеп кылып койдук.

40:54Page 473

هُدٗى وَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ ٥٤

As guidance and a reminder for those of understanding.

Ал акыйкат жолго карай багыт жана туура акыл жүгүрткөндөр үчүн эскертме.

40:55Page 473

فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِبۡكَٰرِ ٥٥

So be patient, [O Muḥammad]. Indeed, the promise of Allāh is truth. And ask forgiveness for your sin1 and exalt [Allāh] with praise of your Lord in the evening and the morning.

Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына жана алардын зыяндарына сабыр кыл! Чындыгында Аллахтын сени колдойм жана жеңишке жеткирем деген убадасы шек-күмөнсүз чындык. Ошондой эле күнөөң үчүн кечирим сура жана эртең менен жана кечинде Раббиңе мактоолорду айтып аруула!

40:56Page 473

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡ إِن فِي صُدُورِهِمۡ إِلَّا كِبۡرٞ مَّا هُم بِبَٰلِغِيهِۚ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ ٥٦

Indeed, those who dispute concerning the signs of Allāh without [any] evidence having come to them - there is not within their breasts except pride, [the extent of] which they cannot reach. So seek refuge in Allāh. Indeed, it is He who is the Hearing, the Seeing.

Аллахтын аят-белгилерин эч дайын-далилсиз эле жокко чыгарууга аракет кылып талашып-тартышкандардын мындай ишке баруусуна, алардын бой көтөрүүсү жана акыйкатты моюндабаган текеберлиги түртүп жатат. Алар бой көтөрүү менен көздөгөнүнө жете албайт. О, пайгамбар! Аллахтан коргоо сурагын! Чынында, Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Амалдардын эч бири Ага билинбей калбайт, жана ошол амалына жараша аларга сыйын же жазасын берет.

Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences

Contents

Ayat al-Kursi36Al-Kahfpage 42juz 15Bukhari 1Muslim 2999

Style

Theme
Text size
Layout

Читать на русском