Al-MukhtasarYa-Sin · 36:1–68

Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz

يس

Ya-Sin

Ya Sin · Meccan · 83 ayahs

36:1Page 440

يسٓ ١

Yā, Seen.1

Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.

36:2Page 440

وَٱلۡقُرۡءَانِ ٱلۡحَكِيمِ ٢

By the wise1 Qur’ān,

Аяттары бекемделген жана алдынан да, артынан да жалган келе албаган Куран менен Аллах ант берди.

36:3Page 440

إِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ٣

Indeed you, [O Muḥammad], are from among the messengers,

Оо, пайгамбар! Чындыгында сен Аллах пенделерин жалгыз Өзүнө сыйынууга жана ибадат кылууга буйруу үчүн жиберген пайгамбарлардансың.

36:4–5Page 440

عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ ٤

On a straight path.

تَنزِيلَ ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ ٥

[This is] a revelation of the Exalted in Might, the Merciful,

Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн.

36:6Page 440

لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أُنذِرَ ءَابَآؤُهُمۡ فَهُمۡ غَٰفِلُونَ ٦

That you may warn a people whose forefathers were not warned, so they are unaware.

Биз аны сага араб коомун коркутуп, эскертиш үчүн түшүрдүк. Аларга эскертүүчү пайгамбар келген эмес, алар ыйманга жана Аллахка сыйынууга көңүл бурушпайт. Ошондой эле эскертүү жетпеген бардык коомдордун абалы ушундай, алар эскертүүчү пайгамбарларга муктаж.

36:7Page 440

لَقَدۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ عَلَىٰٓ أَكۡثَرِهِمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ ٧

Already the word [i.e., decree] has come into effect upon most of them, so they do not believe.

Алардын көпчүлүгүнө Аллахтын азабы милдет болду. Анткени ага чейин аларга пайгамбардын өз оозу менен Аллахтын акыйкаты жеткен, бирок алар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришкен жок жана аларга келген акыйкатты иш жүзүндө аткарышкан жок.

36:8Page 440

إِنَّا جَعَلۡنَا فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ أَغۡلَٰلٗا فَهِيَ إِلَى ٱلۡأَذۡقَانِ فَهُم مُّقۡمَحُونَ ٨

Indeed, We have put shackles on their necks, and they are to their chins, so they are with heads [kept] aloft.

Алардын бул нерседеги мисалы моюндарына кишен салынып, жаактарынан ылдый моюндары менен кошо колдору байланган адамдар сыяктуу. Алар баштарын асманга көтөрүп турууга аргасыз. Андыктан алар аны ылдый кыла алышпайт. Мына ошолор Аллахка ыйман келтирүүдөн кишенделгендер, алар Ага моюн сунушпайт жана Ал үчүн баштарын да ийишпейт.

36:9Page 440

وَجَعَلۡنَا مِنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ سَدّٗا وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ سَدّٗا فَأَغۡشَيۡنَٰهُمۡ فَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ ٩

And We have put before them a barrier and behind them a barrier and covered them, so they do not see.

Биз аларды алдынан да, артынан да акыйкаттан тосуп койдук жана алардын көздөрүн акыйкатты көрүүдөн бууп койдук. Андыктан алар аны пайда ала тургандай көрө алышпайт. Бул нерсе алар баш ийбестик кылып, каапырлыктан баш тартпагандан кийин болду.

36:10Page 440

وَسَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ ١٠

And it is all the same for them whether you warn them or do not warn them - they will not believe.

Оо, Мухаммад! Сен акыйкатка каршы чыккан каапырларды коркутасыңбы же коркутпайсыңбы, аларга баары бир. Алар сен Аллах тараптан алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт.

36:11Page 440

إِنَّمَا تُنذِرُ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلذِّكۡرَ وَخَشِيَ ٱلرَّحۡمَٰنَ بِٱلۡغَيۡبِۖ فَبَشِّرۡهُ بِمَغۡفِرَةٖ وَأَجۡرٖ كَرِيمٍ ١١

You can only warn one who follows the message and fears the Most Merciful unseen. So give him good tidings of forgiveness and noble reward.

Чындыгында сенин эскертмеңден бул Куранды чындык дегендер, андагы келгенге ээрчигендер жана эч ким көрбөй тургандай жалгыз калган учурда Раббисинен корккон адамдар чындап пайда алышат. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгондорго аларды кубандырган нерсени кабар бер, Аллах алардын күнөөлөрүн өчүрөт жана кечирет, ошондой эле акыретте аларды улуу сыйлык болгон бейишке кирүү күтүп турат.

36:12Page 440

إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَنَكۡتُبُ مَا قَدَّمُواْ وَءَاثَٰرَهُمۡۚ وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ ١٢

Indeed, it is We who bring the dead to life and record what they have put forth and what they left behind, and all things We have enumerated in a clear register.

Чындыгында Биз кыямат күнү сурак алуу үчүн өлүктөрдү кайра тирилтебиз жана алар дүйнө жашоосунда кылган жакшылык жана жамандык иштерин жазып коёбуз, ошондой эле алар өлгөндөн кийин артында калтырып кеткен сообу улануучу садака же каапырлык сыяктуу жамандыктарын да жазып коёбуз. Биз бүткүл нерселерди анык Китепте (Лаухуль Махфузда) эсептеп жазып койгонбуз.

36:13Page 441

وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلًا أَصۡحَٰبَ ٱلۡقَرۡيَةِ إِذۡ جَآءَهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ ١٣

And present to them an example: the people of the city, when the messengers came to it -

Оо, пайгамбар! Ал баш ийбеген каапырларга сабак алчу бир мисалды айтып бер, ал бир шаар элине элчилердин келгендиги тууралуу окуя.

36:14Page 441

إِذۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهِمُ ٱثۡنَيۡنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزۡنَا بِثَالِثٖ فَقَالُوٓاْ إِنَّآ إِلَيۡكُم مُّرۡسَلُونَ ١٤

When We sent to them two but they denied them, so We strengthened [them] with a third, and they said, "Indeed, we are messengers to you."

Биз башында аларды Аллахты жалгыздоого жана Ага ибадат кылууга чакырыш үчүн эки элчини жибергенбиз. Алар ал экөөсүн жалганга чыгарышты, анан Биз аларга үчүнчү элчини кошуп кубаттадык. Ошондо үч элчи шаардын элине айтты: «Чындыгында биз үчөөбүз тең силерди Аллахка гана сыйуунуга жана Анын шариятын ээрчүүгө чакыруу үчүн пайгамбар болуп жиберилдик».

36:15Page 441

قَالُواْ مَآ أَنتُمۡ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَمَآ أَنزَلَ ٱلرَّحۡمَٰنُ مِن شَيۡءٍ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا تَكۡذِبُونَ ١٥

They said, "You are not but human beings like us, and the Most Merciful has not revealed a thing. You are only telling lies."

Шаардын эли элчилерге айтышты: «Силер бизге окшогон эле адамсыңар, бизден артык эмессиңер. Ырайымдуу силерге эч кандай вахий түшүргөн жок жана силер бул сөзүңөр менен Аллахка жалган жалаа жаап жатасыңар».

36:16Page 441

قَالُواْ رَبُّنَا يَعۡلَمُ إِنَّآ إِلَيۡكُمۡ لَمُرۡسَلُونَ ١٦

They said, "Our Lord knows that we are messengers to you,

Ал үч элчи шаар элинин жалганга чыгарганына жооп кылып айтышты: «Оо, шаар эли! Раббибиз билет, биз силерге Ал тараптан элчи болуп жиберилдик. Ушул нерсе биз үчүн далилге жетиштүү.

36:17Page 441

وَمَا عَلَيۡنَآ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ ١٧

And we are not responsible except for clear notification."

Биздин милдет буйрулган нерсени гана силерге ачык-айкын жеткирүү. Ал эми силерди туура жолго салуу биздин колубузда эмес».

36:18Page 441

قَالُوٓاْ إِنَّا تَطَيَّرۡنَا بِكُمۡۖ لَئِن لَّمۡ تَنتَهُواْ لَنَرۡجُمَنَّكُمۡ وَلَيَمَسَّنَّكُم مِّنَّا عَذَابٌ أَلِيمٞ ١٨

They said, "Indeed, we consider you a bad omen. If you do not desist, we will surely stone you, and there will surely touch you, from us, a painful punishment."

Шаар эли элчилерге айтышты: «Биз силерди жамандыкка жоруп жатабыз. Эгер бизди жалгыз Аллахка сыйынгыла деп даават кылганыңарды токтотпосоңор, силерди таш бараң кылып өлтүрөбүз жана бизден аёсуз азапты көрөсүңөр».

36:19Page 441

قَالُواْ طَٰٓئِرُكُم مَّعَكُمۡ أَئِن ذُكِّرۡتُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ مُّسۡرِفُونَ ١٩

They said, "Your omen [i.e., fate] is with yourselves. Is it1 because you were reminded? Rather, you are a transgressing people."

Элчилер аларга жооп кылып: «Силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчилерин ээрчүдөн баш тартканыңар себептүү жоруган жамандыгыңар өзүңөргө кайтат. Биз силерге Аллахты эскертсек да жамандыкка жоруйсуңарбы?! Силер каапырлыкта жана күнөө кылууда анык эле чектен чыккан коомсуңар».

36:20Page 441

وَجَآءَ مِنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ رَجُلٞ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُواْ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ٢٠

And there came from the farthest end of the city a man, running. He said, "O my people, follow the messengers.

Ошондо шаардан алыс жерден бир адам эли элчилерди жалганга чыгарып коюшпасын, аларды өлтүрүп же зыян берип коркутушпасын деп алар үчүн коркуп шашып-бушуп келип мындай деди: «Оо, элим! Бул элчилер алып келген нерсеге ээрчигиле.

36:21Page 441

ٱتَّبِعُواْ مَن لَّا يَسۡـَٔلُكُمۡ أَجۡرٗا وَهُم مُّهۡتَدُونَ ٢١

Follow those who do not ask of you [any] payment, and they are [rightly] guided.

Оо, элим! Келген нерсени жеткиргени үчүн силерден акы сурабаган адамдарга ээрчигиле! Алар Аллах тараптан силерге жеткирген нерседе туура жолду тутунгандар. Ким ушундай болсо, анда ал ээрчитүүгө татыктуу.

36:22Page 441

وَمَالِيَ لَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ ٢٢

And why should I not worship He who created me and to whom you will be returned?

Ал насаатчы адам айтты: «Мени жараткан Аллахка сыйынуудан мени эмне тосуп жатат?! Силерди жараткан Аллахка сыйынуудан силерди эмне тосуп жатат?! Силер сыйлык же жаза алыш үчүн кайрадан тирилип Ага гана кайтасыңар.

36:23Page 441

ءَأَتَّخِذُ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةً إِن يُرِدۡنِ ٱلرَّحۡمَٰنُ بِضُرّٖ لَّا تُغۡنِ عَنِّي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَا يُنقِذُونِ ٢٣

Should I take other than Him [false] deities [while], if the Most Merciful intends for me some adversity, their intercession will not avail me at all, nor can they save me?

Мен акым жок туруп мени жараткан Аллахтан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Ырайымдуу жамандыкты кааласа, мага ал кудайлардын ортомчулугу эч пайда бербейт жана алар мага пайда да, зыян да келтире алышпайт. Ошондой эле мен каапырлыкта өлгөн болсом, Аллах мага каалаган жамандыктан мени куткара алышпайт.

36:24Page 441

إِنِّيٓ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ ٢٤

Indeed, I would then be in manifest error.

Эгерде мен Аллахтан башкаларды кудай кылып алсам, анда мен анык жаңылган болом. Анткени мен сыйынууга татыктууну таштап, сыйынууга татыктуу эмеске сыйындым.

36:25Page 441

إِنِّيٓ ءَامَنتُ بِرَبِّكُمۡ فَٱسۡمَعُونِ ٢٥

Indeed, I have believed in your Lord, so listen to me."

Оо, элим! Чындыгында мен өзүмдүн жана силердин жалпы Раббибизге ыйман келтирдим, эми мени уккула, мен силердин өлтүрөм деп коркутканыңарга көңүл да бурбайм». Ошондо аны эли өлтүрүп коюшат. Анан Аллах аны бейишке киргизди.

36:26–27Page 441

قِيلَ ٱدۡخُلِ ٱلۡجَنَّةَۖ قَالَ يَٰلَيۡتَ قَوۡمِي يَعۡلَمُونَ ٢٦

It was said, "Enter Paradise."1 He said, "I wish my people could know

بِمَا غَفَرَ لِي رَبِّي وَجَعَلَنِي مِنَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ ٢٧

Of how my Lord has forgiven me and placed me among the honored."

Ал шейит болгондон кийин ага сый көргөзүлүп: «Бейишке кир!» – деп айтылды. Ал бейишке кирип, андагы жыргалчылыкты көргөндө өзүнчө кыялдана: «Аттиң, мени жалганга чыгарган, мени өлтүргөн элим күнөөлөрүмдү кечирилгенин жана Раббим мага кандай сый-урмат көргөзгөнүн билишсе кана, алар мага окшоп ыйман келтирип, мага берилгендей сыйлыкка жетишсе кана!».

36:28Page 442

۞ وَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنۢ بَعۡدِهِۦ مِن جُندٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا كُنَّا مُنزِلِينَ ٢٨

And We did not send down upon his people after him any soldiers from the heaven, nor would We have done so.

Аны жалганга чыгарган жана өлтүргөн элине асмандан периштелерден болгон аскер түшүрүп, аларды жок кылууга Биз муктаж эмеспиз. Кайсы бир коомду жок кылганда аларага перителерди түшүргөн эмеспиз, аларды жок кылуу Бизге өтө жеңил. Биз, алардын кыйроосу азап периштелерин түшүрүү менен эмес, асмандан келген катуу кыйкырык аркылуу болсун деп чечтик.

36:29Page 442

إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ خَٰمِدُونَ ٢٩

It was not but one shout,1 and immediately they were extinguished.

Анын элинин окуясы Биз аларга жиберген бир кыйкырык гана болду. Ошондо алар сулайып өлүштү, алардын эч бири калбады. Алардын мисалы жарк этип күйүп, жалп этип өчкөн оттой болду, алардын артында эч нерсе калбады.

36:30Page 442

يَٰحَسۡرَةً عَلَى ٱلۡعِبَادِۚ مَا يَأۡتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ ٣٠

How regretful for the servants. There did not come to them any messenger except that they used to ridicule him.

Кыямат күнү азапты көргөндө өкүнүчкө баткан, өкүттө калган кайран гана жалганчы пенделер! Анткени дүйнөдө пайгамбар аларга Аллах тараптан кандай нерсени алып келбесин, аны сөзсүз шылдыңга алып маскаралашкан. Мына ошондуктан кыямат күнү алардын акыбети Аллах тарапка кош көңүл карагандарына өкүнүү болду.

36:31Page 442

أَلَمۡ يَرَوۡاْ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّنَ ٱلۡقُرُونِ أَنَّهُمۡ إِلَيۡهِمۡ لَا يَرۡجِعُونَ ٣١

Have they not considered how many generations We destroyed before them - that they to them1 will not return?

Пайгамбарларды шылдыңдашкан жалганчылар сабак алыш үчүн алардан мурунку коомдорду көрүшпөйбү?! Алар өлүштү, эми дүйнөгө эч качан кайтып келишпейт. Алар кылган иш-аракеттерин көздөй кетишти. Жакында Аллах аларга сыйлыгын же жазасын берет.

36:32Page 442

وَإِن كُلّٞ لَّمَّا جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ ٣٢

And indeed, all of them will yet be brought present before Us.

Кыяматта бардык коомдор кайра тирилгенден кийин алардын бири да калбастан кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алыш үчүн Биздин алдыбызга келишет.

36:33Page 442

وَءَايَةٞ لَّهُمُ ٱلۡأَرۡضُ ٱلۡمَيۡتَةُ أَحۡيَيۡنَٰهَا وَأَخۡرَجۡنَا مِنۡهَا حَبّٗا فَمِنۡهُ يَأۡكُلُونَ ٣٣

And a sign for them is the dead earth. We have brought it to life and brought forth from it grain, and from it they eat.

Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга анын чындык экендигинин аят-белгиси – бул кургап калган жер. Биз ага асмандан жамгыр жаадырып, түркүн-түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк жана адамдар жеш үчүн ар кандай дан азыктарын чыгардык. Жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү чыгарып бул жерди тирилткен Зат өлүктөрдү да кайра тирилтүүгө кудуреттүү.

36:34Page 442

وَجَعَلۡنَا فِيهَا جَنَّٰتٖ مِّن نَّخِيلٖ وَأَعۡنَٰبٖ وَفَجَّرۡنَا فِيهَا مِنَ ٱلۡعُيُونِ ٣٤

And We placed therein gardens of palm trees and grapevines and caused to burst forth therefrom some springs -

Биз жамгыр жаадырган бул жерди курма жана жүзүм бакчаларына айланттык жана аларды сугарууга булактарды чыгардык.

36:35Page 442

لِيَأۡكُلُواْ مِن ثَمَرِهِۦ وَمَا عَمِلَتۡهُ أَيۡدِيهِمۡۚ أَفَلَا يَشۡكُرُونَ ٣٥

That they may eat of His fruit.1 And their hands have not produced it,2 so will they not be grateful?

Аллах адамдарга берген ал бакчалардын мөмө-жемиштеринен алар жешсин деп. Бул нерселер алардын аракети менен болгон жок. Эми алар бул жакшылыктарга шүгүр кылуу үчүн жалгыз Аллахка ибадаттарды кылышпайбы, Анын пайгамбарларына ыйман келтиришпейби?!

36:36Page 442

سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡأَزۡوَٰجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلۡأَرۡضُ وَمِنۡ أَنفُسِهِمۡ وَمِمَّا لَا يَعۡلَمُونَ ٣٦

Exalted is He who created all pairs1 - from what the earth grows and from themselves and from that which they do not know.

Түрлүү-түрлүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүргөн, адамдардын өздөрүнөн эркектер менен аялдарды жараткан жана ошондой эле кургактык менен деңизде адамдар билбеген Аллахтын башка макулуктарын жараткан Аллах аруу жана ыйык.

36:37Page 442

وَءَايَةٞ لَّهُمُ ٱلَّيۡلُ نَسۡلَخُ مِنۡهُ ٱلنَّهَارَ فَإِذَا هُم مُّظۡلِمُونَ ٣٧

And a sign for them is the night. We remove1 from it the [light of] day, so they are [left] in darkness.

Адамдарга Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – Биз күндүз менен кошо жарыкты кетиребиз, күндүздү түндөн ажыратып түндү келтиребиз жана күндүз бүткөндөн кийин караңгылыкты алып келебиз. Ошондо адамдар карыңгылыкка киришет.

36:38Page 442

وَٱلشَّمۡسُ تَجۡرِي لِمُسۡتَقَرّٖ لَّهَاۚ ذَٰلِكَ تَقۡدِيرُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ ٣٨

And the sun runs [on course] toward its stopping point. That is the determination of the Exalted in Might, the Knowing.

Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Күн. Ал Аллах Өзү билген чектен ашып кетпестен, өз ордунда сүзүп жүрөт. Бул Кудуреттүүнүн белгилеп койгон тагдыры. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Билүүчү, Ага макулуктардын эч бир нерсеси жашыруун эмес.

36:39Page 442

وَٱلۡقَمَرَ قَدَّرۡنَٰهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَٱلۡعُرۡجُونِ ٱلۡقَدِيمِ ٣٩

And the moon - We have determined for it phases, until it returns [appearing] like the old date stalk.

Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Ай. Биз ар бир түнгө анын өз ордун белгилеп койгонбуз. Ал кичине болуп башталып, улам чоңоё берет, кийин кайра кичирейип баштайт. Ал ичкелигинде, ийилчектигинде, саргычтыгында жана эскилигинде кудум ийилип жок болуп бара жаткан курманын шагы сымал.

36:40Page 442

لَا ٱلشَّمۡسُ يَنۢبَغِي لَهَآ أَن تُدۡرِكَ ٱلۡقَمَرَ وَلَا ٱلَّيۡلُ سَابِقُ ٱلنَّهَارِۚ وَكُلّٞ فِي فَلَكٖ يَسۡبَحُونَ ٤٠

It is not allowable [i.e., possible] for the sun to reach the moon, nor does the night overtake the day, but each, in an orbit, is swimming.

Күн, Ай жана түн менен күндүздүн белгилери Аллахтын тагдыры менен белгиленген. Алар белгиленген чектен ашып кетишпейт. Күн Айдын жолун өзгөртүп же анын нурун кетирип, Ага кошулуп кетпейт. Ошондой эле түн дагы күндүздөн ашып кетпейт, анын убактысы бүтө электе эле кирип келбейт. Планеталар, орбиталар ж.б. сыяктуу Аллахтын тагдыры жана коргоосу менен моюн сундурулган бул макулуктардын ар биринин жеке өзүнө тийиштүү жолдору бар.

36:41Page 443

وَءَايَةٞ لَّهُمۡ أَنَّا حَمَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُمۡ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ ٤١

And a sign for them is that We carried their forefathers1 in a laden ship.

Ошондой эле аларга Аллахтын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз Нухтун заманында топон суудан аман калган Адамдын кээ бир урпактарын Аллахтын макулуктары менен толгон кемеге түшүрдүк. Аллах ага ар бир түркүмдөн бирден жупту түшүрдү.

36:42Page 443

وَخَلَقۡنَا لَهُم مِّن مِّثۡلِهِۦ مَا يَرۡكَبُونَ ٤٢

And We created for them from the likes of it that which they ride.

Дагы аларга Анын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз алар үчүн Нухтун кемеси сыяктуу унааларды жараттык.

36:43Page 443

وَإِن نَّشَأۡ نُغۡرِقۡهُمۡ فَلَا صَرِيخَ لَهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنقَذُونَ ٤٣

And if We should will, We could drown them; then no one responding to a cry would there be for them, nor would they be saved

Эгерде Биз аларды чөктүрүүнү кааласак, чөктүрүп жибермекпиз. Эгер Биз алардын чөгүшүн каалаганда, аларга эч ким жардам бере алмак эмес. Эгер алар Биздин буйругубуз жана чечимибиз менен чөгүшкөндө, аларды эч ким куткара алмак эмес.

36:44Page 443

إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ ٤٤

Except as a mercy from Us and provision for a time.

Бирок Биз аларды чөгүүдөн куткарып жана алар өтүп кете албагандай белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоодон пайдалануулары үчүн аларды кайра кайтарсак, балким ошондо алар сабак алышып ыйман келтирет чыгар.

36:45Page 443

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّقُواْ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيكُمۡ وَمَا خَلۡفَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ ٤٥

But when it is said to them, "Beware of what is before you and what is behind you;1 perhaps you will receive mercy..."2

Эгерде ыймандан жүз бурган мушриктерге: «Аллахтын силерге кылган ырайымын үмүт кылуу менен алдыңардагы акыреттен жана анын азаптарынан сактангыла жана артта калуучу дүйнөдөн сактагыла!» – деп айтылса, алар баш ийишпейт.

36:46Page 443

وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ ٤٦

And no sign comes to them from the signs of their Lord except that they are from it turning away.

Качан ал баш ийбестик кылган мушриктерге Аллахтын жалгыздыгына жана Ал Өзү гана сыйынууна татыктуу экендигине далил болгон аят-белгилер келсе, алар андан сабак албастан туруп жүз бурушат.

36:47Page 443

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنُطۡعِمُ مَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ أَطۡعَمَهُۥٓ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ ٤٧

And when it is said to them, "Spend from that which Allāh has provided for you," those who disbelieve say to those who believe, "Should we feed one whom, if Allāh had willed, He would have fed? You are not but in clear error."

Эгер ал баш ийбестерге: «Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөн кедей-кембагалдарга да жардам бергиле!» – деп айтылса, ыймандууларды беттен алып мындай дешет: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган адамдарды биз тамактандырмак белек?! Биз анын каалоосуна каршы чыкпайбыз. Эй, момундар! Силер акыйкаттан алыстап, анык эле адашып жатасыңар».

36:48Page 443

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٤٨

And they say, "When is this promise, if you should be truthful?"

Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес деп четке каккан каапырлар айтышат: «Эй, момундар! Силер кайра тирилүү анык болот деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, ал качан болот экен?».

36:49Page 443

مَا يَنظُرُونَ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ تَأۡخُذُهُمۡ وَهُمۡ يَخِصِّمُونَ ٤٩

They do not await except one blast1 which will seize them while they are disputing.

Кайра тирилүүнү мүмкүн эмес деп жалганга чыгаргандар сурнайдын биринчи тартылышын гана күтүп жатышат. Бул катуу кыйкырык алар соода-сатык, сугатчылык, чарбачылык ж.б. башка дүйнө иштери менен алек болуп жатышканда капыстан келет.

36:50Page 443

فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ تَوۡصِيَةٗ وَلَآ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمۡ يَرۡجِعُونَ ٥٠

And they will not be able [to give] any instruction, nor to their people can they return.

Бул кыйкырык аларга күтүүсүз келгенде алар бири-бирине осуят кылганга да жетишпей калат, өз үйлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпай калат. Алар ошол иштеп жаткан жерлеринде жан беришет.

36:51Page 443

وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يَنسِلُونَ ٥١

And the Horn will be blown;1 and at once from the graves to their Lord they will hasten.

Кайра тирилүүгө экинчи жолу сурнай тартылганда, алардын баарысы сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Раббисине карай шашылып кабырларынан чыгышат.

36:52Page 443

قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا مَنۢ بَعَثَنَا مِن مَّرۡقَدِنَاۜۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَصَدَقَ ٱلۡمُرۡسَلُونَ ٥٢

They will say, "O woe to us! Who has raised us up from our sleeping place?" [The reply will be], "This is what the Most Merciful had promised, and the messengers told the truth."

Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган каапырлар өкүнгөн абалда: «Шорубуз кургур ай! Бизди ким кабырдан тирилтип чыгарды?» – дегенде, аларга жооп берилет: «Бул Аллахтын берген убадасы. Чындыгында ал сөзсүз ишке ашат. Пайгамбарлар да Раббиси тараптан жеткирген бул нерседе чындыкты айтышкан».

36:53Page 443

إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ ٥٣

It will not be but one blast, and at once they are all brought present before Us.

Кабырлардан кайра тирилип чыгуу кернейди бир жолу үйлөгөндө эле болот. Ошондо кыямат күнү сурак бериш үчүн бардык макулуктар Биздин алдыбызга келишет.

36:54Page 443

فَٱلۡيَوۡمَ لَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗا وَلَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ ٥٤

So today [i.e., the Day of Judgement] no soul will be wronged at all, and you will not be recompensed except for what you used to do.

Ал күндө адилеттик менен өкүм кылынат. Эй, пенделер! Ошондо силерге күнөөлөрүңөр көбөйтүлүп же соопторуңардан кемитилип зулумдук кылынбайт. Чындыгында силер дүйнө жашоосунда кылган иштериңердин сыйлыгын же жазасын толук түрдө аласыңар.

36:55Page 444

إِنَّ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ ٱلۡيَوۡمَ فِي شُغُلٖ فَٰكِهُونَ ٥٥

Indeed the companions of Paradise, that Day, will be amused in [joyful] occupation -

Кыямат күнү бейиш ээлери түбөлүк жыргалчылыкты жана улуу жеңишти көрүшкөндө башкаларды ойлонбой калышат. Алар кубанычта ошону гана ойлонуп калышат.

36:56Page 444

هُمۡ وَأَزۡوَٰجُهُمۡ فِي ظِلَٰلٍ عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ مُتَّكِـُٔونَ ٥٦

They and their spouses - in shade, reclining on adorned couches.

Алар жана алардын жубайлары бейиш көлөкөлөрүндө сөрүлөрдүн үстүндө жыргалчылыкта болушат.

36:57Page 444

لَهُمۡ فِيهَا فَٰكِهَةٞ وَلَهُم مَّا يَدَّعُونَ ٥٧

For them therein is fruit, and for them is whatever they request [or wish]

Ал бейиште алар үчүн жүзүм, анжир, анар сыяктуу мөмө-жемиштер болот. Ошондой эле алар ырахаттын жана жыргалчылыктын кандай түрүн сурашпасын, ал нерселер аларга берилет.

36:58Page 444

سَلَٰمٞ قَوۡلٗا مِّن رَّبّٖ رَّحِيمٖ ٥٨

[And] "Peace," a word from a Merciful Lord.

Алар үчүн бул жакшылыктардан да өткөн жакшылык – аларга Ырайымдуу Раббиси тараптан айтылган салам болот. Эгерде Ал аларга салам айтса, алар бүт тараптан саламатта болушат жана эң жогорку деңгээлдеги саламдашууга жеткен болушат.

36:59Page 444

وَٱمۡتَٰزُواْ ٱلۡيَوۡمَ أَيُّهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ ٥٩

[Then He will say], "But stand apart today, you criminals.1

Кыямат күнү мушриктерге айтылат: «Ыймандуулардан бөлүнгүлө! Алар силер менен болууга ылайыктуу эмес. Анткени силердин жазаңар менен аларды сыйлыгы, силердин сыпаттарыңар менен алардын сыпаттары ар башка».

36:60Page 444

۞ أَلَمۡ أَعۡهَدۡ إِلَيۡكُمۡ يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ أَن لَّا تَعۡبُدُواْ ٱلشَّيۡطَٰنَۖ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٞ ٦٠

Did I not enjoin upon you, O children of Adam, that you not worship Satan - [for] indeed, he is to you a clear enemy -

Мен силерге пайгамбарларымдын тили менен осуят кылып жана буйруп мындай деп айткан элем го: «Эй, адам баласы! Каапырлыктын жана күнөөлөрдүн түр-түрүн кылып шайтанга баш ийбегиле! Чындыгында шайтан силерге анык душман. Акылы бар адам ага душмандыгын ачык эле көргөзгөн душманына кантип эле баш ийсин?!

36:61Page 444

وَأَنِ ٱعۡبُدُونِيۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ ٦١

And that you worship [only] Me? This is a straight path.

Эй, адам баласы! Силерди Мага гана ибадат кылгыла жана Мага эч нерсени шерик кылбагыла деп буйрудум! Жалгыз Мага ибадат кылуу жана баш ийүү – Менин ыраазылыгыма жана бейишке алып барган туура жол. Бирок, силер Менин осуятымды жана буйругумду аткарбадыңар.

36:62Page 444

وَلَقَدۡ أَضَلَّ مِنكُمۡ جِبِلّٗا كَثِيرًاۖ أَفَلَمۡ تَكُونُواْ تَعۡقِلُونَ ٦٢

And he had already led astray from among you much of creation, so did you not use reason?

Шайтан силерден көптөгөн адамдарды адаштырды. Силерди Раббиңерге баш ийүүгө, жалгыз Ага сыйынууга буйругандай жана силерге ачык эле душмандык кылган шайтанга моюн сунуудан эскерткендей да акылыңар жокпу?!

36:63Page 444

هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي كُنتُمۡ تُوعَدُونَ ٦٣

This is the Hellfire which you were promised.

Мына бул каапырлыгыңар үчүн дүйнөдө убада кылынган тозок. Ал силерге көрүнгөн эмес. Бүгүн болсо аны өз көзүңөр менен көрүп турасыңар.

36:64Page 444

ٱصۡلَوۡهَا ٱلۡيَوۡمَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ ٦٤

[Enter to] burn therein today for what you used to deny."1

Бүгүн ал жакка киргиле! Дүйнө жашоосунда Аллахка каапырлык кылганыңар себептүү анын жалындуу ысыгын таткыла!».

36:65Page 444

ٱلۡيَوۡمَ نَخۡتِمُ عَلَىٰٓ أَفۡوَٰهِهِمۡ وَتُكَلِّمُنَآ أَيۡدِيهِمۡ وَتَشۡهَدُ أَرۡجُلُهُم بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ ٦٥

That Day, We will seal over their mouths, and their hands will speak to Us, and their feet will testify about what they used to earn.

Бүгүн Биз алардын ооздоруна мөөр басабыз, алар каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагып сүйлөй албай дудук болуп калышат. Бизге алардын кылган иштерин колдору айтып беришет жана алар басып барып кылган күнөөлөрүнө буттары күбө болушат.

36:66Page 444

وَلَوۡ نَشَآءُ لَطَمَسۡنَا عَلَىٰٓ أَعۡيُنِهِمۡ فَٱسۡتَبَقُواْ ٱلصِّرَٰطَ فَأَنَّىٰ يُبۡصِرُونَ ٦٦

And if We willed, We could have obliterated their eyes, and they would race to [find] the path, and how could they see?1

Эгер Биз алардын көздөрүн сокур кылып коюуну кааласак, аларды көр кылып коймокпуз, анан алар көрө албай калышмак. Кийин алар Сыраттан бейишке өтүш үчүн жарышышат. Алардын көзү көрбөсө, алар андан кантип өтүшмөк эле?!

36:67Page 444

وَلَوۡ نَشَآءُ لَمَسَخۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ مَكَانَتِهِمۡ فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مُضِيّٗا وَلَا يَرۡجِعُونَ ٦٧

And if We willed, We could have deformed them, [paralyzing them] in their places so they would not be able to proceed, nor could they return.1

Эгерде Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртүүнү жана аларды буттарына отургузуп коюуну кааласак, анда Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртмөкпүз жана аларды буттарына отургузуп коймокпуз. Анан алар ордунан жыла албай калышат жана алдыга да, артка да кете албай калышат.

36:68Page 444

وَمَن نُّعَمِّرۡهُ نُنَكِّسۡهُ فِي ٱلۡخَلۡقِۚ أَفَلَا يَعۡقِلُونَ ٦٨

And he to whom We grant long life We reverse in creation;1 so will they not understand?

Биз жашоодо адамдардын кимисинин өмүрүн узун кылсак, аны алсыз куракка кайтарабыз. Алар акыл жүгүртүшпөйбү жана түбөлүк кала турган жай бул дүйнө эмес, акырет экенин аңдап түшүнүшпөйбү?!

Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences

Contents

Ayat al-Kursi36Al-Kahfpage 42juz 15Bukhari 1Muslim 2999

Style

Theme
Text size
Layout

Читать на русском