Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz
الحديد
Al-Hadid
The Iron · Medinan · 29 ayahs
57:1Page 537
سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ ١
Whatever is in the heavens and earth exalts Allāh,1 and He is the Exalted in Might, the Wise.
Асмандардагы жана жердеги макулуктар Аллахты улукташат жана аруулашат. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман.
57:2Page 537
لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ ٢
His is the dominion of the heavens and earth. He gives life and causes death, and He is over all things competent.
Асмандар менен жердин мүлкү Ага гана таандык. Ал каалаганын тирилтет, каалаганын өлтүрөт. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыратпайт.
57:3Page 537
هُوَ ٱلۡأَوَّلُ وَٱلۡأٓخِرُ وَٱلظَّٰهِرُ وَٱلۡبَاطِنُۖ وَهُوَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ ٣
He is the First1 and the Last,2 the Ascendant3 and the Intimate,4 and He is, of all things, Knowing.
Ал – Абалкы, Андан алдын эч нерсе болгон эмес. Ал – Акыркы, Андан кийин эч нерсе болбойт. Ал – Жогорку, Андан жогору эч нерсе жок. Ал – Жакын, Андан төмөн нерсе жок. Ал бүткүл нерсени Билүүчү. Ал эч нерсени өткөрүп жибербейт.
57:4Page 538
هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۖ وَهُوَ مَعَكُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ ٤
It is He who created the heavens and earth in six days and then established Himself above the Throne.1 He knows what penetrates into the earth and what emerges from it and what descends from the heaven and what ascends therein; and He is with you2 wherever you are. And Allāh, of what you do, is Seeing.
Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Жекшемби күнү баштап, жума күнү бүттү. Ал аны көз ирмемден аз убакытта жаратууга кудуреттүү. Андан соң Аллах Өзүнө ылайык абалда Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди. Ал жерге кирген жамгырды, дандарды ж.б. билет жана андан чыкканда өсүмдүктөрдү, кендерди ж.б. билет. Ошондой эле асмандан түшкөн жамгырды, вахийди ж.б. билет жана ага көтөрүлгөн периштелерди, пенделердин иш-аракеттерин жана жандарын билет. Оо, адамдар! Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен Өз илими менен бирге. Силердин эч бир нерсеңер Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылган нерсеңерди Көрүүчү. Ага силердин иш-аракеттериңердин эч бири жашыруун эмес. Жакында Ал силерге сыйлыгын же жазасын берет.
57:5Page 538
لَّهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ ٥
His is the dominion of the heavens and earth. And to Allāh are returned [all] matters.
Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Иш-аракеттер жалгыз Ага кайтат. Ал кыямат күнү макулуктарды суракка алат жана аларга иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын берет.
57:6Page 538
يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِۚ وَهُوَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ٦
He causes the night to enter the day and causes the day to enter the night, and He is Knowing of that within the breasts.
Ал түндү күндүзгө киргизип, түн келет жана адамдар укташат. Жана күндүздү түнгө киргизип, күндүз келет жана адамдар жумуштарына жөнөшөт. Ал пенделеринин көкүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
57:7Page 538
ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَأَنفِقُواْ مِمَّا جَعَلَكُم مُّسۡتَخۡلَفِينَ فِيهِۖ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَأَنفَقُواْ لَهُمۡ أَجۡرٞ كَبِيرٞ ٧
Believe in Allāh and His Messenger and spend out of that in which He has made you successive inheritors. For those who have believed among you and spent,1 there will be a great reward.
Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргиле жана Аллах силердин карамагыңарга өткөрүп, силер аны уруксат берилген жолдо пайдаланган мал-мүлктөн сарптагыла. Ал эми араңардан Аллахка ыйман келтирип, Анын жолунда мал-мүлктөрүн сарптагандарга Аллахтын алдында улуу сыйлык болгон бейиш бар.
57:8Page 538
وَمَا لَكُمۡ لَا تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلرَّسُولُ يَدۡعُوكُمۡ لِتُؤۡمِنُواْ بِرَبِّكُمۡ وَقَدۡ أَخَذَ مِيثَٰقَكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ ٨
And why do you not believe in Allāh while the Messenger invites you to believe in your Lord and He has taken your covenant, if you should [truly] be believers?
Аллахка ыйман келтирүүгө силерге эмне тоскоол болуп жатат? Пайгамбар силерди Раббиңерге ыйман келтиреби деген үмүттө даават кылып жатат. Эгерде ыймандуу болсоңор, Аллах силерди атаңардын белинен чыгарган кезде Ага ыйман келтиресиңер деген удаданы алган.
57:9Page 538
هُوَ ٱلَّذِي يُنَزِّلُ عَلَىٰ عَبۡدِهِۦٓ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ لِّيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ بِكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ ٩
It is He who sends down upon His Servant [Muḥammad (ﷺ)] verses of clear evidence that He may bring you out from darknesses into the light. And indeed, Allāh is to you Kind and Merciful.
Ал силерди каапырлык жана наадандык караңгылыктарынан ыйман жана илим нуруна чыгарыш үчүн пендеси Мухаммадга ачык-айкын аят-белгилерди түшүрдү. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү жана Ырайымдуу. Анткени Ал силерге туура жол көргөзүүчү жана сүйүнчү кабар жеткирүүчү пайгамбарын жиберди.
57:10Page 538
وَمَا لَكُمۡ أَلَّا تُنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلِلَّهِ مِيرَٰثُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَا يَسۡتَوِي مِنكُم مَّنۡ أَنفَقَ مِن قَبۡلِ ٱلۡفَتۡحِ وَقَٰتَلَۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَعۡظَمُ دَرَجَةٗ مِّنَ ٱلَّذِينَ أَنفَقُواْ مِنۢ بَعۡدُ وَقَٰتَلُواْۚ وَكُلّٗا وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ ١٠
And why do you not spend in the cause of Allāh while to Allāh belongs the heritage of the heavens and the earth? Not equal among you are those who spent before the conquest [of Makkah] and fought [and those who did so after it]. Those are greater in degree than they who spent afterwards and fought. But to all Allāh has promised the best [reward]. And Allāh, of what you do, is Aware.
Аллах жолунда садага чыгаруудан силерди эмне тыйып жатат? Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. О, ыймандуулар! Силердин араңардагы Меккени багынтуудан мурда Аллах жолунда Анын ыраазылыгы үчүн садага кылган жана Исламды колдоо үчүн каапырларга каршы согушкандар менен, Меккени багынткандан кийин садага кылган жана каапырларга каршы согушкандар бирдей эмес. Меккени багынтуудан мурун садага кылган жана Аллах жолунда согушкандар, Меккени багынткандан кийин садага кылган жана каапырлар менен согушкандарга караганда Аллахтын алдында орду бийик жана даражасы жогору. (Ошентсе да) Аллах эки топко тең бейишти убада кылган. Аллах силер кылып жаткан иштерден Кабардар. Силер кылган иш-аракеттердин эч бири Ага жашыруун эмес. Ошол иш-аракеттериңерге жараша жакында силерге сыйын же жазасын берет.
57:11Page 538
مَّن ذَا ٱلَّذِي يُقۡرِضُ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا فَيُضَٰعِفَهُۥ لَهُۥ وَلَهُۥٓ أَجۡرٞ كَرِيمٞ ١١
Who is it that would loan Allāh a goodly loan so He will multiply it for him and he will have a noble reward?
Ким Аллахтын Жүзү үчүн чын көңүлүнөн мал-мүлк сарптаса, анда Аллах ага сарптаган мал-мүлкүнүн сыйлыгын эселеп берет жана ага кыяматта улуу сыйлык болгон бейиш бар.
57:12Page 539
يَوۡمَ تَرَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ يَسۡعَىٰ نُورُهُم بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۖ بُشۡرَىٰكُمُ ٱلۡيَوۡمَ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ ١٢
On the Day you see the believing men and believing women, their light proceeding before them and on their right, [it will be said], "Your good tidings today are [of] gardens beneath which rivers flow, wherein you will abide eternally." That is what is the great attainment.
Сен ал күнү ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан нурлары алдыга жаркырап баратканын көрөсүң. Ошол күнү аларга: «Силердин бүгүнкү сүйүнчү кабарыңар – хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштер! Ал жакта түбөлүк каласыңар. Бул теңдешсиз улуу жеңиш» – деп айтылат.
57:13Page 539
يَوۡمَ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتُ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱنظُرُونَا نَقۡتَبِسۡ مِن نُّورِكُمۡ قِيلَ ٱرۡجِعُواْ وَرَآءَكُمۡ فَٱلۡتَمِسُواْ نُورٗاۖ فَضُرِبَ بَيۡنَهُم بِسُورٖ لَّهُۥ بَابُۢ بَاطِنُهُۥ فِيهِ ٱلرَّحۡمَةُ وَظَٰهِرُهُۥ مِن قِبَلِهِ ٱلۡعَذَابُ ١٣
On the [same] Day the hypocrite men and hypocrite women will say to those who believed, "Wait for us that we may acquire some of your light." It will be said, "Go back behind you1 and seek light." And a wall will be placed between them with a door, its interior containing mercy, but on the outside of it is torment.
Ал күнү эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү аялдар ыймандууларга: «Бизди күтө тургулачы, бизге Сыраттан өтүүгө жардам бергенге нуруңардан бир аз алалы» – дешет. Эки жүздүүлөргө шылдың иретинде: «Артка кайткыла, жарык бере турган нурду издегиле» – деп айтылат. Ошондо алардын ортосуна дарбазасы бар тосмо орнотулат. Анын ички тарабында ыймандуулар ырайымдуулукта болот, ал эми сырткы тарабында эки жүздүүлөр азапта болот.
57:14Page 539
يُنَادُونَهُمۡ أَلَمۡ نَكُن مَّعَكُمۡۖ قَالُواْ بَلَىٰ وَلَٰكِنَّكُمۡ فَتَنتُمۡ أَنفُسَكُمۡ وَتَرَبَّصۡتُمۡ وَٱرۡتَبۡتُمۡ وَغَرَّتۡكُمُ ٱلۡأَمَانِيُّ حَتَّىٰ جَآءَ أَمۡرُ ٱللَّهِ وَغَرَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ ١٤
They [i.e., the hypocrites] will call to them [i.e., the believers], "Were we not with you?" They will say, "Yes, but you afflicted yourselves1 and awaited [misfortune for us] and doubted, and wishful thinking deluded you until there came the command of Allāh. And the Deceiver [i.e., Satan] deceived you concerning Allāh.
Эки жүздүүлөр ыймандууларга кайрылып: «Биз Исламды кабыл кылууда жана (Аллахка) баш ийүүдө силер менен бирге эмес белек?» – дегенде, мусулмандар аларга минтип жооп берди: «Ооба, биз менен бирге элеңер. Бирок, эки жүздүүлүккө берилип өзүңөрдү куруттуңар, каапырлыгыңарды ачыкка чыгаруу үчүн ыймандуулардын жеңилүүсүн күттүңөр, Аллахтын ыймандууларды колдоосуна жана өлүмдөн кийин кайра тирилүүгө шектендиңер жана өлүм келгенге чейин жалган кыялдарга алданган боюнча калдыңар. Аллахка ишенүүдө шайтан силерди алдап, адаштырып койду».
57:15Page 539
فَٱلۡيَوۡمَ لَا يُؤۡخَذُ مِنكُمۡ فِدۡيَةٞ وَلَا مِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۚ مَأۡوَىٰكُمُ ٱلنَّارُۖ هِيَ مَوۡلَىٰكُمۡۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ ١٥
So today no ransom will be taken from you or from those who disbelieved. Your refuge is the Fire. It is most worthy of you, and wretched is the destination."
Эй, эки жүздүүлөр! Бүгүн силерден Аллахтын азабынан эч кандай кун алынбайт жана Аллахка ачык каапырлык кылгандардан да кун алынбайт. Силер менен каапырлардын барар жайы тозок. Силер ага, ал силерге ылайыктуу. Ал кандай жаман жай.
57:16Page 539
۞ أَلَمۡ يَأۡنِ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن تَخۡشَعَ قُلُوبُهُمۡ لِذِكۡرِ ٱللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ ٱلۡحَقِّ وَلَا يَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلُ فَطَالَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡأَمَدُ فَقَسَتۡ قُلُوبُهُمۡۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ ١٦
Has the time not come for those who have believed that their hearts should become humbly submissive at the remembrance of Allāh and what has come down of the truth? And let them not be like those who were given the Scripture before, and a long period passed over them, so their hearts hardened; and many of them are defiantly disobedient.
Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер Аллахты эстегенде жана Куранда түшкөн убадаларга же эскертмелерге жүрөктөрү жумшарып, бейпил боло турган убакыт келип жетпедиби?! Алар жүрөктүн мерездигинде Тоорат берилген жөөттөрдөй жана Инжил берилген христиандардай болушпасын. Алар менен пайгамбарларынын келүүсүнүн ортосундагы убакыт өтө узарып кеткендиктен жүрөктөрү мерез болуп калды. Алардын көпчүлүгү Аллахка моюн сунбай, баш ийбестик кылгандар.
57:17Page 539
ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ قَدۡ بَيَّنَّا لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ ١٧
Know that Allāh gives life to the earth after its lifelessness. We have made clear to you the signs; perhaps you will understand.1
Билип койгула, Аллах жерди кургагандан кийин аны өстүрүү менен кайра тирилтет. Оо, адамдар! Биз силерге Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген далилдерди баяндадык. Балким силер мунун үстүндө акыл жүгүртөсүңөр жана жерди өлгөндөн кийин кайра тирилткен Зат силерди өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин жана жүрөгүңөрдү мерездиктен кийин кайрадан жумшартууга кудуреттүү экенин билерсиңер.
57:18Page 539
إِنَّ ٱلۡمُصَّدِّقِينَ وَٱلۡمُصَّدِّقَٰتِ وَأَقۡرَضُواْ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا يُضَٰعَفُ لَهُمۡ وَلَهُمۡ أَجۡرٞ كَرِيمٞ ١٨
Indeed, the men who practice charity and the women who practice charity and [they who] have loaned Allāh a goodly loan - it will be multiplied for them, and they will have a noble reward.
Мал-мүлкүнөн садака кылган эркектерге жана мал-мүлкүнөн садака кылган аялдарга, милдет кылбастан жана зыян бербестен чын көңүлдөн садака бергендерге иш-аракеттеринин сооптору эселеп берилет, бир жакшылыкка он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да көп эселеп берилет. Аларга муну менен бирге Аллахтын алдында улуу сыйлык болгон бейиш даярдалган.
57:19Page 540
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصِّدِّيقُونَۖ وَٱلشُّهَدَآءُ عِندَ رَبِّهِمۡ لَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ وَنُورُهُمۡۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ ١٩
And those who have believed in Allāh and His messengers - those are [in the ranks of] the supporters of truth and the martyrs, with their Lord. For them is their reward and their light.1 But those who have disbelieved and denied Our verses - those are the companions of Hellfire.
Аллахка ыйман келтиргендер жана пайгамбарларды бөлбөстөн ыйман келтиргендер – мына ошолор чынчылдар. Жана шейиттер үчүн Раббисинин алдында улуу сооптор даярдалган жана кыяматта аларга алдыларынан жана оң тарабынан жаркыраган нур бар. Ал эми Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандар жана элчибизге түшүргөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар – мына ошолор тозок ээлери. Алар кыяматта ага киришет, ал жакта түбөлүк калышат жана ал жактан чыгышпайт.
57:20Page 540
ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٞ وَلَهۡوٞ وَزِينَةٞ وَتَفَاخُرُۢ بَيۡنَكُمۡ وَتَكَاثُرٞ فِي ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَٰدِۖ كَمَثَلِ غَيۡثٍ أَعۡجَبَ ٱلۡكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصۡفَرّٗا ثُمَّ يَكُونُ حُطَٰمٗاۖ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٞ شَدِيدٞ وَمَغۡفِرَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٞۚ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلۡغُرُورِ ٢٠
Know that the life of this world is but amusement and diversion and adornment and boasting to one another and competition in increase of wealth and children - like the example of a rain whose [resulting] plant growth pleases the tillers; then it dries and you see it turned yellow; then it becomes [scattered] debris. And in the Hereafter is severe punishment and forgiveness from Allāh and approval. And what is the worldly life except the enjoyment of delusion.
Билип алгыла, чындыгында дүйнө жашоосу – денелер ойногон оюн-зоок, жүрөктөр ээликкен көңүл ачуу, силер сулууланган кооздук, бири-бирине мал-мүлк жана дүнүйө менен мактануу, байлык жана бала-чаканын көптүгү менен чиренүү гана. Ал жамгыр сыяктуу, андан өскөн өсүмдүктөр дыйкандарды суктандырат. Анан ал жашыл өсүмдүктөр бат эле куурап калат. Эй, назар салуучу! Сен аларды жашылдангандан кийин саргайганын көрөсүң. Кийин Аллах аны майдаланган куурайга айлантат. Ал эми акыретте каапырлар жана эки жүздүүлөр үчүн катуу азап бар жана Аллахтын ыймандуу пенделери үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу эч кандай туруктуулукка ээ болбогон, убактылуу ырахаттан башка эч нерсе эмес. Ким анын убактылуу ырахаттарын акырет жыргалчылыгынан артык көрсө, анда ал куру жалак калды.
57:21Page 540
سَابِقُوٓاْ إِلَىٰ مَغۡفِرَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ وَجَنَّةٍ عَرۡضُهَا كَعَرۡضِ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أُعِدَّتۡ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۚ ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ ٢١
Race [i.e., compete] toward forgiveness from your Lord and a Garden whose width is like the width of the heavens and earth, prepared for those who believed in Allāh and His messengers. That is the bounty of Allāh which He gives to whom He wills, and Allāh is the possessor of great bounty.
Оо, адамдар! Тообо же башка ибадаттар сыяктуу күнөөлөрүңөрдүн кечирилишине жеткирген жана асман менен жердин кендигиндей бейишке жеткирген жакшылык иштерде жарышкыла! Аллах бул бейишти Ага жана Анын элчисине ыйман келтиргендерге даярдап койгон. Бул Аллахтын Өзү каалаган пенделерине бере турган сыйлыгы. Аллах ыймандуу пенделерине карата улуу артыкчылык Ээси.
57:22Page 540
مَآ أَصَابَ مِن مُّصِيبَةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ أَن نَّبۡرَأَهَآۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ ٢٢
No disaster strikes upon the earth or among yourselves except that it is in a register1 before We bring it into being - indeed that, for Allāh, is easy -
Адамдардын башына түшкөн кургакчылык жана башка сыяктуу жер бетиндеги кырсыктар жана өздөрүнүн башына түшкөн кыйынчылыктар макулуктарды жаратканыбызга чейин эле Сакталган Тактада бекитилген. Чындыгында бул Аллах үчүн жеңил.
57:23Page 540
لِّكَيۡلَا تَأۡسَوۡاْ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمۡ وَلَا تَفۡرَحُواْ بِمَآ ءَاتَىٰكُمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٍ ٢٣
In order that you not despair over what has eluded you and not exult [in pride] over what He has given you. And Allāh does not like everyone self-deluded and boastful -
Оо, адамдар! Муну силер жетпей калган нерсеңерге кайгырбашыңар үчүн жана силерге берилген жакшылыктарга сүйүнүп көөп кетпешиңер үчүн кылды. Чындыгында Аллах берген нерселер менен адамдарга тебекерлик кылгандарды, мактангандарды жакшы көрбөйт.
57:24Page 540
ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ وَيَأۡمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلۡبُخۡلِۗ وَمَن يَتَوَلَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ ٢٤
[Those] who are stingy and enjoin upon people stinginess. And whoever turns away1 - then indeed, Allāh is the Free of need, the Praiseworthy.
Берүүгө милдеттүү болгон нерсеге сараңдык кылгандар жана башкаларды сараңдыкка буйругандар – зыян тартуучулар. Аллахка моюн сунуудан баш тарткан адам, Ага эч качан зыян келтире албайт. Ал өзүнө гана зыян келтирет. Чындыгында Аллах – Беймуктаж, Ал пенделеринин баш ийүүсүнө муктаж эмес, Ал бүткүл абалда Мактоого татыктуу.
57:25Page 541
لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَنزَلۡنَا مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمِيزَانَ لِيَقُومَ ٱلنَّاسُ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَأَنزَلۡنَا ٱلۡحَدِيدَ فِيهِ بَأۡسٞ شَدِيدٞ وَمَنَٰفِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ مَن يَنصُرُهُۥ وَرُسُلَهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٞ ٢٥
We have already sent Our messengers with clear evidences and sent down with them the Scripture and the balance that the people may maintain [their affairs] in justice. And We sent down iron, wherein is great military might and benefits for the people, and so that Allāh may make evident those who support Him and His messengers unseen. Indeed, Allāh is Powerful and Exalted in Might.
Биз пайгамбарларыбызды ачык-айкын далилдер менен жибердик, алар менен Китептерди түшүрдүк жана адамдар адилеттикти карманыш үчүн алар менен Таразаны түшүрдүк. Ошондой эле чоң күчтү камтыган темирди түшүрдүк, андан курал жасалат жана анда адамдардын өндүрүшү жана өнөрчүлүгү үчүн пайдалар бар. Аллах пенделерге ачык боло тургандай абалда кимиси Аны көрбөстөн жардам берерин билиш үчүн кылды. Чындыгында Аллах Күчтүү, Кудуреттүү. Ага эч нерсе үстөмдүк кыла албайт жана эч ким Аны алсырата албайт.
57:26Page 541
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحٗا وَإِبۡرَٰهِيمَ وَجَعَلۡنَا فِي ذُرِّيَّتِهِمَا ٱلنُّبُوَّةَ وَٱلۡكِتَٰبَۖ فَمِنۡهُم مُّهۡتَدٖۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ ٢٦
And We have already sent Noah and Abraham and placed in their descendants prophethood and scripture; and among them is he who is guided, but many of them are defiantly disobedient.
Биз Нухту жана Ибрахимди жибердик жана алардын урпактарына пайгамбарлыкты жана түшүрүлгөн Китептерди бердик. Ал экөөнүн урпактарынан кээ бирлери ийгиликке жетип, туура жолго түшүштү, ал эми көпчүлүгү Аллахка баш ийбестик кылышты.
57:27Page 541
ثُمَّ قَفَّيۡنَا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم بِرُسُلِنَا وَقَفَّيۡنَا بِعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡإِنجِيلَۖ وَجَعَلۡنَا فِي قُلُوبِ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ رَأۡفَةٗ وَرَحۡمَةٗۚ وَرَهۡبَانِيَّةً ٱبۡتَدَعُوهَا مَا كَتَبۡنَٰهَا عَلَيۡهِمۡ إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ رِضۡوَٰنِ ٱللَّهِ فَمَا رَعَوۡهَا حَقَّ رِعَايَتِهَاۖ فَـَٔاتَيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنۡهُمۡ أَجۡرَهُمۡۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ ٢٧
Then We sent following their footsteps [i.e., traditions] Our messengers and followed [them] with Jesus, the son of Mary, and gave him the Gospel. And We placed in the hearts of those who followed him compassion and mercy and monasticism, which they innovated; We did not prescribe it for them except [that they did so] seeking the approval of Allāh. But they did not observe it with due observance. So We gave the ones who believed among them their reward, but many of them are defiantly disobedient.
Кийин алардын артынан элчилерибизди үммөттөрүнө удаа-удаа жибердик. Алардын артынан Мариямдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ыйман келтирип, аны ээрчигендердин жүрөгүнө боорукерлик жана мээрим салдык. Алардын ортосунда бири-бирине болгон сүйүү жана мээрим бар эле. Жана алар динде ашаа чаап, жок нерсени ойлоп табышты. Алар Аллах уруксат берген үйлөнүү, ырахаттануу сыяктуу кээ бир нерселерди Биз алардан талап кылбасак деле таштап коюшту. Алар динде жок нерсени ойлоп таап, аны өздөрүнө милдет кылып алышты. Чындыгында Биз алардан Аллах ыраазы болгон нерселерди гана ээрчигиле деп талап кылганбыз, бирок алар муну аткарышкан жок. Биз алардын арасынан ыйман келтиргендерине сооп-сыйлыгын бердик. Бирок алардын көпчүлүгү Аллахтын элчиси алып келген нерсени жалганга чыгаруу менен Ага баш ийбестик кылышкандар.
57:28Page 541
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَءَامِنُواْ بِرَسُولِهِۦ يُؤۡتِكُمۡ كِفۡلَيۡنِ مِن رَّحۡمَتِهِۦ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ نُورٗا تَمۡشُونَ بِهِۦ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ٢٨
O you who have believed, fear Allāh and believe in His Messenger; He will [then] give you a double portion of His mercy and make for you a light by which you will walk and forgive you; and Allāh is Forgiving and Merciful.
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана Анын элчисине ыйман келтиргиле! Ошондо Ал силерге Мухаммад менен мурунку элчилерге келтирген ыйманыңар үчүн эки эсе сооп-сыйлык берет, силерге дүйнө жашоосунда туура багыт көргөзгөн жана кыямат күнү Сыратта жарык берүүчү нурду пайда кылат жана ошондой эле күнөөңөрдү кечирип, аны жашырат жана ал үчүн жазалабайт. Аллах таала пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
57:29Page 541
لِّئَلَّا يَعۡلَمَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَلَّا يَقۡدِرُونَ عَلَىٰ شَيۡءٖ مِّن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡفَضۡلَ بِيَدِ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ ٢٩
[This is] so that the People of the Scripture may know that they are not able [to obtain] anything from the bounty of Allāh1 and that [all] bounty is in the hand2 of Allāh; He gives it to whom He wills. And Allāh is the possessor of great bounty.
Оо, ыймандуулар! Биз силерге эселеген сооп-сыйлыктарды даярдап койгон улуу жакшылыгыбызды баяндадык. Биз муну жөөттөрдөн жана христиандардан болгон мурунку Китеп ээлери Аллахтын жакшылыктарын өздөрү каалаганына берип, каалабаганына бербей тургандай кудуреттүүлүккө ээ эмес экенин билүүлөрү үчүн жана жакшылык Аллахтын гана колунда экенин, Ал аны Өзү каалаган пенделерине берерин билүүлөрү үчүн кылдык. Аллах улуу жакшылык Ээси, Ал аны Өзү каалаган пенделерине гана берет.
Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences