Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz
محمد
Muhammad
Muhammad · Medinan · 38 ayahs
47:1Page 507
ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ أَضَلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ ١
Those who disbelieve and avert [people] from the way of Allāh - He will waste their deeds.1
Аллах каапырлык кылгандардын жана адамдарды Анын дининен бургандардын иш-аракеттерин жокко чыгарды.
47:2Page 507
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَءَامَنُواْ بِمَا نُزِّلَ عَلَىٰ مُحَمَّدٖ وَهُوَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّهِمۡ كَفَّرَ عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡ وَأَصۡلَحَ بَالَهُمۡ ٢
And those who believe and do righteous deeds and believe in what has been sent down upon Muḥammad - and it is the truth from their Lord - He will remove from them their misdeeds and amend their condition.
Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди жасаган жана Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммадга түшүргөн нерсени Раббиси тараптан келген акыйкат деп ишенген адамдардын күнөөлөрүн өчүрөт, аларды жазалабайт жана алардын дүйнөлүк жана акыреттик иштерин оңдойт.
47:3Page 507
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱتَّبَعُواْ ٱلۡبَٰطِلَ وَأَنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّبَعُواْ ٱلۡحَقَّ مِن رَّبِّهِمۡۚ كَذَٰلِكَ يَضۡرِبُ ٱللَّهُ لِلنَّاسِ أَمۡثَٰلَهُمۡ ٣
That is because those who disbelieve follow falsehood, and those who believe follow the truth from their Lord. Thus does Allāh present to the people their comparisons.1
Эки топко карата эскерилген бул жаза менен сыйлыктын себеби – Аллахка каапырлык кылгандар жалганды ээрчишти, ал эми Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер Раббиси тараптан келген акыйкатты ээрчишти. Ошондуктан алардын сыйлыгы менен жазасы аракеттерине жараша айырмаланды. Ошондой эле Аллах ыймандуулар менен каапырлардан болгон эки топтун өкүмүн баяндады. Аллах адамдарга өздөрүнүн мисалдарын келтирет, ар ким өзүнө окшогон менен бирге болот.
47:4Page 507
فَإِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَضَرۡبَ ٱلرِّقَابِ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَثۡخَنتُمُوهُمۡ فَشُدُّواْ ٱلۡوَثَاقَ فَإِمَّا مَنَّۢا بَعۡدُ وَإِمَّا فِدَآءً حَتَّىٰ تَضَعَ ٱلۡحَرۡبُ أَوۡزَارَهَاۚ ذَٰلِكَۖ وَلَوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَٱنتَصَرَ مِنۡهُمۡ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَاْ بَعۡضَكُم بِبَعۡضٖۗ وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ ٤
So when you meet those who disbelieve [in battle], strike [their] necks until, when you have inflicted slaughter upon them, then secure [their] bonds,1 and either [confer] favor2 afterwards or ransom [them] until the war lays down its burdens.3 That [is the command]. And if Allāh had willed, He could have taken vengeance upon them [Himself], but [He ordered armed struggle] to test some of you by means of others. And those who are killed in the cause of Allāh - never will He waste their deeds.
Оо, ыймандуулар! Согушчан каапырлар менен беттешсеңер, алардын моюндарын кылычыңар менен кыя чапкыла. Алардан өлгөндөр көбөйүп, алардын күч-кубатын жок кылганга чейин согушту уланткыла. Алардын көпчүлүгүн өлтүргөндөн кийин туткундардын кишендерин бекем байлагыла. Эгерде аларды туткунга түшүрсөңөр, анда пайдасына жараша тандооңор бар, ордуна эч нерсе албай азат кылгыла же акчалай же башка түрдө кун төлөткүлө. Каапырлар Исламды кабыл алуусу же келишим түзүүсү менен согуш аяктаганга чейин алар менен согушууну токтотпогула. Ыймандуулардын каапырлар менен сыналуусу, абалдардын алмашуусу, бири-биринин үстүнөн жеңишке жетүү сыяктуу бул айтылган нерселер – Аллахтын даанышмандыгы. Эгерде Аллах каапырларды согушсуз эле жеңүүнү каалаганда, Ал аларды жеңмек. Бирок Ал аларды бири-бири аркылуу сынаш үчүн согушту өкүм кылды. Ал ыймандуулардан кимиси согушарын, кимиси согушпасын сынайт, ошондой эле каапырды ыймандуу адам аркылуу сынайт. Эгерде ыймандуу өлтүрүлсө, ал бейишке кирет. Эгер ал ыймандуунун колунан өлсө, ал тозокко кирет. Аллах жолунда өлтүрүлгөн адамдардын иш-аракеттерин Аллах эч качан жок кылбайт.
Аларга дүйнө жашоосунда акыйкат жолду ээрчүүгө ийгилик берет жана иштерин оңдойт.
47:6Page 507
وَيُدۡخِلُهُمُ ٱلۡجَنَّةَ عَرَّفَهَا لَهُمۡ ٦
And admit them to Paradise, which He has made known to them.
Жана аларды кыямат күнү бейишке киргизет. Аларга дүйнөдө анын сыпаттарын баяндап берген, алар аны билишкен жана акыретте аларга ал жактагы орундарын билдирет.
47:7Page 507
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تَنصُرُواْ ٱللَّهَ يَنصُرۡكُمۡ وَيُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ ٧
O you who have believed, if you support Allāh, He will support you and plant firmly your feet.
Оо, ыйман келтиргендер жана шариятты аткаргандар! Эгерде Аллахка Анын пайгамбарын жана динин колдоп жана каапырлар менен согушуп жардам берсеңер, Ал силерди алардын үстүнөн жеңишке жеткирүү менен колдойт жана алар менен согушта беттешкенде кадамдарыңарды бекем кылат.
47:8Page 507
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَتَعۡسٗا لَّهُمۡ وَأَضَلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ ٨
But those who disbelieve - for them is misery, and He will waste their deeds.
Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга кыйроо жана жоготуу болот жана Аллах алардын иш-аракеттеринин сообун жокко чыгарат.
47:9Page 507
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَرِهُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأَحۡبَطَ أَعۡمَٰلَهُمۡ ٩
That is because they disliked what Allāh revealed, so He rendered worthless their deeds.
Алар Аллахтын Өз элчисине түшүргөн жана Ага сыйынууну камтыган Куранды жаман көрүшкөнү себептүү аларга ушундай жаза берилди, Аллах алардын иш-аракеттерин жок чыгарды. Ошондуктан алар дүйнөдө жана акыретте кыйроого учурашты.
47:10Page 507
۞ أَفَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۖ دَمَّرَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡۖ وَلِلۡكَٰفِرِينَ أَمۡثَٰلُهَا ١٠
Have they not traveled through the land and seen how was the end of those before them? Allāh destroyed [everything] over them,1 and for the disbelievers is something comparable.
Ал жалганчылар жер бетин кезип, алардан мурунку жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонун ойлонуп көрүшпөйбү? Акыбети кейиштүү болгон. Аллах алардын турак-жайларын талкалап, алардын өздөрүн, бала-чакаларын жана байлыктарын кыйратып жок кылган. Каапырлар үчүн бүткүл учурда жана бардык жерде ушундай жазалардын мисалдары бар.
47:11Page 507
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ مَوۡلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَأَنَّ ٱلۡكَٰفِرِينَ لَا مَوۡلَىٰ لَهُمۡ ١١
That is because Allāh is the protector of those who have believed and because the disbelievers have no protector.
Бул айтылган сыйлык жана жаза эки топтогулар үчүн. Анткени Аллах ыйман келтиргендердин Колдоочусу. Ал эми каапырларга эч кандай колдоочу болбойт.
47:12Page 508
إِنَّ ٱللَّهَ يُدۡخِلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَتَمَتَّعُونَ وَيَأۡكُلُونَ كَمَا تَأۡكُلُ ٱلۡأَنۡعَٰمُ وَٱلنَّارُ مَثۡوٗى لَّهُمۡ ١٢
Indeed, Allāh will admit those who have believed and done righteous deeds to gardens beneath which rivers flow, but those who disbelieve enjoy themselves and eat as grazing livestock eat, and the Fire will be a residence for them.
Чындыгында Аллах Өзүнө жана Анын элчисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдыларынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар өз каалоолоруна ээрчип дүйнөдө жыргалчылыкка батышат. Алар айбандар жеген сыяктуу жешет. Алар курсактары менен жыныс мүчөлөрүнөн башка эч нерсени ойлонушпайт. Кыямат күнү тозок алардын кире турган турак-жайы болот.
47:13Page 508
وَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ هِيَ أَشَدُّ قُوَّةٗ مِّن قَرۡيَتِكَ ٱلَّتِيٓ أَخۡرَجَتۡكَ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡ فَلَا نَاصِرَ لَهُمۡ ١٣
And how many a city was stronger than your city [i.e., Makkah] which drove you out? We destroyed them; and there was no helper for them.
Сени элиң кууп чыккан Меккеден да күч-кубаттуу, байлыгы да, бала-чакасы да көп болгон мурунку коомдордун канчалаган шаарларын, алар пайгамбарларын жалганга чыгарышканда кыйратып жок кылдык. Аларга Аллахтын азабы келгенде аларды куткарган эч бир колдоочу болбоду. Эгерде Биз Мекке элин кыйратууну кааласак, эч ким Бизди алсырата албайт.
47:14Page 508
أَفَمَن كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّهِۦ كَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُم ١٤
So is he who is on clear evidence from his Lord like him to whom the evil of his work has been made attractive and they follow their [own] desires?
Раббиси тараптан ачык-айкын далилге ээ болуп, Ага илимдин негизинде сыйынган адам, шайтан ага жаман иштерин кооз кылып көргөзгөн жана айкелдерге сыйынуу, күнөөлөрдү кылуу, пайгамбарларды жалганга чыгаруу сыяктуу алардын напсилери каалаган нерселерди ээрчиген адам сыяктуу болуп калмак беле?
47:15Page 508
مَّثَلُ ٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۖ فِيهَآ أَنۡهَٰرٞ مِّن مَّآءٍ غَيۡرِ ءَاسِنٖ وَأَنۡهَٰرٞ مِّن لَّبَنٖ لَّمۡ يَتَغَيَّرۡ طَعۡمُهُۥ وَأَنۡهَٰرٞ مِّنۡ خَمۡرٖ لَّذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ وَأَنۡهَٰرٞ مِّنۡ عَسَلٖ مُّصَفّٗىۖ وَلَهُمۡ فِيهَا مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ وَمَغۡفِرَةٞ مِّن رَّبِّهِمۡۖ كَمَنۡ هُوَ خَٰلِدٞ فِي ٱلنَّارِ وَسُقُواْ مَآءً حَمِيمٗا فَقَطَّعَ أَمۡعَآءَهُمۡ ١٥
Is the description of Paradise, which the righteous are promised, wherein are rivers of water unaltered,1 rivers of milk the taste of which never changes, rivers of wine delicious to those who drink, and rivers of purified honey, in which they will have from all [kinds of] fruits and forgiveness from their Lord... [Are its inhabitants] like those who abide eternally in the Fire and are given to drink scalding water that will sever their intestines?
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар кирет деп убада кылынган бейиштин сыпаты – ал жакта туруп калса да жыты жана даамын бузулбаган суу дарыялары бар, даамы өзгөрбөгөн сүт дарыялары бар, ичкендерге жагымдуу шарап дарыялары бар, кошулмалардан тазаланган бал дарыялары бар, ошондой эле алар каалагандай ар түрдүү мөмө-жемиштер бар. Булардан сырткары алар үчүн Аллах тараптан күнөөлөрүнө кечирим бар, аларды ал үчүн жазалабайт. Эми ушундай сыйлыкка ээ болгон адам менен тозокто кала турган адам тең болобу? Ал тозоктон эч качан чыкпайт, ага кайнак суу ичирилет, анын ысыктыгынан курсагындагы ичегилери үзүлүп кетет.
47:16Page 508
وَمِنۡهُم مَّن يَسۡتَمِعُ إِلَيۡكَ حَتَّىٰٓ إِذَا خَرَجُواْ مِنۡ عِندِكَ قَالُواْ لِلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ مَاذَا قَالَ ءَانِفًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡ ١٦
And among them, [O Muḥammad], are those who listen to you, until when they depart from you, they say to those who were given knowledge,1 "What has he said just now?" Those are the ones of whom Allāh has sealed over their hearts and who have followed their [own] desires.
Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн арасында сенин сөзүңдөн жүз буруп, кабыл албай уккандары бар. Качан алар сенин алдыңдан чыгышканда жүз буруп, билмексен болуп: «Ал жаңы эле сүйлөгөн сөзүндө эмне деп айтты?» – деп Аллах илим бергендерден сурашат. Аллах ошолордун жүрөктөрүнө мөөр басты. Ошондуктан аларга эч кандай жакшылык жетпейт жана алар өз каалоолорун ээрчүүсү аларды акыйкатка көр кылып койду.
47:17Page 508
وَٱلَّذِينَ ٱهۡتَدَوۡاْ زَادَهُمۡ هُدٗى وَءَاتَىٰهُمۡ تَقۡوَىٰهُمۡ ١٧
And those who are guided - He increases them in guidance and gives them their righteousness.1
Ал эми акыйкат жолго түшүп, пайгамбар алып келген нерсеге ээрчигендерди Раббиси алардын туура жолго түшүүсүн жана жакшылыкка карай ийгилигин дагы көбөйтөт жана аларды тозоктон сактаган иштерди аткарууну көңүлдөрүнө салып коёт.
47:18Page 508
فَهَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا ٱلسَّاعَةَ أَن تَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗۖ فَقَدۡ جَآءَ أَشۡرَاطُهَاۚ فَأَنَّىٰ لَهُمۡ إِذَا جَآءَتۡهُمۡ ذِكۡرَىٰهُمۡ ١٨
Then do they await except that the Hour should come upon them unexpectedly? But already there have come [some of] its indications. Then how [i.e., what good] to them, when it has come, will be their remembrance?
Каапырлар алдын ала билбестен туруп кыяматтын капыстан келишин гана күтүп жатышабы? Анын белгилери келип калды. Алардын бири пайгамбардын келиши жана Айдын бөлүнүүсү болду. Эгерде аларга кыямат келсе, алар кантип эскеришмек эле?
47:19Page 508
فَٱعۡلَمۡ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مُتَقَلَّبَكُمۡ وَمَثۡوَىٰكُمۡ ١٩
So know, [O Muḥammad], that there is no deity except Allāh and ask forgiveness for your sin1 and for the believing men and believing women. And Allāh knows of your movement and your resting place.
Оо, пайгамбар! Билгиниң, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Аллахтан өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура жана ыймандуу эркектер менен аялдардын күнөөлөрү үчүн кечирим сура. Аллах силердин күндүздү иш-аракеттериңерди билет жана түнкү жайларыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
47:20Page 509
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَوۡلَا نُزِّلَتۡ سُورَةٞۖ فَإِذَآ أُنزِلَتۡ سُورَةٞ مُّحۡكَمَةٞ وَذُكِرَ فِيهَا ٱلۡقِتَالُ رَأَيۡتَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ نَظَرَ ٱلۡمَغۡشِيِّ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَأَوۡلَىٰ لَهُمۡ ٢٠
Those who believe say, "Why has a sūrah1 not been sent down?" But when a precise sūrah is revealed and battle is mentioned therein, you see those in whose hearts is disease [i.e., hypocrisy] looking at you with a look of one overcome by death. And more appropriate for them2 [would have been]
Ыйман келтиргендер Аллах Өз элчисине согушууну камтыган сүрөөнү түшүрсө экен деп үмүт кылып: «Аллах согушуу тууралуу айткан сүрөө түшүрсө болот эле!» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Качан Аллах согушуу тууралуу сөздү камтыган, баяндоосу жана өкүмдөрү анык сүрөөнү түшүргөндө жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр катуу коркунучтан улам өздөрүн жоготуп сени тиктеп туруп калышканын көрөсүң. Аллах аларга согушуудан кетекчиктеп, андан коркушканы үчүн аларга жакын калган азапты эскертти.
47:21Page 509
طَاعَةٞ وَقَوۡلٞ مَّعۡرُوفٞۚ فَإِذَا عَزَمَ ٱلۡأَمۡرُ فَلَوۡ صَدَقُواْ ٱللَّهَ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡ ٢١
Obedience and good words. And when the matter [of fighting] was determined, if they had been true to Allāh, it would have been better for them.
Ошондой эле Аллахтын буйругуна баш ийүүсү жана жамандыкты камтыбаган жакшы сөздөрдү сүйлөөсү алар үчүн жакшыраак. Согуш парз кылынып, иш олуттуу болгон кезде алар Аллахка ыйман келтирүүдө жана Ага моюн сунууда чынчыл болушса, анда бул алар үчүн эки жүздүүлүктөн жана Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылуудан жакшыраак болмок.
47:22Page 509
فَهَلۡ عَسَيۡتُمۡ إِن تَوَلَّيۡتُمۡ أَن تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَتُقَطِّعُوٓاْ أَرۡحَامَكُمۡ ٢٢
So would you perhaps, if you turned away,1 cause corruption on earth and sever your [ties of] relationship?
Абалыңарга карай турган болсок, силер Аллахка ыйман келтирүүдөн жана Ага баш ийүүдөн баш тартсаңар, анда караңгы доордогу абалыңар сыяктуу жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып, туугандык мамилелерди үзүп жиберишиңер мүмкүн.
47:23Page 509
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فَأَصَمَّهُمۡ وَأَعۡمَىٰٓ أَبۡصَٰرَهُمۡ ٢٣
Those [who do so] are the ones that Allāh has cursed, so He deafened them and blinded their vision.
Жер бетинде бузукулукту жайган жана туугандык мамилени үзгөн сыяктуу сыпаттагы адамдарды Аллах Өз ырайымынан алыстатты, кулактарын акыйкатты кабыл алып угуудан дүлөй кылды жана көздөрүн үлгү алып кароодон сокур кылды.
47:24Page 509
أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلۡقُرۡءَانَ أَمۡ عَلَىٰ قُلُوبٍ أَقۡفَالُهَآ ٢٤
Then do they not reflect upon the Qur’ān, or are there locks upon [their] hearts?
Мына ошол жүз бургандар Куран жөнүндө ойлонушпайбы жана андагы айтылгандарга ой жүгүртүшпөйбү? Эгерде ал тууралуу ой жүгүртүшкөндө, ал аларды жакшылыкка багыттамак жана бардык жамандыктардан алыстатмак. Же алардын жүрөктөрүндө насаатты жеткирбеген, эскертмеден пайда бербеген бекем жабуучу кулпулар барбы?
47:25Page 509
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱرۡتَدُّواْ عَلَىٰٓ أَدۡبَٰرِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلۡهُدَى ٱلشَّيۡطَٰنُ سَوَّلَ لَهُمۡ وَأَمۡلَىٰ لَهُمۡ ٢٥
Indeed, those who reverted back [to disbelief] after guidance had become clear to them - Satan enticed them and prolonged hope for them.
Аларга далил келип, пайгамбардын чынчылдыгы анык болгондон кийин ыймандан баш тартып, каапырлык менен эки жүздүүлүккө кайткандарга шайтан алардын каапырлыгы менен эки жүздүүлүгүн кооз кылып көргөзүп койду, аны аларга жеңил кылды жана аларды куру кыялдар менен үмүттөндүрүп койду.
47:26Page 509
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُواْ لِلَّذِينَ كَرِهُواْ مَا نَزَّلَ ٱللَّهُ سَنُطِيعُكُمۡ فِي بَعۡضِ ٱلۡأَمۡرِۖ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِسۡرَارَهُمۡ ٢٦
That is because they said to those who disliked what Allāh sent down,1 "We will obey you in part of the matter." And Allāh knows what they conceal.
Бул адашуунун себеби, алар пайгамбарга түшкөн аян-кабарды жаман көргөн мушриктерге жашыруун сыр кылып: «Биз согушуудан баш тартуу сыяктуу кээ бир иштерде силер менен биргебиз» – дешти. Аллах алардын жаап-жашырган сырларын билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал ал сырлардан Өзү каалаганын пайгамбарына билдирет.
47:27Page 509
فَكَيۡفَ إِذَا تَوَفَّتۡهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَضۡرِبُونَ وُجُوهَهُمۡ وَأَدۡبَٰرَهُمۡ ٢٧
Then how [will it be] when the angels take them in death, striking their faces and their backs?
Жан алууга милдеттүү болгон периштелер алардын жандарын алып, аларды жүздөрүнө жана аркаларына темир союл менен уруп жаткандагы алардын азабы жана оор абалы кандай болот деп ойлойсуң?
47:28Page 509
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱتَّبَعُواْ مَآ أَسۡخَطَ ٱللَّهَ وَكَرِهُواْ رِضۡوَٰنَهُۥ فَأَحۡبَطَ أَعۡمَٰلَهُمۡ ٢٨
That is because they followed what angered Allāh and disliked [what earns] His pleasure, so He rendered worthless their deeds.
Бул азаптын себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирген каапырлык, эки жүздүүлүк, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгуу сыяктуу бардык нерселерди ээрчишти жана алар Аллахка ыйман келтирүү, Анын элчисин ээрчүү сыяктуу Раббисинин ыраазылыгына жеткирип, Ага жакындаткан нерселерди жаман көрүштү. Мына ошондуктан Аллах алардын иштерин жокко чыгарды.
47:29Page 509
أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ أَن لَّن يُخۡرِجَ ٱللَّهُ أَضۡغَٰنَهُمۡ ٢٩
Or do those in whose hearts is disease think that Allāh would never expose their [feelings of] hatred?
Жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр, Аллах алардын жек көрүүлөрүн ачыкка чыгарбайт деп ойлоштубу? Ыйман келтирүүдө чынчылды жалганчыдан айырмалаш үчүн, ыймандууну ачыктап, эки жүздүүнүн жүзүн ачыш үчүн Ал аларды сыноолор аркылуу сөзсүз ачыкка чыгарат.
47:30Page 510
وَلَوۡ نَشَآءُ لَأَرَيۡنَٰكَهُمۡ فَلَعَرَفۡتَهُم بِسِيمَٰهُمۡۚ وَلَتَعۡرِفَنَّهُمۡ فِي لَحۡنِ ٱلۡقَوۡلِۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ أَعۡمَٰلَكُمۡ ٣٠
And if We willed, We could show them to you, and you would know them by their mark; but you will surely know them by the tone of [their] speech. And Allāh knows your deeds.
Оо, пайгамбар! Эгерде Биз эки жүздүүлөрдү сага билдирүүнү кааласак, анда билдирип коймокпуз. Анан сен аларды белгилеринен билип алмаксың. Жакында сен аларды сүйлөгөн сөздөрүнөн билип баштайсың. Аллах силердин иш-аракеттериңерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет.
47:31Page 510
وَلَنَبۡلُوَنَّكُمۡ حَتَّىٰ نَعۡلَمَ ٱلۡمُجَٰهِدِينَ مِنكُمۡ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَنَبۡلُوَاْ أَخۡبَارَكُمۡ ٣١
And We will surely test you until We make evident those who strive among you [for the cause of Allāh] and the patient, and We will test your affairs.
Оо, ыймандуулар! Биз силердин араңарда Аллах жолунда чындап согушкандарды жана душмандар менен согушууда сабырдуулук кылгандарды билиш үчүн согуш, душмандар менен салгылашуу жана өлтүрүү аркылуу сөзсүз сынайбыз. Ошондой эле силерден ким чынчыл, ким жалганчы экенин билиш үчүн да сынайбыз.
47:32Page 510
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَشَآقُّواْ ٱلرَّسُولَ مِنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلۡهُدَىٰ لَن يَضُرُّواْ ٱللَّهَ شَيۡـٔٗا وَسَيُحۡبِطُ أَعۡمَٰلَهُمۡ ٣٢
Indeed, those who disbelieved and averted [people] from the path of Allāh and opposed the Messenger after guidance had become clear to them - never will they harm Allāh at all, and He will render worthless their deeds.
Аллахка жана Анын элчисине каапыр болуп, өзүн жана башкаларды Аллахтын дининен тыйгандар, пайгамбардын пайгамбар экенин билгенден кийин ага каршы чыгып, душман болгондор Аллахка эч кандай зыян келтире албайт. Чынында, алар өздөрүнө гана зыян келтирет. Жакында Аллах алардын иш-аракеттерин жокко чыгарат.
47:33Page 510
۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَلَا تُبۡطِلُوٓاْ أَعۡمَٰلَكُمۡ ٣٣
O you who have believed, obey Allāh and obey the Messenger and do not invalidate your deeds.
О, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын жана Анын элчисинин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып моюн сунгула. Иш-аракеттериңерди каапыр болуу менен жана элге көрсөтүү үчүн жасап жокко чыгарып албагыла.
47:34Page 510
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ثُمَّ مَاتُواْ وَهُمۡ كُفَّارٞ فَلَن يَغۡفِرَ ٱللَّهُ لَهُمۡ ٣٤
Indeed, those who disbelieved and averted [people] from the path of Allāh and then died while they were disbelievers - never will Allāh forgive them.
Аллахка каапырлык кылгандар, өздөрүн жана адамдарды Аллахтын дининен буруп, андан соң тообо кылбастан каапырлыкта өлгөндөрдүн күнөөлөрүн Аллах эч качан кечирбейт.
47:35Page 510
فَلَا تَهِنُواْ وَتَدۡعُوٓاْ إِلَى ٱلسَّلۡمِ وَأَنتُمُ ٱلۡأَعۡلَوۡنَ وَٱللَّهُ مَعَكُمۡ وَلَن يَتِرَكُمۡ أَعۡمَٰلَكُمۡ ٣٥
So do not weaken and call for peace while you are superior; and Allāh is with you and will never deprive you of [the reward of] your deeds.
Оо, ыймандуулар! Душман менен беттешүүдө алсырабагыла! Алар силерди тынчтык келишимине чакырганга чейин силер аларды чакырбагыла. Силер алардын үстүнөн үстөмсүңөр, жеңүүчүсүңөр. Аллах Өз жардамы жана колдоосу менен силер менен бирге. Ал силердин иштериңердин соопторунан эч нерсени кемитпейт. Тескерисинче, айкөлдүгү жана берешендиги менен көбөйтүп берет.
47:36Page 510
إِنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٞ وَلَهۡوٞۚ وَإِن تُؤۡمِنُواْ وَتَتَّقُواْ يُؤۡتِكُمۡ أُجُورَكُمۡ وَلَا يَسۡـَٔلۡكُمۡ أَمۡوَٰلَكُمۡ ٣٦
[This] worldly life is only amusement and diversion. And if you believe and fear Allāh, He will give you your rewards and not ask you for your properties.
Чындыгында дүйнө жашоосу оюн жана көңүл ачуу. Андыктан акылы бар адам акырет ишин таштап дүйнө менен алектенбейт. Эгерде силер Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирсеңер жана Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштасаңар, анда Ал иш-аракеттериңердин сообун кемитпестен толук берет. Ал силердин мал-мүлкүңөрдүн баарын талап кылбайт. Чындыгында Ал силерден зекетке милдеттүүсүн гана талап кылат.
47:37Page 510
إِن يَسۡـَٔلۡكُمُوهَا فَيُحۡفِكُمۡ تَبۡخَلُواْ وَيُخۡرِجۡ أَضۡغَٰنَكُمۡ ٣٧
If He should ask you for them and press you, you would withhold, and He would expose your hatred [i.e., unwillingness].
Эгерде Ал силердин бардык мал-мүлкүңөрдү талап кылса жана аны талап кылууда айтканынан кайтпаса, анда силер сараңдык кылып баштайсыңар. Анан Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү Анын жолунда мал-мүлк сарптоого болгон жек көрүүңөрдү чыгарып коёт. Ошондуктан Ал силерге ырайым кылып аны талап кылган жок.
47:38Page 510
هَٰٓأَنتُمۡ هَٰٓؤُلَآءِ تُدۡعَوۡنَ لِتُنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَمِنكُم مَّن يَبۡخَلُۖ وَمَن يَبۡخَلۡ فَإِنَّمَا يَبۡخَلُ عَن نَّفۡسِهِۦۚ وَٱللَّهُ ٱلۡغَنِيُّ وَأَنتُمُ ٱلۡفُقَرَآءُۚ وَإِن تَتَوَلَّوۡاْ يَسۡتَبۡدِلۡ قَوۡمًا غَيۡرَكُمۡ ثُمَّ لَا يَكُونُوٓاْ أَمۡثَٰلَكُم ٣٨
Here you are - those invited to spend in the cause of Allāh - but among you are those who withhold [out of greed]. And whoever withholds only withholds [benefit] from himself; and Allāh is the Free of need, while you are the needy. And if you turn away [i.e., refuse], He will replace you with another people; then they will not be the likes of you.
Мына силер мал-мүлкүңөрдүн бир бөлүгүн Аллах жолуна сарптоого чакырылдыңар, силерден анын баарын сарпта деп талап кылынган жок. Араңарда кээ бирлер сараңдыктан улам талап кылынган өлчөмдү бербейт. Кимде-ким мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн Аллах жолуна сарптоого сараңдык кылса, анда ал аныгында сооптон куру калып өзүнө гана сараңдык кылды. Аллах Беймуктаж, Ал силердин сарптаганыңарга муктаж эмес. Силер Ага мужтажсыңар. Эгерде силер Исламдан каапырлыкка кайтсаңар, Ал силерди кыйратып, ордуңарга башка коомду алып келет. Кийин алар силердей болушпайт. Тескерисинче, алар Ага моюн сунушат.
Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences