Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz
الفاتحة
Al-Fatihah
The Opener · Meccan · 7 ayahs
1:1Page 1
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ ١
In the name of Allāh,1 the Entirely Merciful, the Especially Merciful.2
Аллах Тааладан жардам сурап, Аны атын айтуу менен береке тилеп, Куран окууну Анын аты менен баштаймын. «Бисмиллах…» сөзү Аллахтын үч көркөм ысымын өзүнө камтыган: биринчиси, «Аллах» – сыйынууга чыныгы татыктуу Зат, бул ысым Аллах Тааланын Өзүнө гана тиешелүү жана Андан башка эч кимге ыйгарылбайт. Экинчиси, «Ар-Рахман» – чексиз ырайым Ээси жана Өз затында ырайымдуу. Үчүнчүсү, «Ар-Рахим» – жеткиликтүү ырайым Ээси жана Өз ырайымы менен жараткандарынын каалаганына, алардын ичинен ыймандуу пенделерине ырайым кылат.
1:2Page 1
ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٢
[All] praise is [due] to Allāh, Lord1 of the worlds -
Улуктук жана толуктук сыпаттардан турган мактоонун бардык түрлөрү Ага гана таандык жана алар Андан башкаларга ылайык келбейт. Анткени Ал бардык нерселердин Раббиси, Жаратуучусу жана Башкаруучусу. Ал эми «ааламдар» деп Аллах Тааладан башка бардык нерселерге айтылат.
Булар мурдагы аяттагы мактоодон кийинки Аллах Таалага карата айтылган даңазалоо сөздөрү.
Кыямат күндөгү бардык нерселердин Падышасы болгон Аллах Таалага карата айтылган улуктоо. Анткени ал күндө эч ким эч нерсеге ээлик кыла албайт. «Яумуд-дин» – сурак берүү, сыйлык жана жаза алуу күнү.
Биз ибадаттын жана баш ийүүнүн бардык түрүн Өзүңө гана арнайбыз. Сага эч нерсени шерик кылбайбыз. Бардык иштерибизде Сенден гана жардам сурайбыз. Жакшылыктын баары Сенин колуңда, Сенден башка жардам берүүчү жок.
Бизди туура жолго багыттап, ошол жолдо алып жүр, ага бекем кыл жана хидаятабызды көбөйт. «Сирот ал-Мустаким» – эч кандай бурмалануусу жок ачык-айкын жол жана ал Аллах Мухаммадга түшүргөн Ислам дини.
1:7Page 1
صِرَٰطَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِمۡ غَيۡرِ ٱلۡمَغۡضُوبِ عَلَيۡهِمۡ وَلَا ٱلضَّآلِّينَ ٧
The path of those upon whom You have bestowed favor, not of those who have earned [Your] anger or of those who are astray.
Ал жол – Өзүң жакшылыктарыңды берип, туура жолго баштаган пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер, тууралыкты карманган адамдар сыяктуу пенделериңдин жолу. Алар кандай гана сонун жолдоштор! Акыйкатты билип туруп, аны ээрчибеген, Сенин каарыңа калган жөөттөр сыяктуу жана ошондой эле акыйкатты жана туура жолго түшүүнү талаптагындай издебегени үчүн акыйкаттан адашкан христиандар сыяктуулардын жолуна баштаба.
Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences