Al-MukhtasarAl‑Hajj · 22:52–78

Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz

Al-Hajj 22:52–78

22:52Page 338

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رَّسُولٖ وَلَا نَبِيٍّ إِلَّآ إِذَا تَمَنَّىٰٓ أَلۡقَى ٱلشَّيۡطَٰنُ فِيٓ أُمۡنِيَّتِهِۦ فَيَنسَخُ ٱللَّهُ مَا يُلۡقِي ٱلشَّيۡطَٰنُ ثُمَّ يُحۡكِمُ ٱللَّهُ ءَايَٰتِهِۦۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ ٥٢

And We did not send before you any messenger or prophet except that when he spoke [or recited], Satan threw into it [some misunderstanding]. But Allāh abolishes that which Satan throws in; then Allāh makes precise His verses.1 And Allāh is Knowing and Wise.

Оо, пайгамбар! Биз сенден мурда кандай элчи же пайгамбар жибербейли, ал Аллахтын китебин окуп жатканда шайтан анын окуган кыраатына аны вахийден дегендей кылып адамдарды чаташтырган нерселерди байкатпай кошкон. Аллах шайтан кошкон нерселерди жок кылат жана Өз аяттарын бекем орнотот. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал жаратууда, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман.

22:53Page 338

لِّيَجۡعَلَ مَا يُلۡقِي ٱلشَّيۡطَٰنُ فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمۡۗ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَفِي شِقَاقِۭ بَعِيدٖ ٥٣

[That is] so He may make what Satan throws in [i.e., asserts] a trial for those within whose hearts is disease1 and those hard of heart. And indeed, the wrongdoers are in extreme dissension.

Шайтан пайгамбардын окуганына кошкон нерселерди Аллах эки жүздүүлөр үчүн жана жүрөктөрү мерез болуп катып калган мушриктер үчүн сыноо кылып койду. Чындыгында эки жүздүүлөрдөн жана мушриктерден болгон залымдар Аллах жана Анын элчиси менен анык душмандыкта жана акыйкат жолдон алыс.

22:54Page 338

وَلِيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَيُؤۡمِنُواْ بِهِۦ فَتُخۡبِتَ لَهُۥ قُلُوبُهُمۡۗ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهَادِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ ٥٤

And so those who were given knowledge may know that it is the truth from your Lord and [therefore] believe in it, and their hearts humbly submit to it. And indeed is Allāh the Guide of those who have believed to a straight path.

Аллах илим берген адамдар Мухаммадга түшкөн Куран акыйкат экенин анык билишсин. Оо, пайгамбар! Аллах аны сага вахий кылды, ошондо ал себептүү алардын ыймандары күчөдү жана жүрөктөрү Ага моюн сунду. Чындыгында Аллах ыйман келтиргендерди эч кандай бурмаланбаган түз акыйкат жолго салат. Бул алардын Ага моюн сунгандарынын сыйлыгы.

22:55Page 338

وَلَا يَزَالُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي مِرۡيَةٖ مِّنۡهُ حَتَّىٰ تَأۡتِيَهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغۡتَةً أَوۡ يَأۡتِيَهُمۡ عَذَابُ يَوۡمٍ عَقِيمٍ ٥٥

But those who disbelieve will not cease to be in doubt of it until the Hour comes upon them unexpectedly or there comes to them the punishment of a barren Day.1

Аллахка каапыр болгондор жана Анын элчисин жалганга чыгаргандар Аллах сага түшүргөн Куранга шектене берет. Алардын бул кылыгы, капыстан Кыямат кайым болгонго чейин же аларга эч кандай жакшылык жана ырайым болбой турган күн келгенге чейин улана берет, бул күн алар үчүн Кыямат болот.

22:56Page 339

ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ ٥٦

[All] sovereignty that Day is for Allāh;1 He will judge between them. So they who believed and did righteous deeds will be in the Gardens of Pleasure.

Азап убада кылынгандар билип алышсын: келе турган кыямат күнүндөгү бийлик Аллахка гана таандык. Ал күндө Аны менен эч ким талашып тартышпайт. Ал ыймандуулар менен каапырлардын ортосунда өкүм кылат. Алардын ар бирине өздөрүнө ылайык өкүм кылат. Ошондо Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн эч качан бүтпөгөн түбөлүк жыргалчылык бейиштери болгон улуу сооптор бар.

22:57Page 339

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ ٥٧

And they who disbelieved and denied Our signs - for those there will be a humiliating punishment.

Ал эми Аллахка каапырлык кылып, пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар үчүн тозокто Аллах аларды кордогон азап бар.

22:58Page 339

وَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ثُمَّ قُتِلُوٓاْ أَوۡ مَاتُواْ لَيَرۡزُقَنَّهُمُ ٱللَّهُ رِزۡقًا حَسَنٗاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ ٥٨

And those who emigrated for the cause of Allāh and then were killed or died - Allāh will surely provide for them a good provision. And indeed, it is Allāh who is the best of providers.

Аллахтын ыраазылыгын жана динди кубаттоону көздөп өз үй-жайларын жана мекенин таштап, кийин Анын жолунда согушта өлтүрүлгөндөргө же өлгөндөргө Аллах бейиште эч качан түгөнбөгөн эң сонун ырыскыларды берет. Чындыгында Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.

22:59Page 339

لَيُدۡخِلَنَّهُم مُّدۡخَلٗا يَرۡضَوۡنَهُۥۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَلِيمٌ حَلِيمٞ ٥٩

He will surely cause them to enter an entrance with which they will be pleased, and indeed, Allāh is Knowing and Forbearing.

Аллах аларды өздөрү ыраазы болгон бейиш жайларына сөзсүз киргизет. Чындыгында Аллах алардын кылган иш-аракеттерин жана ниеттерин анык Билүүчү. Жана Ал алардын кемчиликтери үчүн жазаны тездетпеген Кең пейил.

22:60Page 339

۞ ذَٰلِكَۖ وَمَنۡ عَاقَبَ بِمِثۡلِ مَا عُوقِبَ بِهِۦ ثُمَّ بُغِيَ عَلَيۡهِ لَيَنصُرَنَّهُ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٞ ٦٠

That [is so]. And whoever responds [to injustice] with the equivalent of that with which he was harmed and then is tyrannized - Allāh will surely aid him. Indeed, Allāh is Pardoning and Forgiving.1

Бул айтылгандар, башкача айтканда Аллах жолунда көчкөндөрдү бейишке киргизүү, залымга өзүндөй кылып жооп кайтаруунун уруксаттыгы, ал бул нерседе күнөөкөр болбойт. Эгерде залым кайра дагы зулумдук кыла турган болсо, Аллах залымга каршы ага жардам берет. Чындыгында Аллах ыймандуулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга дайым кечиримдүү.

22:61Page 339

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَأَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٞ ٦١

That1 is because Allāh causes the night to enter the day and causes the day to enter the night and because Allāh is Hearing and Seeing.

Бул жапа чеккен адамга болгон колдоо. Анткени Аллах Өзү каалаган нерсеге кудуреттүү. Анын кудуреттүүлүгүнөн — бирин экинчисинен узартып же кыскартып түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ага алардын эч бири жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет.

22:62Page 339

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ هُوَ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ ٦٢

That is because Allāh is the True Reality, and that which they call upon other than Him is falsehood, and because Allāh is the Most High, the Grand.

Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизгени тууралуу бул айтылгандар Аллахтын Өзү Акыйкат Зат экендигин көргөзүп-билгизет, ошондой эле Анын дини акыйкат, убадасы акыйкат жана ыймандууларды колдоосу акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка айкел-буттар эч кандай негизи жок жалган. Жана Аллах Өзүнүн Заты, кудурети жана каардуулугу менен жаратылгандардан Бийик жана Өзүнүн бийик тутуусу, улуктугу жана ыйыктыгы менен Улук.

22:63Page 339

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَتُصۡبِحُ ٱلۡأَرۡضُ مُخۡضَرَّةًۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٞ ٦٣

Do you not see that Allāh has sent down rain from the sky and the earth becomes green? Indeed, Allāh is Subtle1 and Aware.2

Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан жамгырды түшүрүп, ал жааган жамгырдан кийин жерден өсүмдүктөр өнүп чыгып ал жапжашыл болуп калды. Чындыгында Аллах пенделерине Мээримдүү, анткени аларга жамгырды түшүрдү жана жерден өсүмдүктөр чыкты. Ал пенделерине эмне пайдалуу экенин эң жакшы Билүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес.

22:64Page 339

لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ ٦٤

To Him belongs what is in the heavens and what is on the earth. And indeed, Allāh is the Free of need, the Praiseworthy.

Асмандардагы жана жердеги бардык мүлк жалгыз Ага гана таандык. Чындыгында Аллах Өзү гана эч бир нерсеге, эч кимге муктаж болбогон Бай, бүткүл абалда Мактоого татыктуу.

22:65Page 340

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡفُلۡكَ تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِأَمۡرِهِۦ وَيُمۡسِكُ ٱلسَّمَآءَ أَن تَقَعَ عَلَى ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِٱلنَّاسِ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ ٦٥

Do you not see that Allāh has subjected to you whatever is on the earth and the ships which run through the sea by His command? And He restrains the sky from falling upon the earth, unless by His permission. Indeed Allāh, to the people, is Kind and Merciful.

Оо, пайгамбар! Аллах сага жана адамдарга жер бетиндеги жаныбарларды, жансыз заттарды өзүңөрдүн пайдаңар жана муктаждыгыңар үчүн баш ийдирип койгонун, ошондой эле Анын буйругу жана моюн сундуруусу менен бир шаардан экинчи шаарга деңизде сүзгөн кемелерде силер жүргөнгө жеңил кылып койгонун көрбөдүңбү? Ал Өз уруксаты менен асманды жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Эгер Ал ага кулап кетүүгө уруксат бергенде, ал сөзсүз куламак. Чындыгында Аллах адамдарга Мээримдүү, Ырайымдуу. Анткени Ал адамдардын зулумдугуна карабастан бул нерселерди аларга моюн сундуруп койду.

22:66Page 340

وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَحۡيَاكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡۗ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَكَفُورٞ ٦٦

And He is the one who gave you life; then He causes you to die and then will [again] give you life. Indeed, mankind is ungrateful.

Аллах силерди жок нерседен жаратып тирилтти. Кийин өмүрүңөр бүткөндө силерди өлтүрөт. Андан соң өлүмдөн кийин кылган иш-аракеттериңерге сурак алыш үчүн жана анын сыйлык же жазасын бериш үчүн силерди кайра тирилтет. Чындыгында инсан Аллахтан башкага сыйынуу менен Анын жакшылыктары ачык-айкын көрүнүп турса да, танып кетүүчү.

22:67Page 340

لِّكُلِّ أُمَّةٖ جَعَلۡنَا مَنسَكًا هُمۡ نَاسِكُوهُۖ فَلَا يُنَٰزِعُنَّكَ فِي ٱلۡأَمۡرِۚ وَٱدۡعُ إِلَىٰ رَبِّكَۖ إِنَّكَ لَعَلَىٰ هُدٗى مُّسۡتَقِيمٖ ٦٧

For every [religious] community We have appointed rites which they perform. So, [O Muḥammad], let them [i.e., the disbelievers] not contend with you over the matter but invite [them] to your Lord. Indeed, you are upon straight guidance.

Биз ар бир дин ээлерине өзүнчө шарият кылганбыз. Алар өз шарияттарын аткарышкан. Оо, пайгамбар! Мушриктер жана башка диндегилер сенин шариятың тууралуу талашпасын! Сен аларга караганга акыйкатка татыктуусуң. Анткени алар туура эмес жолдогулар. Адамдарды жалгыз Аллахка гана ыкластуулук менен сыйынууга чакыр! Чындыгында сен эч кандай бурмалануусу жок түз жолдосуң.

22:68Page 340

وَإِن جَٰدَلُوكَ فَقُلِ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُونَ ٦٨

And if they dispute with you, then say, "Allāh is most knowing of what you do.

Эгерде алар буга да көнүшпөй, далилдин ачыктыгынан кийин да сени менен талаша беришсе, анда алардын ишин Аллахка тапшыр да, аларга эскертүү иретинде айт: «Аллах силер кылып жаткан иштериңерди жакшы билет. Кылган иштериңердин эч бири ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге жазасын же сыйлыгын берет».

22:69Page 340

ٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ ٦٩

Allāh will judge between you on the Day of Resurrection concerning that over which you used to differ."

Аллах кыямат күнү ыймандуулар менен каапырлардын бул дүйнөдөгү динге байланышкан иштердеги талашып тартышкан нерселери тууралуу пенделеринин ортосунда өкүм кылат.

22:70Page 340

أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ ٧٠

Do you not know that Allāh knows what is in the heaven and earth? Indeed, that is in a Record.1 Indeed that, for Allāh, is easy.

Оо, пайгамбар! Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги нерселердин бардыгын билет. Алардагы эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Чындыгында мунун илими сакталган Тагдыр Китепте жазылган. Бул илимдин баарысы Аллахга жеңил.

22:71Page 340

وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ سُلۡطَٰنٗا وَمَا لَيۡسَ لَهُم بِهِۦ عِلۡمٞۗ وَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِن نَّصِيرٖ ٧١

And they worship besides Allāh that for which He has not sent down authority and that of which they have no knowledge. And there will not be for the wrongdoers any helper.

Мушриктер Аллахтан башка айкел-буттарга сыйынышат, бирок Аллах китептеринде аларга сыйынууга эч кандай далил түшүргөн эмес. Жана алардын илимден да ага эч кандай далилдери жок. Алардын таянган нерсеси – ата-бабаларына сокур ээрчүүлөрү гана. Залимдерге түшкөн Аллахтын азабын токтоткон эч бир жардамчы, коргоочу болбойт.

22:72Page 340

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلۡمُنكَرَۖ يَكَادُونَ يَسۡطُونَ بِٱلَّذِينَ يَتۡلُونَ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَاۗ قُلۡ أَفَأُنَبِّئُكُم بِشَرّٖ مِّن ذَٰلِكُمُۚ ٱلنَّارُ وَعَدَهَا ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ ٧٢

And when Our verses are recited to them as clear evidences, you recognize in the faces of those who disbelieve disapproval. They are almost on the verge of assaulting those who recite to them Our verses. Say, "Then shall I inform you of [what is] worse than that?1 [It is] the Fire which Allāh has promised those who disbelieve, and wretched is the destination."

Эгерде сен аларга ачык-айкын Куран аяттарын окусаң, Аллахка каапырлык кылышкандар аларды уккан кезде кабагын түйүп жактырбагандарын жүздөрүнөн эле билесиң. Алар катуу ызырынганынан Биздин аяттарыбызды окугандарды мыкчып салгылары келет. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул ызырынганыңардан, кабагыңарды түйгөнүңөрдөн да жаман нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах каапырларды ага киргизем деп убада кылган. Ал бара турган жай кандай гана жаман!».

22:73Page 341

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٞ فَٱسۡتَمِعُواْ لَهُۥٓۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَن يَخۡلُقُواْ ذُبَابٗا وَلَوِ ٱجۡتَمَعُواْ لَهُۥۖ وَإِن يَسۡلُبۡهُمُ ٱلذُّبَابُ شَيۡـٔٗا لَّا يَسۡتَنقِذُوهُ مِنۡهُۚ ضَعُفَ ٱلطَّالِبُ وَٱلۡمَطۡلُوبُ ٧٣

O people, an example is presented, so listen to it. Indeed, those you invoke besides Allāh will never create [as much as] a fly, even if they gathered together for it [i.e., that purpose]. And if the fly should steal from them a [tiny] thing, they could not recover it from him. Weak are the pursuer and pursued.1

Эй, адамдар! Келтирилген мисалга кулак салгыла, сабак алгыла, чындыгында силер сыйынып жаткан Аллахтан башка айкел-буттар алсыздыктары себептүү кичинекей болгон чымынды да жарата алышпайт. Эгерде алардын баары биригип аны жаратабыз дешсе да жарата алышпайт. А эгер ал чымын айкел-буттардын үстүндөгү атырдан же ошол сыяктуу нерседен алып алса, алар аны андан кайтара да алышпайт. Алар чымынды да жарата алышпаса жана андан өз нерселерин да кайтарып ала алышпаса, анда алар андан чоң нерселерди жарата албашы анык нерсе. Анан Аллахтан башка аларга алсыздыгына карабай кантип сыйынып жатасыңар?! Талап кылуучу да алсыз, ал айкел кудайы, ал чымын алып койгон нерсени да кайтарып ала албайт. Жана талап кылынганы да алсыз, анысы болсо чымын.

22:74Page 341

مَا قَدَرُواْ ٱللَّهَ حَقَّ قَدۡرِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ ٧٤

They have not appraised Allāh with true appraisal.1 Indeed, Allāh is Powerful and Exalted in Might.

Алар Аллах менен катар кээ бир нерселерге сыйынып Аны чындап улукташпады. Чындыгында Аллах өтө Кубаттуу. Асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы нерселерди жаратуу Анын күч-кудуреттүүлүгүнөн. Ал Кудуреттүү. Аны эч ким жеңе албайт. Ал эми мушриктердин айкел-буттары эч нерсени жарата албаган алсыз жана төмөн.

22:75Page 341

ٱللَّهُ يَصۡطَفِي مِنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ رُسُلٗا وَمِنَ ٱلنَّاسِۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٞ ٧٥

Allāh chooses from the angels messengers and from the people. Indeed, Allāh is Hearing and Seeing.

Аллах таала периштелерден элчилерди тандап алат жана адамдардан да элчилерди тандап алат. Ал Жебрейил сыяктуу периштелердин кээ бирин адамзаттан болгон пайгамбарларга жиберди. Ошондой эле адамзаттан болгон элчилерди өздөрүнө окшогон инсандарга жиберди. Чындыгында Аллах мушриктердин Анын элчилери тууралуу айтып жаткандарын Угуучу жана элчиликке кимди тандаш керек экенин Билүүчү.

22:76Page 341

يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ ٧٦

He knows what is [presently] before them and what will be after them.1 And to Allāh will be returned [all] matters.

Аллах таала периштелерден жана адамзаттан болгон элчилеринин алар жаралганга чейинки жана өлүмдөн кийинки абалдарын билет. Кыяматта иштер жалгыз Аллахка гана кайтат. Анткени Ал пенделерин кайра тирилтип, алардын кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын берет.

22:77Page 341

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱرۡكَعُواْ وَٱسۡجُدُواْۤ وَٱعۡبُدُواْ رَبَّكُمۡ وَٱفۡعَلُواْ ٱلۡخَيۡرَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ۩ ٧٧

O you who have believed, bow and prostrate and worship your Lord and do good - that you may succeed.

О, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын шариятын аткаргандар! Көздөгөнүңөргө жетүү жана коркконуңардан кутулууну үмүт кылсаңар, анда үрүкү жана сажданы жалгыз Аллахка багыштап намаз окугула! Ошондой эле садага берүү, карым-катнаш кылуу сымал жакшы иштерди аткаргыла!

22:78Page 341

وَجَٰهِدُواْ فِي ٱللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِۦۚ هُوَ ٱجۡتَبَىٰكُمۡ وَمَا جَعَلَ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلدِّينِ مِنۡ حَرَجٖۚ مِّلَّةَ أَبِيكُمۡ إِبۡرَٰهِيمَۚ هُوَ سَمَّىٰكُمُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ مِن قَبۡلُ وَفِي هَٰذَا لِيَكُونَ ٱلرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيۡكُمۡ وَتَكُونُواْ شُهَدَآءَ عَلَى ٱلنَّاسِۚ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱعۡتَصِمُواْ بِٱللَّهِ هُوَ مَوۡلَىٰكُمۡۖ فَنِعۡمَ ٱلۡمَوۡلَىٰ وَنِعۡمَ ٱلنَّصِيرُ ٧٨

And strive for Allāh with the striving due to Him. He has chosen you and has not placed upon you in the religion any difficulty. [It is] the religion of your father, Abraham. He [i.e., Allāh] named you "Muslims" before [in former scriptures] and in this [revelation] that the Messenger may be a witness over you and you may be witnesses over the people. So establish prayer and give zakāh and hold fast to Allāh. He is your protector; and excellent is the protector, and excellent is the helper.

Силер Аллах жолунда Анын ыраазылыгы үчүн гана согушкула! Ал силерди тандады жана диниңерди эч кандай тардыгы, катуулугу болбогон айкөл кылды. Бул айкөл дин – силердин бабаңар Ибрахимдин дини. Пайгамбар өзүнө буйрулган нерсени силерге жеткиргенине күбө болушу үчүн жана силер дагы мурунку пайгамбарлар өз үммөттөрүнө жеткиргенине күбө болууңар үчүн Аллах силерди мурунку китептерде жана Куранда “мусулмандар” деп атады. Эми силер ушул нерселерге намазды толук аткаруу менен Аллахка шүгүр кылгыла! Ошондой эле мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле, Аллахка калкалангыла, бардык ишиңерде Ага гана таянгыла! Ал колдоо сураган ыймандууларга кандай жакшы Колдоочу! Жана Ал жардам сурагандарга кандай жакшы жардам Берүүчү! Аны кожоюн тутсаңар Ал силерди колдойт, Андан жардам сурасаңар Ал жардам берет.

Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences

Contents

Ayat al-Kursi36Al-Kahfpage 42juz 15Bukhari 1Muslim 2999

Style

Theme
Text size
Layout

Читать на русском