Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz
Al-Mu'minun 23:75–118
23:75Page 347
۞ وَلَوۡ رَحِمۡنَٰهُمۡ وَكَشَفۡنَا مَا بِهِم مِّن ضُرّٖ لَّلَجُّواْ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ ٧٥
And even if We gave them mercy and removed what was upon them of affliction, they would persist in their transgression, wandering blindly.
Эгер Биз аларга ырайым кылып, алардын башына түшкөн кургакчылыкты, ачкачылыкты кетирген болсок да алар акыйкат жолдон адашуусунан баш тартпай темселеп жүрө беришет.
23:76Page 347
وَلَقَدۡ أَخَذۡنَٰهُم بِٱلۡعَذَابِ فَمَا ٱسۡتَكَانُواْ لِرَبِّهِمۡ وَمَا يَتَضَرَّعُونَ ٧٦
And We had gripped them with suffering [as a warning], but they did not yield to their Lord, nor did they humbly supplicate, [and will continue thus]
Биз аларды ар кандай кыйынчылыктар менен сынадык. Бирок алар Раббисине моюн сунушкан жок жана аларга түшкөн кыйынчылыктардан куткар деп жалынып дуба да кылышкан жок.
23:77Page 347
حَتَّىٰٓ إِذَا فَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَابٗا ذَا عَذَابٖ شَدِيدٍ إِذَا هُمۡ فِيهِ مُبۡلِسُونَ ٧٧
Until when We have opened before them a door of severe punishment, immediately they will be therein in despair.
Качан Биз аларга катуу азаптын эшигин ачканда алар бардык жакшылыктан жана кутулуудан үмүттөрүн үзүшөт.
23:78Page 347
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ ٧٨
And it is He who produced for you hearing and vision and hearts [i.e., intellect]; little are you grateful.
Эй, кайра тирилүүнү жалган дегендер! Аллах силерге угуу үчүн кулакты, көрүү үчүн көздү, түшүнүү үчүн жүрөктү жаратты. Буга карабастан силер бул жакшылыктар үчүн аз гана шүгүр кыласыңар.
23:79Page 347
وَهُوَ ٱلَّذِي ذَرَأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ ٧٩
And it is He who has multiplied you throughout the earth, and to Him you will be gathered.
Эй, адамдар! Ал силерди жер бетинде жаратты. Жана силер сурак берип, жаза же сыйлык алыш үчүн кыямат күнү жалгыз Ага гана чогултуласыңар.
23:80Page 347
وَهُوَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ وَلَهُ ٱخۡتِلَٰفُ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ ٨٠
And it is He who gives life and causes death, and His is the alternation of the night and the day. Then will you not reason?
Ал жалгыз Өзү гана тирилтет, Андан башка тирилтүүчү жок. Ал жалгыз Өзү гана өлтүрөт, Андан башка өлтүрүүчү жок. Ал жалгыз Өзү түн менен күндүн алмашуусундагы караңгылыкты, жарыкты, алардын узундугу менен кыскалыгын белгилейт. Силер Анын кудуреттүүлүгүнө акыл жүгүртпөйсүңөрбү жана жаратуу менен башкаруу Ага гана таандык дебейсиңерби?!
23:81Page 347
بَلۡ قَالُواْ مِثۡلَ مَا قَالَ ٱلۡأَوَّلُونَ ٨١
Rather,1 they say like what the former peoples said.
Бирок алар каапырлыкта мурунку ата-бабалары айткан сөздөрдү айтышты.
23:82Page 347
قَالُوٓاْ أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ ٨٢
They said, "When we have died and become dust and bones, are we indeed to be resurrected?
Мүмкүн эмес дегендей четке кагып мындай дешти: «Биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин сурак бериш үчүн кайрадан тирилет бекенбиз?!
23:83Page 347
لَقَدۡ وُعِدۡنَا نَحۡنُ وَءَابَآؤُنَا هَٰذَا مِن قَبۡلُ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ٨٣
We have been promised this, we and our forefathers, before; this is not but legends of the former peoples."
Өлгөндөн кийин кайра тирилүү тууралуу айтылган бул удада бизге жана бизге чейинки ата-бабаларыбызга да убада кылынган. Биз бул убаданы ишке ашпайт деп ойлойбуз. Бул байыркылардын жомоктору менен уламыштарынан башка эч нерсе эмес.
23:84Page 347
قُل لِّمَنِ ٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهَآ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٨٤
Say, [O Muḥammad], "To whom belongs the earth and whoever is in it, if you should know?"
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четке каккан ал каапырлардан сурачы: «Эгер билсеңер айткылачы, бул Жер жана андагы нерселер кимге таандык?».
23:85Page 347
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ ٨٥
They will say, "To Allāh." Say, "Then will you not remember?"
Алар: «Жер жана андагы нерселер Аллахка таандык»,– деп жооп беришет. Аларга айт: «Эстебейсиңерби, ошол Жерге жана андагыларга ээлик кылган Аллах силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?».
23:86Page 347
قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ ٱلسَّبۡعِ وَرَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ ٨٦
Say, "Who is Lord of the seven heavens and Lord of the Great Throne?"
Аларга айт: «Жети асмандын Раббиси ким? Аллах жараткандардын эң чоңу болгон улуу Арштын Раббиси ким?».
23:87Page 347
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ ٨٧
They will say, "[They belong] to Allāh." Say, "Then will you not fear Him?"
Алар: «Жети асман жана улуу Арш Аллахтын мүлкү»,– деп жооп беришет. Аларга айт: «Аллахтын азабынан кутулуу үчүн Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?».
23:88Page 347
قُلۡ مَنۢ بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيۡهِ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٨٨
Say, "In whose hand is the realm of all things - and He protects while none can protect against Him - if you should know?"
Аларга айт: «Бүткүл нерсенин бийлиги кимдин колунда? Анын бийлигинен эч бир нерсе чыгып кетпейт. Ал Өзү каалаган пендесине жардам берет. Ал кимге жамандыкты кааласа, эч ким аны азаптан куткарып, коргоп кала албайт. Эгер (башка бирөө болсо) билсеңер айткылачы?».
23:89Page 347
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ فَأَنَّىٰ تُسۡحَرُونَ ٨٩
They will say, "[All belongs] to Allāh." Say, "Then how are you deluded?"
Алар: «Бүткүл нерсенин бийлиги Аллахтын гана колунда»,– дешет. Аларга айт: «Муну мойнуңарга алган болсоңор, анда эмнеге акылыңардан адашып, Андан башка нерселерге сыйынып жатасыңар?»
23:90Page 348
بَلۡ أَتَيۡنَٰهُم بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ ٩٠
Rather, We have brought them the truth, and indeed they are liars.
Алар ойлогондой эмес! Тескерисинче, Биз аларга эч кандай шек-күмөнү болбогон акыйкатты алып келдик. Ал эми алардын Аллахтын шериги жана баласы бар деген ойлору анык жалган. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн аруу жана бийик.
23:91Page 348
مَا ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ مِن وَلَدٖ وَمَا كَانَ مَعَهُۥ مِنۡ إِلَٰهٍۚ إِذٗا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهِۭ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ ٩١
Allāh has not taken any son, nor has there ever been with Him any deity. [If there had been], then each deity would have taken what it created, and some of them would have [sought to] overcome others. Exalted is Allāh above what they describe [concerning Him].
Каапырлар ойлогондой Аллах эч кимди Өзүнө бала кылган эмес жана Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай жок. Эгерде Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай болгондо, анда алардын ар бири өзү жараткан нерселерин бөлүп кетмек жана бири-бирине үстөмдүк кылмак, анан ааламдын тартиби бузулмак. Акыйкатта андай нерсе болгон жок. Демек, бул нерсе сыйынууга татыктуу жалгыз кудай – Аллах экендигине далил болот. Аллах мушриктер Ага таңуулап баласы бар жана шериги бар деген сыяктуу Ага туура келбеген сыпаттардан аруу жана ыйык.
23:92Page 348
عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ ٩٢
[He is] Knower of the unseen and the witnessed, so high is He above what they associate [with Him].
Ал инсандарга жана башка жаратылгандарга билинбеген ар бир нерсени Билүүчү. Ошондой эле көрүнгөн, көрүнбөгөн же сезилбеген болсун ар бир нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах шериктерден аруу.
23:93Page 348
قُل رَّبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ ٩٣
Say, [O Muḥammad], "My Lord, if You should show me that which they are promised,
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Эгер мага мушриктерге убада кылган азапты көргөзө турган болсоң.
23:94Page 348
رَبِّ فَلَا تَجۡعَلۡنِي فِي ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ٩٤
My Lord, then do not place me among the wrongdoing people."
Оо, Раббим! Эгер Сен аларды жазалай турган болсоң жана мен аны көргөн болсом, анда мени алардын арасында калтырба. Аларга түшкөн азап мага да тийип калбасын».
23:95Page 348
وَإِنَّا عَلَىٰٓ أَن نُّرِيَكَ مَا نَعِدُهُمۡ لَقَٰدِرُونَ ٩٥
And indeed, We are Able to show you what We have promised them.
Чындыгында Биз аларга убада кылган азапты сага да көргөзүүгө кудуретибиз жетет. Биз аны да, башкасын да кылууга алсыз эмеспиз.
23:96Page 348
ٱدۡفَعۡ بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ ٱلسَّيِّئَةَۚ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَصِفُونَ ٩٦
Repel, by [means of] what is best, [their] evil. We are most knowing of what they describe.
Оо, пайгамбар! Сага жамандык кылган адамга эң жакшы сыпатта, кечирим менен жооп бер. Анын берген зыянына сабыр кыл. Биз алар сыпаттап жаткан ширк, жалганга чыгарууну, ошондой эле жинди, сыйкырчы деп сага ылайык келбеген сыпаттарды айтып жаткандарын жакшы билебиз.
23:97Page 348
وَقُل رَّبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنۡ هَمَزَٰتِ ٱلشَّيَٰطِينِ ٩٧
And say, "My Lord, I seek refuge in You from the incitements of the devils,
Айткын: «Оо, Раббим! Мен Өзүң менен жин-шайтандардын азгырыктарынан жана жаман ойлорунан, куулуулуктарынан коргономун.
23:98Page 348
وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَن يَحۡضُرُونِ ٩٨
And I seek refuge in You, my Lord, lest they be present with me."
Оо, Раббим! Алар менин иштериме аралашуусунан Сенден коргоо сураймын».
23:99Page 348
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَهُمُ ٱلۡمَوۡتُ قَالَ رَبِّ ٱرۡجِعُونِ ٩٩
[For such is the state of the disbelievers] until, when death comes to one of them, he says, "My Lord, send me back
Качан ал мушриктердин бирине өлүм келип, аны өз көзү менен көргөн кезде ал өткөргөн өмүрүнө жана Аллахтын алдындагы милдеттерин аткарбаганга өкүнүп мындай деп айтат: «Оо, Раббим! Мени дүйнөгө кайтара көр!
23:100Page 348
لَعَلِّيٓ أَعۡمَلُ صَٰلِحٗا فِيمَا تَرَكۡتُۚ كـَلَّآۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَآئِلُهَاۖ وَمِن وَرَآئِهِم بَرۡزَخٌ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ ١٠٠
That I might do righteousness in that which I left behind."1 No! It is only a word he is saying; and behind them is a barrier until the Day they are resurrected.
"Аттиң, эгер кайра жаралсам, жакшы иштерди кылмакмын" (дейт). Жок, иш ал талап кылгандай болбойт! Чынында, бул жөн эле айтылган сөз. Эгер ал дүйнө жашоосуна кайра кайтарылса да айткан убадасын аткарбайт. Ал өлгөн адамдар кайра тирилүү күнүнө чейин дүйнө менен акыреттин ортосун бөлгөн жайда болот. Алар өткөрүп жиберген ишин кайра аткаруу жана бузуку иштерин кайра оңдоо үчүн дүйнө жашоосуна кайтып келбейт.
23:101Page 348
فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَلَآ أَنسَابَ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ وَلَا يَتَسَآءَلُونَ ١٠١
So when the Horn is blown, no relationship will there be among them that Day, nor will they ask about one another.
Сурнай тартууга жоопкер болгон периште кыяматтын башталганын жар салып экинчи жолу сурнайды тарткан кезде алардын ортосундагы сыймыктанышкан тууганчылыгы да жок болот. Анткени алар акыреттеги коркунучтар менен алек болуп калышат. Ошондой эле аларга түшкөн чоң мүшкүл убайымга салган себептүү алар бири-бирин да сурашпай калат.
23:102Page 348
فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ١٠٢
And those whose scales are heavy [with good deeds] - it is they who are the successful.
Кимдин сооптору күнөөлөрүнөн көптүк кылып таразасы оор болсо, мына ошолор көздөгөнүнө жетип жана коркунучтардан кутулуп ийгиликке жеткендер.
23:103Page 348
وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فِي جَهَنَّمَ خَٰلِدُونَ ١٠٣
But those whose scales are light - those are the ones who have lost their souls, [being] in Hell, abiding eternally.
Ал эми кимдин күнөөлөрү соопторунан көптүк кылып таразасы жеңил болсо, мына ошолор зыян иштерди кылып жана пайда берген ыйман менен жакшылык иштерди таштап өздөрүнө зыян кылгандар. Алар тозок отунда болушат, ал жактан чыгышпайт.
23:104Page 348
تَلۡفَحُ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ وَهُمۡ فِيهَا كَٰلِحُونَ ١٠٤
The Fire will sear their faces, and they therein will have taut smiles.1
Алардын жүздөрү тозокко куйкаланат. Ал жайда алардын беттери катуу тырышканы үчүн алдыңкы жана үстүңкү эриндери тартылып, тиштери көрүнүп калат.
23:105Page 349
أَلَمۡ تَكُنۡ ءَايَٰتِي تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَكُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ ١٠٥
[It will be said], "Were not My verses recited to you and you used to deny them?"
Аларга айптоо менен мындай деп айтылат: «Силерге дүйнө жашоосунда Куран аяттары окулбады беле, а силер болсо аны жалганга чыгаргансыңар?!».
23:106Page 349
قَالُواْ رَبَّنَا غَلَبَتۡ عَلَيۡنَا شِقۡوَتُنَا وَكُنَّا قَوۡمٗا ضَآلِّينَ ١٠٦
They will say, "Our Lord, our wretchedness overcame us, and we were a people astray.
Алар айтышат: «Оо, Раббибиз! Сенин абалкы илимиңде бизге жазылган бактысыздык үстөмдүк кылып, биз акыйкаттан адашкан коом болдук.
23:107Page 349
رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا مِنۡهَا فَإِنۡ عُدۡنَا فَإِنَّا ظَٰلِمُونَ ١٠٧
Our Lord, remove us from it, and if we were to return [to evil], we would indeed be wrongdoers."
Оо, Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр! Эгер биз кайра каапырлыкка жана адашууга кайта турган болсок, анда өзүбүзгө зулум кылгандардан болобуз. Мына ошондо бизге кечирим болбойт».
23:108Page 349
قَالَ ٱخۡسَـُٔواْ فِيهَا وَلَا تُكَلِّمُونِ ١٠٨
He will say, "Remain despised therein and do not speak to Me.
Аллах айтат: «Тозокто кор болуп жашагыла жана Мага сүйлөбөгүлө!».
23:109Page 349
إِنَّهُۥ كَانَ فَرِيقٞ مِّنۡ عِبَادِي يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلرَّٰحِمِينَ ١٠٩
Indeed, there was a party of My servants who said, 'Our Lord, we have believed, so forgive us and have mercy upon us, and You are the best of the merciful.'
Чындыгында Мага ыйман келтирген пенделеримдин бир тайпасы айтышат: «Оо, Раббибиз! Биз Сага ыйман келтирдик, биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана бизге Өзүң ырайым кыл. Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың».
23:110Page 349
فَٱتَّخَذۡتُمُوهُمۡ سِخۡرِيًّا حَتَّىٰٓ أَنسَوۡكُمۡ ذِكۡرِي وَكُنتُم مِّنۡهُمۡ تَضۡحَكُونَ ١١٠
But you took them in mockery to the point that they made you forget My remembrance, and you used to laugh at them.
Силер болсо Раббисине дуба кылган ал ыймандууларды маскаралап шылдыңдай берип, аларды шылдыңдоо менен алек болгонуңар акыры силерге Аллахты эстөөнү унуттуруп койду. Силер болбой эле алардын үстүнөн күлүп шылдыңдап маскаралай бердиңер.
23:111Page 349
إِنِّي جَزَيۡتُهُمُ ٱلۡيَوۡمَ بِمَا صَبَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ ١١١
Indeed, I have rewarded them this Day for their patient endurance - that they are the attainers [of success]."
Кыямат күнү Мен ал ыймандууларды бейишке жеткирип сыйлык беремин. Анткени алар Аллахка моюн сунууга жана силерден көргөн зыяндарга сабыр кылышты.
23:112Page 349
قَٰلَ كَمۡ لَبِثۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ عَدَدَ سِنِينَ ١١٢
[Allāh] will say, "How long did you remain on earth in number of years?"
Ал айтты: «Жер бетинде канча жыл жашадыңар? Ал жакта канча убактыңарды текке кетирдиңер?».
23:113Page 349
قَالُواْ لَبِثۡنَا يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖ فَسۡـَٔلِ ٱلۡعَآدِّينَ ١١٣
They will say, "We remained a day or part of a day; ask those who enumerate."
Алар: «Бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө жашадык. Жакшысы күндөрдү жана айларды эсептегендерден сура»,– деп жооп беришет.
23:114Page 349
قَٰلَ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗاۖ لَّوۡ أَنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ١١٤
He will say, "You stayed not but a little - if only you had known.
Ал айтты: «Силер дүйнөдө аз гана убакыт болдуңар. Эгер силер канча болгонуңардын ченин билгениңерде, анда Аллахка моюн сунууга сабыр кылуу жеңил болмок.
23:115Page 349
أَفَحَسِبۡتُمۡ أَنَّمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ عَبَثٗا وَأَنَّكُمۡ إِلَيۡنَا لَا تُرۡجَعُونَ ١١٥
Then did you think that We created you uselessly and that to Us you would not be returned?"
Эй, адамдар! Биз силерди жаныбарлар сыяктуу сыйлык-жазасы жок максатсыз жаратып жана кыямат күнү сурак бериш үчүн Бизге кайтпайбыз деп ойлоп жатасыңарбы?!».
23:116Page 349
فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡحَقُّۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡكَرِيمِ ١١٦
So exalted is Allāh, the Sovereign,1 the Truth;2 there is no deity except Him, Lord of the Noble Throne.
Жараткандарын Өзү каалагандай башкарган Падыша Аллах аруу. Ал – Өзү акыйкат, убадасы акыйкат, сөзү акыйкат жана Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – жаратылгандардын эң чоңу болгон улуу Арштын Ээси. Эгер ким жаратылгандардын эң чоңунун Раббиси болсо, анда Ал бүткүл жаратылгандардын Раббиси.
23:117Page 349
وَمَن يَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ لَا بُرۡهَٰنَ لَهُۥ بِهِۦ فَإِنَّمَا حِسَابُهُۥ عِندَ رَبِّهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلۡكَٰفِرُونَ ١١٧
And whoever invokes besides Allāh another deity for which he has no proof - then his account is only with his Lord. Indeed, the disbelievers will not succeed.
Кимде-ким Аллах менен катар сыйынууга татыктуу экенине эч кандай далили жок башка бир кудайга дуба кылса (бул Аллахтан башка бардык кудайчаларга тийиштүү), анда анын бул кылган күнөө ишинин жазасы Раббисинин алдында. Ал Өзү аны азап менен жазалайт. Чындыгында каапырлар көздөгөнүнө жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт.
23:118Page 349
وَقُل رَّبِّ ٱغۡفِرۡ وَٱرۡحَمۡ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلرَّٰحِمِينَ ١١٨
And, [O Muḥammad], say, "My Lord, forgive and have mercy, and You are the best of the merciful."
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир жана мага Өзүң ырайым кыл! Сен – күнөөкөргө ырайым кылып, тообосун кабыл кылгандардын эң жакшысысың».
Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences