Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz
An-Nur 24:52–64
24:52Page 356
وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَخۡشَ ٱللَّهَ وَيَتَّقۡهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ ٥٢
And whoever obeys Allāh and His Messenger and fears Allāh and is conscious of Him - it is those who are the attainers.
Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, алардын өкүмүн кабыл алса, күнөө жолдордон корксо, Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Анын азабынан коргонсо, мына ошолор гана бул дүйнө менен акырет жакшылыктарына жеткен жеңүүчүлөр.
24:53Page 356
۞ وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِنۡ أَمَرۡتَهُمۡ لَيَخۡرُجُنَّۖ قُل لَّا تُقۡسِمُواْۖ طَاعَةٞ مَّعۡرُوفَةٌۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ ٥٣
And they swear by Allāh their strongest oaths that if you ordered them, they would go forth [in Allāh's cause]. Say, "Do not swear. [Such] obedience is known.1 Indeed, Allāh is [fully] Aware of that which you do."
Эки жүздүүлөр Аллахтын аты менен чамалары жетишинче аябай бекемделген ант беришип: «Эгер сен бизди согушка чыгууга буйрусаң, сөзсүз чыгабыз»,– дешет. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Ант ичпегиле! Силердин жалганыңар белгилүү. Баш ийип жатабыз дегениңер да белгилүү. Аллах силердин кылганыңардан кабардар. Силер иштериңерди канчалык жашырсаңар да алардын эч бири Ага жашыруун эмес».
24:54Page 357
قُلۡ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَۖ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّمَا عَلَيۡهِ مَا حُمِّلَ وَعَلَيۡكُم مَّا حُمِّلۡتُمۡۖ وَإِن تُطِيعُوهُ تَهۡتَدُواْۚ وَمَا عَلَى ٱلرَّسُولِ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ ٥٤
Say, "Obey Allāh and obey the Messenger; but if you turn away - then upon him is only that [duty] with which he has been charged, and upon you is that with which you have been charged. And if you obey him, you will be [rightly] guided. And there is not upon the Messenger except the [responsibility for] clear notification."
Оо, пайгамбар! Ал эки жүздүүлөргө айт: «Ичиңерден да, сыртыңардан да Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула». Эгерде силер моюн сунгула деген буйруктан жүз бурсаңар, анда жеткирүү милдети пайгамбардын мойнунда, ал эми ал алып келгенге баш ийүү жана аны аткаруу милдети силердин мойнуңарда. А эгер силер анын буйруганын аткарып, тыйганын таштап ага баш ийсеңер, акыйкат жолго түшөсүңөр. Пайгамбардын милдети ачыктап жеткирүү гана! Ал силерди туура жолго сала албайт жана ага мажбурлай да албайт.
24:55Page 357
وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَيَسۡتَخۡلِفَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ كَمَا ٱسۡتَخۡلَفَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمۡ دِينَهُمُ ٱلَّذِي ٱرۡتَضَىٰ لَهُمۡ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّنۢ بَعۡدِ خَوۡفِهِمۡ أَمۡنٗاۚ يَعۡبُدُونَنِي لَا يُشۡرِكُونَ بِي شَيۡـٔٗاۚ وَمَن كَفَرَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ ٥٥
Allāh has promised those who have believed among you and done righteous deeds that He will surely grant them succession [to authority] upon the earth just as He granted it to those before them and that He will surely establish for them [therein] their religion which He has preferred for them and that He will surely substitute for them, after their fear, security, [for] they worship Me, not associating anything with Me. But whoever disbelieves1 after that - then those are the defiantly disobedient.
Аллах силердин араңардагы Аллахка ыйман келтирген жана жакшылык иштерди кылгандарга душмандарына каршы жардам берем жана алардан мурунку ыймандууларды жер бетине башкаруучу кылган сыяктуу аларды да жер бетинде башкаруучу кылам деп убада берди. Жана аларга Өзү ыраазы болуп берген Ислам динин бекем кубаттуу кылам деп убада берди. Ошондой эле алардын коркунучтарын кийин тынчтыкка алмаштырам деп убада берди. Алар Мага эч кимди шерик кылбай жалгыз Өзүмө гана сыйынышат. Ким ушундай жакшылыктардан кийин каапырлык кылса, ошолор Аллахка баш ийбестик кылгандар.
24:56Page 357
وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ ٥٦
And establish prayer and give zakāh and obey the Messenger - that you may receive mercy.
Силер намазды толук түрдө аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле жана пайгамбардын силерге буйруганын аткарып, тыйганынан тыйылып ага моюн сунгула. Ошондо үмүт болот Аллахтын ырайымына жетүүңөргө.
24:57Page 357
لَا تَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مُعۡجِزِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَمَأۡوَىٰهُمُ ٱلنَّارُۖ وَلَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ ٥٧
Never think that the disbelievers are causing failure [to Allāh] upon the earth. Their refuge will be the Fire - and how wretched the destination.
Оо, пайгамбар! Аллахка каапырлык кылгандарга азап түшүрүүнү кааласам, алар Менден качып кутулуп кетишет деп ойлобо. Кыямат күнү алардын барар жайы тозок болот. Алардын бара турган жайы болгон тозок кандай жаман жай.
24:58Page 357
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِيَسۡتَـٔۡذِنكُمُ ٱلَّذِينَ مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ وَٱلَّذِينَ لَمۡ يَبۡلُغُواْ ٱلۡحُلُمَ مِنكُمۡ ثَلَٰثَ مَرَّٰتٖۚ مِّن قَبۡلِ صَلَوٰةِ ٱلۡفَجۡرِ وَحِينَ تَضَعُونَ ثِيَابَكُم مِّنَ ٱلظَّهِيرَةِ وَمِنۢ بَعۡدِ صَلَوٰةِ ٱلۡعِشَآءِۚ ثَلَٰثُ عَوۡرَٰتٖ لَّكُمۡۚ لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ وَلَا عَلَيۡهِمۡ جُنَاحُۢ بَعۡدَهُنَّۚ طَوَّٰفُونَ عَلَيۡكُم بَعۡضُكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ ٥٨
O you who have believed, let those whom your right hands possess and those who have not [yet] reached puberty among you ask permission of you [before entering] at three times: before the dawn prayer and when you put aside your clothing [for rest] at noon and after the night prayer. [These are] three times of privacy1 for you. There is no blame upon you nor upon them beyond these [periods], for they continually circulate among you - some of you, among others. Thus does Allāh make clear to you the verses [i.e., His ordinances]; and Allāh is Knowing and Wise.
О, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын шариятын аткаргандар! Кулдарыңар, күңдөрүңөр жана балакат курагына жетпеген жаш балдар силерге кирүүдө үч убакта уруксат сурасын: багымдат намазына чейинки, түнкү кийимди сырт кийимге алмаштырган убакта. Чак түштө уктоо үчүн кийимиңерди чечкен убакта. Куптан намазынан кийинки убакта. Анткени, бул убак уйкуга жатуучу жана сырт кийимди чечип алмаштырчу убак. Ушул үч убак авретиңер ачык болушу ыктымал. Ушул убактарда аларга уруксат бергенден кийин гана киришсин. Ал эми башка убактарда уруксатсыз кирсе, силерге да, аларга да күнөө эмес. Алар көп кирип-чыгып туруучулар. Ошол себептен аларды дайыма уруксат сурап кирүүгө көндүрүү керек. Аллах силерге уруксат суроонун өкүмдөрүн баяндаган сыяктуу, шарияттын башка кээ бир өкүмдөрүн билдирген аяттарды да баяндайт. Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, аларга өкүмдөрдү шарият кылууда Даанышман.
24:59Page 358
وَإِذَا بَلَغَ ٱلۡأَطۡفَٰلُ مِنكُمُ ٱلۡحُلُمَ فَلۡيَسۡتَـٔۡذِنُواْ كَمَا ٱسۡتَـٔۡذَنَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ ءَايَٰتِهِۦۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ ٥٩
And when the children among you reach puberty, let them ask permission [at all times] as those before them have done. Thus does Allāh make clear to you His verses; and Allāh is Knowing and Wise.
Эгерде силерден болгон жаш балдар балагатка жетсе, алар үйлөргө киргенде мурда чоңдорго байланыштуу айтылгандай алар дагы ар дайым уруксат сурап киришсин деп айткыла. Аллах силерге уруксат суроо өкүмдөрүн баяндаган сыяктуу Ал силерге Өзүнүн аяттарын да баяндайт. Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, аларга өкүмдөрдү шарият кылууда Даанышман.
24:60Page 358
وَٱلۡقَوَٰعِدُ مِنَ ٱلنِّسَآءِ ٱلَّٰتِي لَا يَرۡجُونَ نِكَاحٗا فَلَيۡسَ عَلَيۡهِنَّ جُنَاحٌ أَن يَضَعۡنَ ثِيَابَهُنَّ غَيۡرَ مُتَبَرِّجَٰتِۭ بِزِينَةٖۖ وَأَن يَسۡتَعۡفِفۡنَ خَيۡرٞ لَّهُنَّۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٞ ٦٠
And women of post-menstrual age who have no desire for marriage - there is no blame upon them for putting aside their outer garments [but] not displaying adornment. But to modestly refrain [from that] is better for them. And Allāh is Hearing and Knowing.
Карылык себептүү айызы жана төрөтү токтоп, турмушка чыгууга каалоосу жок улгайган аялдар жаап жашырууга буйрулган жашыруун кооздуктарын көрсөтпөстөн, чепкен же жүзүн тоскон жоолук сыяктуу кээ бир тыш кийимдерин чечсе күнөө эмес. Бирок ал үчүн тыш кийимдерин чечкенге караганда жамынууга жана абийирдүүлүккө көңүл буруп чечпегени жакшыраак. Аллах алардын сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында алардын жазасын же сыйлыгын берет.
24:61Page 358
لَّيۡسَ عَلَى ٱلۡأَعۡمَىٰ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡأَعۡرَجِ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرِيضِ حَرَجٞ وَلَا عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ أَن تَأۡكُلُواْ مِنۢ بُيُوتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ ءَابَآئِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أُمَّهَٰتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ إِخۡوَٰنِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أَخَوَٰتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أَعۡمَٰمِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ عَمَّٰتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أَخۡوَٰلِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ خَٰلَٰتِكُمۡ أَوۡ مَا مَلَكۡتُم مَّفَاتِحَهُۥٓ أَوۡ صَدِيقِكُمۡۚ لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَأۡكُلُواْ جَمِيعًا أَوۡ أَشۡتَاتٗاۚ فَإِذَا دَخَلۡتُم بُيُوتٗا فَسَلِّمُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ تَحِيَّةٗ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ مُبَٰرَكَةٗ طَيِّبَةٗۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ ٦١
There is not upon the blind [any] constraint nor upon the lame constraint nor upon the ill constraint nor upon yourselves when you eat from your [own] houses or the houses of your fathers or the houses of your mothers or the houses of your brothers or the houses of your sisters or the houses of your father's brothers or the houses of your father's sisters or the houses of your mother's brothers or the houses of your mother's sisters or [from houses] whose keys you possess or [from the house] of your friend. There is no blame upon you whether you eat together or separately. But when you enter houses, give greetings of peace1 upon each other - a greeting from Allāh, blessed and good. Thus does Allāh make clear to you the verses [of ordinance] that you may understand.
Көзү көрбөгөн сокурга күнөө болбойт, чолокко күнөө болбойт, оорулууга күнөө болбойт, эгер алар Аллах жолунда согушуу сыяктуу милдеттерди аткара албай калышкан болсо. Оо, ыймандуулар! Силер үчүн өз үйүңөрдөн тамак жесеңер күнөө болбойт же балдарыңардын үйүнөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-инилериңердин үйүнөн же эже-карындаштарыңардын үйүнөн же абаларыңардын үйүнөн же эжелериңердин (атаңардын эже-карандаштарынын) үйүнөн же таякелериңердин үйүнөн же таежелериңердин үйүнөн же бакчанын кароолу сыяктуу силерге кароого тапшырылган үйлөрдөн жана адатта бул нерсени жаман көрбөгөн досторуңардын үйүнөн тамак жесеңер күнөө эмес. Силер үчүн чогу же өз-өзүнчө тамактанууда күнөө болбойт. Эгерде силер жогоруда айтылган сыяктуу үйлөргө же башкаларына кирсеңер, андагы адамдарга «Ассаламу алейкум (силерге тынчтык болсун!)» деп салам айткыла. А эгер эч ким болбосо, анда өзүңөргө «Бизге жана Аллахтын такыба пенделерине тынчтык болсун» деп салам айткыла. Аллах тараптан силерге шарият кылынган бул саламдашуу берекелүү, анткени ал силердин ортоңордо сүйүүнү жана жакындыкты таратат, ошондой эле ал уккан адамдын жан дүйнөсүнө жагымдуу. Сүрөөдөгү келген жогорудагы баяндоо сыяктуу Аллах аяттарды баяндайт. Балким акыл жүгүртөсүңөр жана андагы айтылгандарды аткарасыңар.
24:62Page 359
إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَإِذَا كَانُواْ مَعَهُۥ عَلَىٰٓ أَمۡرٖ جَامِعٖ لَّمۡ يَذۡهَبُواْ حَتَّىٰ يَسۡتَـٔۡذِنُوهُۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَسۡتَـٔۡذِنُونَكَ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ فَإِذَا ٱسۡتَـٔۡذَنُوكَ لِبَعۡضِ شَأۡنِهِمۡ فَأۡذَن لِّمَن شِئۡتَ مِنۡهُمۡ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لَهُمُ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ٦٢
The believers are only those who believe in Allāh and His Messenger and, when they are [meeting] with him for a matter of common interest, do not depart until they have asked his permission. Indeed, those who ask your permission, [O Muḥammad] - those are the ones who believe in Allāh and His Messenger. So when they ask your permission due to something of their affairs, then give permission to whom you will among them and ask forgiveness for them of Allāh. Indeed, Allāh is Forgiving and Merciful.
Өз ыймандарында чыныгы ыймандуу адамдар – Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ыйман келтиргендер. Эгерде алар мусулмандардын пайдасы үчүн бир иште пайгамбар менен чогу болушса, андан уруксат сурамайынча кетишпейт. Оо, пайгамбар! Чындыгында сенден кеткенге уруксат сурагандар – ошолор Аллахка жана Анын элчисине чындап ыйман келтиргендер. Эгерде алар иштери чыгып сенден уруксат сурашса, алардан өзүң каалаганына кетүүгө уруксат бер жана алардын күнөөлөрү үчүн кечирим сура. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Мээримдүү.
24:63Page 359
لَّا تَجۡعَلُواْ دُعَآءَ ٱلرَّسُولِ بَيۡنَكُمۡ كَدُعَآءِ بَعۡضِكُم بَعۡضٗاۚ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ يَتَسَلَّلُونَ مِنكُمۡ لِوَاذٗاۚ فَلۡيَحۡذَرِ ٱلَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنۡ أَمۡرِهِۦٓ أَن تُصِيبَهُمۡ فِتۡنَةٌ أَوۡ يُصِيبَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ ٦٣
Do not make [your] calling of the Messenger among yourselves as the call of one of you to another. Already Allāh knows those of you who slip away, concealed by others. So let those beware who dissent from his [i.e., the Prophet's] order,1 lest fitnah2 strike them or a painful punishment.
О, ыймандуулар! Аллахтын элчисин сыйлагыла! Ага кайрылганда, бири-бириңерге кайрылгандай аны: «Мухаммад» деп, же атасынын атынан айтып: «Абдуллахтын баласы» деп чакырбагыла! Ага: «Аллахтын элчиси! Аллахтын пайгамбары» деп кайрылгыла. Эгер ал силерди жалпы ишке чакырса, анын чакырыгын бири-бириңерди чакыргандай кабыл кылбагыла. Тескерисинче, ага тез жооп берүүгө шашылгыла. Аллах силердин араңардан уруксатсыз, байкатпай кетип калгандарды жакшы билет. Андыктан, Аллахтын элчисинин буйругуна каршы чыккандар, Аллах алардын башына балээ түшүрүүсүнөн же алар чыдабаган оор азапка кириптер кылуусунан сак болушсун!
24:64Page 359
أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ قَدۡ يَعۡلَمُ مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ وَيَوۡمَ يُرۡجَعُونَ إِلَيۡهِ فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُواْۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمُۢ ٦٤
Unquestionably, to Allāh belongs whatever is in the heavens and earth. Already He knows that upon which you [stand]1 and [knows] the Day2 when they will be returned to Him and He will inform them of what they have done. And Allāh is Knowing of all things.
Асмандар менен жердеги жаратуу, бийлик кылуу жана башкаруу жалгыз Аллахка гана таандык. Оо, адамдар! Ал силердин абалдарыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Качан алар өлүмдөн кийин кайра тирилип Ага кайткан кыямат күнү аларга дүйнөдө кандай иштерди кылышкандыгынын кабарын берет. Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Асмандар менен жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес.
Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences