Al-MukhtasarAl‑Ahzab · 33:50–73

Al-Mukhtasar · Tafsir · in Kyrgyz

Al-Ahzab 33:50–73

33:50Page 424

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَحۡلَلۡنَا لَكَ أَزۡوَٰجَكَ ٱلَّٰتِيٓ ءَاتَيۡتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيۡكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَٰلَٰتِكَ ٱلَّٰتِي هَاجَرۡنَ مَعَكَ وَٱمۡرَأَةٗ مُّؤۡمِنَةً إِن وَهَبَتۡ نَفۡسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنۡ أَرَادَ ٱلنَّبِيُّ أَن يَسۡتَنكِحَهَا خَالِصَةٗ لَّكَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۗ قَدۡ عَلِمۡنَا مَا فَرَضۡنَا عَلَيۡهِمۡ فِيٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ لِكَيۡلَا يَكُونَ عَلَيۡكَ حَرَجٞۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا ٥٠

O Prophet, indeed We have made lawful to you your wives to whom you have given their due compensation1 and those your right hand possesses from what Allāh has returned to you [of captives] and the daughters of your paternal uncles and the daughters of your paternal aunts and the daughters of your maternal uncles and the daughters of your maternal aunts who emigrated with you and a believing woman if she gives herself to the Prophet [and] if the Prophet wishes to marry her; [this is] only for you, excluding the [other] believers. We certainly know what We have made obligatory upon them concerning their wives and those their right hands possess, [but this is for you] in order that there will be upon you no discomfort [i.e., difficulty]. And ever is Allāh Forgiving and Merciful.

Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сен махр (калың) төлөп алган аялдарыңды сага адал кылдык, Аллах сага олжо кылып берген кол астыңдагы туткун күңдөрдү да адал кылдык, ошондой эле сени менен Мединадан Меккеге көчкөн атаң менен бир тууган кишилердин кыздарына үйлөнүүнү, атаңдын эже-карындаштарынын кыздарына үйлөнүүнү, тайкеңдин кыздарына үйлөнүүнү, таежелериңдин кыздарына үйлөнүүнү сага адал кылдык. Ошондой эле махр (калың) сурабастан өзүн сага сунуштаган ыймандуу аялдарды сага адал кылдык, эгер сен аларга үйлөнүүнү каалаган болсоң. Өзүн белек кылуу никеси пайгамбарга гана тиешелүү, үммөттөн андан башка эч кимге уруксат эмес. Биз ыймандууларга алардын аялдарына тийиштүү парз кылган нерселерди билебиз, аларга төрттөн ашык аял алууга уруксат жок. Жана Биз алардын күндөрүнө тийиштүү шарият өкүмдөрүн да билебиз, алар өздөрүнүн күңдөрүнөн каалагандай ырахаттанууга укуктуу, алардын саны да чектелүү эмес. Жогоруда айтылгандарды сага да адал кылдык жана жалпы мусулмандарга уруксат берилбеген өзгөчөлүктөрдү сага гана уруксат бергенибиздин себеби сени сыгылбасын, кыйналбасын дедик. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.

33:51Page 425

۞ تُرۡجِي مَن تَشَآءُ مِنۡهُنَّ وَتُـٔۡوِيٓ إِلَيۡكَ مَن تَشَآءُۖ وَمَنِ ٱبۡتَغَيۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكَۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعۡيُنُهُنَّ وَلَا يَحۡزَنَّ وَيَرۡضَيۡنَ بِمَآ ءَاتَيۡتَهُنَّ كُلُّهُنَّۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمٗا ٥١

You, [O Muḥammad], may put aside whom you will of them1 or take to yourself whom you will. And any that you desire of those [wives] from whom you had [temporarily] separated - there is no blame upon you [in returning her]. That is more suitable that they should be content and not grieve and that they should be satisfied with what you have given them - all of them. And Allāh knows what is in your hearts. And ever is Allāh Knowing and Forbearing.

Оо, пайгамбар! Сен аялдарыңдан кимисин кааласаң, аныкында түнөбөстөн анын күнүн кечиктире аласың жана алардан кимисин кааласаң, аныкында түнөп аны менен бирге боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдын кимисинен бирге болууну талап кылсаң, бул нерседе сага күнөө болбойт. Сага берилген бул тандоо жана кенендик аялдарыңдын көздөрү кубануусуна жана алардын баарына берген нерсеңе ыраазы болуусуна жакыныраак. Анткени алар сени жоопкерчиликти таштабайт, акыларга сараңдык кылбайт деп билишет. Эй, эркектер! Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү аялдарыңардын кээ бирлерине көңүлүңөр тартып турганын билет. Чындыгында Аллах пенделеринин иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Токтоо, балким алар тообо кылат деген үмүттө аларды жазалоого шашылбайт.

33:52Page 425

لَّا يَحِلُّ لَكَ ٱلنِّسَآءُ مِنۢ بَعۡدُ وَلَآ أَن تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنۡ أَزۡوَٰجٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَكَ حُسۡنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ رَّقِيبٗا ٥٢

Not lawful to you, [O Muḥammad], are [any additional] women after [this], nor [is it] for you to exchange them for [other] wives, even if their beauty were to please you, except what your right hand possesses. And ever is Allāh, over all things, an Observer.1

Оо, пайгамбар! Сага сенин коргооңдогу аялдарыңдан башка аялдарга үйлөнүүгө уруксат жок жана аларга талак берүүгө же башка аялдарды сулуулугуна кызыгып аларды алыш үчүн кээ бирлерине талак берүүгө да уруксат жок. Бирок санын чектебестен кол астыңа күң аялдарды алсаң болот. Чындыгында Аллах бардык нерсени байкап турат. Бул өкүм ыймандуулардын энелеринин артыкчылыктарын билдирет. Анткени аларга талак берүү жана үйлөнүү тыйылган.

33:53Page 425

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتَ ٱلنَّبِيِّ إِلَّآ أَن يُؤۡذَنَ لَكُمۡ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيۡرَ نَٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَٰكِنۡ إِذَا دُعِيتُمۡ فَٱدۡخُلُواْ فَإِذَا طَعِمۡتُمۡ فَٱنتَشِرُواْ وَلَا مُسۡتَـٔۡنِسِينَ لِحَدِيثٍۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ يُؤۡذِي ٱلنَّبِيَّ فَيَسۡتَحۡيِۦ مِنكُمۡۖ وَٱللَّهُ لَا يَسۡتَحۡيِۦ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ وَإِذَا سَأَلۡتُمُوهُنَّ مَتَٰعٗا فَسۡـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٖۚ ذَٰلِكُمۡ أَطۡهَرُ لِقُلُوبِكُمۡ وَقُلُوبِهِنَّۚ وَمَا كَانَ لَكُمۡ أَن تُؤۡذُواْ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓاْ أَزۡوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦٓ أَبَدًاۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا ٥٣

O you who have believed, do not enter the houses of the Prophet except when you are permitted for a meal, without awaiting its readiness. But when you are invited, then enter; and when you have eaten, disperse without seeking to remain for conversation. Indeed, that [behavior] was troubling the Prophet, and he is shy of [dismissing] you. But Allāh is not shy of the truth. And when you ask [his wives] for something, ask them from behind a partition. That is purer for your hearts and their hearts. And it is not [conceivable or lawful] for you to harm the Messenger of Allāh or to marry his wives after him, ever. Indeed, that would be in the sight of Allāh an enormity.

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди тамакка чакырып, кирүүгө уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамактын бышканын күтүп көпкө олтура бербегиле! Бирок тамакка чакырылсаңар, анда киргиле. Жеп бүткөндөн кийин шыр тарап кеткиле. Андан кийин бири-бириңер менен сүйлөшүп сөзгө алаксып олтура бербегиле. Чындыгында бул олтурганыңар пайгамбарды кыжалат кылат. Ал силерди кеткиле деп айткандан уялат. Аллах болсо акыйкатка буйругандан уялбайт. Ал силерге пайгамбарга зыян бербеш үчүн олтурбастан кетүүңөрдү буйруйт. Эгерде силер пайгамбардын аялдарынан идиш-аяк сыяктуу ж.б. керек болгон нерселерди сурасаңар, аны парданын артынан сурагыла. Аллахтын элчисинин урматы үчүн жана аларды коргоо үчүн алар силерди көрө тургандай абалда бетме-бет сурабагыла! Шайтан силердин жана алардын жүрөктөрүнө кирип азгырбоосу үчүн жана күнөөнү кооз кылбашы үчүн ушундай кылып парда артынан сураганыңар силердин жүрөгүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Эй, ыймандуулар! Силер үчүн Аллахтын элчисин кыжалат кылып сүйлөшүп олтурганга болбойт, ошондой эле ал дүйнөдөн өткөндөн кийин анын аялдарына үйлөнгөнгө да болбойт. Алар ыймандуулардын энелери. Эч кимге өз энесине үйлөнүүгө уруксат эмес. Чындыгында антип кыжалат кылганыңар, ошондой эле ал өткөндөн кийин аялдарына үйлөнгөнүңөр арам жана Аллахтын алдында чоң күнөө.

33:54Page 425

إِن تُبۡدُواْ شَيۡـًٔا أَوۡ تُخۡفُوهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا ٥٤

Whether you reveal a thing or conceal it, indeed Allāh is ever, of all things, Knowing.

Эгер силер кээ бир иш-аракеттериңерди билдирсеңер да, же аны ичиңерде жашырсаңар да, алардын эч бири Аллахка жашыруун эмес. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Силердин кылган иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал силердин иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшылык болсо сыйлыгы, жамандык болсо жазасы болот.

33:55Page 426

لَّا جُنَاحَ عَلَيۡهِنَّ فِيٓ ءَابَآئِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآئِهِنَّ وَلَآ إِخۡوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآءِ إِخۡوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآءِ أَخَوَٰتِهِنَّ وَلَا نِسَآئِهِنَّ وَلَا مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُنَّۗ وَٱتَّقِينَ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدًا ٥٥

There is no blame upon them [i.e., women] concerning their fathers or their sons or their brothers or their brothers' sons or their sisters' sons or their women or those their right hands possess [i.e., slaves].1 And fear Allāh. Indeed Allāh is ever, over all things, Witness.

Пайгамбардын аялдарын өз аталары, балдары, ага-инилери, ага-инилеринин балдары, бир тууган жана эмчектеш эже-сиңдилеринин балдары көрүшсө же алар менен тосмосуз сүйлөшсө аларга күнөө болбойт. Ошондой эле алар ыймандуу аялдар менен жана кол астындагы күңдөр менен тосмосуз сүйлөшсө күнөө болбойт. Эй, ыймандуу аялдар! Аллах силерге буйруган жана тыйган нерселерде Андан корккула. Ал силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.

33:56Page 426

إِنَّ ٱللَّهَ وَمَلَٰٓئِكَتَهُۥ يُصَلُّونَ عَلَى ٱلنَّبِيِّۚ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ صَلُّواْ عَلَيۡهِ وَسَلِّمُواْ تَسۡلِيمًا ٥٦

Indeed, Allāh confers blessing upon the Prophet, and His angels [ask Him to do so]. O you who have believed, ask [Allāh to confer] blessing upon him and ask [Allāh to grant him] peace.

Чындыгында Аллах периштелердин алдында Мухаммад пайгамбарды мактайт, периштелер болсо ага дуба кылышып, салам-салават айтышат. Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарга салам-салават айткыла!

33:57Page 426

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابٗا مُّهِينٗا ٥٧

Indeed, those who abuse Allāh and His Messenger - Allāh has cursed them in this world and the Hereafter and prepared for them a humiliating punishment.

Чындыгында Аллахка жана Анын элчисине сөзү, иш-аракети менен зыян бергендерди Аллах дүйнөдө жана акыретте Өз ырайым чөлкөмүнөн кууп алыстатты. Жана алар пайгамбарга зыян бергендигинин жазасы катары аларга кордоочу азапты даярдады.

33:58Page 426

وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ بِغَيۡرِ مَا ٱكۡتَسَبُواْ فَقَدِ ٱحۡتَمَلُواْ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا ٥٨

And those who harm believing men and believing women for [something] other than what they have earned [i.e., deserved] have certainly borne upon themselves a slander and manifest sin.

Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарга зыян бергенге татыктуу күнөөсү болбосо да аларга сөзү же иш-аракети менен зыян бергендер жалган жалаага жана ачык күнөөгө дуушар болушту.

33:59Page 426

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَآءِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ يُدۡنِينَ عَلَيۡهِنَّ مِن جَلَٰبِيبِهِنَّۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن يُعۡرَفۡنَ فَلَا يُؤۡذَيۡنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا ٥٩

O Prophet, tell your wives and your daughters and the women of the believers to bring down over themselves [part] of their outer garments.1 That is more suitable that they will be known2 and not be abused. And ever is Allāh Forgiving and Merciful.3

Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: «Чоочун эркектердин алдында авраттары көрүнбөш үчүн үстүндө кийип жүргөн оромолдорун ылдый түшүрүшсүн. Бул алар эркин аялдар экен деп билинүүсүнө жакыныраак. Андыктан күндөргө зыян бергендей аларга эч ким зыян берип тийишпейт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу».

33:60Page 426

۞ لَّئِن لَّمۡ يَنتَهِ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡمُرۡجِفُونَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ لَنُغۡرِيَنَّكَ بِهِمۡ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَآ إِلَّا قَلِيلٗا ٦٠

If the hypocrites and those in whose hearts is disease1 and those who spread rumors in al-Madīnah do not cease, We will surely incite you against them; then they will not remain your neighbors therein except for a little,

Эгерде ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан Исламды көргөзүп эки жүздүүлүк кылган эки жүздүүлөр, напси каалооруна берилген жүрөгүндө бузукулук бар адамдар жана мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн Мединага жалган кабарларды ташып келгендер токтобосо, эй, пайгамбар, Биз сага аларды жазалоону, аларга бийлик кылууну буйруйбуз. Кийин алар Мединада сени менен аз гана мөөнөт жашап калышат, анткени алар кыйрап жок болушат же Жер бетинде бузукулук кылышкан себептүү куулушат.

33:61Page 426

مَّلۡعُونِينَۖ أَيۡنَمَا ثُقِفُوٓاْ أُخِذُواْ وَقُتِّلُواْ تَقۡتِيلٗا ٦١

Accursed wherever they are found, [being] seized and massacred completely.

Алар Аллахтын ырайымынан куулган абалда кай жерде туш келсе, ошол жерден колго түшөт жана аёсуз өлтүрүлөт. Анткени алар эки жүздүүлүк кылышты, Жер бетинде бузукулукту жайышты.

33:62Page 426

سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗا ٦٢

[This is] the established way of Allāh with those who passed on before; and you will not find in the way of Allāh any change.

Эки жүздүүлөр өздөрүнүн эки жүздүүлүктөрүн ачыкка чыгарган кезде бул аларга карата аткарылган Аллахтын өкүм жолу. Аллахтын өкүм жолу туруктуу, сен ага эч кандай өзгөрмө таба албайсың.

33:63Page 427

يَسۡـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ ٱللَّهِۚ وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا ٦٣

People ask you concerning the Hour. Say, "Knowledge of it is only with Allāh. And what may make you perceive? Perhaps the Hour is near."

Оо, пайгамбар! Мушриктер жана ошондой эле жөөттөр четке кагуу менен жана жалганга чыгаруу үчүн сенден: «Анын убактысы качан?» – деп кыямат тууралуу сурашат. Аларга: «Кыямат тууралуу Аллах гана билет. Мен ал тууралуу эч нерсе билбеймин» – деп айткын. Оо, пайгамбар! Сен кандай билмек элең, балким кыяматка аз калгандыр?

33:64Page 427

إِنَّ ٱللَّهَ لَعَنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمۡ سَعِيرًا ٦٤

Indeed, Allāh has cursed the disbelievers and prepared for them a Blaze.

Чындыгында Аллах каапырларды Өз ырайымынан алыстатты жана кыямат күнү аларды күткөн жалындаган тозокту даярдады.

33:65Page 427

خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ لَّا يَجِدُونَ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا ٦٥

Abiding therein forever, they will not find a protector or a helper.

Алар үчүн даярдалган ошол тозок азабында алар түбөлүк калышат. Алар ал жайда пайда келтирген дос да, аларды азаптан куткарган колдоочу да таба алышпайт.

33:66Page 427

يَوۡمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمۡ فِي ٱلنَّارِ يَقُولُونَ يَٰلَيۡتَنَآ أَطَعۡنَا ٱللَّهَ وَأَطَعۡنَا ٱلرَّسُولَا۠ ٦٦

The Day their faces will be turned about in the Fire, they will say, "How we wish we had obeyed Allāh and obeyed the Messenger."

Алардын жүздөрү тозок отунда ары-бери оодарылып (азапталган) кыямат күнү алар катуу өкүнүчтөн, катуу күйүттөн мындай деп айтышат: «Аттиң, биз дүйнө жашоосунда Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунганыбызда жана пайгамбар Раббиси тараптан алып келген нерседе ага моюн сунганыбызда!».

33:67Page 427

وَقَالُواْ رَبَّنَآ إِنَّآ أَطَعۡنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَآءَنَا فَأَضَلُّونَا ٱلسَّبِيلَا۠ ٦٧

And they will say, "Our Lord, indeed we obeyed our masters and our dignitaries,1 and they led us astray from the [right] way.

Алар арзыбаган жалган далилди айтып мындай дешет: «Раббибиз! Чындыгында биз өзүбүздүн башчыларыбызга, элибиздеги улуу адамдарга баш ийгенбиз, мына ошолор бизди туура жолдон адаштырышты.

33:68Page 427

رَبَّنَآ ءَاتِهِمۡ ضِعۡفَيۡنِ مِنَ ٱلۡعَذَابِ وَٱلۡعَنۡهُمۡ لَعۡنٗا كَبِيرٗا ٦٨

Our Lord, give them double the punishment and curse them with a great curse."

Раббибиз! Бизди туура жолдон адаштырган ал башчыларга жана улууларга бизге берген азаптан эки эсе көп азап бер. Анткени алар бизди адаштырды. Ошондой эле аларды Өз ырайымыңдан өтө алыстат».

33:69Page 427

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ ءَاذَوۡاْ مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ ٱللَّهُ مِمَّا قَالُواْۚ وَكَانَ عِندَ ٱللَّهِ وَجِيهٗا ٦٩

O you who have believed, be not like those who abused Moses; then Allāh cleared him of what they said. And he, in the sight of Allāh, was distinguished.

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарыңарга зыян бербегиле! Болбосо силер Мусага зыян бергендердей болуп каласыңар, алар анын денесин айтып айыпташкан, Аллах аны алардын айткан сөздөрүнөн аруулаган. Ошондон кийин ал алардын айткан сөзүнөн таза экендиги анык болгон. Муса Аллахтын алдында барктуу, анын суранычы кайтарылбайт, анын аракети ийгиликсиз калбайт.

33:70Page 427

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَقُولُواْ قَوۡلٗا سَدِيدٗا ٧٠

O you who have believed, fear Allāh and speak words of appropriate justice.

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккула жана туура чындык сөздөрдү сүйлөгүлө!

33:71Page 427

يُصۡلِحۡ لَكُمۡ أَعۡمَٰلَكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ فَازَ فَوۡزًا عَظِيمًا ٧١

He will [then] amend for you your deeds and forgive you your sins. And whoever obeys Allāh and His Messenger has certainly attained a great attainment.

Эгерде силер Аллахтан корксоңор жана туура сөз сүйлөсөңөр, Ал силердин иш-аракеттериңерди оңдойт, аларды кабыл кылат, күнөөлөрүңөрдү өчүрөт, алар үчүн жазалабайт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, анда ал теңдешсиз улуу жеңишке жетиптир. Ал жеңиш Аллахтын ыраазылыгы жана бейишке кирүү.

33:72Page 427

إِنَّا عَرَضۡنَا ٱلۡأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡجِبَالِ فَأَبَيۡنَ أَن يَحۡمِلۡنَهَا وَأَشۡفَقۡنَ مِنۡهَا وَحَمَلَهَا ٱلۡإِنسَٰنُۖ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومٗا جَهُولٗا ٧٢

Indeed, We offered the Trust1 to the heavens and the earth and the mountains, and they declined to bear it and feared it; but man [undertook to] bear it. Indeed, he was unjust and ignorant.2

Чындыгында Биз шарият милдеттерин асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштаганыбызда алар аны моюнга алуудан баш тартышты жана анын акыбетинен коркушту. Бирок аны инсан мойнуна алды. Чындыгында ал мойнуна алган нерсенин акыбетин билбеген өзүнө зыян берүүчү пенде.

33:73Page 427

لِّيُعَذِّبَ ٱللَّهُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ وَيَتُوبَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمَۢا ٧٣

[It1 was] so that Allāh may punish the hypocrite men and hypocrite women and the men and women who associate others with Him and that Allāh may accept repentance from the believing men and believing women. And ever is Allāh Forgiving and Merciful.

Аллах эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды эки жүздүүлүктөрү жана ширк кылышкандыктары себептүү аларды азапташ үчүн, ошондой эле мойнуна алган аманат милдеттерин эң жакшы деңгээлде аткарышкан ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тооболорун кабыл кылыш үчүн Аллахтын тагдыры менен аны инсан мойнуна алды. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.

Text: Quranic Universal Library (Tarteel), via spa5k/tafsir_api (MIT), at a fixed version. The ayahs: Quran Foundation. Sources and licences

Contents

Ayat al-Kursi36Al-Kahfpage 42juz 15Bukhari 1Muslim 2999

Style

Theme
Text size
Layout

Читать на русском